КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 11-январы № 7
2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Катчылыгына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики | С.Н. Жапаров |