ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 18-августу № 10
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Жандама айылы менен Катта-Тал айылы чектешкен мурдагы “Маданият” колхозуна тийиштүү болгон, 1986-жылдарда казылып, 1990-жылдарга чейин пайдаланылып келинген, азыркы күндө жараксыз абалда калып кеткен скважинаны кайра калыбына келтирүү долбоорунун каржылоосу жөнүндө
(Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-декабрындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Жандама айылы менен Катта-Тал айылы чектешкен мурдагы “Маданият” колхозуна тийиштүү болгон, 1986-жылдарда казылып, 1990-жылдарга чейин пайдаланылып келинген, ошол маалдагы “Маданият” колхозу майда дыйкан-чарбаларга тарап, кароосуз, талкаланып, жараксыз абалда калып кеткен скважинаны кайра калыбына келтирүү долбоорунун каржылоо маселесин карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 14-августундагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Жандама айылы менен Катта-Тал айылы чектешкен жерде, 1986-жылдарда казылып, 1990-жылдарга чейин пайдаланылып, 1994-жылда “Маданият” колхозу майда дыйкан-чарбаларга тарап кеткенден кийин, кароосуз, талкаланып, жараксыз абалда калган скважинадан Катта-Тал айылына суу түтүктөрүн тартуу үчүн материалдарды сатып алуу долбоорун 2023-жылда ишке ашыруу максатында: жергиликтүү бюджетте акча каражатын танкыстыгына байланыштуу, 3 199 800 (үч миллион жүз токсон тогуз миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты Ош областык мамлекеттик өнүктүүрү фондунан каржылоосу суралсын.
2.Ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |