Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XX сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 10-февралы № 34
“Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан курулган көп батирлүү турак үйлөрдү ипотекага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 39, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 2-февралындагы Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 «Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүү киргизүү боюнча № 08-13/175, 2021-жылдын 8-декабрындагы “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан курулган көп батирлүү турак үйлөрдү Ош шаарынын муниципалдык менчигине алууга, аталган көп батирлүү турак үйлөрдү Ош шаарынын муниципалдык менчигине алынгандан кийин ипотека шартында сатууга макулдук берүү жөнүндө” №08-6/1884 каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 14-декабрындагы №16, 2022-жылдын 4-февралындагы №3 чечимдерине, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 «Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1.1. “8.1.2.” пунктунун таблицасында:
- “баштапкы төлөм” (турак-жайдын баасынан) талаачасындагы “10%” “20%” “30% деген сандар “20%” “30%” “50%” деп өзгөртүлсүн;
- “үстөк баанын коэффициенти” (калган карыздын өлчөмүнөн) “40%”, “35%”, “30%” деген сандар “35%”, “30%”, “20%” деп өзгөртүлсүн;
- таблицадан кийинки абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: “Мисалы: жаран 1 млн сомдук батирди сатып алууну чечти. Эгерде жаран 20% баштапкы төлөм төлөсө, үстөк баа 35% түзөт, бул 280 000 сом. Жыйынтыгында жаран 200 000 сом (баштапкы төлөм катары) + 800 000 сом (калган карыз) + 280 000 сом (узартуу үчүн үстөк баа) = 1 280 000 сом (10 жылда) төлөйт”.
1.2. “8.1.3.” пунктундагы “12” деген сан “10” деп өзгөртүлсүн;
2. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан курулган, “Достук” кичи районундагы 83-көчөсүнүн №25 дарегиндеги 90 батирлүү, “Сулайман-Тоо” кичи районундагы Курманжан-Датка көчөсүнүн №121 дарегиндеги 80 батирлүү көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди ипотекага берүүгө макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн көп батирлүү үйлөрдү Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 токтому менен бекитилген Жобого ылайык ипотека шартында, негизги капиталдык салымдардан 2,9 пайызын түзгөн буюртмачы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативин эске алуу менен сатуу, батир сатып алган жарандар келишимде каралган милдеттерин аткаргандан кийин жеке менчигине өткөрүп берүү жүргүзүлсүн.
4. Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов):
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү милдеттендирилсин;
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Шахназар) жүктөлсүн.
Төрага | С.Назылбеков |