Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтому менен бекитилген) |
Географиялык көрсөтмөнү каттоого жана пайдалануу
укугун берүүгө өтүнмө жана мурда катталган географиялык
көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө түзүүнүн,
берүүнүн жана карап чыгуунун
эрежелери
Географиялык көрсөтмөнү каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө жана мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелердин максаттары үчүн төмөнкүлөрдү билдирген түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
ДИМУ - Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму;
Мыйзам - "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
өтүнмө ээси - Мыйзамга ылайык тиешелүү түрдө географиялык көрсөтмөнү каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө же мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө менен кайрылууга укуктуу юридикалык жактардын ассоциация (бирлик) түрүндөгү уюштуруу-укуктук түрү менен юридикалык жак же жеке же болбосо юридикалык жак;
компетенттүү орган - товардын белгиленген өзгөчө касиеттери, сапаты, репутациясы жана анын географиялык пайда болушу, бул географиялык объект үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттары жана (же) адамдык факторлор менен олуттуу деңгээлде шартталган башка мүнөздөмөлөрүнүн бар (жок) экендигин ырастоочу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар;
Кыргызпатент - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
Реестр - Кыргыз Республикасынын географиялык көрсөтмөлөрүнүн жана товарлар чыгарылган жерлеринин аталыштарынын мамлекеттик реестри;
ДИМУнун ST.3 стандарты - өлкөлөрдү, административдик бирдиктерди жана өкмөттөр аралык уюмдарды көрсөтүү үчүн эки тамгалуу коддорго ДИМУ сунуштаган стандарт.
Ушул Эрежелерде пайдаланылуучу башка түшүнүктөр Мыйзамда аныкталган маанилерде колдонулат.
2. Кыргыз Республикасында географиялык көрсөтмөнү укуктук коргоо Мыйзамда же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана ушул Эрежелерде белгиленген тартипте каттоонун негизинде келип чыгат.
3. Товарды өндүрүү баскычтары жана чектери, ошондой эле товардын мүнөздөмөлөрү же белгилөө үчүн географиялык көрсөтмө пайдаланылган товардын өзгөчө касиеттери Мыйзамдын 34-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
4. Өзүнүн атына географиялык көрсөтмө жана аны пайдаланууга укугу анын мүчөлөрү ассоциациянын (бирликтин) уставынын негизинде иштеген жана өтүнмөдө көрсөтүлгөн товарларга карата өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырган юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте катталган ассоциация (бирлик) тарабынан гана катталышы мүмкүн.
5. Ушул Эрежелердин 4-пунктунда көрсөтүлгөн ассоциациянын (бирликтин) атына (мындан ары - укук ээси) мурда Мыйзамда жана Эрежелерде белгиленген тартипте катталган географиялык көрсөтмөнү (мындан ары - мурда катталган географиялык көрсөтмө) пайдалануу укугу аягында мурда катталган географиялык көрсөтмөнүн укук ээси жана компетенттүү органдар товардын касиеттерин жана мүнөздөмөлөрүн ырастаган шартта ошол эле географиялык объектте турган жана ошол эле касиеттери жана мүнөздөмөлөрү менен товарды чыгарган кайсы болбосун юридикалык же жеке жакка берилиши мүмкүн.
6. Географиялык көрсөтмө катары төмөнкүдөй белгилөөлөрдү каттоого жол берилбейт:
1) чектеринде товар алгач өндүрүлгөн же жарандык жүгүртүүгө киргизилген географиялык объекттин аталышына тиешелүү болгон, бирок Кыргыз Республикасында анын өндүрүлгөн жерине байланышпаган белгилүү бир түрдөгү товардын белгиси катары жалпы керектөөгө кирген белги болуп калган;
2) товардын ошол эле түрүнө карата географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы катары катталган;
3) эгерде мындай географиялык көрсөтмөнү пайдалануу керектөөчүнү товар же анын даярдоочусу тууралуу жаңылышууга алып келе алса, кыйла мурда артыкчылыкка ээ болгон товардык белги менен бирдей же окшош;
4) эгерде мындай географиялык көрсөтмөнү пайдалануу керектөөчүнү товар тууралуу жаңылышууга алып келе алса, өсүмдүктүн сортунун же жаныбардын тукумунун аталышын билдирген;
5) керектөөчүнү товар же анын даярдоочусу тууралуу жаңылышууга алып келе алса;
6) Мыйзамдын 34-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган талаптарга шайкеш келбеген товарга карата географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы катары каттоого берилген.
2-глава. Географиялык көрсөтмөнү каттоого жана
пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү берүүдө жана
кароодо Кыргызпатент менен иш жүргүзүү тартиби
7. Кыргызпатент менен иш жүргүзүү төмөнкүлөрдөн турат:
- алдын ала консультацияларды алуу;
- өтүнмө берүү же аны кайра сурап алуу, өтүнмөнү (кайра сурап алууну) берүүгө жана Кыргызпатенттин суроо-талаптарына байланыштуу кат алышууну жүргүзүү;
- өтүнмөнүн материалдарын тактоо, өтүнмө бергенден кийин жүзөгө ашырылуучу алардагы каталарды оңдоо же Кыргызпатенттин суроо-талабы же өзүнүн демилгеси боюнча кошумча материалдарды берүү;
- Мыйзамда жана ушул Эрежелерде каралган өтүнүч катты, каршы пикирлерди берүү;
- өтүнмөнү кароого катышуу;
- Мыйзамда аныкталган юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу.
8. Кыргызпатент:
1) географиялык көрсөтмөнү каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү кабыл алууну жана мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү кабыл алууну жүзөгө ашырат, алар боюнча кат алышууну жүргүзөт;
2) өтүнмөлөр боюнча экспертиза жүргүзөт, анын жыйынтыгы боюнча өтүнмөнү кароого кабыл алуу же баш тартуу, белгиленген географиялык көрсөтмөнү каттоо же мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим чыгарат;
3) экспертизанын жүрүшүндө өтүнүч катты, каршы пикирлерди карайт, алар боюнча чечимдерди кабыл алат, Мыйзамда жана ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн суроо-талаптарды жана кабарламаларды жөнөтөт;
4) географиялык көрсөтмөлөрдү мамлекеттик каттоону жана аларды пайдаланууга укукту жүзөгө ашырат;
5) күбөлүктөрдү берет, расмий маалыматтарды жарыялайт, өтүнмөлөрдүн, чечимдердин жана башка зарыл болгон документтердин бланктарынын формаларын бекитет, Мыйзамда жана ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн географиялык көрсөтмөлөргө тиешелүү функцияларды аткарат.
9. Кыргызпатентте Апелляциялык кеңеш (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) түзүлөт, ал географиялык көрсөтмөнү укуктук коргоо маселелери боюнча талаш-тартыштарды кароо боюнча милдеттүү баштапкы орган болуп саналат.
10. Кыргызпатентте өтүнмөлөр боюнча өндүрүш мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт. Кыргызпатентке чет тилде берилген документтерге белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелиши керек.
11. Өтүнмө ээси, укук ээси, башка кызыкдар жак Кыргызпатент менен географиялык көрсөтмөнү мамлекеттик каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө байланышкан иштерди жүргүзүүдө кат алышуу үчүн дарегин көрсөтүүгө милдеттүү. Кыргызпатент почта, электрондук почта же коммуникациянын башка электрондук формалары аркылуу өтүнмө ээси, укук ээси, башка кызыкдар жак көрсөткөн дарекке жиберген кандай болбосун кабарлама, суроо-талап жана чечим жөнөтүлгөн датадан тартып талаптагыдай жеткирилген болуп саналат.
12. Кыргызпатент менен кат алышуу өтүнмө ээси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ар бир өтүнмө боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
13. Өтүнмө берилгенден кийин жөнөтүлүүчү материалдар анын номерин жана өтүнмө ээсинин же анын өкүлүнүн колтамгасын камтууга тийиш.
Өтүнмөнүн номери жок материалдар эгерде номерди кыйыр түрдө аныктоого болбосо, кароосуз кайтарылып берилет.
14. Өтүнмө ээси (өтүнмө ээсинин өкүлү) ал берген өтүнмө жана ага тийиштүү документтер менен, тиешелүү түрдө Кыргызпатентте алдын ала датасын жана убактысын макулдашуу менен, өтүнмөнүн көчүрмөсүн, ага тиешелүү документтерди же алардын бөлүктөрүн суроо аркылуу тааныша алат.
15. Өтүнмөгө байланышкан маселелерди кароо өтүнмө ээсинин (анын өкүлүнүн) катышуусу менен белгиленген белгилөөнүн каттоо шарттарына шайкештиги маселелери боюнча экспертизанын жана өтүнмө ээсинин позицияларын тактоо максатында экспертиза менен билдирилген белгилөөгө катыштуу кошумча түшүндүрмөлөрдү алуу зарылдыгы келип чыкканда жүргүзүлөт. Мындай кароо эки тарап тең белгиленген маселелер менен таанышкандан кийин Кыргызпатенттин сунушу боюнча же өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Экспертизанын маселелери суроо-талапта баяндалышы мүмкүн, анда жолугушуунун максатка ылайыктуулугу тууралуу, аны жүргүзүү жөнүндө өтүнмө ээсинин өтүнүчү жөнүндө маселелер кошумча билдирилет.
16. Кыргызпатент өтүнмө ээсинин катышуусу менен өтүнмөгө байланышкан маселелерди кароо сунушу менен суроо-талап кылган учурда ага жооп өтүнмө ээси өтүнмөнү карап чыгууга катышууга ниеттенгендигине карабастан Мыйзам жана ушул Эрежелер менен белгиленген мөөнөттө өтүнмө ээси тарабынан жооп берилет.
17. Өтүнмөнү кароо датасы жана убактысы алдын ала макулдашылат. Кырдаал өзгөргөн учурда өтүнмөнү дайындалган убакта карап чыгууга катышуу мүмкүндүгү болбогон тарап бул тууралуу башка тарапка дароо билдирет.
Өтүнмө ээси же анын өкүлү Кыргызпатенке алдын ала макулдашуусуз келген учурда өтүнмөнү анын катышуусунда кароо жөнүндө анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартылышы мүмкүн.
3-глава. Өкүлчүлүк жана ишеним кат
18. Өтүнмө ээси, укук ээси, башка кызыкдар жак географиялык көрсөтмөнү мамлекеттик каттоого (мындан ары - каттоо), укуктук коргоого жана/же пайдалануу укугуна байланышкан ишти төмөнкүдөй жүргүзө алышат:
1) жеке;
2) өкүл аркылуу;
3) Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлү аркылуу (мындан ары - патенттик ишенимдүү өкүл).
19. Чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактар же алардын чет өлкөлүк патенттик ишенимдүү өкүлдөрү географиялык көрсөтмөнү каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө байланышкан иштерди Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлү аркылуу гана жүргүзүшөт.
20. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн жана/же өкүлдүн ыйгарым укуктары нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган ишеним кат менен күбөлөндүрүлөт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөндүгүнүн же мындай ишеним катта камтылган маалыматтардын аныктыгына карата шектенүүлөр пайда болгон учурда экспертизанын талабы боюнча мындай ишеним кат белгиленген тартипте легалдаштырылууга (апостиль коюлууга) тийиш.
21. Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн ишеним кат төмөнкүдөй шарттарга жооп бериши керек:
- юридикалык жак тарабынан түзүлгөн ишеним катка ушул юридикалык жактын мөөрүн коюу менен юридикалык жактын жетекчиси кол коёт;
- жеке жак тарабынан түзүлгөн ишеним катка мөөрдү коюу менен (ал бар болсо) аны берген жак кол коёт;
- ишеним катта патенттик ишенимдүү өкүлдүн жана/же өкүлдүн ыйгарым укуктарынын көлөмү көрсөтүлүүгө тийиш;
- ишеним катта ал түзүлгөн дата көрсөтүлүшү керек, ансыз ал жараксыз.
Ишеним катка кол койгон жактын колтамгасы чечмелениши керек.
22. Өкүлчүлүк ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар, алардын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу. Ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурун токтотуу өтүнмө ээси же анын укук улантуучусу тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тийиштүү арызды (ишеним катты кайра сурап алуу) берүү аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
23. Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган чет өлкөлүк юридикалык жактын же жеке жактын кызыкчылыктарын өкүлчүлүк кылууга ишеним кат ушул жактын өзү жана өтүнүчү ээси берген тийиштүү ишеним каты бар чет өлкөлүк патенттик ишенимдүү өкүл тарабынан берилиши мүмкүн. Акыркы учурда талаптагыдай таризделген аталган ишеним каттын экөө тең же алардын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.
24. Эгерде ишеним кат Кыргызпатентте катталган бир нече патенттик ишенимдүү өкүлдүн атына берилсе, анда өтүнмө боюнча товардык белгини каттоо боюнча иштер алардын кимиси тарабынан болбосун жүргүзүлөт.
25. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн жана/же өкүлдүн ага берилген ыйгарым укуктардын чегиндеги бардык иш-аракети же Кыргызпатенттин ага катыштуу кандай болбосун иш-аракети өтүнмө ээсинин иш-аракеттери же өтүнмө ээсине карата иш-аракеттери сыяктуу эле кесепеттерге ээ болот.
4-глава. Кыргызпатенттин кабарламаларын,
суроо-талаптарын жана чечимдерин жөнөтүү
тартиби жана мөөнөттөрү. Кыргызпатенттин суроо-
талаптарына жоопторду берүү тартиби жана мөөнөттөрү
26. Ушул Эрежелерде каралган Кыргызпатенттин кабарламалары, суроо-талаптары жана чечимдери өтүнмө ээсине, укук ээсине, башка кызыкдар жакка почта, электрондук почта же аталган жактардын коммуникациясынын башка электрондук формалары аркылуу жөнөтүлөт.
27. Кыргызпатенттин кабарламаларын, суроо-талаптарын жана чечимдерин жөнөтүү мөөнөтү чечим кабыл алгандан кийин үч жумуш күндөн ашпайт.
28. Өтүнмө ээси, укук ээси, башка кызыкдар жак Кыргызпатенттин кабарламасын, суроо-талаптарын жана/же чечимин төмөнкүдөй ыкмалардын бири менен ала алат:
1) жеке;
2) почта боюнча;
3) электрондук почта же коммуникациянын башка электрондук формалары боюнча, алардын дареги Кыргызпатентке өтүнмөдө, арызда же башка кайрылууда көрсөтүлөт.
29. Дареги өтүнмө ээси, укук ээси, башка кызыкдар жак тарабынан көрсөтүлгөн почта, электрондук почта же коммуникациянын башка электрондук формалары боюнча Кыргызпатент жиберген кандай болбосун кабарлама, суроо-талап же чечим жөнөтүлгөн датадан тартып талаптагыдай жеткирилген болуп саналат.
30. Эгерде өтүнмө боюнча кат алышууну өтүнмө ээсинин өкүлү/патенттик ишенимдүү өкүлү жүзөгө ашырса, Кыргызпатенттин корреспонденциясына (суроо-талаптар, кабарламалар) байланышкан материалдарды берүү мөөнөттөрү аларга бул корреспонденцияны жөнөткөн датадан тартып эсептелет.
31. Өтүнмө ээсине аларсыз экспертиза жүргүзүү же юридикалык маанилүү аракеттерди жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогон өтүнмөнүн материалдарын тактоо, өтүнмөнүн материалдарындагы каталарды оңдоо же кошумча жана/же тактоочу материалдарды берүү жөнүндө суроо-талап келип түшкөн учурда, суроо-талаптагы талап кылынган иш-аракеттер (каталарды оңдоо, жетишпеген жана/же тактоочу материалдарды берүү) суроо-талап жөнөтүлгөн датадан тартып эки айдан кечиктирилбестен жүзөгө ашырылууга тийиш.
32. Суроо-талапка жооп берүүнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин өтүнмө ээси суроо-талапка жооп берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу, ошол эле учурда суроо-талапка жооп берүүнүн мөөнөтү алым төлөнгөн шартта өтүнмө ээсинин өтүнүч катында көрсөтүлгөн мөөнөткө, бирок алты айдан ашпаган убакытка узартылат.
33. Өтүнмө ээси өткөрүп жиберген, ушул Эрежелердин 31-пунктунда каралган мөөнөт тийиштүү алым төлөнгөн шартта ал өткөндөн кийин эки айдан кечиктирилбестен билдирилген өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча Кыргызпатент тарабынан калыбына келтирилет.
5-глава. Ушул Эрежелерде белгиленген мөөнөттөрдү
эсептөө жана токтотуп туруу
34. Юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо мөөнөттөрү Мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдү эсептөө эрежелерине ылайык эсептелет.
Эгер мөөнөт "...ичинде" деген сөздөр менен берилсе жана мөөнөттүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туш келсе, мөөнөттүн бүткөн күнү болуп андан кийинки жумуш күнү эсептелет.
Эгер мөөнөттүн бүтүшү тиешелүү күнү болбогон айга туш болсо, анда мөөнөт ушул айдын акыркы күнү бүтөт.
35. Кыргызпатент тарабынан юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо мөөнөттөрү төмөнкү учурларда токтотулуп турат:
1) юридикалык маанилүү иш-аракетти жасоого өзгөчө кырдаал (авариялар, катастрофалар, табигый же башка кырсыктар, эпидемиялар) тоскоолдук кылса;
2) өтүнмө ээсине тийиштүү суроо-талап жиберилсе жана ага жооп алмайынча юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес болсо (кабарламаларга жана суроо-талапка жоопторду, алымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документтерди кошкондо, өтүнмө ээсинен зарыл болгон документтерди алганга чейин).
36. Ушул Эрежелердин 35-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккандыгы жөнүндө Кыргызпатент өтүнмө ээсине, укук ээсине же башка кызыкдар жакка кабарлайт. Кыргызпатенттин расмий сайтына тиешелүү маалыматты жайгаштыруу дагы кабарлама болуп саналат.
37. Мөөнөттү токтотуп туруу тиешелүү кабарлама жөнөтүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып башталат.
38. Мөөнөттү токтотууга негиз болгон жагдайлар токтотулган күндөн тартып мөөнөттүн өтүшү улантылат. Ушул Эрежелердин 4-главасына ылайык өтүнмө ээсине, укук ээсине же башка кызыкдар жакка мөөнөттү узартуу жөнүндө кабарлама жөнөтүлөт.
39. Ушул Эрежелердин 33-пунктунда каралган учурларда өтүнмө ээси, укук ээси же башка кызыкдар жактар тарабынан юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо үчүн мөөнөттөр Кыргызпатент тарабынан калыбына келтирилет.
40. Мөөнөт калыбына келтирилген учурда юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо үчүн мөөнөттү эсептөө кайрадан башталат.
6-глава. Суроо-талаптарга жоопторду берүү мөөнөттөрүн
бузуунун кесепеттери
41. Өтүнмө ээсинен суроо-талап жөнөтүлгөн датадан тартып эки айдын ичинде өтүнмөнүн материалдарын тактоо, өтүнмөнүн материалдарындагы каталарды оңдоо же кошумча жана/же тактоочу материалдарды берүү жөнүндө суроо-талапка жооп жок болбогон жана суроо-талапка жооп берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат берилбесе, өтүнмө кайра сурап алынган болуп таанылат.
42. Эгер өтүнмө ээси суроо-талапка берген жооп суралган маалыматтарды жана/же документтерди толугу менен камтыбаса, ага кайрадан суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн. Кайрадан жиберилген суроо-талапка жооп болбогон учурда кайрадан жөнөтүлгөн суроо-талап кайра сурап алынган болуп таанылат.
43. Өтүнмө ээсине өтүнмөнү кайра сурап алынган деп таануу жөнүндө кабарланат. Кабарламада тийиштүү негиздер көрсөтүлөт.
Ошол эле учурда өтүнмө кайра сурап алынган деп эсептелип башталган дата болуп өтүнмө ээсине кабарлама жөнөтүлгөн дата саналат.
44. Кайра сурап алынган өтүнмө боюнча экспертиза жүргүзүлбөйт, географиялык көрсөтмөнү каттоо жүргүзүлбөйт жана/же географиялык көрсөтмөнү пайдаланууга укук берилбейт.
7-глава. Географиялык көрсөтмөнү каттоого жана/же
пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө
45. Географиялык көрсөтмөнү каттоого өтүнмө бир географиялык көрсөтмөгө тиешелүү болууга тийиш.
46. Өтүнмө жана ага тиркелген документтер бир нускада берилет. Өтүнмөнүн формасы Кыргызпатент тарабынан белгиленет.
47. Өтүнмөлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн бөлүп көрсөтүшөт:
- географиялык көрсөтмөнү каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө (мындан ары - каттоого өтүнмө);
- мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө (мындан ары - пайдалануу укугуна өтүнмө).
48. Каттоого өтүнмө электрондук форматта же кагазда мамлекеттик же расмий тилде берилет жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) өтүнмө ээсинин аталышын, ошондой эле анын жашаган жерин же турган жерин, ассоциациянын (бирликтин) уставын жана электрондук почтасынын дарегин көрсөтүү менен географиялык көрсөтмөнү каттоо жана географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүү жөнүндө арызды;
2) "өтүнмө" деген сөздүн үстүндө жайгашкан графаларды өтүнмө ээси толтурбайт. Эгер кайсы бир маалыматтарды толугу менен тийиштүү графаларга жайгаштыруу мүмкүн болбосо, алар арыздын тийиштүү графасында "кошумча барактан тиркемени караңыз" деп көрсөтүү менен өзүнчө баракка ошол эле форма боюнча берилет;
3) 731 кодундагы графада өтүнмө ээси (ээлери) тууралуу маалыматтар берилет: юридикалык жактын толук расмий аталышы (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүккө ылайык).
731 кодундагы графадан кийинки графада төмөнкү маалыматтар берилет: толук почта дареги, ошондой эле телефондун, анын ичинде мобилдик телефонунун номери, экиден кем эмес электрондук почта дареги (мындан ары - e-mail), эгер бар болсо - ошондой эле факстын номери;
4) географиялык көрсөтмөнү каттоону сураган Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы жана/же географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүүнү сураган ишкердик иш жүргүзгөн жеке жак үчүн салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (мындан ары - СИН), ошондой эле бар болсо, ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификатору (ИУЖК коду) көрсөтүлөт. Жеке жак үчүн жеке идентификациялык номер (ЖИН) көрсөтүлөт;
5) географиялык көрсөтмөнү каттоону сураган чет өлкөлүк юридикалык жак же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жак үчүн ДИМУнун ST.3 стандарты боюнча өлкөсүнүн коду, тиешелүү түрдө турган жеринин же жашаган жеринин дареги көрсөтүлөт;
6) 750 кодундагы графада кат алышуу үчүн дареги милдеттүү түрдө көрсөтүлөт: толук почта дареги, ошондой эле телефонунун, анын ичинде мобилдик телефондун номери, экиден кем эмес e-mail дареги, эгер бар болсо, ошондой эле факстын номери көрсөтүлөт;
7) өтүнмө ээси тарабынан патенттик ишенимдүү өкүл/өкүл дайындаган учурда гана толтурулуучу 740 кодундагы графада ал тууралуу төмөнкүдөй маалыматтар берилет: фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо), Кыргызпатенттеги каттоо номери, Кыргыз Республикасындагы турган орду, телефонунун, анын ичинде мобилдик телефондорунун номерлери, экиден кем эмес e-mail дареги, эгер бар болсо, ошондой эле факстын номери көрсөтүлөт;
8) 540 кодундагы белгиленген белги;
9) географиялык көрсөтмөнү каттоо жана мындай географиялык көрсөтмөнү пайдаланууга укук берүү суралган товарды көрсөтүү;
10) "Товарды көрсөтүү" жана "Товар чыгарылган (өндүрүлгөн) жер (географиялык объекттин чектери)" графаларында товар чыгарылган жер көрсөтүлөт, ал географиялык объекттин чектерин көрсөтүү жолу менен сыпатталышы мүмкүн. Географиялык объекттин чектери ошол жердин координаттарынын, табигый чектеринин - дарыялардын, тоолордун, көлдөрдүн; административдик чектеринин; узак убакыттан бери турган курулмалардын, коммуникациялардын ж.у.с. жардамы менен сыпатталышы мүмкүн;
11) товардын мүнөздөмөлөрүнүн анын чыгарылган (өндүрүлгөн) жери менен болгон байланышына тиешелүү маалыматтар;
12) товарды өндүрүү үчүн пайдаланылуучу баштапкы материалды, товардын физикалык, химиялык, микробиологиялык, органолептикалык же көркөм мүнөздөмөлөрүн кошкондо товардын мүнөздөмөлөрүнүн сыпаттамасы,
13) эгерде бул товардын мүнөздөмөлөрүн түзүүгө жана сактоого олуттуу таасирин тийгизсе, товарды өндүрүүнүн ыкмасынын сыпаттамасы, ошондой эле аны сактоо жана ташуу шарттары жөнүндө маалыматтар;
14) товарды өндүрүү шарттарын сактоо жана мүнөздөмөлөрүн сактоо үчүн контролдоо тартибин сыпаттоо;
15) географиялык көрсөтмөнү пайдаланууга укуктуу жактардын тизмеги, ассоциацияга (бирликке) кирген жактардын географиялык көрсөтмөнү пайдалануу шарттары;
16) эгерде бул Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдарында каралган болсо, товарды өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугун ырастаган маалыматтар.
Өтүнмөгө өтүнмө ээси кол коёт. Ассоциациянын (бирликтин) атынан өтүнмөгө кызмат ордун көрсөтүү менен уюмдун жетекчиси кол коёт, колтамгасы мөөр менен бекемделет.
Өтүнмө патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилген учурда өтүнмөгө патенттик ишенимдүү өкүл кол коёт.
Кол тамга кол койгон жактын аты-жөнүн көрсөтүү менен чечмеленет.
Өтүнмөдө кошумча барактар болсо, аларга дагы ушундай тартипте кол коюлат.
49. Каттоого билдирилген өтүнмөгө төмөнкүдөй документтер тиркелиши керек:
1) талаптагыдай түрдө таризделген ишеним кат (эгер өтүнмө өкүл/патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилсе);
2) белгиленген өлчөмдө алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
3) өтүнмө ээси көрсөтүлгөн географиялык объектте тургандыгы жана өзгөчө касиеттери бул географиялык факторлору же болбосо жаратылыш шарттары жана адамдык факторлор менен бир убакта аныкталуучу товарды өндүргөндүгү жөнүндө компетенттүү органдардын белгиленген формадагы корутундусу.
50. Пайдалануу укугуна өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде электрондук форматта же кагаз түрүндө берилет жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) өтүнмө ээсинин аталышын (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүккө ылайык юридикалык жактын толук расмий аталышы же жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо), ошондой эле анын жашаган жерин же турган ордун көрсөтүү менен мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүүгө арызды;
2) "өтүнмө" деген сөздүн үстүндө жайгашкан графаларды өтүнмө ээси толтурбайт. Эгер кайсы бир маалыматтарды толугу менен тийиштүү графаларга жайгаштыруу мүмкүн болбосо, алар арыздын тийиштүү графасында "кошумча барактан тиркемени караңыз" деп көрсөтүү менен өзүнчө баракка ошол эле форма боюнча берилет;
3) 731 кодундагы графада өтүнмө ээси (ээлери) тууралуу маалыматтар берилет: юридикалык жактын толук расмий аталышы (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүккө ылайык) же жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо).
731 кодундагы графадан кийинки графада төмөнкү маалыматтар берилет: толук почта дареги, ошондой эле телефондун, анын ичинде мобилдик телефонунун номери, экиден кем эмес электрондук e-mail почтасынын дареги, эгер бар болсо, ошондой эле факстын номери;
4) Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жагы үчүн салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН), ошондой эле бар болсо, ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификатору (ИУЖКнын коду) көрсөтүлөт;
5) географиялык көрсөтмөнү каттоону сураган чет өлкөлүк юридикалык жак же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жак үчүн ДИМУнун ST.3 стандарты боюнча өлкөсүнүн коду, тиешелүү түрдө турган жеринин же жашаган жеринин дареги көрсөтүлөт;
6) 750 коду менен көрсөтүлгөн графада кат алышуу үчүн дареги милдеттүү түрдө көрсөтүлөт: толук почта дареги, ошондой эле телефон, анын ичинде мобилдик телефондун номери, экиден кем болбогон e-mail даректери, эгер бар болсо, ошондой эле факстын номери көрсөтүлөт;
7) өтүнмө ээси тарабынан патенттик ишенимдүү өкүл/өкүл дайындаган учурда гана толтурулуучу 740 кодундагы графада ал тууралуу төмөнкүдөй маалыматтар берилет: фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо), Кыргызпатенттеги каттоо номери, Кыргыз Республикасындагы турган орду, телефонунун, анын ичинде мобилдик телефондорунун номерлери, экиден кем эмес e-mail дареги, эгер бар болсо, ошондой эле факстын номери көрсөтүлөт;
8) 540 кодундагы пайдалануу укугу суралган, катталган географиялык көрсөтмө (белгиленген белги);
9) мындай географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүү суралган товарды көрсөтүү;
10) "Товарды көрсөтүү" жана "Товар чыгарылган (өндүрүлгөн) жер (географиялык объекттин чектери)" графаларында товар чыгарылган жер көрсөтүлөт, ал географиялык объекттин чектерин көрсөтүү жолу менен сыпатталышы мүмкүн. Географиялык объекттин чектери ошол жердин координаттарынын, табигый чектеринин - дарыялардын, тоолордун, көлдөрдүн; административдик чектеринин; узак убакыттан бери турган курулмалардын, коммуникациялардын ж.у.с. жардамы менен сыпатталышы мүмкүн;
11) товардын мүнөздөмөлөрүнүн анын чыгарылган (өндүрүлгөн) жери менен болгон байланышына тиешелүү маалыматтар;
12) товарды өндүрүү үчүн пайдаланылуучу баштапкы материалды, товардын физикалык, химиялык, микробиологиялык, органолептикалык же көркөм мүнөздөмөлөрүн кошкондо товардын мүнөздөмөлөрүнүн сыпаттамасы,
13) эгерде бул товардын мүнөздөмөлөрүн түзүүгө жана сактоого олуттуу таасирин тийгизсе, товарды өндүрүүнүн ыкмасынын сыпаттамасы, ошондой эле аны сактоо жана ташуу шарттары жөнүндө маалыматтар;
14) эгерде бул Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдарында каралган болсо, товарды өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугун ырастаган маалыматтар.
Өтүнмөгө өтүнмө ээси кол коёт. Ассоциациянын (бирликтин) атынан өтүнмөгө кызмат ордун көрсөтүү менен уюмдун жетекчиси кол коёт, колтамгасы мөөр менен бекемделет.
Өтүнмө патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилген учурда өтүнмөгө патенттик ишенимдүү өкүл кол коёт.
Кол тамга кол койгон жактын аты-жөнүн көрсөтүү менен чечмеленет.
Өтүнмөдө кошумча барактар болсо, аларга дагы ушундай тартипте кол коюлат.
51. Пайдалануу укугуна билдирилген өтүнмөгө төмөнкүдөй документтер тиркелиши керек:
1) талаптагыдай түрдө таризделген ишеним кат (эгер өтүнмө өкүл/патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилсе);
2) өтүнмө ээсинин жеке маалыматтарын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чогултууга, иштеп чыгууга, топтоого, сактоого жана жайылтууга жазуу түрүндөгү макулдугун (эгерде географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугу жеке жак үчүн суралса);
3) белгиленген өлчөмдөгү алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документти;
4) өтүнмө ээси белгиленген географиялык объекттин аймагында өндүрүшкө же өндүрүштүн баскычтарынын бирине ээ экендиги жана Кыргыз Республикасынын географиялык көрсөтмөлөрүнүн жана товарлар чыгарылган жерлеринин аталыштарынын мамлекеттик реестринде (мындан ары - Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестри) көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө ээ товарды чыгаргандыгы жөнүндө компетенттүү органдардын белгиленген формадагы корутундусу;
5) өтүнмө ээси Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө ээ товарды чыгаргандыгы жөнүндө укук ээсинин корутундусу.
Укук ээсинин корутундусу укук ээси менен географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун сураган жактын ортосундагы келишимдин негизинде берилет.
52. Эгерде географиялык көрсөтмөгө өтүнмө берилген географиялык объект Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашса, өтүнмөгө товар чыгарылган өлкөдө белгиленген белгиге өтүнмө ээсинин пайдалануу укугун ырастоочу документтер тиркелет.
53. Эгерде өтүнмөгө тиркелген документтер башка тилде берилсе, өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилге котормосу тиркелет.
54. Өтүнмө жана ага тиркелген документтер ушул Эрежелердин 48-53-пункттарында каралган шарттарды сактоо менен, электрондук формада берилиши мүмкүн.
Кол тамганы тариздөөгө талаптарды кошпогондо өтүнмөнү жана ага тиркелүүчү документтерди электрондук түрдө берүүдө өтүнмөнү толтурууга кошумча талаптар же алып салуулар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү жана жарыялануучу "Өтүнмөнү электрондук түрдө берүү" системасын пайдалануу боюнча нускама менен белгиленет.
Арыздын электрондук формасы эгер өтүнмө Кыргызпатенттин расмий веб-порталы аркылуу берилсе, квалификациялык электрондук кол тамга (КЭК) коюлат.
Эгерде өтүнмө Бирдиктүү идентификациялоо жана аутентификациялоо системасы (Мампортал) аркылуу берилсе, КЭК талап кылынбайт.
55. Кыргызпатентке келип түшкөн өтүнмөнүн материалдарына кириш номерин ыйгаруу менен жана алардын келип түшкөн датасын көрсөтүү менен кабыл алынат.
56. Өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө кабыл алынган документтердин барактарынын санын жана келип түшкөн датасын көрсөтүү менен өтүнмөнүн материалдарын кабыл алуу жөнүндө тил кат берилет.
Өтүнмө электрондук форматта берилген учурда өтүнмө ээсине электрондук кабарлама менен билдирилет.
57. Өтүнмөлөр өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча аларды кароонун кайсы болбосун этабында, бирок географиялык көрсөтмө катталган жана ушул географиялык көрсөтмөнү пайдаланууга укук берилген жана аны Реестрде пайдаланууга укук берилген датадан кечиктирбестен кайра сурап алынышы мүмкүн. Ошол эле учурда ушул Эрежелердин 44-пункту менен каралган кесепеттер пайда болот.
8-глава. Каттоого өтүнмөгө жана/же пайдалануу укугуна
өтүнмөгө экспертиза жүргүзүү
58. Каттоого өтүнмөгө жана/же пайдалануу укугуна өтүнмөгө экспертиза жүргүзүү алдын ала экспертиза жүргүзүүнү жана белгиге экспертиза жүргүзүүнү камтыйт.
59. Экспертиза ушул Эрежелерге жана Кыргызпатент бекитүүчү Методикалык сунуштамаларга ылайык жүргүзүлөт.
60. Өтүнмөнүн материалдарында маалыматтар жана/же документтер болбогон же алар ушул Эрежелердин 48-53-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келбеген учурда өтүнмө ээсине аныкталган бузууларды көрсөтүү жана ал өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн датадан тартып эки айдын ичинде жетишпеген же оңдолгон маалыматтарды жана/же документтерди берүү сунушу менен суроо-талап жиберилет.
61. Эгерде зарылдык келип чыкса, Кыргызпатент экспертиза жүргүзүү мүмкүн болбогон кошумча материалдарды сурайт:
1) белгиленген белгини тактоо;
2) ушул Эрежелердин 49, 51-53-пункттарында жана "Тиркелген документтердин тизмеги" графасында көрсөтүлгөн документтерди берүү;
3) белгилөө үчүн географиялык көрсөтмөнү каттоо жана пайдаланууга укук берүү же мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдаланууга укук берүү суралган товарды тактоо;
4) белгилөө үчүн географиялык көрсөтмөнү каттоо жана пайдаланууга укук берүү же мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдаланууга укук берүү суралган товардын чыгарылган/өндүрүлгөн жерин тактоо;
5) өтүнмөдө көрсөтүлгөн товардын касиеттеринин сыпаттамасын тактоо;
6) компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) жана укук ээсинин ырастоочу документтеринде/корутундуларында камтылган маалыматтарды, тактап айтканда товарда анын географиялык чыгарылышы менен байланышкан олуттуу деңгээлдеги белгилүү сапаттын, репутациясынын жана башка мүнөздөмөлөрүн/бул географиялык объект үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттары жана/же адамдык факторлор менен гана аныкталуучу өзгөчө касиеттеринин болушун ырастоочу маалыматтарды тактоо.
62. Өтүнмөнү кароодо келип чыгуучу башка мүнөздөгү маселелер жогоруда көрсөтүлгөн негиздерге багытталган суроо-талапка киргизилиши мүмкүн.
63. Суроо-талапта кайсы бир маселе боюнча жүргүзүлгөн экспертизанын пикири Мыйзамдын, ушул Эрежелердин жана башка ченемдик укуктук актылардын жоболоруна шилтемелер менен аргументтелиши керек.
64. Суроо-талапта жооп берилбеген учурда ушул Эрежелердин 41-пункту менен каралган кесепеттер келип чыгат.
65. Эгерде өтүнмө ээси суроо-талапка берген жооп суралган маалыматтарды жана/же документтерди толугу менен камтыбаса, өтүнмө ээсине кайрадан суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн.
9-глава. Каттоого өтүнмөгө жана/же пайдалануу укугуна
өтүнмөгө алдын ала экспертиза жүргүзүү
66. Каттоого өтүнмөгө жана/же пайдалануу укугуна өтүнмөгө алдын ала экспертиза ушул Эрежелердин 35-пунктунун жоболорун эске алуу менен Кыргызпатентке көрсөтүлгөн өтүнмөлөр келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде жүргүзүлөт.
67. Алдын ала экспертизаны жүргүзүүдө ушул Эрежелердин 49-53-пункттарында каралган өтүнмөнүн зарыл болгон документтеринин курамы, аларды тариздөөнүн тууралыгы жана алымдын төлөнгөндүгү, тактап айтканда төмөнкүлөрдүн бар экендиги жана белгиленген талаптарга шайкештиги текшерилет:
1) географиялык көрсөтмөнү каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө арыздын же мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдаланууга укук берүү жөнүндө арыздын;
2) өтүнмө ээсинин (ээлеринин) аталышын, анын (алардын) жашаган жеринин/турган ордунун дарегин (даректерин) көрсөтүүнүн;
3) патенттик ишенимдүү өкүлдүн же эгер бар болсо, башка өкүлүнүн фамилиясынын, атынын, атасынын атынын жана жашаган жеринин/турган ордунун даректеринин жана электрондук почтасынын дарегинин;
4) белгиленген белгинин;
5) товар өндүрүлгөн (чыгарылган) жерди көрсөтүүнү (географиялык объекттин чектерин);
6) товардын өзгөчө касиеттерин сыпаттоону;
7) өтүнмө берүү, белгиленген белгиге алдын ала экспертиза жана экспертиза жүргүзүү үчүн алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документтин;
8) патенттик ишенимдүү өкүлгө же өтүнмө ээсинин өкүлүнө берилген ишеним каттын;
9) өтүнмө ээси көрсөтүлгөн географиялык объектте тургандыгы жана географиялык көрсөтмөлөргө коюлуучу талаптарга шайкеш келген товарды өндүргөндүгү жөнүндө компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундуларын;
10) чет өлкөлүк өтүнмө ээсинин товар чыгарылган өлкөдө ал билдирген географиялык көрсөтмөгө укугун ырастоочу документтин;
11) өтүнмөгө тиркелген мамлекеттик же расмий тилде берилбеген документтердин котормосун;
12) укук ээсинин Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө ээ товарды чыгаргандыгы жөнүндө корутундусунун (пайдалануу укугуна өтүнмө берүүдө);
13) өтүнмө ээсинин жеке маалыматтарын чогултууга, иштеп чыгууга, топтоого, сактоого жана жайылтууга жазуу жүзүндөгү макулдугунун (жеке жактар үчүн).
68. Өтүнмөнүн материалдары ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга шайкеш келген учурда, ошондой эле өтүнмө ээси ушул Эрежелердин 62-пунктуна ылайык суралган маалыматтарды жана документтерди өз убагында берген учурларда өтүнмө берилген датаны көрсөтүү менен өтүнмөнү кароого кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарылат, ал өтүнмө ээсине жиберилет.
69. Каттоого өтүнмөнү же пайдалануу укугуна өтүнмөнү берүү датасы болуп Кыргызпатентке ушул Эрежелердин 48-53-пункттарына ылайык каралган документтер келип түшкөн күн эсептелет, эгерде көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, өтүнмө берилген дата берилген документтердин акыркысы келип түшкөн дата боюнча белгиленет.
70. Алдын ала экспертиза жүргүзүүнүн оң натыйжасы жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин жыйырма жумуш күндүн ичинде Кыргызпатенттин расмий сайтында географиялык көрсөтмөгө билдирилген өтүнмөлөр жөнүндө маалыматтар жарыяланат. Жарыялоо үчүн маалыматтардын тизмеги Кыргызпатент тарабынан белгиленет.
71. Өтүнмө жарыяланган датадан тартып үч айдын ичинде кайсы болбосун кызыкдар жак жазуу түрүндө жүйөлүү каршы пикирин берүүгө укуктуу, ал белгиленген белгиге экспертиза жүргүзүүдө каралат.
72. Өтүнмөнүн материалдарында маалыматтар жана/же документтер жок болгон же ушул Эрежелердин 48-53-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келбеген жана өтүнмө ээси суроо-талапта көрсөтүлгөн бузууларды оңдобогон учурда (өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн датадан тартып эки айдын ичинде жетишпеген же оңдолгон маалыматтарды жана/же документтерди бербесе) өтүнмөнү кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат жана өтүнмө ээсине бул тууралуу тийиштүү кабарлама жиберилет.
10-глава. Белгиленген белгиге экспертиза жүргүзүү
73. Кароого кабыл алынган өтүнмө боюнча белгиленген белгиге анын Мыйзамдын 34-беренесинде белгиленген талаптарга шайкештигине өтүнмө берген датадан тартып алты айдын ичинде экспертиза жүргүзүлөт.
74. Белгиленген белгиге экспертизанын жүрүшүндө төмөнкүлөрдү кошумча текшерүү жүргүзүлөт:
1) алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизанын жүрүшүндө текшерүү жүргүзүлгөн өтүнмөнүн материалдарын кошпогондо, өтүнмөнүн жана ага тиркелүүчү документтердин мазмунуна жана таризделишине коюлган талаптарга өтүнмөнүн материалдарынын шайкештигин;
2) өтүнмө ээси көрсөтүлгөн географиялык объектте тургандыгы жана географиялык көрсөтмөлөргө коюлган талаптарга шайкеш келген товарды чыгаргандыгы жөнүндө компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) ырастоочу документинин/корутундусунун, ал эми пайдалануу укугуна өтүнмөнү карап чыгуу учурунда укук ээсинин да корутундусунун болушун жана мазмунун;
3) эгер белгиленген белги мурда географиялык көрсөтмө катары катталса, белгилөө үчүн Реестрде камтылган географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүү суралган товардын өзгөчө касиеттерин сыпаттоонун шайкештигин.
75. Белгиленген белгинин Мыйзамдын 34-беренесинде белгиленген, географиялык көрсөтмөгө коюлуучу талаптарга шайкештигин аныктоодо төмөнкүлөргө текшерүү жүргүзүлөт:
1) өтүнмө берилген белгинин географиялык объектинин расмий заманбап аталышына же анын тарыхый аталышына ылайык келиши;
2) аталышы географиялык көрсөтмө катары берилген географиялык объекттин чектери өтүнмөдө көрсөтүлгөн жерде тургандыгын ырастоочу маалыматтардын болушу.
Эгерде географиялык объекттин аталышы мурда товарды жекелештирүү үчүн колдонулса, бирок өтүнмө берилген убакта товардын анык чыгарылган жерине жана анын өзгөчө касиеттерине көрсөтмө болууга өзүнүн баштапкы жөндөмдүүлүгүн жоготкон учурда ал даярдалган жерге байланышпаган белгилүү түрдөгү (түрдүк түшүнүк) товардын белгиси катары Кыргыз Республикасында жалпы колдонууга кирген белги болуп эсептелет;
3) чыгарылган/өндүрүлгөн жерин (географиялык объекттин чектерин) көрсөтүү менен белгилөө үчүн географиялык көрсөтмөнү каттоо жана пайдаланууга укук берүү же мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдаланууга укук берүү суралган товардын көрсөтмөсүнүн болушу.
76. Компетенттүү органдын жана укук ээсинин ырастоочу документинин/корутундусунун мазмунун текшерүүдө төмөнкүлөрдү ырастоочу маалыматтардын болушу аныкталат:
1) өтүнмө ээсинин аталышы географиялык көрсөтмө катары белгиленген жерде болушу;
2) өтүнмө ээсинде географиялык объекттин аймагында өтүнмөдө көрсөтүлгөн товардын өндүрүшү же өндүрүштүн эч болбогондо бир баскычынын болушу, ал географиялык көрсөтмө катары белгиленет же пайдалануу укугу суралат.
77. Экспертизанын суроо-талабы боюнча өтүнмө ээси берген кошумча материалдар ушул Эрежелердин 74-пунктуна ылайык каралат.
Кыргызпатенттин суроо-талабы боюнча өтүнмө ээси берген кошумча материалдар келип түшкөн учурда өтүнмө ээси тарабынан аларды берүүдө белгиленген мөөнөттөрдүн сакталгандыгы текшерилет.
78. Өтүнмө ээсинин өз демилгеси же Кыргызпатенттин суроо-талабы боюнча берген жана кароого кабыл алынган кошумча материалдар келип түшкөн учурда алар өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөртпөй тургандыгы текшерилет.
Кошумча материалдар өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөртүүчү болуп таанылат, эгерде аларда төмөнкүлөр камтылса:
- компетенттүү органдын корутундусунун негизинде бул товар ээ болбогон товардын касиетине көрсөтмө;
- эгер белгиленген белги географиялык көрсөтмө арналган товардын өзүнүн аталышын камтыса, башка товарга көрсөтмө.
Кошумча материалдар өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөртүүчү болуп таанылган учурда, өтүнмө ээсине экспертизанын чечими кабыл алынганга чейин (суроо-талапта же кабарламада) кошумча материалдарга киргизилген маалыматтардын кайсынысы экспертизанын тыянагына негиз болгондугу тууралуу билдирилет. Башка маалыматтар экспертиза жүргүзүүдө эске алынат.
79. Каттоого белгиленген белгинин Мыйзамдын 34-беренесинде белгиленген талаптарга, ошондой эле өтүнмөнүн Мыйзамдын 36-беренесинин жана ушул Эрежелердин талаптарына шайкештиги аныкталган учурда географиялык көрсөтмөнү каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
80. Мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна өтүнмөнүн Мыйзамдын 35-беренесинин 6-бөлүгү жана ушул Эрежелер менен белгиленген талаптарга ылайык келиши аныкталганда мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
81. Географиялык көрсөтмөнү каттоо жана аларды пайдаланууга укук берүү, ошондой эле мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечимде төмөнкү маалыматтар берилет:
1) пайдалануу укугу берилген географиялык көрсөтмө катары катталуучу белги же пайдалануу укугу берилген, мурда географиялык көрсөтмө катары катталган белги;
2) географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугу берилүүчү жак (жактар) жөнүндө маалыматтар;
3) күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү башталган датасы болуп саналган өтүнмө берилген дата;
4) белгилөө үчүн географиялык көрсөтмө катталуучу жана/же географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугу берилүүчү товардын өзгөчө касиеттерин көрсөтүү жана сыпаттоо.
Географиялык көрсөтмөнү каттоо жөнүндө чечимдин формасы Кыргызпатент тарабынан белгиленет.
82. Каттоого белгиленген белгинин Мыйзамдын 34-беренесинде белгиленген талаптарга, ошондой эле өтүнмөнүн Мыйзамдын 36-беренесинин жана ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш келбегендиги аныкталган учурда географиялык көрсөтмөнү каттоодон жана аны пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
83. Мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна өтүнмөнүн Мыйзамдын 35-беренесинин 6-бөлүгүндө жана ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга шайкеш эместиги аныкталган учурда мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
84. Географиялык көрсөтмөнү каттоодон жана аларды пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде, ошондой эле мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде Мыйзамга жана ушул Эрежелерге таянуу менен географиялык көрсөтмөнү каттоодон жана/же аны пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер берилет.
11-глава. Өтүнмөлөрдү кайра түзүү
85. Географиялык көрсөтмө жана географиялык көрсөтмөнү каттоого өтүнмө тиешелүү түрдө товар чыгарылган жердин аталышына жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого өтүнмөгө жана ушул Эрежелердин талаптары сакталган шартта тескерисинче кайра түзүлүшү мүмкүн.
86. Мындай кайра түзүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.