МыйзамКүчүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2024-жылдын 11-январындагы № 7 «2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» МЫЙЗАМЫ

Редакция07.02.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 11-январы № 7

2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Катчылыгына кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

 

Президент Кыргызской Республики

С.Н. Жапаров