Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 24-марты № 70
Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө мыйзамдар
1. Ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык, Кыргыз Республикасында товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдү жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын мамлекеттик каттоого, укуктук коргоого жана пайдаланууга байланыштуу келип чыккан укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук мамилелер жөнгө салынат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамилелер ошондой эле бажы, кылмыш-жаза мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандардан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
4. Ушул Мыйзамдын негизинде жана аны аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), ошондой эле интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары кабыл алынышы мүмкүн.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) өтүнмө - товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого, географиялык көрсөтмөнү, товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун каттоого жана берүүгө, мурда катталган географиялык көрсөтмөнү, товар чыгарылган жердин аталышын тиркелген материалдары менен пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө;
2) өзгөчө укук - өз ыктыяры боюнча мыйзамдарга карама-каршы келбеген кандай гана болбосун ыкма менен товардык белгини жана тейлөө белгисин пайдаланууга товардык белгинин укук ээсинин мүлктүк укуктары;
3) Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясы - Кыргыз Республикасы 1998-жылдын 10-декабрындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын белгилерди каттоо үчүн товарларды жана тейлөө кызматтарын Эл аралык классификациялоо жөнүндө Ницца Макулдашуусуна кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган, 1957-жылдын 15-июнундагы Белгилерди каттоо үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эл аралык классификациялоо жөнүндө Ницца макулдашуусуна ылайык товардык белгилерди каттоо үчүн пайдаланылуучу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн классификациясы;
4) Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу - 1994-жылдын 6-январындагы № 20-16 өнөр жай менчиги жаатындагы эл аралык келишимдерге карата Кыргыз Республикасынын Декларациясы менен таанылган, 1891-жылдын 14-апрелиндеги Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө макулдашуу;
5) Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясы - 1994-жылдын 6-январындагы № 20-16 өнөр жай менчиги жаатындагы эл аралык келишимдерге карата Кыргыз Республикасынын Декларациясы менен таанылган, 1883-жылдын 20-мартындагы Өнөр жай менчигин коргоо боюнча конвенция;
6) Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусунун протоколу - 1989-жылдын 28-июнундагы Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусунун протоколу, буга Кыргыз Республикасы 2003-жылдын 30-декабрындагы № 243 "Кыргыз Республикасынын Мадрид макулдашуусуна карата протоколго кошулуусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган;
7) патенттик ишенимдүү өкүл - Кыргыз Республикасынын Патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнүн мамлекеттик реестринде патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аттестациядан өткөн, катталган жеке жак;
8) укук ээси - товардык белгиге, тейлөө белгисине болгон өзгөчө укукка же географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак;
9) өкүл - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда өтүнмө ээсинин, укук ээсинин же башка кызыкдар жактын кызыкчылыктарын жана укуктарын жактоо ыйгарым укугу берилген жеке жак;
10) юридикалык маанилүү иш-аракеттер - товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого, географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун каттоого жана берүүгө, мурда катталган географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүүгө, экспертиза жүргүзүүгө, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, суроо-талапка жооп берүү мөөнөтүн узартууга, каршы пикир берүүгө, өткөрүп жиберген мөөнөттү калыбына келтирүүгө, каттоого, жарыялоого, күбөлүк берүүгө, дубликат берүүгө, каттоонун колдонуу мөөнөтүн узартууга, мөөнөтүнөн мурда экспертиза жүргүзүүгө, өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалдарына оңдоолорду, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө, өтүп кеткен колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүүгө өтүнмө берүү боюнча иш-аракеттер, аларды жасаган жакты ушул Мыйзамга ылайык кесепеттерге алып келүүчү аракеттер.
3-берене. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында товардык белгилерге, тейлөө белгилерине, географиялык көрсөтмөлөргө жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарына укуктук коргоо берүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат, товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин каттоого өтүнмөлөрдү, ошондой эле географиялык көрсөтмөнү жана товарлар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун каттоого жана берүүгө өтүнмөлөрдү кароого кабыл алат, аларга экспертиза жүргүзөт, аларды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат, күбөлүктөрдү берет, расмий маалыматтарды жарыялайт, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине, географиялык көрсөтмөлөргө жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарына тиешелүү башка функцияларды аткарат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында товардык белгини, тейлөө белгисин, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын коргоо жөндөмдүүлүгү маселелери боюнча талаш-тартыштарды кароо боюнча милдеттүү баштапкы орган болуп саналган Апелляциялык кеңеш (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) түзүлөт. Апелляциялык кеңештин каршы пикирлерди кароо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен иш жүргүзүү, алымдар жана өкүлчүлүк
1. Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган өтүнмө ээси, укук ээси, башка кызыкдар жак товардык белгини, тейлөө белгисин, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын мамлекеттик каттоого (мындан ары - каттоо), укуктук коргоого же пайдаланууга жана башка юридикалык маанилүү иш-аракеттерге байланышкан иштерди жүргүзө алат:
1) жеке өзү;
2) өкүл аркылуу;
3) Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу.
2. Чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар, же болбосо чет мамлекеттерде катталган алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү жөнүндө мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу товардык белгини, тейлөө белгисин, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталыштарын каттоого, укуктук коргоого жана пайдаланууга байланышкан иштерди жүргүзүшөт.
3. Товардык белгини каттоого, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө, укуктук коргоону токтотууга, талаш-тартыштарды кароого байланышкан юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо үчүн Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алымдар алынат.
Алымдын өлчөмү, төлөө мөөнөттөрү жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн жана/же өкүлдүн ыйгарым укуктары нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган ишеним кат менен ырасталат.
5-берене. Ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдү эсептеп чыгуу жана токтотуп туруу
1. Ушул Мыйзамда белгиленген юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген мөөнөттөрдү эсептеп чыгуу эрежелерине ылайык эсептелет.
2. Ушул Мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо мөөнөттөрү төмөнкүдөй учурларда токтотулуп турат, эгерде:
1) юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоого өзгөчө кырдаал (авариялар, катастрофалар, табигый же башка кырсыктар, эпидемиялар) тоскоолдук кылса;
2) ушул Мыйзамда мындай документтерди бербөөнүн башка кесепеттери белгиленген учурларды кошпогондо, өтүнмө ээсинен керектүү документтерди, буга кошуп кабарламаларга жана суроо-талаптарга жоопторду, алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтерди алганга чейин юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес болсо.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсине, укук ээсине же башка кызыкдар жакка кабарлайт.
Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына тиешелүү маалымат жайгаштыруу да кабарлама болуп эсептелет.
4. Мөөнөттү токтотуп туруу тиешелүү кабарлама жөнөтүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып башталат.
5. Мөөнөттү токтотуп турууга негиз болгон жагдайлар токтотулган күндөн тартып мөөнөттүн өтүшү улантыла берет. Ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык мөөнөттү улантуу жөнүндө кабарлама өтүнмө ээсине, укук ээсине же башка кызыкдар жакка жөнөтүлөт.
6. Ушул Мыйзамда каралган учурларда өтүнмө ээси, укук ээси же башка кызыкдар жактар юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоосу үчүн мөөнөттөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилет.
Мөөнөт калыбына келтирилген учурда юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо үчүн мөөнөттүн өтүшү кайрадан башталат.
6-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламаларын, суроо-талаптарын жана чечимдерин жөнөтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул Мыйзамда каралган кабарламалары, суроо-талаптары, чечимдери өтүнмө ээсине, укук ээсине, башка кызыкдар жакка почта, электрондук почта же көрсөтүлгөн жактардын коммуникациясынын башка электрондук формалары аркылуу жөнөтүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламаларын, суроо-талаптарын жана чечимдерин жөнөтүү мөөнөтү чечим кабыл алынгандан кийин үч жумушчу күндөн ашпашы керек.
3. Өтүнмө ээси, укук ээси, башка кызыкдар жак ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кабарламасын, суроо-талабын жана/же чечимин төмөнкү жолдордун бири аркылуу ала алат:
1) жеке өзү;
2) почта боюнча;
3) ыйгарым укуктуу органга берилген өтүнмөдө, арызда же башка кайрылууда дареги көрсөтүлгөн электрондук почта же коммуникациянын башка электрондук формалары аркылуу.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээси, укук ээси, башка кызыкдар жак тарабынан дареги көрсөтүлгөн почта, электрондук почта жана коммуникациянын башка электрондук формалары аркылуу жөнөткөн кандай болбосун кабарлама, суроо-талап жана чечим жөнөтүлгөн датадан тартып талаптагыдай жеткирилген болуп саналат.
2-глава. Товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин укуктук коргоо
7-берене. Товардык белги жана тейлөө белгиси
1. Товардык белги жана тейлөө белгиси (мындан ары - товардык белги) - бул тиешесине жараша бир юридикалык же жеке жактардын товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн башка юридикалык же жеке жактардын бир өңчөй товарларынан жана кызмат көрсөтүүлөрүнөн (мындан ары - товарлар) айырмалоочу белги.
Товардык белги юридикалык же жеке жактын атына катталышы мүмкүн.
2. Товардык белгилер катары сөздүк, сүрөттүк, көлөмдүк жана башка белгилер же алардын айкалыштары катталышы мүмкүн.
3. Товардык белги кандай болбосун түстө же түстүк айкалышта катталышы мүмкүн.
4. Катталган товардык белгиге күбөлүк берилет. Күбөлүк товардык белгинин артыкчылыгын, күбөлүктө көрсөтүлгөн товарларга карата укук ээсинин өзгөчө укугун ырастайт.
5. Товардык белги колдонулган товарлардын мүнөзү товардык белгини каттоо үчүн тоскоолдук боло албайт.
6. Ушул Мыйзам визуалдык жактан айырмаланбаган белгилерге, ошондой эле үн жана жыт белгилерине колдонулбайт.
8-берене. Товардык белгини укуктук коргоо. Товардык белгиге өзгөчө укук
1. Кыргыз Республикасында товардык белгини укуктук коргоо аны ушул Мыйзамда белгиленген же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоонун негизинде берилет.
2. Товардык белгинин укук ээси төмөнкүдөй өзгөчө укукка ээ:
1) товардык белгини мыйзамга каршы келбеген кандай болбосун жол менен пайдалануу;
2) башка жактардын аны пайдалануусуна тыюу салуу. Тыюу салуунун жоктугу макулдук/уруксат берүү деп эсептелбейт;
3) товардык белгини ушул Мыйзамга ылайык тескөө (күрөөгө берүү, лицензиялык келишим боюнча ээликтен ажыратуу же пайдаланууга берүү).
Кыргыз Республикасында товардык белгини укук ээсинин уруксатысыз эч ким пайдалана албайт.
3. Товардык белгиге өзгөчө укук товардык белги Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестринде (мындан ары - Товардык белгилердин реестри) катталган датадан тартып келип чыгат.
9-берене. Каттоодон баш тартуу үчүн абсолюттук негиздер
1. Төмөнкү белгилер товардык белги катары катталбайт:
1) айырмалоочу жөндөмгө ээ болбогондор;
2) сыпаттоочу болуп саналгандар, атап айтканда, төмөнкүдөй элементтерден гана тургандар:
а) товарлардын түрүн, сапатын, санын, касиеттерин, курамын, багытын, баалуулугун, ошондой эле чыккан убакытын, жерин, аларды өндүрүүнүн же сатуунун ордун жана ыкмаларын белгилөө үчүн пайдаланылган;
б) белгилүү бир түрдөгү товарларды белгилөө үчүн жалпы пайдаланууга кирген:
- мындай символдорду же терминдерди белги катары пайдалануу үчүн сунушталган товарларга карата жалпы кабыл алынган символдор жана терминдер болуп саналган;
- жалаң гана же негизинен товардын касиети же багыты менен аныкталуучу товардын формасын билдирген;
- дары каражаттарынын эл аралык патенттелбеген аталыштарын билдирген;
3) Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган аталышын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү же сөз айкалыштарын камтыган;
4) Кыргыз Республикасынын элинин маданий мурастарынын объекттеринин же болбосо бүткүл дүйнөлүк маданий же жаратылыш мурастарынын объекттеринин расмий аталыштары жана сүрөттөрү менен чаташтырган деңгээлге чейин окшош же бирдей;
5) мамлекеттик гербдерди, желектерди жана башка мамлекеттик эмблемаларды, мамлекеттердин расмий жана кыскартылган аталыштарын, эл аралык уюмдардын кыскартылган же толук аталыштарын, алардын гербдерин, желектерин жана башка эмблемаларын, расмий контролдук, кепилдик жана сынамык энтамгаларды, мөөрлөрдү, сыйлыктарды, акча белгилерин жана башка айырмалоочу белгилерди же чаташтырган деңгээлге чейин аны менен окшош белгилерди билдирген элементтерден гана турган.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн элементтер, эгерде алар анда үстөмдүк абалды ээлебесе, товардык белгиге корголбоочу элементтер катары киргизилет.
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-5-пункттарында көрсөтүлгөн элементтер, эгерде ага тиешелүү компетенттүү органдын же укук ээсинин макулдугу бар болсо, товардык белгиге корголбоочу элементтер катары киргизилет.
Кыргыз Республикасынын маданий жана жаратылыш мурастарынын объекттеринин тизмеги, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн элементтерди товардык белгиге киргизүүгө макулдук берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарынын жоболору төмөнкү белгилерге карата колдонулбайт:
1) өтүнмө берилген датага карата Кыргыз Республикасынын аймагында аларды пайдалануунун натыйжасында айырмалоочу жөндөмдүүлүккө ээ болгон;
2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-2-пункттарында көрсөтүлгөн жана айырмалоочу жөндөмдүүлүккө ээ болгон комбинацияны түзгөн элементтерден гана турган.
4. Төмөнкү белгилерди товардык белгилер же алардын элементтери катары каттоого жол берилбейт:
1) товарга, анын чыгарылган жерине же аны даярдоочуга карата жалган же керектөөчүнү жаңылышууга дуушар кылууга жөндөмдүү болуп саналган;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен корголгон шараптардын же күчтүү спирт ичимдиктеринин чыгарылган жерине көрсөтмөнү камтыган же билдирген, эгерде мындай белгилер көрсөтүлгөн жерлерден чыгарылбаган шараптар же күчтүү спирт ичимдиктери үчүн багытталса, ошондой эле товардын чыгарылган анык жерин формалдуу көрсөтүп, бирок товардын башка аймактан чыгарылгандыгы жөнүндө жаңылыш түшүнүк берген;
3) коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулуктун жана моралдын принциптерине карама-каршы келген.
10-берене. Каттоодон баш тартуу үчүн башка негиздер
1. Төмөнкүлөр менен чаташтырган деңгээлге чейин окшош же бирдей белгилерди товардык белги катарында каттоого жол берилбейт:
1) бир өңчөй товарларга карата Кыргыз Республикасында башка адамдын атына мурда катталган же каттоого өтүнмө берилген жана кыйла эрте артыкчылыкка ээ болгон товардык белгилер менен;
2) кыйла эрте артыкчылыкка ээ болгон иштин же болбосо товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн окшош же бирдей түрлөрүнө карата - Кыргыз Республикасында катталган фирмалык аталыштар менен;
3) бир өңчөй жана кыйла эрте артыкчылыкка ээ болгон товарларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен корголгон башка жактардын товардык белгилери менен;
4) өтүнмөдөгү белгинин артыкчылыгына караганда кыйла эрте дата менен кандай болбосун товарларга карата Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилер менен. Кыргыз Республикасында товардык белгинин жалпыга белгилүүлүк критерийлери жана жалпыга белгилүүлүктү таануунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет;
5) эгерде тиешелүү чыгармага карата укуктар катталуучу товардык белгинин артыкчылык датасынан мурда келип чыккан болсо, автордук укук ээсинин макулдугусуз илим, адабият жана искусство чыгармаларынын, алардын персонаждарынын же цитаталардын, искусство чыгармаларынын же алардын фрагменттеринин Кыргыз Республикасындагы белгилүү аталыштары менен;
6) белгилүү адамдардын фамилиясы, аты, псевдоними жана алардын туундуларынын белгилери, портреттери жана факсимилеси менен - мындай адамдардын, алардын мураскорлорунун макулдугусуз, ал эми эгерде мындай белгилер Кыргыз Республикасынын тарыхый жана маданий кенчи болуп саналса - Министрлер Кабинетинин уруксатысыз;
7) эгерде өнөр жай үлгүсү каттоого өтүнмө берилген товардык белгиге салыштырмалуу кыйла эрте артыкчылыкка ээ болсо, Кыргыз Республикасында укугу башка жакка таандык болгон өнөр жай үлгүсү менен;
8) ушундай географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу бар адамдын атына катталуучу товардык белгиге корголбогон элемент катары алар киргизилген учурларды кошпогондо, ушул Мыйзамга ылайык корголуучу товарлардын чыгарылган жерлеринин географиялык көрсөтмөлөрү же аталыштары менен.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-3 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн товардык белгиге, фирмалык аталышка же өнөр жай үлгүсүнө чаташтырган деңгээлге чейин окшош белгини каттоого мындай товардык белгинин, фирмалык аталыштын же өнөр жай үлгүсүнүн укук ээси жазуу жүзүндөгү макулдугун берген шарттарда жол берилет, аны артка кайтарып алуу мүмкүн эмес.
3. Бир өңчөй товарларга карата Кыргыз Республикасында укугу каттоого өтүнмө берилген товардык белгинин артыкчылык датасынан мурда келип чыккан, Кыргыз Республикасында корголгон селекциялык жетишкендиктин аталышы менен чаташтырган деңгээлге чейин окшош же бирдей белгилөөнүн товардык белгилери катары каттала албайт.
4. Ушул беренеде каралган негиздер боюнча укуктук коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык катталган товардык белгилерге да берилбейт.
3-глава. Товардык белгини каттоо
11-берене. Товардык белгини каттоого өтүнмө
1. Товардык белгини каттоого өтүнмө юридикалык же жеке жак (мындан ары - өтүнмө ээси) тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
2. Өтүнмө электрондук форматта же кагаз жүзүндө берилет.
3. Өтүнмө бир товардык белгиге тиешелүү болушу керек.
4. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) өтүнмө ээсин, ошондой эле анын турган жерин же жашаган жерин жана электрондук почтасынын дарегин көрсөтүү менен белгилөөнү товардык белги катары каттоо жөнүндө өтүнмөнү;
2) өтүнмөдөгү белгини;
3) Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын класстары боюнча топтоштурулган, алар үчүн товардык белгини каттоо суралып жаткан товарлардын тизмегин.
5. Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
1) белгиленген өлчөмдө алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
2) өтүнмө берилген белгинин сыпаттамасы;
3) эгерде өтүнмө жамааттык белгиге берилсе, жамааттык белгинин уставы;
4) эгерде өтүнмө өкүл же патенттик ишенимдүү өкүл тарабынан берилсе, ишеним кат.
6. Өтүнмөгө электрондук формада өтүнмө берилген белгинин үч өлчөмдүү сүрөтү тиркелиши мүмкүн.
7. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган документтердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн датасы өтүнмө берилген дата деп эсептелет, ал эми эгерде аталган документтер бир убакта берилбесе, анда өтүнмө берилген дата документтердин ичинен акыркысынын келип түшкөн датасы боюнча белгиленет.
8. Өтүнмө жана өтүнмөгө тиркелген документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет. Эгерде өтүнмө чет тилде берилсе, анда ага мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелиши керек.
9. Өтүнмөгө жана өтүнмөгө тиркелген документтерге талаптар, аларды сунуштоонун жана кароонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
12-берене. Товардык белгинин артыкчылыгы
1. Товардык белгинин артыкчылыгы ушул Мыйзамдын 11-беренесинин талаптарына жооп берген өтүнмө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген дата боюнча белгиленет.
Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берүү көрсөтүлгөн датадан тартып алты айдын ичинде жүзөгө ашырылса, товардык белгинин артыкчылыгы Париж конвенциясына (конвенциялык артыкчылык) катышкан мамлекетке биринчи өтүнмө берилген дата боюнча белгиленет. Биринчи өтүнмө берилген күн бул мөөнөттү эсептөөгө киргизилбейт.
Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга товардык белгиге өтүнмө берүү көрсөтүлгөн датадан тартып алты айдын ичинде жүзөгө ашырылса, Париж конвенциясына катышкан мамлекеттердин биринин аймагында уюштурулган расмий же расмий түрдө таанылган эл аралык көргөзмөлөрдүн экспонаттарына коюлган товардык белгинин артыкчылыгы көргөзмөдөгү экспонатты ачык көрсөтүү (көргөзмөлүк артыкчылык) башталган дата боюнча белгилениши мүмкүн.
2. Конвенциялык же көргөзмөлүк артыкчылык укуктарын пайдаланууну каалаган өтүнмө ээси муну товардык белгиге өтүнмө бергенде же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып эки айдын ичинде көрсөтүүгө жана мындай талаптын укук ченемдүүлүгүн ырастоочу зарыл документтерди тиркөөгө, же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып эки айдан кечиктирилбестен бул документтерди берүүгө милдеттүү.
3. Товардык белгинин артыкчылыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык товардык белгини эл аралык каттоо датасы боюнча белгилениши мүмкүн.
4. Белгиленген өтүнмө боюнча товардык белгинин артыкчылыгы баштапкы өтүнмөнүн товардык белгисинин артыкчылык датасы боюнча белгиленет.
5. Товардык белгиге берилген өтунмөдө көрсөтүлгөн түрдүү товарларга карата бир белгиге Париж конвенциясына катышкан мамлекеттерде берилген товардык белгилерге бул өтүнмө ээсинин бир нече өтүнмөсү бар болсо, өтүнмө берилген товарларга карата товардык белгинин көп жактуу артыкчылыгы белгиленет.
6. Эгерде экспертиза процессинде бир эле күндө аларды чаташтырган деңгээлге чейин окшош товардык белгилерге же бирдей болгон товардык белгилерге өтүнмө ар башка өтунмө ээлеринен берилгени аныкталса, анда күбөлүк катталган кириш номери жана/же келип түшкөн убактысы мурдараак болгон өтүнмө боюнча берилет.
13-берене. Товардык белгиге болгон өтүнмөгө экспертиза жүргүзүү
1. Өтүнмөгө экспертиза ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат жана алдын ала экспертизаны жана өтүнмө берилген белгиге экспертизаны камтыйт.
2. Экспертиза жүргүзүү мезгилинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсинен аларсыз экспертиза жүргүзүү мүмкүн болбогон кошумча жана/же тактоочу материалдарды суратып алууга укуктуу. Жетишпеген жана тактоочу материалдар өтүнмө ээси тарабынан суроо-талап жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде берилүүгө тийиш.
3. Суроо-талапка жооп берүү мөөнөтү аяктаганга чейин өтүнмө ээси суроо-талапка жооп берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу, мында суроо-талапка жооп берүүнүн мөөнөтү, алым төлөнгөн шартта, өтүнмө ээсинин өтүнүч катында көрсөтүлгөн, бирок он эки айдан көп эмес мөөнөткө узартылат.
4. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, өтүнмө ээси өткөрүп жиберген үч айлык мөөнөт өтүнмө ээсинин өткөрүп жиберген мөөнөт бүткөн күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен берген өтүнүч каты боюнча, белгиленген алым төлөнгөн шартта ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилет.
Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси тарабынан ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык суралган кошумча материалдар менен бир убакта жана өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү үчүн төлөмдү ырастаган документти тиркөө менен берилет.
5. Экспертиза жүргүзүлүп жаткан мезгилде ал боюнча чечим чыгарылганга чейин өтүнмө ээси алымды төлөгөн шартта өтүнмөнүн материалдарын толуктоого, тактоого же оңдоого укуктуу.
6. Эгерде кошумча материалдар өтүнмө берилген датага карата өтүнмөгө кирбеген товарларга көрсөтмөлөрдү камтыса же өтүнмө берилген белгини олуттуу өзгөртсө, анда алар кароого кабыл алынбайт.
7. Өтүнмө аны кароонун бардык этабында, бирок Товардык белгилердин реестрине товардык белги катталган датадан кечиктирилбестен өтүнмө ээсинин суранычы боюнча артка кайтарылышы мүмкүн.
8. Эгерде белгиленген мөөнөттө суралган тактоочу материалдар өтүнмө ээси тарабынан берилбесе, өтүнмө артка кайтарылды деп таанылат.
14-берене. Алдын ала экспертиза жүргүзүү
1. Өтүнмө берилген датадан тартып он жумуш күндүн ичинде алдын ала экспертиза жүргүзүлөт, анын жүрүшүндө өтүнмөнүн мазмуну ушул Мыйзамдын 7-6еренесинин 1-бөлүгүндө жана 11-беренесинде белгиленген талаптарга ылайык экендиги текшерилет.
Алдын ала экспертизанын жыйынтыгы боюнча өтүнмө кароого кабыл алынат же болбосо аны кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылып, өтүнмө ээсине жөнөтүлөт.
2. Өтүнмөгө алдын ала экспертизанын оң жыйынтыгы жөнүндө чечим менен бир убакта өтүнмө ээсине ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмөнүн берилген датасы жана өтүнмөнүн номери билдирилет.
3. Алдын ала экспертизанын оң жыйынтыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товардык белгилерге берилген өтүнмөлөр жөнүндө маалыматтарды расмий сайтына жарыялайт. Маалыматтардын тизмеги жана аларды жарыялоонун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4. Өтүнмө жарыяланган датадан тартып үч айдын ичинде кандай болбосун жак ушул Мыйзамдын 9 жана 10-беренелеринде белгиленген талаптарга өтүнмөдөгү белгинин ылайык эместиги жөнүндө далилдерди камтыган жазуу жүзүндөгү каршы пикирди берүүгө укуктуу.
15-берене. Өтүнмөдөгү белгилерге экспертиза жүргүзүү
1. Өтүнмөдөгү белгилерге экспертиза өтүнмө берилген датадан тартып жети айдын ичинде алдын ала экспертиза аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
2. Экспертизанын жүрүшүндө өтүнмөдөгү белгилердин ушул Мыйзамдын 9 жана 10-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайыктуулугу текшерилет жана ушул Мыйзамдын 12-беренесине ылайык товардык белгинин артыкчылыгы белгиленет.
Ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келип түшкөн каршы пикир өтүнмөдөгү белгилерге экспертиза жүргүзүүдө каралат.
3. Экспертизанын жүрүшүндө товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө алдын ала чечим (мындан ары - алдын ала баш тартуу) төмөнкүдөй учурда чыгарылат, эгерде:
1) товардык белгиге коргоо берилиши мүмкүн эмес болсо же суралган көлөмдөн аз берилиши мүмкүн болсо;
2) өтүнмөдөгү белгинин элементтеринин бөлүктөрү корголбогон деп таанылууга тийиш болсо.
Өтүнмө ээсине алдын ала баш тартуу жөнүндө тиешелүү кабар жөнөтүлөт.
4. Өтүнмө ээси алдын ала баш тартууга байланышкан өзүнүн далилдерин жана сын пикирлерин ага ушундай чечим жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде берүүгө укуктуу.
Мында белгиленген үч айлык мөөнөт аяктаганга чейин өтүнмө ээси алдын ала баш тартууга карата өзүнүн далилдерин жана пикирлерин берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу. Мындай учурда мөөнөт өтүнмө ээсинин өтүнүч катында көрсөтүлгөн, бирок он эки айдан ашпаган мөөнөткө, алым төлөнгөн шартта узартылат.
Эгерде белгиленген мөөнөт ичинде далилдер жана пикирлер берилбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди чыгарат.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацында каралган өтүнмө ээси тарабынан өткөрүп жиберилген мөөнөт, белгиленген алым төлөнгөн шартта, ал мөөнөт бүткөндөн кийин эки айдан кечиктирилбестен берилген өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилет.
6. Өтүнмөдөгү белгиге экспертизанын жана ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келип түшкөн каршы пикирлерди жана алдын ала баш тартуу (бар болсо) менен байланыштуу далилдерди жана сын пикирлерди кароонун жыйынтыгы боюнча товардык белгини каттоо жөнүндө же болбосо аны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Товардык белгини каттоо жөнүндө же болбосо аны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ушул Мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө өтүнмө ээсине, башка кызыкдар жактарга жөнөтүлөт.
7. Эл аралык өтүнмөлөргө экспертизанын тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген тиешелүү эл аралык келишимдер жана аларга негизделген Министрлер Кабинетинин чечимдери менен белгиленет.
16-берене. Өтүнмө боюнча чечимге даттануу жана өткөрүп жиберилген мөөнөттөрдү калыбына келтирүү
1. Өтүнмөдөгү белгиге экспертизанын каттоодон баш тартуу тууралуу чечими менен өтүнмө ээси макул болбогон учурда, чечим жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде алымды төлөө менен Апелляциялык кеңешке каршы пикир берүүгө укуктуу. Каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан анын келип түшкөн датасынан тартып үч айдын ичинде каралууга тийиш.
2. Апелляциялык кеңештин чечими аны алган датадан тартып үч айдын ичинде өтүнмө ээси тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.
3. Өтүнмө ээси экспертизанын чечиминде көрсөтүлгөн материалдар менен таанышууга укуктуу.
Өтүнмө боюнча чечимди өтүнмө ээси алгандан кийин бир айдын ичинде өтүнмө ээси бул материалдардын көчүрмөлөрүн сурап алса болот.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, өтүнмө ээси тарабынан өткөрүп жиберилген мөөнөт ал бүткөндөн кийин эки айдан кечиктирилбестен берилген өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча, кошумча алым төлөнгөн шартта, Апелляциялык кеңеш тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
17-берене. Товардык белгилердин реестрине товардык белгини каттоо
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товардык белгини каттоо жөнүндө чечимдин негизинде жана өтүнмө ээси тарабынан каттоо, жарыялоо жана күбөлүктү берүү үчүн алым төлөнгөн шартта товардык белгини Товардык белгилердин реестрине каттоону жүргүзөт.
Товардык белгилердин реестрине товардык белгини каттоого тиешелүү маалыматтар, ошондой эле бул маалыматтардагы кийинки өзгөртүүлөр киргизилет.
2. Товардык белгилердин реестрине маалымат киргизүү тартиби жана киргизилүүчү маалыматтардын тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
3. Алым товардык белгини каттоо жөнүндө экспертизанын чечими өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде төлөнөт. Көрсөтүлгөн мөөнөттү өткөрүп жиберген учурда, кошумча алым төлөнгөн шартта, өтүнмө ээсине Товардык белгилердин реестрине товардык белгини каттоо үчүн алымды төлөөгө кошумча үч ай берилет.
4. Товардык белгини каттоо, жарыялоо жана ага күбөлүк берүү үчүн алымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ берилбегенде, товардык белгини каттоо жүргүзүлбөйт, тиешелүү өтүнмө артка чакырып алынды деп таанылат, ал жөнүндө өтүнмө ээсине ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабарланат.
18-берене. Каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоо жана товардык белгиге күбөлүктү берүү
1. Товардык белгини каттоого тиешелүү жана Товардык белгилердин реестрине киргизилген маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан товардык белги катталган датадан тартып же товардык белгини каттоо жөнүндө өзгөртүүлөр Товардык белгилердин реестрине киргизилген датадан тартып бир айдын ичинде расмий бюллетенге жарыяланат.
2. Товардык белгиге күбөлүк берүү расмий бюллетенге товардык белги жарыяланган датадан тартып бир айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
3. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
19-берене. Товардык белгини каттоонун колдонуу мөөнөтү
1. Товардык белгини каттоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып эсептегенде он жыл бою күчүндө болот.
2. Товардык белгини каттоонун колдонуу мөөнөтү, алым төлөнгөн шартта, аны колдонгон акыркы жылдын ичинде берилген укук ээсинин арызы боюнча ар бир жолу он жылга узартылат. Укук ээсинин өтүнүч каты боюнча товардык белгини каттоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн, кошумча алым төлөнгөн шартта, каттоонун колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин алты айлык мөөнөт берилет.
3. Товардык белгини каттоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Товардык белгилердин реестрине, товардык белгинин күбөлүгүнө киргизилет жана расмий бюллетенде жарыяланат.
20-берене. Каттоого өзгөртүүлөрдү киргизүү
1. Товардык белгинин укук ээсинин арызы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Товардык белгилердин реестрине жана товардык белгиге берилген күбөлүккө товардык белгини каттоо жөнүндө, анын ичинде товардык белгиси катталган товарлардын тизмегин кыскартуу менен байланышкан укук ээси, анын аталышы, аты, турган жери же жашаган жери жөнүндө маалыматтарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
2. Товардык белгиси катталган товарлардын тизмегин толуктоо зарыл болгон учурда жаңы өтунмөнү тариздөө талап кылынат.
3. Тиешелүү алымдар төлөнгөн шартта, өзгөртүүлөр Товардык белгилердин реестрине жана товардык белгинин күбөлүгүнө киргизилет.
4. Өтүнмө ээсинен башкалардын күнөөсү боюнча кетирилген айкын жана техникалык каталарды оңдоолор ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Товардык белгилердин реестрине жана товардык белгинин күбөлүгүнө алым төлөбөстөн киргизилет.
21-берене. Чет өлкөлөрдө товардык белгини каттоо
1. Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык товардык белгини чет өлкөлөрдө каттоого же аны эл аралык каттоодон өткөрүүгө укуктуу.
2. Товардык белгини эл аралык каттоого өтүнмө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу берилет.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген учурларда, өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча товардык белгини эл аралык каттоого өтүнмө ага карата Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоо суралган товардык белгиге болгон улуттук өтүнмөгө өзгөртүлүшү мүмкүн.
22-берене. Жалпыга белгилүү товардык белги
1. Юридикалык же жеке жактын арызы боюнча товардык белгини мамлекеттик каттоонун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу товардык белги, же болбосо товардык белги катары пайдаланылуучу, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоосу болбогон белги, эгерде мындай товардык белги же бул белги интенсивдүү пайдалануунун натыйжасында арызда көрсөтүлгөн датага карай өтүнмө ээсинин товарларына карата тиешелүү керектөөчүлөрдүн арасында Кыргыз Республикасында кеңири белгилүү болуп калса, Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белги катары таанылат.
Товардык белгини жалпыга белгилүү товардык белгиге киргизүү критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Эгерде товардык белги жана белги башка жактын товардык белгиси менен чаташтыруу деңгээлине чейин бирдей же окшош болгон артыкчылык датасынан кийин кеңири белгилүү болуп калса, алар жалпыга белгилүү товардык белгилер болуп тааныла алышпайт.
3. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү жалпыга белгилүү товардык белгинин укук ээсинин бардык товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата ушул Мыйзамдын 8-беренесинде каралган өзгөчө укугун таанууну билдирет.
Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо мөөнөтсүз күчүндө болот.
23-берене. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү
1. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо укук ээсинин арызы боюнча кабыл алынган Апелляциялык кеңештин чечиминин жана анын алымды төлөөсүнүн негизинде берилет же токтотулат.
2. Жалпыга белгилүү болуп таанылган товардык белги, алым төлөнгөн шартта, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине киргизилет.
3. Жалпыга белгилүү товардык белгиге тиешелүү маалыматтар расмий бюллетенге ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине товардык белги киргизилген датадан тартып бир айдын ичинде жарыяланат.
4. Жалпыга белгилүү товардык белгиге күбөлүк берүү расмий бюллетенге жарыяланган датадан тартып бир айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
4-глава. Жамааттык белги
24-берене. Жамааттык белги
1. Жамааттык белги - ассоциациянын же союздун (бирикменин) ушундай бирикмелердин курамына кирген юридикалык жактар тарабынан өндүрүлүүчү жана/же сатылуучу товарларын белгилөө үчүн арналган товардык белгиси.
Жамааттык белги менен белгиленген товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр алардын сапатынын бирдиктүү мүнөздөмөлөрүнө же башка жалпы мүнөздөмөлөрүнө ээ болууга тийиш.
Жамааттык белгини бирикмеге кирген ар бир жак пайдалана алат.
2. Жамааттык белгини каттаган бирикмеге кирген жак жамааттык белги менен катар өзүнүн товардык белгисин пайдаланууга укуктуу.
25-берене. Жамааттык белгиге экспертиза жүргүзүү жана каттоо
1. Жамааттык белгиге экспертиза жана каттоо жамааттык белгилер болуп саналбаган товардык белгилерге экспертиза жүргүзүү жана каттоо жөнүндө ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык ушул берененин 2-бөлүгүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
2. Жамааттык белгини каттоого берилген өтүнмөгө бул белгини пайдалануу укугуна ээ юридикалык жактардын аталышы, тизмеги жөнүндө маалыматтарды, аны каттоонун максатын, жамааттык белги менен белгиленүүчү товарлардын тизмегин, аны пайдалануунун шарттарын, аны пайдаланууну контролдоо тартибин камтыган жамааттык белгинин уставы тиркелет.
3. Товардык белгилердин реестрине жана товардык белгинин күбөлүгүнө жамааттык белгини пайдалануу укугуна ээ юридикалык жактар жөнүндө маалыматтар, уставга жана анын датасына шилтеме киргизилет. Бул маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бюллетенине жарыяланат. Жамааттык белгинин укук ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жамааттык белгинин уставындагы өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлайт.
4. Уставда билдирилген жоболорду бузуу менен товарларга жамааттык белги пайдаланылган учурда, каттоонун күчү кандай болбосун жактын арызы боюнча кабыл алынган соттун чечиминин негизинде мөөнөтүнөн мурда толугу менен же жарым-жартылай токтотулушу мүмкүн.
5-глава. Товардык белгини пайдалануу
26-берене. Товардык белгини пайдалануу жана аны пайдаланбоонун кесепеттери
1. Товардык белгини пайдалануу деп товардык белгиси катталган товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү жекелештирүү үчүн, анын ичинде товардык белгини төмөнкүлөргө жайгаштыруу жолу менен аны колдонуу эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, сатууга сунушталган, сатылган, көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде көрсөтүлгөн же башка түрдө жарандык жүгүртүүгө киргизилген, же болбосо ушул максатта сакталган же ташып өткөрүлгөн, же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагына ташылган товарларга, этикеткаларга, товарлардын таңгактарына;
2) иштерди аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө;
3) товарларды жарандык жүгүртүүгө киргизүү менен байланышкан документтерде;
4) товарларды сатуу, иштерди аткаруу жөнүндө, кызматтарды көрсөтүү тууралуу сунуштарда, ошондой эле кулактандырууларда, көрнөктөрдө жана жарнамаларда;
5) Интернет тармагында, анын ичинде домендик атта жана даректөөнүн башка жолдорунда;
6) товардык белгиге өзгөчө укуктарды тескөө боюнча башка иш-аракеттерди жасоодо.
2. Товардык белгини укук ченемдүү пайдалануу болуп ушул Мыйзамга ылайык келишимдердин негизинде ушундай укук берилген жак же укук ээси тарабынан аны пайдалануу саналат.
3. Ортомчулук ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар укук ээси менен түзүлгөн келишимдердин негизинде товарларды даярдоочунун товардык белгиси менен катар, ошондой эле анын товардык белгисинин ордуна өзүнүн товардык белгисин пайдалана алышат.
4. Товардык белгини укуктук коргоо ал катталган датадан тартып кайсы болбосун үч жыл ичинде катары менен үзгүлтүксүз пайдаланбоонун натыйжасында, ал эми өткөрүп берген (ажыраткан) же болбосо үчүнчү жактарга өзгөчө укукту берген учурда - келишим катталган датадан тартып кандай болбосун кызыкдар жактын арызы боюнча сот тарабынан мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
Өзгөчө укуктар укук мураскорлугу (мураскорлук, юридикалык жакты кайра түзүү) тартибинде өткөндө, ушул берене менен белгиленген пайдаланбоонун үч жылдык мезгили өткөндүгү катталган датадан тартып эсептелет.
Товардык белгини укуктук коргоо жекелештирүү үчүн товардык белгиси катталган бардык товарларга же товарлардын бөлүгүнө карата токтотулушу мүмкүн.
5. Сот ушул берененин 6-бөлүгүндө белгиленген жөнгө салуунун сотко чейинки тартибин кызыкдар жак сактаган шартта товардык белгини пайдаланбоонун натыйжасында аны укуктук коргоону токтотуу жөнүндө арызды карайт.
6. Укук ээси жекелештирүү үчүн товардык белгиси катталган бардык товарларга же товарлардын бөлүгүнө карата товардык белгини колдонбойт деп эсептеген кызыкдар жак мындай укук ээсине товардык белгиге укуктан баш тартуу жөнүндө арыз менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуу, же болбосо жекелештирүү үчүн товардык белгиси катталган бардык товарларга же товарлардын бөлүгүнө карата товардык белгиге өзгөчө укукту ажыратуу жөнүндө кызыкдар жак менен келишим түзүү сунушун (мындан ары - кызыкдар жактын сунушу) жөнөтөт. Кызыкдар жактын сунушу укук ээсине, ошондой эле Товардык белгилердин реестринде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимде каралган тиешелүү реестрде көрсөтүлгөн дарек боюнча жөнөтүлөт.
Эгерде кызыкдар жактын сунушу жөнөтүлгөн күндөн тартып эки айдын ичинде укук ээси товардык белгиге укуктан баш тартуу жөнүндө арыз бербесе жана/же кызыкдар жак менен товардык белгиге өзгөчө укуктан ажыратуу жөнүндө келишим түзбөсө, кызыкдар жак көрсөтүлгөн эки ай аяктагандан кийин отуз күндүк мөөнөттө товардык белгини пайдаланбоонун натыйжасында аны укуктук коргоону мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө доо арызы менен сотко кайрылууга укуктуу.
Товардык белгини пайдаланбоонун натыйжасында аны укуктук коргоону мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим, кызыкдар жактын сунушу укук ээсине жөнөтүлгөн күндөн мурдагы үзгүлтүксүз үч жыл ичинде жекелештирүү үчүн товардык белгиси катталган тиешелүү товарларга карата товардык белгини укук ээси пайдаланбаган учурда, сот тарабынан кабыл алынат.
Товардык белгини пайдалангандыгын далилдөө түйшүгү укук ээсине жүктөлөт.
Товардык белгини укуктук коргоо соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан тартып токтотулат.
Товардык белгини пайдаланбоого байланыштуу аны каттоонун колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени чечүүдө укук ээси тарабынан берилген, ага көз карандысыз жагдайлар боюнча товардык белги пайдаланылбай калгандыгы жөнүндө далилдер, анын ичинде алар үчүн товардык белгиси катталган товарларга карата мамлекет тарабынан белгиленген чектөөлөр эске алынышы мүмкүн.
Товардык белгини жарнамада, басылмаларда, расмий бланктарда, көрнөктөрдө колдонуу, товарлардын өзүнө жана (же) алардын таңгактарына товардык белгини колдонбоонун жүйөлүү себептери бар болсо, пайдаланылды деп таанылышы мүмкүн.
27-берене. Эскертүүчү маркалоо
Товардык белгинин укук ээси товардык белгинин жанына колдонулуп жаткан белги Кыргыз Республикасында катталган товардык белги болуп санала тургандыгын көрсөтүүчү R же тегеректин ичиндеги R латын тамгасы түрүндөгү эскертүүчү маркалоону же болбосо "товардык белги" же "катталган товардык белги" деген сөз жүзүндөгү белгини коё алат.
6-глава. Товардык белгиге өзгөчө укуктарды тескөө
28-берене. Товардык белгиге өзгөчө укуктарды тескөөнүн жалпы шарттары
1. Укук ээси товардык белгиге өзгөчө укукту тескөө укугуна ээ.
2. Товардык белгиге өзгөчө укук товардык белгиге укуктарды пайдаланууга укукту өткөрүп берүүнүн (ажыратуунун) же укукту берүүнүн, ошондой эле күрөөнүн объектиси боло алат.
3. Товардык белгиге өзгөчө укук универсалдуу укук мураскорлугу тартибинде жана/же укук ээсинин мүлкүн өндүрүп алууда өтүү объектиси боло алат.
4. Жамааттык белгиге укук ажыратылбайт жана аны пайдаланууга укук бериле турган лицензиялык келишимдин же башка келишимдин предмети боло албайт.
5. Ушул Мыйзамда каралган өзгөчө укуктарды пайдаланууга укуктарды өткөрүп берүү же берүү жөнүндө келишимдер жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.
29-берене. Товардык белгиге өзгөчө укуктарды өткөрүп берүү (ажыратуу) жөнүндө келишимдер жана күрөө келишими
1. Товардык белгиге өзгөчө укукту өткөрүп берүү (ажыратуу) жөнүндө келишим (сатып алуу-сатуу же укуктарды башкача өткөрүп берүү) боюнча бир тарап (укук ээси) ага таандык болгон, ал жекелештирүү үчүн катталган бардык товарларга карата же товарлардын бөлүгүнө карата тиешелүү товардык белгиге өзгөчө укукту толук көлөмдө экинчи тарапка - өзгөчө укукту алуучуга өткөрүп берет же өткөрүп берүүгө милдеттенет.
2. Товарлардын бөлүгүнө карата товардык белгиге өзгөчө укук ажыратылган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзгөчө укукту алуучуга товардык белгинин күбөлүгү берилет.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоо берилген, корголбогон элемент катары географиялык көрсөтмө жана/же товар чыгарылган жердин аталышы камтылган товардык белгини ажыратууга алуучуда мындай көрсөтмөнү же аталышты пайдалануу укугу бар болгондо гана жол берилет.
4. Эгерде ажыратуу керектөөчүнүн товар, анын сапаты жана даярдоочу тууралуу жаңылышуусуна себеп боло алса, келишим боюнча товардык белгини ажыратууга жол берилбейт.
5. Товардык белгиге өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишим түзүлгөн учурда, товардык белгинин укук ээси бул келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде өзүнүн товардык белгисин пайдаланууга жана эгерде келишимде башкача каралбаса, күрөө кармоочунун макулдугусуз ага болгон өзгөчө укукту тескөөгө укуктуу.
30-берене. Товардык белгини пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимдер
1. Товардык белгини пайдаланууга укук товардык белгинин укук ээси тарабынан белги катталган бир товарга, бир нече же бардык товарларга карата лицензиялык келишим жана/же комплекстүү ишкердик лицензия келишими боюнча үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн.
2. Товардык белгини пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишим (лицензиялык келишим же комплекстүү ишкердик лицензия келишими) боюнча лицензиат келишим боюнча берилген товардык белгини салган, ал өндүрүп же сатып жаткан товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын лицензиар тарабынан белгиленген сапатка коюлган талаптарга ылайык келүүсүн камсыздоого милдеттүү. Лицензиар бул шарттын сакталышына контроль жүргүзүүгө укуктуу.
Товарларды даярдоочу катары лицензиатка коюлган талаптар боюнча лицензиат жана лицензиар бирдей жоопкерчиликте болушат.
3. Лицензиялык келишим же товардык белгини пайдалануу укугун берүү жөнүндө комплекстүү ишкердик лицензия келишими Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган шарттар менен катар, товардык белгини пайдалануу укугу бериле турган товарлардын тизмегин да камтууга тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоо берилген географиялык көрсөтмөнү жана/же товар чыгарылган жердин аталышын корголбогон элемент катары камтыган товардык белгини пайдаланууга укук берүүгө лицензиатта мындай көрсөтмөнү же аталышты пайдалануу укугу бар болгондо гана жол берилет.
31-берене. Товардык белгиге өзгөчө укукту тескөө жөнүндө келишимдерди каттоо
1. Товардык белгиге өзгөчө укукту тескөө алар аркылуу жүзөгө ашырылган товардык белгиге өзгөчө укукту өткөрүп берүү жөнүндө келишим, лицензиялык келишим, күрөө келишими, комплекстүү ишкердик лицензия келишими тиешелүү алымды төлөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн келишимдерди каттоонун жоктугу алардын жараксыздыгына алып келет.
3. Өзгөчө укуктарды пайдаланууга укук берүү жөнүндө келишимдин (лицензиялык келишим же комплекстүү ишкердик лицензия келишими), товардык белгиге өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимдин тарабы (тараптары) Министрлер Кабинети белгилеген тартипте мындай келишимдерди өзгөртүү же колдонулушун токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү.
7-глава. Укуктук коргоону токтотуу
32-берене. Товардык белгинин катталышын жараксыз деп таануу
1. Товардык белгини каттоо товарлардын баарына же бир бөлүгүнө карата төмөнкү учурларда жараксыз деп таанылат:
1) эгерде ал ушул Мыйзамдын 9-беренесинде белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлгөн болсо, ал колдонула турган бардык мөөнөт ичинде;
2) ушул Мыйзамдын 10-беренесинде белгиленген негиздер боюнча расмий бюллетенде товардык белгини каттоо жөнүндө маалыматтар жарыяланган датадан тартып беш жыл ичинде.
2. Кандай болбосун жак ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөттөрдө каттоонун жараксыздыгын таануу жөнүндө талапты (мындан ары - товардык белгини каттоого каршы пикир) Апелляциялык кеңешке бере алат. Товардык белгини каттоого каршы пикир ал келип түшкөн датадан тартып үч айдын ичинде каралууга тийиш.
3. Апелляциялык кеңештин чечими өтүнмө ээси тарабынан аны алган күндөн тартып үч айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.
33-берене. Товардык белгини укуктук коргоону токтотуу
1. Товардык белгини укуктук коргоо төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ушул Мыйзамдын 19-беренесинде каралган аны каттоону колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу;
2) ушул Мыйзамдын 25-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык кандай болбосун жактын арызы боюнча кабыл алынган товарларга жамааттык белгини пайдалануу себеби боюнча аны колдонууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде;
3) ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товардык белгини пайдаланбоо себеби боюнча аны колдонууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде;
4) юридикалык жак - товардык белгинин укук ээси жоюлган (ишин токтоткон) же жеке жак - товардык белгинин укук ээси каза болгон учурда, анын укук улантуучусу жок болгондо, кандай болбосун жактын арызы боюнча анын колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде;
5) товардык белги белгилүү бир түрдөгү товарлардын белгиси катары жалпы керектөөгө кирген белгиге айланган учурда, кандай болбосун жактын арызы боюнча кабыл алынып, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген арызынын негизинде товардык белгинин укук ээси андан баш тарткан учурда;
7) соттун чечиминин негизинде, эгерде аны менен чаташтыруу деңгээлине чейин окшош болгон товардык белгиге же белгиге укуктук коргоо берүү менен байланышкан укук ээсинин аракеттери белгиленген тартипте укукту кыянаттык менен пайдалануу же болбосо ак ниетсиз атаандаштык деп таанылган болсо.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 4 жана 6-пункттарына ылайык өзүнүн колдонулушун токтоткон товардык белги колдонуу токтотулган датадан тартып бир жылдын ичинде жаңы жактын атына катталышы мүмкүн эмес.
3. Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-7-пункттарында каралган негиздер боюнча, ошондой эле ушул Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген белгилерди жалпыга белгилүү товардык белги жоготкон учурда, Апелляциялык кеңештин чечими боюнча токтотулат.
4. Товардык белгини укуктук коргоону токтотуу бул товардык белгиге өзгөчө укуктун токтотулгандыгын билдирет.
5. Товардык белгиге укуктук коргоо берүүнү жараксыз деп таанылгандыгына же товардык белгиге укуктук коргоонун токтотулгандыгына байланыштуу, товардык белгини каттоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жокко чыгарылат.
8-глава. Географиялык көрсөтмө жана товар чыгарылган жердин аталышы
34-берене. Географиялык көрсөтмө жана товар чыгарылган жердин аталышы
1. Укуктук коргоо берилип жаткан географиялык көрсөтмө болуп товардын белгилүү бир сапаты, баркы жана башка мүнөздөмөлөрү анын келип чыккан географиялык орду менен олуттуу деңгээлде байланышкан өлкөнүн аймагынан же болбосо ошол аймактын регионунан же бир жеринен келип чыккан катары товарды идентификациялаган белги саналат. Бул географиялык объектинин аймагында товардын мүнөздөмөлөрүн түзүүгө олуттуу таасирин тийгизүүчү товарды өндүрүү баскычтарынын жок дегенде бирөөсү жүзөгө ашырылууга тийиш.
2. Укуктук коргоо берилип жаткан товар чыгарылган жердин аталышы болуп өлкөнүн, шаардын же айыл жергесинин, жердин же башка географиялык объектинин заманбап же тарыхый, расмий же расмий эмес, толук же кыскартылган аталышын билдирген, мындай аталышты же мындай аталыштан келип чыккан аталышты камтыган жана өзгөчө касиеттери ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү жаратылыш шарттары жана (же) адам факторлору менен гана аныкталуучу товарга карата аны пайдалануунун натыйжасында белгилүү болгон белги саналат. Бул географиялык объектинин аймагында товардын өзгөчө касиеттерин жаратууга олуттуу таасирин тийгизүүчү товарды өндүрүүнүн бардык баскычтары жүзөгө ашырылууга тийиш.
3. Товар өндүрүүнүн баскычтары жана чектери, ошондой эле товардын мүнөздөмөлөрү же белгилөө үчүн географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы пайдаланылган товардын өзгөчө касиеттери ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
4. Географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы катары төмөнкүдөй белгилерди каттоого жол берилбейт:
1) анын чектеринде товар алгач өндүрүлгөн же жарандык жүгүртүүгө киргизилген географиялык объектинин аталышына тиешелүү болгон, бирок Кыргыз Республикасында анын өндүрүлгөн жерине байланышпаган, белгилүү бир түрдөгү товардын белгиси катары жалпы керектөөгө кирген белги болуп калган;
2) товардын ошол эле түрүнө карата географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы катары катталган;
3) эгерде мындай географиялык көрсөтмөнү же мындай товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу керектөөчүнү товар же анын даярдоочусу тууралуу жаңылышууга алып келүүгө жөндөмдүү болсо, кыйла мурда артыкчылыкка ээ болгон товардык белги менен бирдей же окшош;
4) эгерде мындай географиялык көрсөтмөнү же мындай товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу керектөөчүнү товар тууралуу жаңылышууга алып келүүгө жөндөмдүү болсо, өсүмдүктүн сортунун же жаныбардын тукумунун аталышын билдирген;
5) керектөөчүнү товар же анын даярдоочусу тууралуу жаңылышууга алып келүүгө жөндөмдүү;
6) ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган талаптарга ылайык келбеген товарга карата географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы катары каттоого өтүнмө берилген.
35-берене. Географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо
1. Кыргыз Республикасында географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо ушул Мыйзамда же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте каттоонун негизинде келип чыгат.
2. Эгерде белги ушул Мыйзамдын 34-беренесинин талаптарына ылайык келген шартта товар чыгарылган өлкөдө географиялык көрсөтмө же товарды жекелештирүүнүн башка каражаты катары корголсо, чет өлкөлөрдө турган, географиялык объектинин аймагында чыгарылган товарды идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү белгини географиялык көрсөтмө катары каттоого жол берилет.
3. Эгерде географиялык объектинин аталышы товар чыгарылган өлкөдө товар чыгарылган жердин аталышы катары корголсо, чет өлкөлөрдө турган бул географиялык объектинин аталышын товар чыгарылган жердин аталышы катары каттоого жол берилет.
4. Географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы мүчөлөрү ассоциациянын (бирликтин) уставынын негизинде аракеттенген жана өтүнмөдө көрсөтүлгөн товарларга карата өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырган ассоциация (бирлик) (мындан ары - өтүнмө ээси) тарабынан катталышы мүмкүн.
5. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттаган жактар, эгерде ал жактар тарабынан өндүрүлгөн товар ушул Мыйзамдын 34-беренесинде белгиленген талаптарга жооп берсе, аларды пайдалануу укугун алышат.
6. Белгиленген тартипте катталган географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу, ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар тарабынан товардын касиеттери жана мүнөздөмөлөрү ырасталган шартта, кийин ошол эле касиеттер жана мүнөздөмөлөр менен товарды чыгарган жана ошол эле географиялык объектиде турган кандай болбосун юридикалык же жеке жакка берилиши мүмкүн. Касиеттерди жана мүнөздөмөлөрдү ырастоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
9-глава. Географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун каттоо жана берүү
36-берене. Географиялык көрсөтмөнү каттоого өтүнмө
1. Географиялык көрсөтмөнү каттоого жана географиялык көрсөтмөнү колдонууга өтүнмө, ошондой эле мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө өтүнмө ээсинин өзү тарабынан өкүл аркылуу же патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу, ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
Географиялык көрсөтмөнү каттоого өтүнмө бир географиялык көрсөтмөгө тиешелүү болууга тийиш.
2. Географиялык көрсөтмөнү каттоого өтүнмө электрондук форматта же кагаз жүзүндө берилүүгө жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) өтүнмө ээсин, ошондой эле анын жашаган жерин же турган жерин, топтун уставын жана электрондук почтасынын дарегин көрсөтүү менен географиялык көрсөтмөнү каттоо жана географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүү жөнүндө же мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүү жөнүндө гана арызды;
2) өтүнмөдөгү белгини;
3) ага карата географиялык көрсөтмөнү каттоо жана мындай географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүү же мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун гана берүү суралган товарды көрсөтүүнү;
4) товар чыгарылган (өндүрүлгөн) жерди (географиялык объектинин чектерин) көрсөтүүнү;
5) товардын мүнөздөмөлөрүнүн анын чыгарылган (өндүрүлгөн) жери менен байланышына тиешелүү маалыматтарды (географиялык көрсөтмөнү каттоого жана мындай географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө үчүн);
6) товарды өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалды кошо алганда, товардын мүнөздөмөлөрүнүн сыпаттамасын, товардын физикалык, химиялык, микробиологиялык, органолептикалык же көркөм мүнөздөмөлөрүн;
7) эгерде бул товардын мүнөздөмөлөрүн калыптандырууга жана сактоого олуттуу таасирин тийгизе турган болсо, товарды өндүрүү жолунун сыпаттамасын, ошондой эле аны сактоонун жана ташуунун шарттары жөнүндө маалыматты;
8) географиялык көрсөтмөсүнө укуктук коргоо сурала турган товарды өндүрүүнүн шарттары сакталышын жана мүнөздөмөлөрүн сактоону контролдоо тартибинин сыпаттамасын;
9) географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугу бар жактардын тизмегин, ассоциацияга (бирликке) кирген жактардын географиялык көрсөтмөнү пайдалануу шарттарын;
10) эгерде бул Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарында каралган болсо, товарды өндүрүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруу укугун ырастаган маалыматтарды;
11) талаптагыдай түрдө таризделген ишеним касты (эгерде өтүнмө өкүл же патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилсе);
12) белгиленген өлчөмдө алымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документти.
3. Географиялык көрсөтмөнү каттоого өтүнмө берүүдө ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерге өтүнмө ээси географиялык келип чыгуусу менен байланышкан тиешелүү мүнөздөмөлөргө ээ болгон товарды өндүргөнүн же жарандык жүгүртүүгө чыгарганын жана (же) ушул товарга карата өтүнмөдөгү белгини пайдалана тургандыгын ырастаган документтер тиркелет.
4. Мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүүгө болгон өтүнмөгө өтүнмө ээси Кыргыз Республикасынын Географиялык көрсөтмөлөрүнүн жана товарлар чыгарылган жерлеринин аталыштарынын мамлекеттик реестринде (мындан ары - Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестри) көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө ээ болгон товарды өндүрүп жаткандыгын, ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда көрсөтүлгөн шарттардын сакталгандыгын ырастаган документтер тиркелет.
5. Эгерде ага карата географиялык көрсөтмөгө өтүнмө берилген географиялык объект Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турса, өтүнмөгө мындай белгинин ушул Мыйзамдын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайыктуулугун, товар чыгарылган өлкөнүн өтүнмөдөгү белгиге болгон өтүнмө ээсинин пайдалануу укугун ырастаган документтер, ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар тиркелет.
6. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн күн географиялык көрсөтмөгө өтүнмө берилген дата болуп эсептелет, ал эми көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда берилген документтердин акыркысы келип түшкөн дата боюнча өтүнмө берилген дата белгиленет.
7. Эгерде өтүнмөгө тиркелген документтер башка тилде берилсе, анда өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелет.
37-берене. Товар чыгарылган жердин аталышын каттоого өтүнмө
1. Товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө же мурда катталган товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө, ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө ээсинин жеке өзү тарабынан, өкүлү же патенттик ишенимдүү өкүлү аркылуу берилет.
Өтүнмө товар чыгарылган жердин бир аталышына тиешелүү болууга тийиш.
2. Товар чыгарылган жердин аталышын каттоого өтүнмө электрондук форматта же кагаз жүзүндө берилет жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) өтүнмө ээсин, ошондой эле анын турган жерин, топтун уставын, электрондук почта дарегин көрсөтүү менен товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жана пайдалануу укугун берүү жөнүндө же товар чыгарылган жердин буга чейин катталган аталышын пайдалануу укугун берүү жөнүндө арыз;
2) өтүнмөдөгү белги;
3) товарды көрсөтүү, муну белгилөө үчүн товардын чыгарылган жерин (географиялык объектинин чектерин) көрсөтүү менен, товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жана пайдалануу укугун берүү же товар чыгарылган жердин буга чейин катталган аталышын пайдалануу укугун берүү суралат;
4) товардын өзгөчө касиеттеринин сыпаттамасы.
3. Эгерде ага карата товар чыгарылган жердин аталышына өтүнмө берилген географиялык объект Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турса, өтүнмөгө товар чыгарылган өлкөдө өтүнмө берилген товар чыгарылган жердин аталышына өтүнмө ээсинин укугун ырастаган документ тиркелет.
4. Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
1) өтүнмө ээси көрсөтүлгөн географиялык объектте тургандыгы жана өзгөчө касиеттери ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү жаратылыш шарттары же адам факторлору, же болбосо жаратылыш шарттары жана адам факторлору менен бир убакта аныкталган товарды чыгарып жаткандыгы жөнүндө компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусу;
2) чет өлкөлүк өтүнмө ээси үчүн - товар чыгарылган өлкөдө өтүнмө берилген товар чыгарылган жердин аталышына болгон анын укугун ырастаган документ;
3) патенттик ишеним берилген өкүлгө жана/же өкүлгө нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган ишеним кат;
4) белгиленген өлчөмдө алымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ.
5. Ушул берененин 2-4-бөлүктөрүндө каралган документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн дата, эгерде көрсөтүлгөн документтер бир мезгилде берилбесе, анда берилген документтердин акыркысы келип түшкөн дата өтүнмө берилген дата болуп эсептелет.
6. Эгерде өтүнмөгө тиркелген документтер башка тилде берилсе, өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелет.
38-берене. Географиялык көрсөтмөгө жана товар чыгарылган жердин аталышына өтүнмөгө экспертиза жүргүзүү
1. Географиялык көрсөтмөгө жана товар чыгарылган жердин аталышына өтүнмөгө экспертиза алдын ала экспертизаны жана географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы катары өтүнмөдөгү белгиге экспертизаны камтыйт (мындан ары - өтүнмөдөгү белги).
2. Экспертиза жүргүзүү мезгилинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсинен ансыз экспертиза жүргүзүүгө мүмкүн болбогон кошумча жана/же тактоочу материалдарды суратып алууга укуктуу. Жетишпеген жана тактоочу материалдар суроо-талап жөнөтүлгөн датадан тартып эки айдын ичинде өтүнмө ээси тарабынан берилүүгө тийиш. Суроо-талап жөнөтүлгөндө экспертиза тиешелүү мөөнөткө токтотулуп турат.
Суроо-талапка жооп берүү мөөнөтү аяктаганга чейин өтүнмө ээси суроо-талапка жооп берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу, мындайда алым төлөнгөн шартта, суроо-талапка жооп берүү мөөнөтү өтүнмө ээсинин өтүнүч катында көрсөтүлгөн, бирок алты айдан ашык эмес мөөнөткө узартылат.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында каралган, өтүнмө ээси өткөрүп жиберген мөөнөт, алым төлөнгөн шартта, мөөнөтү өткөндөн эки айдан кечиктирилбестен өтүнмө ээси берген өтүнүч кат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилет.
3. Экспертиза жүргүзүлгөн мезгилде өтүнмө ээси, алым төлөнгөн шартта, чечим кабыл алынганга чейин өтүнмөлөрдүн материалдарын толуктоого, тактоого же оңдоого укуктуу.
4. Эгерде кошумча материалдар аны берген датага карата өтүнмөгө кирбеген товарларга көрсөтмөлөрдү камтыса же өтүнмөдөгү белгини олуттуу өзгөртсө, анда алар кароого кабыл алынбайт.
5. Өтүнмөлөр өтүнмө ээсинин суранычы боюнча кароонун кандай болбосун этабында, бирок Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде географиялык көрсөтмө жана бул географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугунун берилиши же товар чыгарылган жердин аталышы жана аларды пайдалануу укугунун берилиши катталган датадан кечиктирилбестен артка кайтарылып алынышы мүмкүн.
6. Эгерде белгиленген мөөнөттөрдө суралган тактоочу материалдар өтүнмө ээси тарабынан берилбесе, өтүнмөлөр артка кайтарып алынды деп таанылат, бул жөнүндө өтүнмө ээсине ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабарланат.
39-берене. Алдын ала экспертиза жүргүзүү
1. Өтүнмө берилген датадан тартып бир айдын ичинде алдын ала экспертиза жүргүзүлөт, анын жүрүшүндө ушул Мыйзамдын 36 жана 37-беренелеринде каралган зарыл документтердин курамы, аларды тариздөөнүн тууралыгы, алымдын төлөнгөндүгү текшерилет.
Алдын ала экспертизанын жыйынтыктары боюнча өтүнмөлөр кароого кабыл алынат же болбосо аларды кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылып, өтүнмө ээсине жөнөтүлөт.
Алдын ала экспертизанын оң жыйынтыгы жөнүндө чечим менен бир убакта өтүнмө ээсине ушул Мыйзамдын 36-беренесинин 8-бөлүгүнө жана 37-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмө берилген дата билдирилет.
2. Алдын ала экспертизанын оң жыйынтыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоого өтүнмө жөнүндө маалыматтарды расмий сайтында жарыялайт. Маалыматтардын тизмеги жана аларды жарыялоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
3. Өтүнмөлөр жарыяланган датадан тартып үч айдын ичинде кандай болбосун жак ушул Мыйзамдын 34-беренесинде белгиленген талаптарга өтүнмөдөгү белгилердин ылайык эместиги тууралуу далилдерди камтыган каршы пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.
40-берене. Географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы катары билдирилген белгилерге экспертиза жүргүзүү
1. Географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы катары билдирилген белгинин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугуна экспертиза кароого кабыл алынган өтүнмө боюнча, өтүнмө берилген датадан тартып алты ай өткөнгө чейинки алдын ала экспертизанын натыйжасында жүргүзүлөт.
2. Географиялык көрсөтмө катары билдирилген белгиге экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө өтүнмөдөгү белгинин ушул Мыйзамдын 34-беренесинин талаптарына ылайыктуулугу, ошондой эле ушул Мыйзамдын 36-беренесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын жана документтердин бар экендиги текшерилет.
3. Товар чыгарылган жердин аталышы катары билдирилген белгиге экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө өтүнмөдөгү белгинин ушул Мыйзамдын 34-беренесинин талаптарына ылайыктуулугу, ошондой эле ушул Мыйзамдын 37-беренесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын жана документтердин бар экендиги текшерилет.
4. Ушул Мыйзамдын 39-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келип түшкөн каршы пикир өтүнмөдөгү белгиге экспертиза жүргүзүүдө каралат.
5. Өтүнмөдөгү белгиге экспертизанын жана ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн каршы пикирди кароонун жыйынтыктары боюнча, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоо өтүнмөдөгү белгини каттоо жөнүндө же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
6. Эгерде географиялык көрсөтмөнү каттоого өтүнмөдө же товар чыгарылган жердин аталышын каттоого өтүнмөдө мурда катталган географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүү суралса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай укукту берүү жөнүндө же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
7. Географиялык көрсөтмөнү каттоодон жана/же географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүүдөн, товар чыгарылган жердин аталышын каттоодон жана/же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүүдөн баш тартылган учурда, өтүнмө ээсине кабарламада келтирилген жүйөлөргө карата өзүнүн далилдерин берүү сунушу менен, өтүнмөдөгү белгинин ушул Мыйзамдын 34, 36 жана 37-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлама жөнөтүлөт. Өтүнмө ээсинин далилдери, эгерде дапилдер көрсөтүлгөн кабарлама өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн күндөн тартып эки айдын ичинде берилсе, өтүнмөдөгү белгиге экспертизанын жыйынтыктары боюнча чечим кабыл алууда эске алынат.
41-берене. Өтүнмө боюнча чечимге даттануу жана өткөрүп жиберилген мөөнөттөрдү калыбына келтирүү
1. Өтүнмөдөгү белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечими менен өтүнмө ээси макул болбогондо, ал чечим жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде алымды төлөө менен Апелляциялык кеңешке каршы пикир берүүгө укуктуу. Каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн датадан тартып үч айдын ичинде каралууга тийиш.
2. Апелляциялык кеңештин чечими өтүнмө ээси тарабынан аны алган датадан тартып үч айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, өтүнмө ээси өткөрүп жиберген мөөнөттөр, алым төлөнгөн шартта, алар өткөндөн кийин эки айдан кечиктирилбестен өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилет.
42-берене. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо тартиби жана пайдалануу укугу
1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жөнүндө чечимдин негизинде, белгиленген алым төлөнгөн шартта, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоону жана пайдалануу укугун каттоону жүзөгө ашырат.
Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо мөөнөтсүз колдонулат.
Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине маалыматтарды киргизүү тартиби жана алардын тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
2. Алым географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жөнүндө экспертизанын чечими өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде же, кошумча алым төлөнгөн шартта, көрсөтүлгөн үч айлык мөөнөт өткөн күндөн тартып үч айдын ичинде төлөнөт.
3. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө тиешелүү жана Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине киргизилген маалыматтар Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине алар киргизилген датадан тартып бир айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан расмий бюллетенге жарыяланат.
4. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк, алым төлөнгөн шартта, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна болгон күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
43-берене. Өтүнмөлөрдү жана катталган географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жерлердин аталыштарын кайра түзүү
Товар чыгарылган жердин аталышы жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого өтүнмө тиешелүү түрдө географиялык көрсөтмөгө жана географиялык көрсөтмөнү каттоого болгон өтүнмөгө жана ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо шартында тескерисинче кайра түзүлүшү мүмкүн. Мындай кайра түзүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
44-берене. Географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү
1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга географиялык көрсөтмөнү каттоого өтүнмө же товар чыгарылган жердин аталышын каттоого өтүнмө берилген күндөн тартып он жыл бою колдонулат.
2. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн мөөнөтү укук ээсинин арызы боюнча узартылат. Арызга укук ээси Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө ээ болгон товар өндүрүп жаткандыгын ырастоочу документтер же укук ээси Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн өзгөчө касиеттерге ээ товар өндүрүп жаткандыгы жөнүндө компетенттүү органдын корутундусу тиркелет.
3. Товарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан географиялык объектинин аймагында чыгарылган товар катары идентификациялоочу географиялык көрсөтмөгө карата укук ээси пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз берилген датага карата товар чыгарылган өлкөдө тиешелүү белгиге анын укугун ырастаган документти көрсөтөт.
4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан географиялык объектинин аталышы болуп саналган товар чыгарылган жердин аталышына карата укук ээси пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз берилген датага карата товар чыгарылган өлкөдө товар чыгарылган жердин тиешелүү аталышына анын укугун ырастаган документти көрсөтөт.
5. Пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз аны колдонгон акыркы жылдын ичинде берилет.
Укук ээсинин өтүнүч каты боюнча, кошумча алым төлөнгөн шартта, күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арызды берүү үчүн географиялык көрсөтмөнү жана/же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү өткөндөн кийин ага алты ай берилет.
6. Пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү ар бир жолу он жылга узартылат.
7. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине, пайдалануу укугуна күбөлүккө киргизилет жана расмий бюллетенге жарыяланат.
45-берене. Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укук ээсинин арызы боюнча Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына пайдалануу укугун берүүгө, анын ичинде укук ээсинин аталышына, анын турган ордуна, кат жазышуулар үчүн дарекке, электрондук почта дарегине, географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укуктуу жактардын тизмегине тиешелүү маалыматтарга, географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу шарттарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
Өзгөртүүлөр алым төлөнгөн шартта киргизилет.
2. Өтүнмө ээсинин күнөөсүнөн тышкары кетирилген айкын жана техникалык каталарды оңдоолор ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине жана күбөлүккө алым төлөнбөстөн киргизилет.
3. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын мамлекеттик каттоого жана аларды пайдалануу укугун берүүгө тиешелүү, анын ичинде ушул Мыйзамдын 36-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4, 6-9-пункттарында, 37-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арызга мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негиздүүлүгүн жана зарылдыгын ырастаган документтер же компетенттүү органдын корутундусу тиркелет.
10-глава. Географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу
46-берене. Географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу
1. Укук ээсине Мыйзамга карама-каршы келбеген кандай болбосун ыкмада, анын ичинде ушул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөн ыкмаларда географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу таандык.
Ушул Мыйзамдын 35-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укук ээлери географиялык көрсөтмөнү каттоодо билдирилген товардын касиеттеринин жана мүнөздөмөлөрүнүн ылайыктуулугун контролдоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
2. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу жактардын бирикмесине берилген учурда, мындай географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу бул бирикменин мүчөсү болуп саналган ар бир адамга, мындай географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө ээ болгон товарларга карата пайдаланылган шартта берилет.
3. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу болуп, атап айтканда, бул географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын төмөнкүлөргө жайгаштыруу эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, сатууга сунушталган, сатылып жаткан, көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде көрсөтүлгөн же башка түрдө жарандык жүгүртүүгө киргизилген, же болбосо ушул максатта сакталган же ташылган, же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларга, этикеткаларга, товарлардын таңгактарына;
2) товарларды жарандык жүгүртүүгө киргизүүгө байланышкан бланктарга, эсептерге, башка документтерге жана басылмаларга;
3) товарларды сатуу жөнүндө сунуштарга, ошондой эле жарыяларга, көрнөктөргө жана жарнамаларга;
4) Интернет түйүндөрүнө, анын ичинде домендик аталышка.
4. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу деп төмөнкүлөр таанылат:
1) катталган географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болбогон жактардын пайдалануусу, ал тургай эгерде мындайда товар анык чыгарылган жер көрсөтүлсө же географиялык көрсөтмө котормодо же болбосо "тек", "тип", "тууроо" жана башка ушул сыяктуу сөздөр менен айкалышта пайдаланылса;
2) катталган географиялык көрсөтмөнү аны пайдалануу укугуна ээ болгон жактардын Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө ээ болбогон, же болбосо Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн географиялык объектинин чектеринен тышкары өндүрүлгөн товарга карата пайдалануусу;
3) товар чыгарылган жери же товардын мүнөздөмөлөрү боюнча керектөөчүлөрдү жаңылышууга алып келүүгө жөндөмдүү, катталган географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы менен окшош белгини бардык товарлар үчүн пайдалануу.
5. Укук ээси географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга лицензияны башка жактарга берүүгө укуксуз.
47-берене. Географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын коргоо белгиси
1. Географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна ээ болгон жак өзүнүн укугу жөнүндө кабарлоо үчүн географиялык көрсөтмөнүн жанында "катталган географиялык көрсөтмө", "корголгон географиялык көрсөтмө менен", "катталган ГК" деген сөз жүзүндөгү белгилер түрүндө коргоо белгисин жайгаштыра алат.
2. Товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак өзүнүн укугу жөнүндө кабарлоо үчүн товар чыгарылган жердин аталышынын жанында "товар чыгарылган жердин катталган аталышы", "товар чыгарылган жердин корголгон аталышы менен", "катталган ТЧЖА" деген сөз жүзүндөгү белгилер түрүндө коргоо белгисин жайгаштыра алат.
11-глава. Географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоону токтотуу
48-берене. Географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына укуктук коргоо берилишин талашуунун жана жараксыз деп таануунун негиздери жана аларды пайдалануу укугу
1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо, эгерде ал ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, аны колдонуунун бүткүл мөөнөтүнүн ичинде талашылышы жана жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
2. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк, эгерде ал ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен берилсе, же географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жараксыз деп таанылгандыгына байланыштуу жараксыз деп таанылат.
3. Географиялык көрсөтмөгө укуктук коргоо берүү, эгерде укуктук коргоо ага ушул Мыйзамдын 35-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарынын талаптарын бузуу менен берилсе, географиялык көрсөтмөнү расмий бюллетенге каттоо жөнүндө маалыматтар жарыяланган датадан тартып беш жыл бою жараксыз деп таанылат.
4. Кандай болбосун жак Апелляциялык кеңешке ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө каршы пикир бере алат. Каршы пикир ал келип түшкөн датадан тартып үч айдын ичинде каралууга тийиш. Каршы пикир берген жак, ошондой эле күбөлүктүн ээлери аны кароого катышууга укуктуу.
5. Апелляциялык кеңештин чечими аны алган датадан тартып үч айдын ичинде өтүнмө ээси тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.
49-берене. Географиялык көрсөтмөнү укуктук коргоону жана географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун колдонууну токтотуу
1. Географиялык көрсөтмөнү укуктук коргоо төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү шарттар жоголгондо жана ушул географиялык көрсөтмөгө карата Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө ээ болгон товарды өндүрүү мүмкүн эмес болгондо;
2) товар чыгарылган өлкөдө географиялык көрсөтмөнү укуктук коргоо токтотулганда.
2. Географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна күбөлүктү колдонуу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ушул географиялык көрсөтмөгө карата Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн товардын мүнөздөмөлөрүнө укук ээси тарабынан өндүрүлгөн товар шайкеш келбегенде;
2) укук ээси ушул географиялык көрсөтмөгө карата Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө ээ болгон товарды өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугунан ажыраганда;
3) ушул Мыйзамдын 35-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган талаптар сакталбаганда;
4) Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн товарды өндүрүү ыкмасын, аны сактоо жана ташуу шарттарын укук ээси системалуу түрдө бузганда;
5) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча географиялык көрсөтмөнү укуктук коргоо токтотулганда;
6) юридикалык жак токтотулганда же жаран-укук ээси каза болгондо;
7) пайдалануу укугунун колдонуу мөөнөтү өткөндө;
8) укук ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү арыз бергенде;
9) чет өлкөлүк юридикалык жак, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам товар чыгарылган өлкөдө географиялык көрсөтмөгө укугун жоготкондо.
3. Географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна күбөлүктү укуктук коргоону жана колдонууну токтотуу кандай болбосун жактын арызы боюнча сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
50-берене. Товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоону жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктү токтотуу
1. Товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү шарттардын жоголушуна жана Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн касиеттери менен товар өндүрүүнүн мүмкүн эместигине байланыштуу;
2) чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын товар чыгарылган өлкөдө товар чыгарылган жердин аталышына укуктарын жоготуусуна байланыштуу.
2. Товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо токтотулгандыгына байланыштуу;
2) ушул Мыйзамдын 44-беренесинде каралган анын колдонуу мөөнөтү өтүшүнө байланыштуу;
3) товар чыгарылган жердин ушул аталышына карата Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн өзгөчө касиеттерин товардын жоготуусуна байланыштуу;
4) юридикалык жак токтотулганда же жаран-укук ээси каза болгондо;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген укук ээсинин арызынын негизинде.
3. Товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоону жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктү колдонууну токтотуу кандай болбосун жактын арызы боюнча сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
12-глава. Корутунду жоболор
51-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга байланышкан талаш-тартыштарды кароо
1. Ушул Мыйзамды колдонууга байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик жана Административдик-процесстик кодекстеринде белгиленген тартипте сот тарабынан, төмөнкү талаш-тартыштарды камтуу менен каралат:
1) товардык белгиге өзгөчө укуктун бузулушу жөнүндө;
2) лицензиялык келишимди жана комплекстүү ишкердик лицензия келишимин түзүү жана аткаруу жөнүндө;
3) географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу жөнүндө;
4) ушул Мыйзамдын 26-беренесине ылайык товардык белгини пайдаланбоо жөнүндө;
5) Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбоо жөнүндө.
2. Апелляциялык кеңеш ушул Мыйзамга жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык анын компетенциясына кирген талаш-тартыштарды карайт.
52-берене. Товардык белгини, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Ушул Мыйзамга карама-каршы келген, бир түрдүү товарларга карата товардык белгини же товардык белгиге окшош белгини, ошондой эле кандай болбосун товарларга карата жалпыга белгилүү товардык белгини же ага окшош белгини же географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышына же географиялык көрсөтмөгө жана товар чыгарылган жердин аталышына окшош белгини пайдалануу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
2. Товардык белгиге өзгөчө укуктарды, географиялык көрсөтмөнү жана товарлар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун коргоо, атап айтканда, ушул Мыйзамда каралган тартипте төмөнкүдөй талаптарды коюу жолу менен жүзөгө ашырылат:
1) укукту таануу жөнүндө - укукту төгүндөгөн же башкача түрдө аны тааныбаган жакка, ушуну менен укук ээсинин кызыкчылыктарын бузуу аркылуу;
2) укук бузган же аны бузуу коркунучун түзгөн иш-аракеттерге бөгөт коюу жөнүндө - мындай иш-аракеттерди жасаган же ага зарыл даярдыктарды жүзөгө ашыруучу жакка, ошондой эле мындай иш-аракеттерге бөгөт коёо ала турган башка жактарга;
3) чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө - укук ээси менен макулдашуу түзбөстөн жекелештирүү каражаттарын укук ченемсиз пайдаланган (келишимсиз пайдаланган), же болбосо товардык белгиге анын өзгөчө укугун, географиялык көрсөтмөнү жана товарлар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укуктарын башка түрдө бузган жана ага зыян келтирген жакка;
4) ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык материалдык алып жүрүүчүлөрдү алып коюу жөнүндө - аны жасоочуга, импорттоочуга, сактоочуга, ташуучуга, сатуучуга, башка таратуучуга, ак ниет эмес жол менен ээлеп алуучуларга;
5) чыныгы укук ээсин көрсөтүү менен жол берилген бузуулар жөнүндө соттун чечимин жарыялоо тууралуу - товардык белгиге өзгөчө укуктарды, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун бузуучуга.
3. Укук ээси өзүнүн тандоосу боюнча укук бузуучудан чыгымдардын ордун толтуруунун ордуна төмөнкүдөй компенсацияларды төлөп берүүсүн талап кылууга укуктуу:
1) бузуунун мүнөзүнө жараша соттун кароосу боюнча аныкталуучу жүздөн элүү миңге чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
2) товардык белгини мыйзамсыз жайгаштырылган товарлардын наркынын эки эселенген өлчөмүндө же салыштырмалуу жагдайларда адатта товардык белгини укук ченемдүү пайдалануу үчүн алынуучу баага жараша аныкталган товардык белгини пайдалануу укугунун наркынын эки эселенген өлчөмүндө.
Компенсация укук бузуу фактысы далилденгенде өндүрүп алынууга тийиш. Мындайда укугун коргоо үчүн кайрылган укук ээси ага келтирилген чыгымдардын өлчөмүн далилдөөдөн бошотулат.
Компенсациянын өлчөмү акылга сыярлык жана адилеттүү талаптарды эске алуу менен, бузуулардын мүнөзүнө жана башка жагдайларга жараша ушул Мыйзамда белгиленген чектерде сот тарабынан аныкталат.
Эгерде бир иш-аракет менен жекелештирүүнүн бир нече каражаттарына болгон укуктар бузулса, жекелештирүүнүн ар бир укук ченемсиз пайдаланылган каражаты үчүн компенсациянын өлчөмү сот тарабынан аныкталат.
4. Кыргыз Республикасында катталбаган товардык белгиге, географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына карата эскертүүчү маркалоону жүргүзүүчү жак ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте жоопкерчилик тартат.
5. Товардан же анын таңгагынан товардык белгини, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын өчүрүү, мыйзамсыз пайдаланылган товардык белгилерди камтыган товарга камак салуу же жок кылуу мындай товардын ээсинин мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн укуктарын коргоого болгон укугун сактоо менен жүргүзүлөт.
6. Товардык белгиге өзгөчө укукту, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун бузуу жөнүндө иш боюнча доону камсыздоо тартибинде, процессуалдык мыйзамдарда белгиленген, укук бузуулардын көлөмүнө жана мүнөзүнө шайкеш келген камсыздоочу чаралар кабыл алынышы мүмкүн, анын ичинде, эгерде материалдык алып жүрүүчүлөргө, жабдууларга жана материалдарга же мындай иш-аракеттерге карата товардык белгиге өзгөчө укукту, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укуктарын бузуу жөнүндө божомол чыгарылса, материалдык алып жүрүүчүлөргө, жабдууларга жана материалдарга камак салынышы, маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарда тиешелүү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга тыюу салынышы мүмкүн.
7. Жекелештирүү каражаты берилген материалдык алып жүрүүчүлөрдү жасоо, жайылтуу же башка пайдалануу, ошондой эле импорттоо, ташып жеткирүү же сактоо товардык белгиге өзгөчө укуктарды, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун бузууга алып келген учурда, мындай материалдык алып жүрүүчүлөр контрафакттык деп эсептелет жана, эгерде ушул Мыйзамда башка натыйжалары каралбаса, соттун чечими боюнча жүгүртүүдөн алынууга жана эч кандай компенсациясыз жок кылынууга тийиш.
8. Товардык белгиге өзгөчө укуктарды, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун бузуу үчүн башкы негизде пайдаланылган же багытталган курал-шаймандар, жабдуулар же башка каражаттар, эгерде мыйзамда аларды Кыргыз Республикасынын кирешесине айландыруу каралбаса, соттун чечими боюнча жүгүртүүдөн алып салынууга жана укук бузуучунун эсебинен жок кылынууга тийиш.
9. Укук бузууну токтотуу же келтирилген чыгымдарды өндүрүү жөнүндө талаптардан тышкары, товардык белгини мыйзамсыз пайдалануудан жарандык укуктарды коргоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, башка мамлекеттик органдар тарабынан алардын компетенцияларына ылайык, ошондой эле сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Жарандык, кылмыш-жаза мыйзамдарында же укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда каралган чаралардан тышкары, товардык белгилерге болгон укуктарды коргоо төмөнкүдөй жолдор менен да жүзөгө ашырылат:
1) товарларды чыгарууну токтотуп туруу;
2) жабырлануучунун иштиктүү аброюн калыбына келтирүү максатында соттун чечимин жарыялоо;
3) товардан же анын таңгагынан мыйзамсыз пайдаланылган товардык белгини же чаташтыруу деңгээлине чейинки ага окшош белгини өчүрүү жана/же чаташтыруу деңгээлине чейин ага окшош даярдалган товардык белгинин сүрөттөрүн же белгилерди жок кылуу;
4) товардык белгиси мыйзамсыз колдонулган товарларга камакка салуу же жок кылуу;
5) товардык белгиге, географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына укуктарды бузган маалымат жайгаштырылган маалымат ресурстарына (Интернет түйүнү, башка маалымат ресурстары) жеткиликтүүлүктү чектөө же токтотуу.
53-берене. Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын укуктары
1. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар ушул Мыйзамда жана товардык белгини, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоого тиешелүү башка ченемдик укуктук актыларда каралган укуктарды Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде же өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде пайдаланышат.
Мындайда көрсөтүлгөн принциптерди пайдаланууну каалаган жакка өз ара түшүнүшүүнүн болушун далилдөө милдети жүктөлөт.
2. Кыргыз Республикасында жашаган жарандыгы жок адамдар товардык белгини, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоого тиешелүү ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган укуктарды Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей пайдалана алат.
54-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган датадан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Коргоо документтеринин электрондук формалары жөнүндө жана өтүнмөлөрдүн курамына үч өлчөмдүү сүрөттөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө ушул Мыйзамдын жоболору ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн жана алардын кароосунда турган өтүнмөлөр "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 7 Мыйзамынын ченемдерине ылайык каралат.
4. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин келип чыккан талаш-тартыштар, ошондой эле "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 7 Мыйзамынын ченемдерине ылайык жүргүзүлгөн товардык белгилерди жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттоого байланышкан талаш-тартыштар аталган
ылайык чечилет.
5. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген товардык белгилерге күбөлүктөр жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктөр "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 7 Мыйзамында белгиленген мөөнөтү өткөнгө чейин колдонулат.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 7 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 68-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы № 46 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 5, 212-ст.);
3) "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 2, 89-ст.);
4) "Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 288-ст.);
5) "Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 27-марты, № 31).
7. Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 9-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |