Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 31-январы № 28-т
2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун жана "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун өз убагында даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 81-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2024-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолун, 2025-2029-жылдарга салык жана бажы саясатынын негизги багыттарын, ошондой эле өткөн мезгилдер үчүн салык жеңилдиктерин баалоо боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберсин.
2. Бюджеттин ресурстарынын администраторлору 2024-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө 2024-2026-жылдарга кирешелер боюнча такталган болжолду жана 2027-2029-жылдарга болжолду, тийиштүү эсептөөлөрү жана негиздемелери, ошондой эле кирешелер боюнча тобокелдиктерди чагылдыруу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы 2024-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берсин:
1) мамлекеттик менчикти менчиктештирүү, акциялардын мамлекеттик пакетине эсептелген дивиденддер, мамлекеттик ишканалардын пайдасы боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча түшүүлөрдүн 2024-2026-жылдарга такталган болжолун жана 2027-2029-жылдарга болжолун, ошондой эле мамлекеттик менчикте турган жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага берүүдөн түшкөн төлөмдөрдүн болжолун;
2) 2024-2029-жылдарга мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун фискалдык тобокелдиктери боюнча кеңири жыйынды маалыматты.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2024-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө 2023-жыл үчүн кирешелер жана чыгымдар боюнча бюджеттин аткарылышын, 2024-2026-жылдарга бекитилген маалыматтарды, ошондой эле консолидацияланган бюджетти түзүү үчүн 2027-2029-жылдарга финансылык ресурстардын жана чыгымдардын такталган болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
5. 2025-2029-жылдарга бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын (мындан ары - БЧОС) берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Ушул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн жана 2025-2029-жылдарга Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбооруна карата БЧОС берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
1) 2024-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө:
- БЧОС долбоору боюнча коомдук угууларды жүргүзүү убактысы жана орду тууралуу билдирүү менен ведомстволук расмий веб-сайтка жарыяласын;
- жарандык коомдун, ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен сектордук стратегиялар боюнча коомдук талкуулоону жүргүзсүн;
2) 2024-жылдын 5-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтому менен бекитилген Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамага ылайык тиешелүү багыттар боюнча 2025-2029-жылдарга БЧОС долбоорлору боюнча документтердин топтомун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
7. Мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берсин:
1) 2024-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө - 2023-жылдын бюджетин аткаруунун жыйынтыгы боюнча 2024-2026-жылдарга сметаларга өзгөртүүлөрдү жана ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен 2027-2029-жылдарга пландалган чыгымдарды, тийиштүү эсептөөлөрү жана негиздемелери менен атайын эсептерде топтолгон каражаттар боюнча болжолду;
2) 2024-жылдын 25-июлуна чейинки мөөнөттө 2025-2027-жылдарга бюджеттик каражаттар боюнча жеткирилген контролдук цифраларга ылайык:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген сунуштарга жана сметалардын формаларына ылайык программалык негиздеги зарыл эсептөөлөрү жана негиздемелери менен мамлекеттик тармактык өнүктүрүү программаларына негизделген 2025-2027-жылдарга атайын эсептерде топтолгон каражаттар боюнча кирешелердин жана чыгашалардын сметаларынын жана бюджеттик каражаттардын чыгымдарынын жыйынды сметаларынын долбоорлорун автоматташтырылган системада түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтому менен бекитилген Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамага ылайык 2025-2027-жылдарга программалык негизде бюджеттердин долбоорлорун.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) 2024-жылдын 25-апрелине чейинки мөөнөттө ресурстар боюнча болжолго ылайык 2025-2027-жылдарга бюджеттик каражаттар боюнча контролдук цифралардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жеткирсин;
2) 2024-жылдын 10-майына чейинки мөөнөттө министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен контролдук цифралар боюнча пикир келишпестиктерди жоюу боюнча жумушчу кеңешме өткөрсүн;
3) 2024-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө 2025-2029-жылдарга министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор үчүн чыгымдар боюнча жалпы контролдук цифраларды камтыган 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кароосуна берсин;
4) 2024-жылдын 15-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары менен контролдук цифралар боюнча пикир келишпестиктерди кароонун жыйынтыктары боюнча чечимдин долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешине берсин;
5) 2024-жылдын 10-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин чечими менен жактырылган контролдук цифраларды министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына жеткирсин;
6) "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрсүн;
7) 2024-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна берсин;
8) 2024-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаөзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна берсин.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 26-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
10. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
2025-2029-жылдарга бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ТИЗМЕСИ
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
7. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
9. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
10. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
11. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
12. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 33-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ