Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-декабры № 657
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 "Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик ветеринардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) ташып келүүгө, ташып чыгууга жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттөөгө уруксат берүү, ошондой эле мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөргө (товарларга) карата транзиттик өлкөлөргө уруксат суроо маселелерин жөнгө салуу максатында, "Ветеринария жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 "Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Мамлекеттик ветеринардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) ташып келүүгө, ташып чыгууга жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттөөгө уруксат берүүнүн, ошондой эле мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөргө (товарларга) карата транзиттик өлкөлөргө уруксат суроонун тартиби 3-тиркемеге ылайык;";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3547) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Мамлекеттик ветеринардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) ташып келүүгө, ташып чыгууга жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттөөгө уруксат берүүнүн, ошондой эле мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөргө (товарларга) карата транзиттик өлкөлөргө уруксат суроонун тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип мамлекеттик ветеринардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) ташып келүүгө, ташып чыгууга жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттөөгө уруксат берүүнүн, ошондой эле мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөргө (товарларга) карата транзиттик өлкөлөргө уруксат суроонун эрежелерин аныктайт.
2. Ушул Тартиптин талаптары уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, жарандар, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдөн мамлекеттик ветеринардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн контролундагы товарларды транспорттун жана жөнөтүүлөрдүн бардык түрлөрү менен ташып келүүнү (импорттоону), ташып чыгууну (экспорттоону) жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөнү жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер тарабынан аткарылышы үчүн милдеттүү болуп саналат, буга эл аралык келишимдерде жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда каралган учурлар кирбейт.
3. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
календардык жыл - жылдын 1-январынан башталып жана 31-декабрда аяктоочу убакыт аралыгы;
контролдогу товарлар (продукция) - Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 317 "Евразия экономикалык бирлигинде ветеринардык-санитардык чараларды колдонуу жөнүндө" чечими менен бекитилген Товарлардын бирдиктүү тизмесине киргизилген товарлар;
контролдогу товарларды ташып келүүгө (ташып чыгууга) же транзиттөөгө уруксат - контролдогу товарларды ташып келүүдө (ташып чыгууда) жана транзиттөөдө экспорттоочу өлкөлөрдүн эпизоотиялык абалына жараша контролдогу товарларды пайдалануунун тартибин жана шарттарын аныктаган документ (кагаз же электрондук формада);
эпизоотиялык абал - жаныбарлардын ылаңдарынын болушу, алардын таралышы жана ылаңдоо деңгээли менен мүнөздөлүүчү белгилүү бир аймакта конкреттүү көрсөтүлгөн мезгилдеги ветеринардык-санитардык абал.
4. Контролдогу товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттөөгө уруксат, ошондой эле уруксат суроо (мындан ары - уруксат) "Ветеринария жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге жана Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугун түзгөн актыларга ылайык өлкөнүн эпизоотиялык абалын эске алып жана милдеттүү ветеринардык контролдон өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору тарабынан берилет.
5. Экспорттоочу контролдогу товарларды ташып чыгууда импорттоочу өлкөнүн ветеринардык мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.
6. Контролдогу товарды импорттоочу, экспорттоочу тарабынан ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары белгиленгенде, анын ичинде жалган жана/же жасалма документтерди көрсөтүү фактылары аныкталганда, контролдогу товар көрсөтүлгөн документтерге ылайык келбегенде же экспорттоочу/импорттоочу өлкөнүн эпизоотиялык абалы өзгөргөн учурларда Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору мурда берилген уруксатты колдонуу мөөнөтүнүн ичинде кайра чакыртып алат.
2. Мамлекеттик ветеринардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксатты, ошондой эле мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөргө (товарларга) карата транзиттик өлкөлөргө уруксат суроону тариздөө жана берүү тартиби
7. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасына ташып келүүгө, Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга уруксат ветеринардык сертификат, ветеринардык күбөлүк сыяктуу алып өтүлүүчү контролдогу товарларга ветеринардык коштоочу документ берүү үчүн негиз болуп саналат.
8. Юридикалык жана жеке жактар алып өтүүнүн болжолдуу башталышына чейин контролдогу товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксат алуу жана ветеринариялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу жана ветеринария, жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органга (мындан ары - ветеринария боюнча мамлекеттик орган) уруксат алуу үчүн анын электрондук почтасынын дарегине төмөнкүдөй документтерди берет же жиберет:
- ветеринария боюнча мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча арыз;
- инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (жеке жак үчүн);
- жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген форма боюнча жеке адамдын жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугу (жеке жактар үчүн);
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (юридикалык жак үчүн);
- асыл тукум жаныбарды же асыл тукум продукцияны импорттоодо/экспорттоодо ар бир жаныбарга экспорттоочу өлкөнүн тиешелүү органы тарабынан берилген асыл тукум күбөлүгүнүн же ага эквиваленттүү документтин көчүрмөсү;
- ветеринардык лабораториялык изилдөөлөрдүн корутундусу (ташып чыгууда (экспорттоодо);
- экспорттоочу менен импорттоочунун ортосундагы келишим (контракт) же ага эквиваленттүү документ;
- импорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген уруксаттын же ага эквиваленттүү документтин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана котормосу (уруксат суроону алуу үчүн);
- арызды кароо жана уруксат берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү.
Контролдогу товарларды ташып келүүгө же ташып чыгууга уруксат алуу жана уруксат суроо зарыл болгон учурда бир эле учурда бир арыз берилет. Мында уруксаттын ар бир түрүнө өзүнчө мамлекеттик алым алынат.
Арыз ээси берген бардык документтер ветеринария боюнча мамлекеттик органда катталат.
9. Ветеринария боюнча мамлекеттик орган документтердин толуктугун текшерет, карайт, талдайт жана уруксат берүү (берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн аларды Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторуна киргизет.
10. Документтерди кароо жана уруксат берүү (берүүдөн баш тартуу) мөөнөтү 10 жумуш күндөн ашпоого тийиш.
11. Контролдогу товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксат берүү (берүүдөн баш тартуу) жана уруксат суроо ветеринария боюнча мамлекеттик органдын бланкына жүйөлүү жооп түрүндө эки нускада таризделет жана ага Кыргыз Республикасынын Башкы ветеринардык инспектору кол коёт.
Уруксаттын бир нускасы арыз ээсине берилет, экинчи нускасы арыз жана тиркелген документтер менен бирге ветеринария боюнча мамлекеттик органда сакталат.
12. Контролдогу товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксат жана уруксат суроо бланкы так отчеттуулук документи болуп саналат жана үчтөн кем эмес коргоо даражасына ээ, анын ичинде:
- түсү;
- суу белгилери;
- бланктын катар номери (сегиз араб цифрасынан турган сан).
13. Контролдогу товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксатта жана уруксат суроодо төмөнкүлөр камтылышы керек:
- арыз ээсинин аты-жөнү/юридикалык жактын аталышы;
- арыз ээсинин идентификациялык салык номери (ИСН)/идентификациялык жеке номери (ИЖН);
- контролдогу товарлардын аталышы жана саны;
- импорттоочу жана экспорттоочу өлкөнүн аталышы жана контролдогу товар чыгарылган жер;
- контролдогу товардын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын коду (ТЭИ ТН);
- ташуунун түрү;
- контролдогу товарды алып өтүүчү мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пунктун көрсөтүү менен контролдогу товардын жүрүү маршруту;
- жеткирүү жана кабыл алуу пунктунун дареги;
- ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо шарттары;
- контролдогу товарды импорттоо/экспорттоо максаты;
- алып өтүүчү (ташылуучу) контролдогу товарды ташып чыгуу мөөнөтү (уруксат суроодо);
- уруксаттын колдонуу мөөнөтү.
14. Контролдогу товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксат жана уруксат суроо бир календардык жылдан ашпаган мөөнөткө жана уруксатта аныкталган көлөмдө берилет.
15. Контролдогу товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксат берүүдөн жана уруксат суроодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
- субъекттердин бул категориясы үчүн иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууга мыйзамдарда каралган тыюу салуу болгондо;
- арыз ээсине иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечими болгондо;
- арыз ээси так эмес же толук эмес маалымат бергенде;
- уруксатты кароо жана берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнбөгөндө;
- арыз ээси Уюмдардын жана жактардын реестринде жок болгондо;
- арыз ээсинин документтери "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Тартипте белгиленген талаптарга ылайык келбегенде.
16. Контролдогу товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксатты жана уруксат суроону кайра тариздөө, уруксат берүү жөнүндө арызга тиркелүүчү көрсөтүлгөн документтердеги маалыматтарды өзгөртүү, ошондой эле уруксаттын дубликатын берүү "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Мамлекеттик ветеринардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттөөгө уруксатты тариздөө жана берүү тартиби
17. Мамлекеттик ветеринардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттөөгө уруксат берүү (мындан ары - транзиттөөгө уруксат), Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөгө уруксат берүү жөнүндө импорттоочу өлкөнүн же экспорттоочу өлкөнүн ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде жүзөгө ашырылат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- арыз ээсинин аталышы жана ведомство тарабынан берилген анын эсептик номери (ИСН);
- алынып өтүүчү (ташылуучу) контролдогу товардын аталышы, анын саны (өлчөө бирдиги);
- импорттоочу (экспорттоочу) өлкөнүн аталышы жана контролдогу товар чыгарылган жер;
- контролдогу товарды ташуунун түрү;
- контролдогу товарды алып өтүү болжолдонгон мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пунктун көрсөтүү менен контролдогу товардын жүрүү маршруту;
- контролдогу товарды алып өтүүнүн (ташуунун) мөөнөтү;
- контролдогу товарды импорттоонун/экспорттоонун/транзиттөөнүн максаты.
Транзиттөөгө уруксат алуу үчүн төмөнкүдөй документтер зарыл:
- ветеринардык лабораториялык изилдөөлөрдүн корутундусу;
- экспорттоочу менен импорттоочунун ортосундагы келишим (контракт) же ага эквиваленттүү документ;
- асыл тукум жаныбарды же асыл тукум продукцияны импорттоодо/экспорттоодо ар бир жаныбарга экспорттоочу өлкөнүн тиешелүү органы тарабынан берилген асыл тукум күбөлүгүнүн же ага эквиваленттүү документтин көчүрмөсү;
- арызды кароо жана уруксат берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү.
18. Документтерди кароо жана транзиттөөгө уруксат берүү (берүүдөн баш тартуу) мөөнөтү 10 жумуш күндөн ашпоого тийиш.
19. Транзиттөөгө уруксат ветеринария боюнча мамлекеттик органдын бланкына жүйөлүү жооп түрүндө эки нускада таризделет жана ага Кыргыз Республикасынын Башкы ветеринардык инспектору кол коёт.
Транзиттөөгө уруксаттын бир нускасы арыз ээсине берилет, экинчи нускасы арыз жана тиркелген документтер менен бирге ветеринария боюнча мамлекеттик органда сакталат.
20. Транзиттөөгө уруксаттын бланкы ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
21. Транзиттөөгө уруксатта төмөнкүлөр камтылышы керек:
- арыз ээсинин аты-жөнү/юридикалык жактын аталышы;
- арыз ээсинин аталышы жана ведомство тарабынан берилген анын эсептик номери (ИСН);
- алынып өтүүчү (ташылуучу) контролдогу товардын аталышы, анын саны (өлчөө бирдиги);
- импорттоочу (экспорттоочу) өлкөнүн аталышы жана контролдогу товар чыгарылган жер;
- контролдогу товарды ташуунун түрү;
- контролдогу товарды алып өтүү болжолдонгон мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пунктун көрсөтүү менен контролдогу товардын жүрүү маршруту;
- контролдогу товарды алып өтүүнүн (ташуунун) мөөнөтү;
- контролдогу товарды импорттоонун/экспорттоонун/транзиттөөнүн максаты;
- транзиттөөгө уруксаттын колдонуу мөөнөтү.
22. Транзиттөөгө уруксат берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
- эпизоотиялык абалдын начардыгына байланыштуу экспорттоочу/импорттоочу өлкөгө карата карантиндик жана/же башка чектөө иш-чаралары киргизилсе;
- эгерде арыз ээси берген документтер ушул Тартиптин 19-пунктунун талаптарына ылайык келбесе;
- уруксатты кароо жана берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнбөсө.
23. Транзиттөөгө уруксат берүүдөн баш тартуу баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө болууга тийиш.
4. Уруксаттардын реестри
24. Берилген уруксат жана транзиттөөгө уруксат Уруксаттардын реестрине (мындан ары - реестр) киргизилет.
25. Реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби ветеринария боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
26. Реестр берилген уруксаттардын бар экендигин жана алардын укуктук статусун ырастоочу расмий булак болуп саналат.
27. Реестр кагаз жүзүндө жана/же электрондук форматта жүргүзүлөт.
28. Реестрде камтылган жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо жеке маалыматтарды коргоо жана электрондук башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Корутунду жоболор
29. Уруксатты берүү, кайра тариздөө, транзиттөөгө уруксат берүү жана алардын дубликатын берүү үчүн мамлекеттик алым алынат, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилет.
30. Ветеринария боюнча мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн кызмат адамынын/кызмат адамдарынын уруксат берүүдөн баш тартуусуна, ошондой эле аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".