Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-январы № 37
Социалдык чөйрөдө тамактануу ченемдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринин тамактануу ченемдерин этап-этабы менен жогорулатуу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
1) 2-пунктта "60" деген цифралар "90" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) 2-1-пунктта "30" деген цифралар "60" деген цифраларга алмаштырылсын;
3) 4-пунктта "110" деген цифралар "165" деген цифраларга алмаштырылсын;
4) 5-пунктта "110" деген цифралар "213" деген цифраларга алмаштырылсын;
5) 7-пунктта:
- "50" деген цифралар "100" деген цифраларга алмаштырылсын;
- "110" деген цифралар "160" деген цифраларга алмаштырылсын;
6) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
8 | Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы үчүн | 213 |
Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжи үчүн | 489 |
";
7) 9-пунктта "18" деген цифралар "60" деген цифраларга алмаштырылсын;
8) 10-пунктта "83", "55" деген цифралар "150", "120" деген цифраларга алмаштырылсын;
9) 11-пунктта "68", "90", "109", "83", "250", "210," "120", "145" деген цифралар "150", "150", "300", "150", "489", "250," "160", "185" деген цифраларга алмаштырылсын;
10) 14-пункттун бүткүл тексти боюнча "200" деген цифралар "220" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 532 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу" 26653 ведомстволук классификациясы боюнча социалдык чөйрөдөгү мекемелердин тамактануу ченемдерин жогорулатууга каралган бюджеттик ассигнованиелерден тиешелүү каражаттарды бөлүп берсин.
4. Министрликтер жана ведомстволор, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 02-февралындагы № 9 (3562) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |