Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-декабры № 634
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 274 "Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу күчтөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 274 "Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 71-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:";
2) 2-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жободо:
- 4-пунктта, 10-пункттун 1-пунктчасында, 13-пункттун экинчи абзацында, 26-пункттун биринчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 25-пунктта "Өкмөтү", "Өкмөтүнүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинети", "Президентинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 8-декабрындагы № 97 (3546) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |