Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2020-жылдын 30-октябры № 527
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматты топтоо жана алмашуу тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын коркунучуна жана келип чыгуусуна тиешелүү маселелерди ыкчам чечүү максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматты топтоо жана алмашуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 27-ноябрындагы N 97 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Жапаров |