Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 528
Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө
Калкты адамдын жана жаныбарлардын жалпы ооруларынан сактоо, жаныбарлардын жугуштуу жана жапырт жугуштуу эмес ооруларын алдын алуу жана жоюу, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу продуктулардын ветеринардык-санитардык жактан коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ветеринардык-санитардык экспертизаны дайындоо эрежелери, 1-тиркемеге ылайык;
- Жаныбарлардан алынуучу иштетиле элек азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүргүзгөн өндүрүштүк объекттерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.
- Мамлекеттик ветеринардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) ташып келүүгө, ташып чыгууга жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттөөгө уруксат берүүнүн, ошондой эле мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөргө (товарларга) карата транзиттик өлкөлөргө уруксат суроонун тартиби 3-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 657 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
М.Абулгазиев |
1-тиркеме
|
|
|
Ветеринардык-санитардык экспертизаны дайындоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул ветеринардык-санитардык экспертизаны дайындоо эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине ылайык иштелип чыккан, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоо циклинин бардык стадиясында алынган продуктулардын (чийки заттардын) пайдалануу коопсуздугун аныктоо максатында ветеринардык-санитардык экспертизаны өткөрүүнүн тартибин белгилейт.
2. Ушул Эрежелердин талаптары ветеринардык-санитардык контролдоого тийиш болгон жаныбарларды союу, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу продукцияларды (чийки заттарды) өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу иштерин жүргүзүүчү бардык субъекттерге карата колдонулат.
3. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
ветеринардык лаборатория - жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу продуктуларга (чийки заттарга) ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүчү лабораториялар;
ветеринардык-санитардык экспертиза - жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктуларга (чийки заттарга) алардын коопсуздугун аныктоочу атайын изилдөөлөрдүн комплекси;
лабораториялык изилдөөлөр - атайын бөлүнгөн жана жабдуулар менен талаптагыдай камсыз болгон (имарат, бөлмө ж.б.) жайда ар кандай ыкмалар менен (физикалык, химиялык, гравиметрикалык жана башка техникалык, биохимиялык, клиникалык, патологоанатомиялык, физиологиялык ж.б.) жүргүзүлүүчү изилдөөлөр;
органолептикалык изилдөөлөр - тамак-аш продуктуларын сезүү органдары аркылуу эч кандай атайын татаал приборлордун жардамысыз эле аларды бирдейлештирүү (идентификациялоо), союлган продуктуларды экспертизалоо жана продуктулардын сырткы көрүнүштөрүн аныктоо (формасы, түсү, сырткы көрүнүшү, бүтүндүүлүгү, таранын абалы, майлуулугу, жыты, даамы, ачыктыгы, жалтылдоо, көгөрүп кетиши, былжырлуулугу, сүрөттөрдүн үстүнөн жана кесилишинин көрүнүшү, башка нерселердин жоктугу ж.б., ушул касиеттердин айкалышы жана бул продуктуну биринчи кайра иштетүүдөгү касиетине дал келиши жана өзгөрүүлөрү).
4. Жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу продуктуларга (чийки заттарга) ветеринардык-санитардык экспертизаны органолептикалык жана/же лабораториялык изилдөөлөр боюнча аккредитацияланган ветеринардык лабораториялар өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде жүргүзөт.
5. Тамак-аш продукцияларын бирдейлештирүү жана ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келишине баа берүү максатында органолептикалык көрсөткүчтөрүнө карата ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүлөт. Лабораториялык изилдөөлөр продукциялардын микробиологиялык, химиялык жана башка гигиеналык коопсуздук талаптарына шайкеш келишине баа берүү максатында жүргүзүлөт. Ветеринардык-санитардык экспертизанын жыйынтыктары тамак-аштын коопсуздугун камсыз кылуу максатында опурталдуулугуна талдоо жүргүзүү үчүн пайдаланылат.
6. Жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынып кайра иштетилбеген тамак-аш продуктуларына, өндүрүш үчүн даярдалбаган тамак-аш продуктуларына ушул Эрежелерге ылайык ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүлөт.
7. Ветеринардык-санитардык экспертиза малды сойгонго чейин текшерүүнү жана мал союулгандан кийинки ветеринардык-санитардык экспертизаны камтыйт.
8. Мал союулгандан кийинки ветеринардык-санитардык экспертизанын жыйынтыгы менен малдын тушуна жана органдарына эн тамга коюлат.
9. Жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу продуктуларга (чийки заттарга) ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү үчүн продукциялардан сынамык алынат.
Продукциялардан алынган сынамыктар жана ага ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү натыйжалары эсепке алынат.
10. Продуктуларга жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык экспертизанын жыйынтыгы боюнча сыноо протоколу берилет.
Сыноо протоколу продукцияларды андан ары пайдаланууга, аны утилдештирүүгө жана/же жок кылууга, жана/же ветеринардык коштоочу документтерди (ветеринардык күбөлүк, ветеринардык сертификат, ветеринардык маалымкат, шайкештиги жөнүндө декларация) берүүгө негиз болот.
2-глава. Мамлекеттик ветеринардык чек ара контролун (көзөмөлүн) жүргүзүүдөгү ветеринардык-санитардык экспертиза
11. Товарларга (жүктөргө) ветеринардык-санитардык экспертиза дайындоо ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.
12. Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторунун токтому менен контролдо турган продуктулардын ушул тибин киргизүү шарттарында башкача белгиленбесе сынамык алуу, аларды лабораторияга алып келүү жана лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарга төлөө ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каралган чыгымдардын сметасынын чегинде мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
Товарлардын (жүктөрдүн) ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келбегендиги аныкталса бардык чыгымдар товардын (жүктүн) ээси тарабынан төлөнөт.
3-глава. Базарлардагы ветеринардык-санитардык экспертиза
13. Ветеринардык-санитардык экспертиза жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулардын (чийки заттардын) түрүнө жараша аларга органолептикалык жана лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү менен өткөрүлүшү мүмкүн.
14. Базарларда сатуу максатында өткөрүлгөн ветеринардык-санитардык экспертизаны жүргүзүү үчүн ветеринардык сертификациялоого жумшалуучу бардык чыгымдарды тамак-аш продуктуларынын ээси төлөйт.
4-глава. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү (контролду) ишке ашыруу максатындагы ветеринардык-санитардык экспертиза
15. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдө (контролдо) турган продуктуларга ветеринардык-санитардык экспертиза дайындоо ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан жүргүзүлөт.
16. Тамак-аш продукцияларын иштеп чыгуу (түзүү) стадиясында тамак-аш продукциясынын ченемдик-техникалык документтерине жана/же тажрыйбалуу үлгүлөрүнүн долбоорлоруна ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүлөт.
17. Сынамык алуу, аларды лабораторияга ташуу жана ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каралган чыгымдардын сметасынын чегинде мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
18. Эгерде мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн (контролдун) алкагында иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө даана бузулуу белгилери бар же белгиленген талаптарга шайкеш келбеген башка контролдо турган продукция аныкталса, бул белгилер документтештирилет. Бул учурда продукцияларды жүгүртүү ветеринардык-санитардык экспертизанын корутундусу алынганга чейин токтотулат.
5-глава. Ветеринардык-санитардык экспертизаны кайра өткөрүү
19. Тамак-аш продуктуларынын коопсуздугун аныктоо боюнча аларга ветеринардык-санитардык экспертизаны кайра өткөрүү төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- даана сапатсыз белгилери (бузулуу, чирүү, булгануу) аныкталса;
- ветеринардык документтин жарактуулук мөөнөтү өтсө;
- тамак-аш продукцияларын сактоо, ташуу жана/же сатуу шарттары бузулса;
- өндүрүлгөн тамак-аш продуктуларын жүгүрткөн жана утилдештирген объект жайгашкан аймакта (зонада) жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ооруларынын очогу чыкса.
20. Экспорттолуучу продукциялардын контролдо турган продукцияларга карата импорттоочу өлкөнүн талабына шайкеш келүүсүн текшерүү максатында, эгерде бул продукцияга карата мурун Кыргыз Республикасынын гана ченемдерине жана талаптарына шайкеш келишине ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүлсө, ал эми импорттоочу өлкөнүн талабы өтө катуу болсо, же Кыргыз Республикасында ветеринардык-санитардык экспертизанын жүрүшүндө аныкталуучу көрсөткүчтөрдүн тизмеси боюнча башкача болсо, ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кайрадан ветеринардык-санитардык экспертиза дайындалат.
21. Кайрадан ветеринардык-санитардык экспертиза контролдо турган тамак-аш продукциясынын ээсинин каалоосу боюнча каалаган убакытта, ар кандай себептер боюнча, анын ичинде төмөнкү максаттарда дайындалышы мүмкүн:
- мурун өткөрүлгөн ветеринардык-санитардык экспертизанын жыйынтыгына макул болбоо;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жол берсе, контролдо турган продукциялардын партиясынын жарактуулук мөөнөтүн узартуу;
- тамак-аш продукцияларынын шайкештик декларациясынын жол-жоболорун ишке ашырууда;
- тамак-аш продуктуларынын арналышын өзгөртүү.
22. Эгерде продукциянын ээсинин каалоосу боюнча кайрадан ветеринардык-санитардык экспертиза дайындалса же кайрадан ветеринардык-санитардык экспертизанын бузулгандыгынын даана белгилери бар же белгиленген талаптарга башкача шайкеш келбеген продукцияларга карата болсо продукция ээси аны жүргүзүү менен байланышкан бардык чыгымдарды көтөрөт.
23. Калган учурларда сынамык алуу, аларды лабораторияга ташуу жана кайрадан ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар ушул максаттар үчүн ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каралган чыгымдар сметасынын чегинде мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
| 3-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 токтомуна) |
Мамлекеттик ветеринардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) ташып келүүгө, ташып чыгууга жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттөөгө уруксат берүүнүн, ошондой эле мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөргө (товарларга) карата
транзиттик өлкөлөргө уруксат суроонун тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 657 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип мамлекеттик ветеринардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) ташып келүүгө, ташып чыгууга жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттөөгө уруксат берүүнүн, ошондой эле мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөргө (товарларга) карата транзиттик өлкөлөргө уруксат суроонун эрежелерин аныктайт.
2. Ушул Тартиптин талаптары уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, жарандар, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдөн мамлекеттик ветеринардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн контролундагы товарларды транспорттун жана жөнөтүүлөрдүн бардык түрлөрү менен ташып келүүнү (импорттоону), ташып чыгууну (экспорттоону) жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөнү жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер тарабынан аткарылышы үчүн милдеттүү болуп саналат, буга эл аралык келишимдерде жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда каралган учурлар кирбейт.
3. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
календардык жыл - жылдын 1-январынан башталып жана 31-декабрда аяктоочу убакыт аралыгы;
контролдогу товарлар (продукция) - Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 317 "Евразия экономикалык бирлигинде ветеринардык-санитардык чараларды колдонуу жөнүндө" чечими менен бекитилген Товарлардын бирдиктүү тизмесине киргизилген товарлар;
контролдогу товарларды ташып келүүгө (ташып чыгууга) же транзиттөөгө уруксат - контролдогу товарларды ташып келүүдө (ташып чыгууда) жана транзиттөөдө экспорттоочу өлкөлөрдүн эпизоотиялык абалына жараша контролдогу товарларды пайдалануунун тартибин жана шарттарын аныктаган документ (кагаз же электрондук формада);
эпизоотиялык абал - жаныбарлардын ылаңдарынын болушу, алардын таралышы жана ылаңдоо деңгээли менен мүнөздөлүүчү белгилүү бир аймакта конкреттүү көрсөтүлгөн мезгилдеги ветеринардык-санитардык абал.
4. Контролдогу товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттөөгө уруксат, ошондой эле уруксат суроо (мындан ары - уруксат) "Ветеринария жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге жана Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугун түзгөн актыларга ылайык өлкөнүн эпизоотиялык абалын эске алып жана милдеттүү ветеринардык контролдон өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору тарабынан берилет.
5. Экспорттоочу контролдогу товарларды ташып чыгууда импорттоочу өлкөнүн ветеринардык мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.
6. Контролдогу товарды импорттоочу, экспорттоочу тарабынан ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары белгиленгенде, анын ичинде жалган жана/же жасалма документтерди көрсөтүү фактылары аныкталганда, контролдогу товар көрсөтүлгөн документтерге ылайык келбегенде же экспорттоочу/импорттоочу өлкөнүн эпизоотиялык абалы өзгөргөн учурларда Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору мурда берилген уруксатты колдонуу мөөнөтүнүн ичинде кайра чакыртып алат.
2. Мамлекеттик ветеринардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксатты, ошондой эле мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөргө (товарларга) карата транзиттик өлкөлөргө уруксат суроону тариздөө жана берүү тартиби
7. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасына ташып келүүгө, Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга уруксат ветеринардык сертификат, ветеринардык күбөлүк сыяктуу алып өтүлүүчү контролдогу товарларга ветеринардык коштоочу документ берүү үчүн негиз болуп саналат.
8. Юридикалык жана жеке жактар алып өтүүнүн болжолдуу башталышына чейин контролдогу товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксат алуу жана ветеринариялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу жана ветеринария, жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органга (мындан ары - ветеринария боюнча мамлекеттик орган) уруксат алуу үчүн анын электрондук почтасынын дарегине төмөнкүдөй документтерди берет же жиберет:
- ветеринария боюнча мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча арыз;
- инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (жеке жак үчүн);
- жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген форма боюнча жеке адамдын жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугу (жеке жактар үчүн);
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (юридикалык жак үчүн);
- асыл тукум жаныбарды же асыл тукум продукцияны импорттоодо/экспорттоодо ар бир жаныбарга экспорттоочу өлкөнүн тиешелүү органы тарабынан берилген асыл тукум күбөлүгүнүн же ага эквиваленттүү документтин көчүрмөсү;
- ветеринардык лабораториялык изилдөөлөрдүн корутундусу (ташып чыгууда (экспорттоодо);
- экспорттоочу менен импорттоочунун ортосундагы келишим (контракт) же ага эквиваленттүү документ;
- импорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген уруксаттын же ага эквиваленттүү документтин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана котормосу (уруксат суроону алуу үчүн);
- арызды кароо жана уруксат берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү.
Контролдогу товарларды ташып келүүгө же ташып чыгууга уруксат алуу жана уруксат суроо зарыл болгон учурда бир эле учурда бир арыз берилет. Мында уруксаттын ар бир түрүнө өзүнчө мамлекеттик алым алынат.
Арыз ээси берген бардык документтер ветеринария боюнча мамлекеттик органда катталат.
9. Ветеринария боюнча мамлекеттик орган документтердин толуктугун текшерет, карайт, талдайт жана уруксат берүү (берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн аларды Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторуна киргизет.
10. Документтерди кароо жана уруксат берүү (берүүдөн баш тартуу) мөөнөтү 10 жумуш күндөн ашпоого тийиш.
11. Контролдогу товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксат берүү (берүүдөн баш тартуу) жана уруксат суроо ветеринария боюнча мамлекеттик органдын бланкына жүйөлүү жооп түрүндө эки нускада таризделет жана ага Кыргыз Республикасынын Башкы ветеринардык инспектору кол коёт.
Уруксаттын бир нускасы арыз ээсине берилет, экинчи нускасы арыз жана тиркелген документтер менен бирге ветеринария боюнча мамлекеттик органда сакталат.
12. Контролдогу товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксат жана уруксат суроо бланкы так отчеттуулук документи болуп саналат жана үчтөн кем эмес коргоо даражасына ээ, анын ичинде:
- түсү;
- суу белгилери;
- бланктын катар номери (сегиз араб цифрасынан турган сан).
13. Контролдогу товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксатта жана уруксат суроодо төмөнкүлөр камтылышы керек:
- арыз ээсинин аты-жөнү/юридикалык жактын аталышы;
- арыз ээсинин идентификациялык салык номери (ИСН)/идентификациялык жеке номери (ИЖН);
- контролдогу товарлардын аталышы жана саны;
- импорттоочу жана экспорттоочу өлкөнүн аталышы жана контролдогу товар чыгарылган жер;
- контролдогу товардын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын коду (ТЭИ ТН);
- ташуунун түрү;
- контролдогу товарды алып өтүүчү мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пунктун көрсөтүү менен контролдогу товардын жүрүү маршруту;
- жеткирүү жана кабыл алуу пунктунун дареги;
- ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо шарттары;
- контролдогу товарды импорттоо/экспорттоо максаты;
- алып өтүүчү (ташылуучу) контролдогу товарды ташып чыгуу мөөнөтү (уруксат суроодо);
- уруксаттын колдонуу мөөнөтү.
14. Контролдогу товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксат жана уруксат суроо бир календардык жылдан ашпаган мөөнөткө жана уруксатта аныкталган көлөмдө берилет.
15. Контролдогу товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксат берүүдөн жана уруксат суроодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
- субъекттердин бул категориясы үчүн иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууга мыйзамдарда каралган тыюу салуу болгондо;
- арыз ээсине иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечими болгондо;
- арыз ээси так эмес же толук эмес маалымат бергенде;
- уруксатты кароо жана берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнбөгөндө;
- арыз ээси Уюмдардын жана жактардын реестринде жок болгондо;
- арыз ээсинин документтери "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Тартипте белгиленген талаптарга ылайык келбегенде.
16. Контролдогу товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксатты жана уруксат суроону кайра тариздөө, уруксат берүү жөнүндө арызга тиркелүүчү көрсөтүлгөн документтердеги маалыматтарды өзгөртүү, ошондой эле уруксаттын дубликатын берүү "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Мамлекеттик ветеринардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттөөгө уруксатты тариздөө жана берүү тартиби
17. Мамлекеттик ветеринардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттөөгө уруксат берүү (мындан ары - транзиттөөгө уруксат), Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөгө уруксат берүү жөнүндө импорттоочу өлкөнүн же экспорттоочу өлкөнүн ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде жүзөгө ашырылат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- арыз ээсинин аталышы жана ведомство тарабынан берилген анын эсептик номери (ИСН);
- алынып өтүүчү (ташылуучу) контролдогу товардын аталышы, анын саны (өлчөө бирдиги);
- импорттоочу (экспорттоочу) өлкөнүн аталышы жана контролдогу товар чыгарылган жер;
- контролдогу товарды ташуунун түрү;
- контролдогу товарды алып өтүү болжолдонгон мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пунктун көрсөтүү менен контролдогу товардын жүрүү маршруту;
- контролдогу товарды алып өтүүнүн (ташуунун) мөөнөтү;
- контролдогу товарды импорттоонун/экспорттоонун/транзиттөөнүн максаты.
Транзиттөөгө уруксат алуу үчүн төмөнкүдөй документтер зарыл:
- ветеринардык лабораториялык изилдөөлөрдүн корутундусу;
- экспорттоочу менен импорттоочунун ортосундагы келишим (контракт) же ага эквиваленттүү документ;
- асыл тукум жаныбарды же асыл тукум продукцияны импорттоодо/экспорттоодо ар бир жаныбарга экспорттоочу өлкөнүн тиешелүү органы тарабынан берилген асыл тукум күбөлүгүнүн же ага эквиваленттүү документтин көчүрмөсү;
- арызды кароо жана уруксат берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү.
18. Документтерди кароо жана транзиттөөгө уруксат берүү (берүүдөн баш тартуу) мөөнөтү 10 жумуш күндөн ашпоого тийиш.
19. Транзиттөөгө уруксат ветеринария боюнча мамлекеттик органдын бланкына жүйөлүү жооп түрүндө эки нускада таризделет жана ага Кыргыз Республикасынын Башкы ветеринардык инспектору кол коёт.
Транзиттөөгө уруксаттын бир нускасы арыз ээсине берилет, экинчи нускасы арыз жана тиркелген документтер менен бирге ветеринария боюнча мамлекеттик органда сакталат.
20. Транзиттөөгө уруксаттын бланкы ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
21. Транзиттөөгө уруксатта төмөнкүлөр камтылышы керек:
- арыз ээсинин аты-жөнү/юридикалык жактын аталышы;
- арыз ээсинин аталышы жана ведомство тарабынан берилген анын эсептик номери (ИСН);
- алынып өтүүчү (ташылуучу) контролдогу товардын аталышы, анын саны (өлчөө бирдиги);
- импорттоочу (экспорттоочу) өлкөнүн аталышы жана контролдогу товар чыгарылган жер;
- контролдогу товарды ташуунун түрү;
- контролдогу товарды алып өтүү болжолдонгон мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пунктун көрсөтүү менен контролдогу товардын жүрүү маршруту;
- контролдогу товарды алып өтүүнүн (ташуунун) мөөнөтү;
- контролдогу товарды импорттоонун/экспорттоонун/транзиттөөнүн максаты;
- транзиттөөгө уруксаттын колдонуу мөөнөтү.
22. Транзиттөөгө уруксат берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
- эпизоотиялык абалдын начардыгына байланыштуу экспорттоочу/импорттоочу өлкөгө карата карантиндик жана/же башка чектөө иш-чаралары киргизилсе;
- эгерде арыз ээси берген документтер ушул Тартиптин 19-пунктунун талаптарына ылайык келбесе;
- уруксатты кароо жана берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнбөсө.
23. Транзиттөөгө уруксат берүүдөн баш тартуу баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө болууга тийиш.
4. Уруксаттардын реестри
24. Берилген уруксат жана транзиттөөгө уруксат Уруксаттардын реестрине (мындан ары - реестр) киргизилет.
25. Реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби ветеринария боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
26. Реестр берилген уруксаттардын бар экендигин жана алардын укуктук статусун ырастоочу расмий булак болуп саналат.
27. Реестр кагаз жүзүндө жана/же электрондук форматта жүргүзүлөт.
28. Реестрде камтылган жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо жеке маалыматтарды коргоо жана электрондук башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Корутунду жоболор
29. Уруксатты берүү, кайра тариздөө, транзиттөөгө уруксат берүү жана алардын дубликатын берүү үчүн мамлекеттик алым алынат, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилет.
30. Ветеринария боюнча мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн кызмат адамынын/кызмат адамдарынын уруксат берүүдөн баш тартуусуна, ошондой эле аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.