Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 28-сентябры № 11
«Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө
(Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 34, 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 7-сентябрындагы «Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартибин бекитип берүү жөнүндөгү” № 08-6/1197 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 14-сентябрындагы №5 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.“Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо 1-тиркемеге, ипотекалык шартта турак-жай алуу жөнүндө анкета-арыздын типтүү формасы 2-тиркемеге, көп батирлүү турак үйдүн башка мүлкүн сатуу аукционуна катышуу жөнүндө типтүү формасы 3-тиркемеге, ипотекалык шартта турак-жай алуудан баш тартуу жөнүндө арыздын типтүү формасы 4-тиркемеге, көп батирлүү турак үйдүн башка мүлкүн сатуу аукционуна катышуудан баш тартуу жөнүндө типтүү формасы 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов):
-“Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун аткарылышын камсыз кылуу;
-ипотекалык шартта батир бөлүп берүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясына жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасына келип түшкөн арыздардын негизинде тизме түзүүнү камсыздоо;
-ипотека шартында сатылган турак-жайлардан түшкөн каражаттарды Ош шаарында турак-жай курулушун өнүктүрүүгө жумшоо;
-ипотека шартында сатылган турак-жайлардан түшкөн каражаттарды банктар аркылуу өздөштүрүүнү кароо;
-жылдын жыйынтыгы боюнча токтомдун аткарылышы жөнүндө Ош шаардык Кеңешине маалымат берүү милдеттендирилсин.
3.Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы “Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү жөнүндө” №230 жана 2016-жылдын 13-январындагы “Ош шаарында ипотекалык шартта батирлерди берүү боюнча иш жүргүзүүдө аткарыла турган иштин тартиби, орундатуу жолдору жана финансылык механизмдеринин параметрлерин бекитүү жөнүндө” №311 токтомдорунун талаптары бул токтомдон келип чыккан мамилелерге жайылтылбасын.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (У.Суеркулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Зайнидинов) жүктөлсүн.
ДепутаттардынОшшаардык Кеңешинин төрагасы |
С.Назылбеков |
Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы кезектеги III сессиясынын (V чакырылыш)
№11 токтомуна 1- тиркеме
«Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак жай бөлүштүрүү тартиби жөнүндө» жобо
(Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 34, 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан курулган жана/же Ош шаарынын мэриясынын балансында турган турак-жайларды ипотекалык шартта сатуу аркылуу Ош шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын турак-жай менен камсыз кылуу, турак-жай фондун жана шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.
1.2. Ипотека чөйрөсүндөгү укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө» Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
1.3. Бул Жобо ипотекалык шартта турак үйлөрдү бөлүштүрүү процессинин негизги талаптарын аныктайт жана бул процесстин алкагында бардык жарандар үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналат.
1.4. Бул жобо Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан курулган жана/же Ош шаарынын мэриясынын балансында турган көп кабаттуу үйлөрдөгү башка мүлктөрдү сатуунун тартибин жана шарттарын дагы аныктайт.
1.5. Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан курулган жана / же Ош шаарынын мэриясынын балансында турган турак-жай ушул Жобонун талаптарына ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш.
1.6. Бул жободо төмөнкү негизги терминдер жана аныктамалар колдонулат:
а) Ипотека - кыймылсыз мүлккө мүлктүк укуктардын же башка мүлктүк укуктардын күрөөсүнө карата акчалай же акчалай милдеттенменин аткарылышын камсыздоо ыкмасы.
б) көп батирлүү турак үй - эки же андан көп батирлүү турак-жай имараты, ошондой эле көмөкчү жайлар (башка мүлк, жалпы зоналар).
в) көп кабаттуу үйдөгү батир - бир же бир нече бөлмөдөн турган көп кабаттуу үйдөгү жашоо аянты, ошондой эле жарандардын жашаган жерине байланыштуу муктаждыктарын канааттандырууга арналган көмөкчү жайлар (ашкана, ажаткана, жуунуучу бөлмө жана башка жайлар).
г) жеке үй - жарандардын жашоо шартына байланыштуу муктаждыктарын канааттандырууга арналган бир же бир нече бөлмөдөн, ошондой эле коммуналдык бөлмөлөрдөн (ашкана, ажаткана, ванна жана башка жайлар) турган турак-жай.
д) ипотекалык шартта турак-жай алууга кайрылган жарандарды каттоо китеби (каттоо китеби) - жарандардын арыздарынын реестри.
е) Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан курулган жана / же Ош шаарынын мэриясынын балансында турган көп кабаттуу үйдөгү башка мүлк (мындан ары - башка мүлк) - натуралай бөлүнгөн, өз алдынча пайдаланууга арналган обөект, анын бир бөлүгү көп кабаттуу үйдүн же көп батирлүү үй менен байланышкан кыймылсыз мүлктүн обөектиси (жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар, соода жайлары, кампалар, техникалык жайлар ж. б.).
ж) жер астындагы унаа токтотуучу жай - көп кабаттуу үйдүн натуралай бөлүнгөн, өз алдынча пайдаланууга арналган бөлүгү, транспорт каражаттарын сактоочу (токтотуучу) жер.
з) коммерциялык жайлар - натуралай бөлүнгөн көп кабаттуу үйдүн бир бөлүгү, өз алдынча пайдаланууга, коммерциялык ишти жүзөгө ашырууга арналган аянт.
и) кампа - көп батирлүү турак үйдүн бир бөлүгү, натуралай бөлүнгөн, өз алдынча пайдаланууга арналган, жеке буюмдарды сактоо үчүн аянтча.
к) Сатып алуучу-бул Жобонун талаптарына туура келген Кыргыз Республикасынын жөндөмдүү жарандары жана юридикалык жактар
л) сатуучу - Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы.
м) Ипотекалык турак-жай жана башка мүлктү бөлүштүрүү боюнча комиссия (мындан ары-Комиссия) - Ош шаарынын мэриясынын токтому менен түзүлгөн турак-жай жана башка мүлктү бөлүштүрүү боюнча түзүлгөн ыйгарым укуктуу орган.
н) (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык алынып салынды)
о) үй -бүлө - үй -бүлөлүк мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн никеге туруудан, тууганчылыктан, асырап алуучулуктан же балдарды тарбиялоонун башка түрүнөн келип чыккан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктар жана милдеттер менен байланышкан адамдардын чөйрөсү.
п) төлөө жөндөмдүүлүгү - сатып алуучунун батирди узартуу менен сатып алуу келишимин түзүүдөн келип чыккан финансылык милдеттенмелерди өз убагында жана толук аткаруу жөндөмдүүлүгү.
р) үчүнчү жактар - ипотекалык укук мамилелеринин болочок субөекттери, аларга жүктөлгөн тийиштүү мамлекеттик функцияларды аткаруу үчүн ипотекалык процесске киришет. Бул Жобонун максаттары боюнча төмөндөгүлөр үчүнчү жактар боло алышат:
- Ош шаарынын муниципалдык менчигинин обөекттерин башкаруу жана тескөө боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы;
- Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу аймактык орган;
- Өнөктөш-Банк;
- башка уюмдар.
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
1.7. Турак-жай укуктарынын обьектилери деп Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан курулган жана/же Ош шаарынын мэриясынын же анын ыйгарым укуктуу органынын балансында турган көп батирлүү турак-жай жана анын башка мүлкү эсептелет. Аларга карата талаптар ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
1.8. Турак-жай укуктук мамилелеринин субөекттери деп ушул Жобонун талаптарына жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары белгиленет.
2. Ош шаарынын мэриясы
2.1. Ош шаарынын мэриясы бул жобонун аткаруучусу болуп саналат.
2.2. Ош шаарынын мэриясы:
- ушул Жобонун аткарылышы боюнча иш-чараларды ишке ашырат;
- ушул Жобонун алкагында турак-жай фондун өнүктүрүү боюнча иш-чараларды уюштурат жана ишке ашырат;
- көп кабаттуу үйдүн курулушун камсыздоо жагынан Сатуучунун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт;
- бюджеттик жана башка булактардан түшкөн акча каражаттарынын сарпталышына көзөмөл жүргүзөт;
- жарандарды каттоо жана документтерди жүргүзүү жаатында Сатуучунун ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт;
- сатып алуу - сатуу келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө тийиштүү маалыматты алгандан кийин 60 календардык күндүн ичинде турак-жайды же башка мүлктү Сатып алуучуга жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарат.
3. Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы
3.1. Ош шаарынын мэриясы бул Жобону уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды структуралык ыйгарым укуктуу органга тапшырып берүүгө укуктуу.
3.2. Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы турак-жай жана/же башка мүлктү сатуучу тарап катары иш алып барат жана турак-жай жана/же башка мүлктү сатып алуучулар менен сатып алуу-сатуу келишимдерин түзөт.
3.3. Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы (мындан ары - Сатуучу):
- курулуш жумуштарынын буюртмачысы болуп, көп батирлүү турак-жай комплекстеринин курулушун уюштурат;
- ипотекалык шартта турак-жай алууга арыз берген жарандардын тизмесин түзөт жана тизме менен иш алып барат;
- көп батирлүү турак үйлөрдөгү батирлерди ипотекалык шартта жана башка мүлктү бөлүштүрүү комиссиясынын ишмердүүлүгүн камсыз кылат;
- башка мүлктү сатуу боюнча аукцион өткөрөт;
- башка мүлктүн жана турак-жайлардын ипотекалык шартта сатылуусу боюнча келишимдерин түзөт, жарандар тарабынан сатуу келишиминин шарттары бузулган учурда, түзүлгөн келишимдерди бузат;
- турак-жайды, башка мүлктү ипотекалык шартта сатуудан түшкөн каражаттарды эсепке алат жана кабыл алат;
- турак-жайды жана башка мүлктү ипотекалык шартта сатуу боюнча келишимдеги шарттардын аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылат;
- сатып алуу-сатуу келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө тийиштүү маалыматты алгандан кийин, Ош шаарынын мэриясына турак-жай же башка мүлктү Сатып алуучунун жеке менчигине өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгаруу боюнча сунуш киргизет жана мүлккө болгон укуктарды белгиленген тартипке ылайык өткөрүп берет;
- ушул Жобонун алкагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка иштерди аткарат.
4. Ипотекалык мамилелердин негизги катышуучулары жана турак-жай алуучу жактардын категориялары
4.1. Төмөндөгүлөр ипотекалык мамилелердин негизги катышуучулары болуп саналат:
- Ош шаарынын мэриясы;
- Сатуучу - Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы;
- Сатып алуучу - акыркы 5 жылда Ош шаарында туруктуу жашаган жана тиешелүү каттоосу бар Кыргыз Республикасынын жөндөмдүү жарандары жана юридикалык жактар;
- Комиссия.
Ипотекалык укуктук мамилелердин мамлекеттик жөнгө салынуусун камсыз кылуу үчүн төмөндөгүлөр дагы катышуучу боло алышат:
- Ош шаарынын муниципалдык менчик обөекттерин башкаруу жана тескөө боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы - бөлүп төлөө менен сатып-алуу келишиминин шарттары аткарылгандан кийин, муниципалдык менчикти баланска кабыл алуу жана Сатып алуучунун жеке менчигине өткөрүп берүү жаатында;
- Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы - кыймылсыз мүлктүн обөекттерин жана алардын укуктарын мамлекеттик каттоо жаатында;
- Архитектуранын жана курулуштун ыйгарым укуктуу аймактык органы - шаар курулушунун документтерин иштеп чыгуу бөлүгүндө;
- Архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу органы - курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышы боюнча мамлекеттик текшерүүнү жана көзөмөлдү камсыз кылуу жаатында;
- Өнөктөш-Банк - ипотекалык укуктук мамилелердин техникалык, финансылык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр жаатында;
- башка уюмдар.
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүү: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилде текстке дал келбейт, 4.1. пунктунун 3-пунктчасы көрсөтүлгөн эмес
4.2. Ипотека шартында батир сатып алууга Кыргыз Республикасынын төмөндөгү белгиленген иш аракетке жөндөмдүү жарандары укуктуу:
1. 18 жаштан (арыз берилген учурга) 70 жашка чейин (акыркы төлөө суммасын төлөп берген учурга);
2. Төлөө жөндөмдүүлүгү жетиштүү;
3. Баштапкы төлөмдү төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар;
4. Акыркы 60 айда Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкү жок (үй, батир, жеке турак-жай куруу үчүн жер тилке жана коммерциялык жай). Бул талап чогу жашаган үй -бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү;
5. Акыркы 60 айда Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак-жай боюнча эч кандай жарандык-укуктук бүтүмдөр болбогон (ижара жана курулушу башталбаган турак үйүн алуу жөнүндө үлүштүк курулушка катышуу келишимдеринен сырткары). Бул талап чогу жашаган үй -бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү;
6. Акыркы 36 ай Ош шаарында туруктуу жашаган жана тиешелүү каттоодо турган.
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3. Ипотекалык шартта турак-жай сатып алуу максатында кайрылган жарандарга төмөндөгү талаптар жана шарттар милдеттүү болуп саналат жана ал шарттар турак-жай сатып алуу боюнча укуктук мамилелердин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет:
- Киреше булактарын тастыктаган шарттар жана сатылып алынган турак-жай үчүн белгилүү мөөнөттөрдө, белгиленген өлчөмдөгү акча каражаттарын өз убагында төлөө мүмкүнчүлүгү;
- Ушул Жобо менен белгиленген өлчөмдөгү акча каражаттарын милдеттүү түрдө алдын-ала төлөө мүмкүнчүлүгү (бул банктык мекеменин эсебинде талап кылынган акчанын бар экендиги жөнүндө маалымкат же банк мекемесинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эсеп көчүрмөсү менен тастыкталат).
4.3.1. Эгерде акыркы 1 жылдын ичинде арыз берүүчүнүн үй-бүлөлүк абалы өзгөрүп, никеси бузулган болсо (ажырашса), анда арыз ээсинин арызын жана документтерин кароодо анын ажырашкан жубайынын/жолдошунун кыймылсыз мүлкү жана/же бүтүмү бар же жоктугу жөнүндө маалымат текшерилет жана эске алынат. Эгерде арыз берүүчүнүн ажырашкан жубайынын/жолдошунун ушул Жобонун 4.2-пунктунун 4 жана/же 5-пунктчаларына ылайык кыймылсыз мүлкү жана/же бүтүмү бар болсо, анда бул арыз берүүчүнүн арызы жана документтери канааттандырууга жатпайт. Бул жаран үй-бүлөлүк абалы өзгөрүп, никеси бузулган күндөн тартып 2 жыл өткөндөн кийин кайра арыз менен кайрылуу укугуна ээ болот.
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
4.4. Жарандарга эреже катары ипотекалык шартта бир үй -бүлөгө бир гана турак-жай берилет.
4.5. (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ипотекалык шартта турак-жай алууга кайрылган жарандардын тизмесин түзүү
5.1. Ипотекалык шартта турак-жай алуу үчүн Ош шаарынын мэриясына кайрылган жарандарды каттоо Сатуучу тарабынан жүргүзүлөт.
5.2. Ипотекалык шартта турак-жай алууга кайрылган жарандардын реестрине жарандарды каттоонун негизи болуп, ушул Жобонун талаптарына ылайык тиешелүү документтери тиркелген жарандардын арызы саналат.
5.3. Ипотекалык шартта көп кабаттуу үйлөрдөн турак-жай алууга кайрылган жарандар төмөнкү документтерди тапшырышат:
- ипотекалык шартта турак-жай алуу үчүн тизмеге киргизүү боюнча Сатуучунун атына арыз;
- арыз берүүчүнүн паспортунун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документтердин көчүрмөсү;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыймылсыз мүлкү (турак-жай жана жеке турак-жай куруу үчүн берилген жер) жоктугу жөнүндө маалымкаты - арыз ээси жана анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн;
- (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жашаган жеринен (Кыргыз Республикасынын калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын маалымдама кызматынан) жана үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат;
- акыркы 12 айдагы киреше булактарын тастыктаган документтер (эмгек акы, ишкердик кирешеси, дыйканчылык, мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү, жерди пайдалануу ж.б.);
- (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
5.4. Тиркелген документтери жок жарандардын арыздары тизмеге киргизүүгө жатпайт.
5.5. Документтердин аныктыгы жана тууралыгына ал документтерди тапшырган жарандар, ошондой эле аларды берген уюмдар же кызмат адамдары жооптуу.
5.6. Ипотекалык турак-жай алуу үчүн жаран мобилдик тиркеме аркылуу өтүнмө берет. Атайын программа жарандардын тиешелүү иш кагаздары толук болгон учурда жарандын арызы кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирме берет. Бул жарандын арызынын кабыл алынгандыгын жана кезекке тургандыгын тастыктайт. Жаран автоматтык түрдө тизмеге кирет жана бул жөнүндө маалыматты Сатуучунун атайын электрондук сайтынан көрө алат
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
5.7. (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.8. (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.9. (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.10. (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.11. (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.12. (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.13. (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.14. (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.15. (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.16. Жарандар тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө актуалдуу деп таанылат, ал эми мындай мөөнөт белгиленбесе, документтер ушул документтер келип түшкөн жыл ичинде актуалдуу деп таанылат.
5.17. Эгерде берилген документтердин жарамдуулук мөөнөтү бүткөн болсо, анда жарандар ипотека шартында турак-жай алуу үчүн кезеги келген учурда гана зарыл документтердин түп нускасын кайрадан тапшырууга милдеттүү.
5.18. (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.19. (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.20. Арыздарды берген жарандар жашаган жери, телефон номерлери же башка байланыш маалыматтарынын өзгөргөндүгү тууралуу Сатуучуга тез арада билдирүүгө милдеттүү. Эгерде жарандын арызын кароодо Сатуучу, байланыш маалыматынын өзгөргөнү тууралуу өз убагында билдирбегендиктен, жаран менен байланыша албаса, анда Комиссиянын чечими менен бул жаран каттоодон чыгарылат.
5.21. Сатуучу тиешелүү жарандын арызын кароо жөнүндө маалыматты жарандарга өз убагында билдирүүгө милдеттүү. Жаранды кабардар кылуу үчүн Сатуучу буйрутма кат аркылуу билдирүү жөнөтөт, жарандардын арызында көрсөтүлгөн телефон номерлери менен байланышат жана кабарлоонун башка ыкмаларын колдонот. Мында, эгерде катышуучунун дарегине буйрутма кат жөнөтүлгөн болсо, же катышуучуга кабарлоо үчүн жасалган аракеттер жөнүндө Сатуучунун ыйгарым укуктуу кызматкери кол койсо, анда билдирмелер тийиштүү түрдө аткарылды деп эсептелет. Түзүлгөн актылар жаранды тизмеден чыгаруу жөнүндө маселени кароого берүү үчүн негиз болуп саналат.
5.22. Жарандар Комиссиянын чечими менен каттоодон чыгарылат.
5.23. Эгерде Комиссия турак-жай берүүдөн баш тартса, жаран тизмеден чыгарылат, бирок кайра кайрылуу укугун жоготпой сактап калат
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
5.24. (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.25. (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.26. Ушул Жобо менен жөнгө салынбаган кезекке каттоого же кезектен алууга байланыштуу маселелер Комиссия тарабынан добуш берүү жолу менен чечилет. Ушул Жобо менен жөнгө салынбаган кезекке каттоого же кезектен чыгарууга байланыштуу Комиссиянын чечимдери ушул Жобонун алкагында бардык катышуучулар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга жатат.
6. Ипотека шартында турак-жай берүүнүн тартиби жана шарттары
6.1. Турак-жай жарандарга ушул Жобонун алкагында ипотекалык шартта, кезек боюнча берилет.
6.2. Жарандарга ипотека шартында турак-жай Комиссиянын чечиминин негизинде гана берилет.
Ошол эле учурда:
- ипотекалык турак-жай башка милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн күрөөгө коюлбаган, ар кандай чектөөлөрдөн эркин болушу шарт;
- ипотекалык шартта берилген турак-жай максаттуу пайдаланылышы керек;
- турак-жайды ижарага берүүгө же башкаларга берүүгө тыюу салынат.
6.3. Кезектүүлүк жарандардан түшкөн арыз катталган күн менен аныкталат.
6.4. Ипотекалык шартта турак-жай сатып алууга кайрылган жарандардын тизмеси төмөнкүчө түзүлөт:
1. Акыркы 36 айда каттоосу Ош шаарында болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ипотекалык шартта кезексиз турак-жай алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын арыз берген жарандары.
2. Акыркы 36 айда каттоосу Ош шаарында болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ипотекалык шартта биринчи кезекте турак-жай алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын арыз берген жарандары.
3. Акыркы 36 айда каттоосу Ош шаарында болгон, Кыргыз Республикасынын арыз берген жарандары.
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
6.5. Ипотека шартында турак-жай менен камсыз кылуу процесси төмөнкү этаптардан турат:
1. Арыздарды жана аларга тиркелген документтерди кабыл алуу.
2. Берилген документтердин толуктугун жана тууралыгын/ылайыктуулугун текшерүү жана арызды каттоо.
3.Турак-жай бөлүштүрүүнүн алдында арыз ээсинин каржылык абалына жана төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүү.
4.Комиссия тарабынан арызды кароо.
5.Арыз Комиссия тарабынан жактырылган учурда, арыз ээси тарабынан алгачкы төлөмдү төлөө.
5.1. Чүчү кулак өткөрүү
6.Батирди узартуу менен сатып алуу келишимин түзүү.
7.Арыз ээсин турак-жайга жайгаштыруу.
8. Ай сайынкы төлөмдөрдү төлөө.
9. Келишим боюнча бардык милдеттенмелер аткарылгандан кийин, арыз ээсине менчик укугун өткөрүп берүү.
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
6.5.1. комиссиянын батир бөлүү жөнүндө чечими кабыл алынгандан кийин батир алмаштырууга уруксат берилбейт
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
6.6. Ипотекалык турак-жайды сатып алуучу жаран турак-жайдын наркынын бир бөлүгүн өз эсебинен төлөп берүүгө милдеттүү (алдын ала төлөм). Келишим белгиленген тартипте каттоодон өткөндөн кийин, Сатып алуучу турак-жайды пайдалануу укугун алат.
6.7. Турак-жайга кирүү өткөрүп берүү актысынын негизинде жүзөгө ашырылат. Өткөрүп берүү актысы түзүлгөн учурдан тартып, турак-жай кокусунан жок болушу же кокусунан бузулушу тобокели Сатып алуучуга жүктөлөт
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
6.8. Ипотека шартында берилген турак-жай Сатып алуучунун милдеттенмелеринин аткарылышына кепилдик (күрөө) катары кызмат кылат.
6.9. Кабаттын жана турак-жайдын номери чүчү кулак алуу жолу менен аныкталат.
7. Көп батирлүү үйдөгү башка мүлктү сатуунун тартиби жана шарттары
7.1. Көп батирлүү үйдөгү натуралай бөлүнгөн, өз алдынча пайдаланууга арналган башка мүлк, көп кабаттуу үйдүн курамына кирген обьект же көп кабаттуу үйгө байланыштуу мүлк Комиссиянын чечими менен аукцион өткөрүү жолу аркылуу сатылат .
7.2. Көп батирлүү үйдөгү төмөндөгүлөр менен гана чектелбеген башка мүлк:
7.2.1. Жер астындагы унаа токтотуучу жай - бул көп кабаттуу турак-үйдүн жер төлөөсүндөгү унаа токтотууга арналган атайын түзүлүш. Жер астындагы унаа токтотуучу жай жеке жана юридикалык жактарга аукцион аркылуу сатылууга тийиш.
7.2.2. Коммерциялык жайлар - бул коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн багытталган көп кабаттуу үйдүн турак эмес жайлары. Коммерциялык жайлар аукцион аркылуу жеке жана юридикалык жактарга сатылат.
7.3. Эксплуатацияга берилгенден кийин же башка мүлктү куруу этабында, сатылган учурда, Сатуучу Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчикти сатуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык электрондук форматта аукцион өткөрөт.
7.4. Аукционго жеке жана юридикалык жактар катыша алышат.
7.5. Аукционду өткөрүү Сатуучуга тапшырылат. Жыйынтыктары Комиссия тарабынан бекитилет.
7.6. Аукцион электрондук форматта өткөрүлөт.
7.7. Аукциондун жыйынтыгы Комиссиянын протоколунда бекитилет/таризделет. Аукционду өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча протокол Ош шаарынын мэриясына аукциондун жеңүүчүсүнө башка мүлктү өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарууга негиз болуп саналат.
7.8. Жеңүүчүгө башка мүлк анын наркы толук төлөнгөндөн кийин гана берилет. Аукциондун жеңүүчүсү келишим түзүлгөн күндөн тартып 10 банктык күндүн ичинде башка мүлктүн толук баасын төлөөнү кечиктирген учурда, Сатуучу Сатуу-сатып алуу келишимин бузат жана тиешелүү башка мүлктү кайра сатууга коет.
7.9. Ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчикти электрондук форматта сатуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынбаган аукционго байланыштуу маселелер Комиссия тарабынан добуш берүү жолу менен чечилет. Комиссиянын аукционду өткөрүүгө байланыштуу болгон, бул Жобо жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчикти электрондук форматта сатуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынбаган чечимдер, ушул Жобонун алкагында бардык катышуучулар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
8. Финансылык параметрлер
8.1. Турак-жай сатуунун финансылык параметрлери:
8.1.1. Баштапкы төлөм – турак-жайдын наркынын кеминде 20 пайызын түзөт
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
8.1.2. Бөлүп төлөө үчүн кошумча төлөм:
Баштапкы төлөм (турак- жайдын баасынан) | Үстөк баанын коэффициенти (калган карыздын өлчөмүнөн) |
20% | 35 % |
30% | 30 % |
40% | 25% |
50% | 20 % |
100% | 10% |
Мисалы: жаран 1 млн сомдук батирди сатып алууну чечти. Эгерде жаран 20% баштапкы төлөм төлөсө, үстөк баа 35% түзөт, бул 280 000 сом. Жыйынтыгында жаран 200 000 сом (баштапкы төлөм катары) + 800 000 сом (калган карыз) + 280 000 сом (узартуу үчүн үстөк баа) = 1 280 000 сом (10 жылда) төлөйт
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
8.1.3. Мөөнөтү 10 жылга чейин.
8.1.4. Төлөөгө жөндөмдүүлүктү баалоо үчүн болжолдуу формула.
Төлөө жөндөмдүүлүк төмөндөгү формула менен аныкталат:
Тж = Киреше – Чыгаша
Тж – төлөө жөндөмдүүлүгү;
Жалпы Киреше - үй-бүлө мүчөлөрүнүн (справкада көрсөтүлгөн жарандардын) кирешеси;
Жалпы Чыгаша – (Ар бирүй-бүлө мүчөсү * Жашоо минимуму) + Төлөнүүчү кредиттер жана башка милдеттер.
8.1.5. Банк кызматтары үчүн чыгашалар – Өнөктөш-Бантын тарифинин негизинде Сатып алуучу тарабынан төлөнөт.
8.1.6. Ай сайын төлөмдөр.
Төлөмдөр келишимдин негизинде ай сайын, бирдей көлөмдө, жөнөкөй ыкма менен эсептелет жана төлөнөт.
8.1.7. (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8.1.8. Менчикти кайра каттоо менен байланышкан бардык чыгымдар Сатып алуучуга жүктөлөт.
8.2. Башка мүлктү сатуунун финансылык параметрлери:
8.2.1. Башка мүлктүн наркы Сатуучу тарабынан мүлктүн базар баасын баалоо жолу менен аныкталат.
8.2.2. Төлөм бир жолку төлөө жолу менен накталай эмес, которуу аркылуу жүргүзүлөт.
8.2.3. Банк кызматтары үчүн чыгымдар Өнөктөш-Бантын тарифинин негизинде Сатып алуучу тарабынан төлөнөт.
8.2.4. Менчикти кайра каттоо менен байланышкан бардык чыгымдар Сатып алуучуга жүктөлөт.
(Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 34 токтомонун редакциясына ылайык)
9. Көп батирлүү үйлөрдөгү батирлерди ипотекалык шартта жана башка мүлктү бөлүштүрүү комиссиясы
9.1. Ипотекалык шартта турак-жай жарандарга көп батирлүү турак үйлөрдөгү батирлерди ипотекалык шартта жана башка мүлктү бөлүштүрүү комиссиясынын чечими менен берилет.
9.2. Комиссия өз ишин коомдук негизде мезгил-мезгили менен жүргүзгөн коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
9.3. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Турак жай жана Жарандык кодекстерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
9.4. Комиссия 11 мүчөдөн турат, алардын ичинен:
- 4 мүчө – Ош шаардык Кеңешинин депутаттары;
- Ош шаарынын шаар куруу жана муниципалдык менчик маселелерин тескеген вице-мэри;
- эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык администрациясынын кызматкери;
- аймактык укук коргоо органынын кызматкери;
- Ош шаарында жашап жана кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жарандык коомдун өкүлү;
- Ош шаарында кесиптик ишмердикти жүзөгө ашыруучу өкмөттүк эмес уюмдун өкүлү;
- Ош шаарында кесиптик ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруучу массалык маалымат каражаттарынын өкүлү;
- катчы.
9.5. Кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо үчүн Комиссиянын курамына ипотекалык шартта турак-жай алууга кайрылган жарандардын документтери менен түздөн-түз иштеген адамдар кошула албайт (Комиссиянын катчысынан башка).
9.6. Комиссиянын төрагасы жана анын орун басары анын мүчөлөрү тарабынан ачык добуш берүү аркылуу шайланат.
9.7. Комиссиянын ишин уюштуруу, иш-чаранын убактысы жана орду жөнүндө маалымат берүү, арыз берген жарандардын катышуусун камсыз кылуу, кеңсе товарларын берүү жана башкалар Сатуучуга жүктөлөт.
9.8. Комиссия өз ишин ачык түрдө жыйын формасында жүргүзөт.
9.9. Комиссиянын жыйындары зарылчылыкка жараша өткөрүлөт. Комиссиянын жыйынын өткөрүүгө негиз катары Сатуучунун Комиссиянын төрагасына жиберген каты саналат.
9.10. Комиссиянын мүчөлөрү жыйындын орду жана убактысы жөнүндө Сатуучу тарабынан маалымдалат.
9.11. Комиссиянын жыйыны анын мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышкан учурда мыйзамдуу болуп эсептелет, ал эми Комиссиянын мүчөлөрү анын жыйындарына алмаштыруу укугусуз катышат.
9.12. Комиссиянын жыйынын анын төрагасы алып барат, ал жокто - Комиссиянын төрагасынын орун басары жетектейт.
9.13. Комиссиянын катчысы Комиссиянын ишине добуш берүү укугусуз катышат. Катчы Сатуучу тарабынан дайындалат.
9.14. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү менен кабыл алынат жана комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүгү ага добуш берсе, кабыл алынган болуп эсептелет. Добуштар тең болуп калган учурларда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
9.15. Комиссиянын отурумунда протокол түзүлөт, ошондой эле аудио / видео / сүрөт жүргүзүлөт. Аудио / видео / сүрөт жүргүзүү материалдары протокол менен бирге сакталат.
9.16. Комиссиянын чечими протоколдук чечим менен жол-жоболоштурулат, ал арыз ээсине ипотекалык шартта турак-жайды берүү же арызды четке кагуу үчүн негиз болуп саналат.
9.17. Комиссиянын отурумунун протоколуна төрагалык кылуучу, ал эми ал жок учурда Комиссиянын төрагасынын орун басары жана катчысы кол коет.
9.18. Сатуучу, Комиссиянын чечими чыккан күндөн тартып, 14 календардык күндөн кечиктирбестен, арыз ээсине анын арызын / даттануусун кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт.
9.19. Комиссиянын чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга болот.
9.20. Комиссиянын отурумдарынын бардык протоколдору белгиленген тартипте, кагаз түрүндө түзүлүп, Сатуучуда сакталат.
9.21. Комиссиянын мүчөлөрү кабыл алынган чечимдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Комиссиянын компетенциясына кирген иш-милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат;
9.22. Зарыл болгон учурда, Ош шаарындагы же жалпы Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык абалын эске алуу менен, Комиссиянын отуруму аралыктан (онлайн режиминде) өткөрүлүшү мүмкүн.
9. Комиссиянын укуктары жана функциялары
9.23.1. Комиссия төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) көп кабаттуу үйдөгү батирлерди же андан башка мүлктөрдү бөлүштүрүү зарылдыгы жөнүндө Сатуучу кайрылган учурда отурумдарды өткөрүүгө;
б) Комиссиянын кароосуна берилген келип түшкөн арыздар боюнча материалдарды (документтерди) текшерүүгө;
в) жарандарга ипотекалык шартта турак-жай берүүгө макулдук берүү же жарандардын арыздарынан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
г) жарандарга көп батирлүү үйдүн башка мүлкүн сатууга макулдук берүү же жарандардын арыздарын канааттандырбастан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
д) белгиленген тартипте, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан, тиешелүү кызматтардан жана ишкердик субьекттеринен документтерди, маалымкаттарды, корутундуларды, жолугушууларда талкууланган маселелерге байланыштуу башка материалдарды сурап алууга;
е) тиешелүү корутундуларды даярдоо үчүн адистерди жана көз карандысыз эксперттерди тартууга;
ж) зарылчылыкка жараша, Комиссиянын отурумуна мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүн, ошондой эле арыз / даттануу берген жарандарды чакырууга;
з) жарандардын батирлерди же башка мүлктөрдү алуу укугу бузулган учурда кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте Ош шаарынын мэриясына киргизүүгө;
и) жалпыга маалымдоо каражаттарында Комиссиянын иши жөнүндө материалдарды жарыялоого;
к) зарылчылыкка жараша, мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароонун натыйжалары боюнча, аларды күчүндө калтыруу же жокко чыгаруу үчүн жаңы чечимдерди кабыл алууга.
9.23.2. Комиссиянын мүчөлөрү укуктуу:
а) Комиссиянын бир же бир нече мүчөсүнө, ошондой эле Комиссиянын катчысына карата кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген жагдайлар бар болсо, отурумда чечим кабыл алуудан баш тартуу же мындай жагдайлар бар экендиги жөнүндө Комиссиянын төрагасына билдирүүгө;
б) арызды/даттанууну кароого катышкан адамдар же башка кызыкдар жактар тарабынан Комиссиянын ишинин натыйжаларына таасир этүү аракети жөнүндө Комиссиянын төрагасына билдирүүгө.
9.23.3. Берилген милдеттерди чечүү үчүн Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) батирди ипотекалык шартында бөлүштүрүү боюнча жарандардын арыздарын/даттанууларын карайт;
б) көп кабаттуу үйдөгү башка мүлктөрдү бөлүштүрүү боюнча жарандардын арыздарын карайт;
в) Комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт;
г) ипотекалык негизде батирлерди же башка мүлктөрдү бөлүштүрүүгө тийиш болгон жарандарды каттоого жана кезектен чыгарууга байланыштуу маселелер боюнча Ош шаарынын мэриясынын же анын ыйгарым укуктуу органынын кайрылуусун карайт;
д) Комиссиянын төрагасы төмөнкү функцияларды аткарат:
- Комиссиянын отурумунда төрагалык кылат;
- Комиссиянын отурумунда добуш берүүдө чечүүчү добушка ээ;
- Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитет;
- Комиссиянын отурумун өткөрүү күнүн жана убактысын дайындайт;
- эгерде арыз ээси менен Комиссиянын мүчөсүнүн ортосунда кызыкчылыктардын кагылышына алып келген жагдайлар белгилүү болсо, Комиссиянын мүчөсүн белгилүү арызды кароодон четтетет;
- Комиссиянын төрагасынын орун басарына, Комиссиянын катчысына, Комиссиянын мүчөлөрүнө Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү берет;
- Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт;
- Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коет.
е) Комиссиянын төрагасынын орун басары төмөнкү функцияларды аткарат:
- Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын координациялайт;
- Комиссиянын отурумунда кароо үчүн материалдардын өз убагында даярдалышын көзөмөлдөйт;
ж) Комиссиянын катчысы төмөнкү функцияларды аткарат:
- Комиссиянын отурумунда кароо үчүн материалдарды даярдайт;
- Комиссиянын иш жүргүзүүсүнө жоопкерчилик алат;
- Комиссиянын отурумунун протоколун жүргүзөт жана түзөт.
з) Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкү функцияларды аткарышат:
- Комиссиянын отурумдарына жана аларды даярдоого катышат;
- Комиссиянын кароосуна киргизилген маселелер боюнча материалдар менен алдын ала таанышат;
- Зарыл болгон учурда, арызды/даттанууну кароону кийинкиге калтыруу боюнча сунуштарды киргизет;
- Комиссия тарабынан чечим кабыл алууда талкууга катышат жана добуш берет;
- өз компетенциясынын чегинде, каралып жаткан талаштуу маселелердин маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү оозеки, керек болгон учурларда жазуу жүзүндө берет.
10. Төлөө мөөнөтүн узартуу менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүүнүн тартиби жана шарттары
10.1. Ипотекалык шартта турак-жайды Комиссиянын чечиминин негизинде, Ош шаарынын мэриясы же анын ыйгарым укуктуу органы ипотекалык шартта турак-жайды узартуу менен сатуу же/жана көп батирлүү үйдөгү башка мүлктү сатуу боюнча келишим түзүлөт.
10.2. Турак-жайды узартуу менен сатуу келишими (мындан ары - келишим) боюнча, келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө биринчи Тарап (Сатуучу) турак-жайды (батирди) экинчи Тараптын (Сатып алуучу) менчигине өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми Сатып алуучу бул турак-жайды (батирди) кабыл алууга жана келишимде белгиленген мөөнөттө жана тартипте белгилүү бир сумманы (баасын) төлөөгө милдеттенет.
10.3. Келишим жазуу жүзүндө түзүлөт, мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана ал катталган учурдан тартып түзүлгөн деп эсептелет.
10.4. Келишимде төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
1) өткөрүлүп бериле турган конкреттүү обьектти аныктоо (батир же башка мүлк);
2) келишим баасы, аны төлөөнүн шарттары жана тартиби;
3) келишимди бузгандыгы үчүн санкциялар.
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
10.5. Сатып алуучуга өткөрүп берилгенге чейин турак үй же башка мүлк кокустан бузулуп калуудан аныкталган чыгымдарды Сатуучу көтөрөт.
10.6. Сатып алуучуга өткөрүп берилгенден кийин турак үйдүн же башка мүлктүн кокустан бузулуп калуудан аныкталган чыгымдар Сатып алуучуга жүктөлөт.
10.7. Үйдү же башка мүлктү камсыздандыруу милдети Сатып алуучуга жүктөлөт.
10.8. Сатып алуучу каза болгон учурда, анын келишимдеги укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мураскерлерге өтөт. Сатуучу мындай мураскерлер менен келишим түзүүдөн баш тартууга укугу жок.
10.9. Сатып алуучу келишимдин баасын толугу менен төлөп бүткөндөн кийин, Сатуучу Сатып алуучуга турак-жайдын же башка мүлктү менчик укугун өткөрүп берет. Менчик укугун өткөрүүдөгү баардык чыгымдар Сатып алуучуга жүктөлөт.
10.10. Сатып алуучу келишимге ылайык батирдин толук наркын мөөнөтүнөн мурда төлөп берүүгө укуктуу.
10.11. Өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн, Сатып алуучу Сатуучуга ар бир кечиккен күн үчүн төлөө суммасынын 0,1% өлчөмүндө айып пул (пеня) төлөйт.
10.12. Сатуучу тарабынан турак-жайга менчик укугун өткөрүп берүү боюнча милдеттенмелер өз убагында аткарылбагандыгы үчүн, Сатуучу Сатып алуучуга ар бир кечиккен күн үчүн турак-жайдын наркынын 0,1% өлчөмүндө айып пул (пеня) төлөйт.
10.13. Турак-жайдын кепилдик мөөнөтү келишим менен белгиленет. Көрсөтүлгөн кепилдик мөөнөтү келишим түзүлгөн күндөн тартып эсептелет жана келишимде көрсөтүлгөн күнү бүтөт.
11. Турак жайды Сатып алуучунун жеке менчигине өткөрүп берүүнүн тартиби жана шарттары
11.1. Эгерде Сатып алуучу Келишимдин макулдашылган баасын толугу менен төлөп бүткөн болсо, Сатуучу турак-жайды же башка мүлктү Сатып алуучунун жеке менчигине өткөрүп берет.
11.2. Сатып алуучу келишимдин макулдашылган баасын толугу менен төлөп бүткөндөн кийин, Сатуучуга Келишимдин шарттарын толук аткаргандыгы жана батирди же башка мүлктү өткөрүп берүү боюнча тиешелүү кайрылуу кат жөнөтөт.
11.3. Сатып алуучунун Ош шаарынын мэриясына же анын ыйгарым укуктуу органына кайрылуусу Ош шаарынын мэриясынын батирди же башка мүлктү Сатып алуучуга жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгаруусу үчүн негиз болуп саналат.
11.4. Сатып алуучунун Кайрылуусун алгандан кийин 60 календардык күндүн ичинде, Ош шаарынын мэриясы турак-жайды же башка мүлктү Сатып алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарат.
12. Талаш-тартыштарды чечүү
12.1. Тараптардын ортосунда милдеттенмелерди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш-тартыштар жана келишпестиктер ушул Жобого ылайык сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
12.2. Тараптар ортосунда талаш-тартыштар жана келишпестиктер сүйлөшүү жол менен чечилбеген учурларда андай талаш-тартыштар жана келишпестиктер сот органдарынын кароосуна өткөрүлүп берилет.
12.3. Келишим төмөндөгү учурларда бир тараптуу жокко чыгарылышы мүмкүн:
12.3.1. Сатып алуучу тарабынан: бул учурда, Сатып алуучу алдын ала 30 календардык күн мөөнөтүндө Сатуучуга кат жүзүндө билдирет. Сатуучу Сатып алуучу тарабынан төлөнгөн акчанын үстөк баасынын көрсөткүчүнө барабар болгон коэффициенттик өлчөмдөгү бөлүгүн алып калуу менен төлөнгөн акча каражатын кайтарып берет.
12.3.2. Сатуучунун демилгеси менен:
- Сатып алуучу тарабынан төлөө мөөнөттөрүн системалуу түрдө бузуу, башкача айтканда, алты айдын ичинде төлөө мөөнөтүн үч жолудан ашык бузуу же төлөмдөрдү үч ай катары менен кечиктирүү. Бул учурда, Сатуучу Сатып алуучуга келишимдин бир тараптуу бузулушу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Сатып алуучу билдирүү алган күндөн тартып 14 календардык күндөн кийин келишим бузулду деп эсептелет. Сатуучу Сатып алуучу тарабынан төлөнгөн акчанын үстөк баасынын көрсөткүчүнө барабар болгон коэффициенттик өлчөмдөгү бөлүгүн алып калуу менен төлөнгөн акча каражатын кайтарып берет.
- Эгерде Сатып алуучу батирди үчүнчү тарапка пайдаланууга берген болсо. Бул учурда, Сатуучу келишимди бир тараптуу бузууга укуктуу, ал эми Сатып алуучу батирде жашаган үчүнчү жактар менен бирге көчүрүлөт. Бул учурда, Сатуучу Сатып алуучуга келишимдин бир тараптуу бузулушу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Сатып алуучу билдирүү алган күндөн тартып 14 календардык күндөн кийин келишим бузулду деп эсептелет. Сатуучу Сатып алуучу тарабынан төлөнгөн акчанын үстөк баасынын көрсөткүчүнө барабар болгон коэффициенттик өлчөмдөгү бөлүгүн алып калуу менен төлөнгөн акча каражатын кайтарып берет.
- Эгерде Сатып алуучу Сатуучунун жазуу түрүндөгү уруксаты жок батирдин долбооруна салыштырмалуу өзгөртүүлөрдү жасаса. Бул учурда, Сатуучу келишимди бир тараптуу бузууга укуктуу, ал эми Сатып алуучу батирде жашаган үчүнчү жактар менен бирге көчүрүлөт. Бул учурда, Сатуучу Сатып алуучуга келишимдин бир тараптуу бузулушу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Сатып алуучу билдирүү алган күндөн тартып 14 календардык күндөн кийин келишим бузулду деп эсептелет. Сатуучу Сатып алуучу тарабынан төлөнгөн акчанын үстөк баасынын көрсөткүчүнө барабар болгон коэффициенттик өлчөмдөгү бөлүгүн алып калуу менен төлөнгөн акча каражатын кайтарып берет
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
12.4. Келишим бузулган учурда, Сатып алуучу батирди же башка мүлктү Ош шаарынын мэриясына же анын ыйгарым укуктуу органына өткөрүп берүү актысына ылайык алган абалда кайтарып берүүгө милдеттүү. Турак-жайды кайтаруу үчүн Сатуучу 5 кишиден турган Комиссия түзөт. Комиссиянын курамына Ош шаарынын мэриясынын, шаар куруу жана архитектура тармагындагыгы тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн өкүлдөрү кириши мүмкүн. Сатып алуучу үйдү Сатуучуга кадимки эскирүүсүн эске алуу менен алган абалында кайтарып берүүгө милдеттүү.
12.5. Сатып алуучунун күнөөсү менен турак-жай бузулса же инфраструктура бузулса, Сатып алуучу аны жоюу же кайтаруу үчүн жооптуу болот.
13. Жыйынтыктоочу жоболор
13.1. Келишим түзүүгө, керектүү документтерди тариздөөгө, келишимди каттоого же турак-жайга, банк кызматтарына ж.б. чыгымдар Сатып алуучунун эсебинен жүргүзүлөт.
13.2. Тараптар батирди узартуу менен сатып алуу келишими боюнча милдеттенмелерди камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка келишимдерди түзө алышат.
13.3. Бардык түзүлгөн келишимдер Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
13.4. Сатуучу Сатып алуучу тарабынан келишим боюнча төлөнгөн каражатты жалаң турак үйдүн курулушуна жумшайт.
13.5. Сатуучунун көп кабаттуу үйдүн курулушун камсыздоо, бюджеттик жана тартылган каражаттарды сарптоо, жер тилкесин пайдалануу жана курулган турак-жайды жарандарга өткөрүп берүү жаатындагы ишин көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Курулуш ченемдерине жана регламенттерине, шаар куруу документтерине шайкештигин көзөмөлдөө аймактык архитектура жана курулуш органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
13.6. Ош шаарынын мэриясы келишим түзүлүп жана аткарылып жатканда келишимдин Тараптары үчүн милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларды чыгарууга укуктуу.
13.7. Ош шаарынын мэриясы турак үйдүн курулушун уюштуруу үчүн Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына жер тилкесин чарба жүргүзүү укугунда бөлүп берет.
13.8. Ош шаарынын мэриясынын же Сатуучунун балансында турган жана Ош шаарынын мэриясынын ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүү иш чарасынын алкагында көп батирлүү үй куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкеси көп батирлүү турак үйгө бекитүү жолу менен сатылат жана анын наркы турак үйдүн сметалык наркына кошулуп сатылат.
13.9. Сатуучу көп батирлүү турак үйдү курууну уюштуруу үчүн көп батирлүү үйдүн сметасында өз ишмердүүлүгүн камсыздоого чыгымдар катары үйдүн өздүк наркынын 2,9% өлчөмүндө акча каражатын сметага кошууга укуктуу
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси К.Камчиев
Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы кезектеги III сесситясынын (V чакырылыш) №11 токтомуна 2- тиркеме
Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы
_____________________________
_____________________________
Ипотекалык шартта батир алуу үчүн
АНКЕТА – АРЫЗ
Мага ипотекалык негизде батир берүү үчүн кезеке кошуп коюуңузду суранам. Өзүм жөнүндө төмөндөгүдөй маалымат билдирем:
Жеке маалыматтар | |
Толук аты-жөнү (арыз берүүчүнүн) |
|
Жубайынын/жолдошунун аты-жөнү (арыз берүүчүнүн) |
|
Паспорттун номери |
|
Жашаган дареги |
|
Байланыш телефондору |
|
Үй-бүлө курамы |
|
Иштеген жери боюнча маалымат | |
Жумуш берүүчүнүн аты-жөнү |
|
Кызмат орду |
|
Эмгек стажы |
|
Уюмдун дареги |
|
Толук эмес жумушу (жумуш берүүчүнүн аты-жөнү, ээлеген кызматы) |
|
Мүлкү жөнүндө маалымат | |
Арыз ээсинин мүлкү (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк) |
|
Арыз ээсинин жубайынын/жолдошунун жана жашы жете элек балдарынын мүлкүнүн (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк) болушу |
|
Программага катышуу жөнүндө маалымат | |
Суралган батир | □ 1 бөлмөлүү батир; □ 2 бөлмөлүү батир; □ 3 бөлмөлүү батир; □ 4 бөлмөлүү батир; □ 5 бөлмөлүү батир; |
Мөөнөтү |
|
Төлөнө турган баштапкы төлөмдүн суммасы |
|
Кошумча маалыматтар ________________________________________________
________________________________________________________________________
Берилген документтердин жана көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын тастыктайм, ошондой эле жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугумду берем
_________________________________________ _________________
(Арыз ээси) (колу)
«______» _____________ __________ жыл
_____________________________________________________________________________
Анкета-арыз жана берилген документтер, алардын толтурулгандыгы текшерилди жана кабыл алынды:
__________________________________________________ ________________________
(Ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аты-жөнү) (колу)
«______» _____________ __________ жыл
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси К.Камчиев
Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы кезектеги III сесситясынын (V чакырылыш) №11 токтомуна 3- тиркеме
Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы
_____________________________
_____________________________
АРЫЗ
сатуу боюнча аукционго катышууга ____________________________________________
(сатуу обөектисинин аталышы)
Сатуу боюнча аукционго катышууга уруксат берүүңүздү суранам: _____________________________________________________________________________
(сатуу обөектисинин аталышы)
Мен аукционго катышуу шарттары, аны өткөрүү тартиби, аукциондун натыйжаларын жол-жоболоштуруу, аукционду уюштурууга жана өткөрүүгө, анын ичинде аны катышуучуларга өткөрүү үчүн керектүү документтерди даярдоо иштерине кеткен чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө жана сатуу обөектисин сатуу келишиминин долбоорун окуп чыктым жана макулмун.
Тиркеме: ушул арызга тиркелүүчү документтердин тизмеси:
1. ____________________________________ ___ барак.
2. ____________________________________ ___ барак.
3. ____________________________________ ___ барак.
4. ____________________________________ ___ барак.
Кошумча маалыматтар: ________________________________________________
_____________________________________________________________________________
Мен берилген документтердин жана көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын тастыктайм.
__________________________________________________________ ________________
(Арыз ээсинин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнү) (колу)
«______» _____________ __________ жыл
Анкета-арыз жана берилген документтер, алардын толтурулгандыгы текшерилди жана кабыл алынды :
__________________________________________________ ________________________
(Ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аты-жөнү) (колу)
«______» _____________ __________ жыл.
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси К.Камчиев
Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы кезектеги III сесситясынын (V чакырылыш) №11 токтомуна 4- тиркеме
Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы
______________________________
______________________________
Арыз
20___-жылдын “___”-________________ Ош шаарынын мэриясына ипотекалык шартта үй алуу үчүн арыз жазып, документ тапшырганмын. Бирок, азыркы учурда төмөндөгү шартка байланыштуу, ипотекага үй алуу үчүн 20___-жылдын “___”-________________ жазган арызымды кароосуз калтырууңузду суранам.
Төлөө мүмкүнчүлүгүм жок
Наамымда кыймылсыз мүлк (үй, жер ж.б) бар
Үй алууга муктаждыгым жок
Башка себептер
________________________________________________________________________
(себепти жазыңыз)
__________________________________________________ ________________________
(Арыз ээси) (колу)
20___-жылдын “______”-________________
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси К.Камчиев
Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы кезектеги III сесситясынын (V чакырылыш) №11 токтомуна 5- тиркеме
Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы
_____________________________
__________________________
АРЫЗ
«_____» __________ ___________ сатуу боюнча аукционго катышуу үчүн арыз бергенмин ______________________________________________________________________
(сатуу обөектисинин аталышы)
.
Себеби _____________________________________________________________
(себебин тушүндүрүү)
аукционго катышуудан баш тартам.
Менин «_____» __________ ___________ арызымды кароосуз калтырууңузду суранам.
_______________________________________________________ ______________
(Арыз ээсинин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнү) (колу)
«______» _____________ __________ жыл
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси К.Камчиев