Загрузка документа…
|
| КРнын ФМне караштуу МСКнын 2023-жылдын 16-октябрындагы №277 буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси
№
| Мамлекеттик органдын/ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары (ыйгарым укуктары)
| Коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдик категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (нөл, төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүктүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупция тобокелдигине кабылган кызматтар | Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (эгер болсо, кайсынысында көрсөтүлсүн) | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | ||
КООРДИНАЦИЯЛОО ЖАНА КОНТРОЛДОО ФУНКЦИЯЛАРЫ | |||||||||
1
| Текшерүүлөрдү жүргүзүү: 1)камералдык (салыктар жана салыктык эмес кирешелер боюнча);
2) көчмө (салыктар жана салыктык эмес кирешелер боюнча);
3) камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү жана төлөө боюнча пландык, пландан тышкаркы текшерүүлөр жана кайра текшерүүлөр (чарбанын каты боюнча же укук коргоо органдарынын токтому боюнча).
| Кийин сүйлөшүп алуу үчүн камералдык текшерүүнүн натыйжалары менен ишкердик субъекттерине кысым көрсөтүү. Салык түзүүчү көрсөткүчтөрдү жана салык милдеттенмелеринин суммаларын азайтуу.
Көчмө текшерүү жүргүзүүдө салык төлөөчү менен салык кызматынын кызматкерлеринин белгилүү сый акы үчүн салык түзүүчү көрсөткүчтөрдү жана салык милдеттенмелеринин суммаларын азайтуу жөнүндө сүйлөшүүлөрү мүмкүн.
Белгилүү бир көйгөйлүү мезгилди жабуу. Текшерилип жаткан мезгилде салык милдеттенмелеринин суммаларын төмөндөтүү же КНС боюнча шектүү эсеп-фактураларды эсепке алуу менен байланышкан салык төлөөчүгө белгилүү көйгөйлөр бар болсо, ишкананын жетекчиси менен салык кызматынын жетекчилиги, пландаштырылган оң натыйжа менен “келишимдик текшерүү” жөнүндө тил табышып кетүү коркунучу бар. Текшерүү бөлүмүнүн кызматкерлери боюнча салык текшерүү субъекттеринин бөлүштүрүү. Салык кызматынын кызматкерин текшерүүгө дайындоо чечими текшерүүлөр планынын эки бөлүгүнүн негизинде МСКнын жетекчиси же жетекчисинин орун басары же аймактык МСКнын тарабынан кабыл алынат (Кызматтык колдонуу үчүн жарыяланган). Конкреттүү ишкердик субъектин текшерүү үчүн салык кызматынын конкреттүү кызматкерин дайындоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун жол-жобосу салык кызматынын ички документтеринде так аныкталган эмес. Ошентип, чечим көбүнчө МСКнын же аймактык МСКнын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан жеке кабыл алынат.
Камсыздандыруу төгүмдөрү, финансылык санкциялар жана туумдар боюнча милдеттенмелерди төмөндөтүү.
| Потенциалдуу
Потенциалдуу
Потенциалдуу
| Жогорку
Жогорку
Жогорку
| МСКнынБАнын текшерүүлөр башкармалыгы, МСКнын аймактык башкармалыктарынын текшерүүлөр бөлүмдөрү, МСКнын аймактык башкармалыктарынын карызды өндүрүү жана текшерүү бөлүмдөрү, МСКнын аймактык башкармалыктарынын атайын салык режимдери боюнча бөлүмдөрү, МСКнын аймактык башкармалыктарынын талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмдөрү,
МСКнын БАнын текшерүүлөр башкармалыгы, МСКнын аймактык башкармалыктарынын текшерүүлөр бөлүмдөрү, МСКнын аймактык башкармалыктарынын карызды өндүрүү жана текшерүү бөлүмдөрү, МСКнын аймактык башкармалыктарынын атайын салык режимдери боюнча бөлүмдөрү, МСКнын аймактык башкармалыктарынын талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмдөрү,
МСКнын БАнын текшерүүлөр башкармалыгы, МСКнын аймактык башкармалыктарынын текшерүүлөр бөлүмдөрү, МСКнын аймактык башкармалыктарынын карызды өндүрүү жана текшерүү бөлүмдөрү, МСКнын аймактык башкармалыктарынын атайын салык режимдери боюнча бөлүмдөрү, МСКнын аймактык башкармалыктарынын талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмдөрү. | - башкармалыктын начальниги; - башкармалыктын начальнигинин орун басары; - бөлүмдүн башчысы; - башкы инспектор; - улук инспектор; - инспектор.
- башкармалыктын начальниги; - башкармалыктын начальнигинин орун басары; - бөлүмдүн башчысы; - башкы инспектор; - улук инспектор; - инспектор.
- башкармалыктын начальниги; - башкармалыктын начальнигинин орун басары; - бөлүмдүн башчысы; - башкы инспектор; - улук инспектор; - инспектор.
| Жок
Жок
жок
| ||
2
| 1) рейддик салык контролун жүргүзүү; Контролдук сатып алууну жүргүзүү;
2) салык постун коюу; | 1) салык мыйзамдарынын табылган бузууларын жашыруу. Салык мыйзамдарын жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарды бузууларды жашыруу коркунучу бар: -ККМди, анын ичинде ККМ-онлайн колдонуунун бузулушу; - кассалык чекти бербөө; - товарлардын акциздик топторуна акциздик маркаларды пайдалануудагы бузуулар; - сатылып жаткан товарларга баалардын жоктугу; - жалданган кызматкерлер менен эмгек келишимдеринин жоктугу ж. б.); - салыктык каттоодон өткөндүгү жана тиешелүү салыктар менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө ырастоочу документтердин жоктугу.
Текшерүүчү инспектор менен текшерилүүчү ишкер субъектинин түз байланышы.
2) салык постун белгилөөдө салык кызматынын органынын кызматкери тарабынан түшкөн акчанын, өндүрүштүн жана/же сатуунун иш жүзүндөгү көлөмүн азайтуу. Табылган салык мыйзамдарын бузууларды жашыруу Текшерүүчү инспектор менен текшерилүүчү ишкер субъектинин түз байланышы. Ишкердик субъектинин салыктык базасын, милдеттемелерин минималдаштыруу жолу аркылуу, кетирилген бузуу үчүн административдик жоопко тартылбастан, салык органынын кызматкери менен ишкердик субъектинин ортосунда материалдык пайда алуу аркылуу, алдын ала сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү бар | Потенциалдуу
Потенциалдуу
| Жогорку
Жогорку
| МСКнын БАнын Атайын салыктык режимдер боюнча контролдоо башкармалыгы, Товарларды жана ККМди көзөмөлдөө механизмин киргизүү боюнча контролдоо башкармалыгы, МСКнын аймактык башкармалыктарынын атайын салык режимдери боюнча бөлүмдөрү, карызды өндүрүү жана текшерүү бөлүмдөрү.
МСКнын БАнын Атайын салыктык режимдер боюнча контролдоо башкармалыгы, Товарларды жана ККМди көзөмөлдөө механизмин киргизүү боюнча контролдоо башкармалыгы, МСКнын аймактык башкармалыктарынын атайын салык режимдери боюнча бөлүмдөрү, карызды өндүрүү жана текшерүү бөлүмдөрү. | - башкармалыктын начальниги; - башкармалыктын начальнигинин орун басары; - бөлүмдүн башчысы; - башкы инспектор; - улук инспектор; - инспектор.
- башкармалыктын начальниги; - башкармалыктын начальнигинин орун басары; - бөлүмдүн башчысы; - башкы инспектор; - улук инспектор; - инспектор.
| Жок
Жок
| ||
3 | Соода (СБК, СБ,базарлар, мини-базарлар ж.б.) жана кызмат көрсөтүү (ТТС, чач тарач, тигүү цехтери ж. б.) чөйрөсүндө ишкердик же эмгектик иш жүргүзгөн ишкердик субъекттерин башкаруу.
| Ишкер субъектинин патент алуудан атайылап баш тартуусу. Ишкердик субъекти салык инспектору-кураторго “белгиленип”, ишин, салыктарды жана/же камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөстөн (патент, камсыздандыруу полисин сатып албастан) жүргүзө алат.
Салык төлөөчүлөрдүн санын жашыруу. Салык кызматкерлери ишкерлерге патент же камсыздандыруу полисин берүүдө “белгилүү сумманы” алып, патент/камсыздандыруу полисин жазышпайт. Мында,” белгилүү сумма “ патенттин же камсыздандыруу полисинин наркынан (орточо 40-30% га) аз суммада кабыл алынат, бул ишкерлерди экономикалык жактан кызыктырууга мүмкүндүк берет.
Ишкердик Субъекттердин МСКнын кызматкерлери арасында кураторлугун бөлүштүрүү. Функционалдык милдеттерди жана кураторлукту бөлүштүрүү түздөн-түз бөлүмдүн башчысы тарабынан жүргүзүлөт. Бөлүмдүн башчысы менен салык инспекторунун ортосунда белгилүү бир сый акы үчүн кыйла престиждүү СБКтерге же ишкердик субъекттерге кураторлукка дайындоо жөнүндө сүйлөшүп алуу мүмкүн.
салык жана социалдык камсыздандыруу мыйзамдарынын табылган бузууларын жашыруу. Белгилүү сый акы үчүн салык мыйзамдарын жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарды бузууларды жашыруу максатында, ишкердик субъекти менен салык кызматынын органынын куратор-кызматкеринин ортосунда төмөнкү учурларда сүйлөшүп алуу коркунучу бар: - кассалык тартипти бузуу жана ККМди, анын ичинде онлайн ККМди колдонуу; - товарлардын акциздик топторуна акциздик маркаларды пайдалануудагы бузуулар; - сатылып жаткан товарларга баалардын жоктугу; - жалданган кызматкерлер менен эмгек келишимдеринин жоктугу; - салыктык каттоодон өткөндүгү жана тиешелүү салыктардын (анын ичинде ыктыярдуу патенттин), ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгү жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтердин жоктугу; - патенттин суммасын же камсыздандыруу төгүмдөрүн алардын иш жүзүндөгү бекитилген ставкасын атайылап төмөндөтүү менен төлөө. | Потенциалдуу
Потенциалдуу
Потенциалдуу
Ситуациялык | Орто
Төмөн
Төмөн
Жогорку
| МСКнын аймактык башкармалыктарынын атайын салык режимдери боюнча бөлүмдөрү, карызды өндүрүү жана текшерүү бөлүмдөрү.
МСКнын аймактык башкармалыктарынын атайын салык режимдери боюнча бөлүмдөрү, карызды өндүрүү жана текшерүү бөлүмдөрү.
МСКнын аймактык башкармалыктарынын атайын салык режимдери боюнча бөлүмдөрү,
МСКнын аймактык башкармалыктарынын атайын салык режимдери боюнча бөлүмдөрү,
| -бөлүмдүн башчысы; - башкы инспектор; - улук инспектор; - инспектор.
-бөлүмдүн башчысы; - башкы инспектор; - улук инспектор; - инспектор.
-бөлүмдүн башчысы; - башкы инспектор; - улук инспектор; - инспектор.
- бөлүмдүн башчысы; - башкы инспектор; - улук инспектор; - инспектор.
| Жок
Жок
Жок
Жок
| ||
4 | Салык төлөөчүлөрдү тейлөө; 1) - салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча отчетторду кабыл алуу; 2) - маалымкаттарды, патенттерди берүү; 3) - камсыздандыруу полистерин, ФДЧ квитанцияларын жазуу; 4) - салык төлөөчүлөрдү каттоо | - кезексиз тейлөө; - салык отчетун жана/же эсептешүү ведомостторун өз убагында бербегенде жоопкерчиликке тартпоо - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу, салык/камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө, же патенттин/камсыздандыруу полисинин колдонуу мөөнөтүн узартуу; - салык кызматы органынын маалымкаттарын берүү мөөнөтүн тездетүү, салык төлөөчүнү каттоо ж. б. у. с.; - иш жүзүндө бекитилген ставканы төмөндөтүү менен патенттерди же камсыздандыруу полистерин берүү.
| Кырдаалдык
| Жогорку
| 1) МСКнын аймактык салык башкармалыктарындагы салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмү 2) Бишкек жана Ош шаарларынын Ишкерлерди тейлөө борборлору 3) салык төлөөчүлөрдү сервистик тейлөө борборлору 4) патент берүү пункттары
| Салык төлөөчүлөрдү тейлөөдө, негизинен “бирдиктүү терезеде” иштеген кызматкерлер | Жок
| ||
5 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген же ээлеп турган жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI – 155) изилдөөнү жана талдоону (текшерүүнү) жүргүзүү | Жашыруу: - мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин, активдерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө салык мыйзамдарынын нормаларын бузуулар табылганда; - декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтар ылайык келбегенде (толук эмес, анык эмес). Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларын иликтөөнү жана талдоону (текшерүүнү) жүргүзүүдө салык кызматынын кызматкери белгилүү бир сый акы үчүн жашырып коюу, декларациялоо жөнүндө салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу (декларацияны өз убагында бербөө же бербөө), декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык келбөө (толук эмес, анык эмес) тобокелдиги бар. | Кырдаалдык | Орто | МСКнын БАнын декларациялоо башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларын талдоо бөлүмү, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларын иликтөө жана талдоо (текшерүү) боюнча функциялар жүктөлгөн, аймактык МСКнын жооптуу кызматкерлери. | - Башкармалыктын начальниги; - Башкармалыктын начальнигинин орун басары; - бөлүмдүн башчысы; - башкы инспектор; - улук инспектор; - инспектор.
(МСКнын БАнын кызматкерлери мыйзам бузуулар же дал келбестиктер табылган учурда саясий же жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан кысымга алынышы мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек.) | Жок
| ||
6 | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында катталгандыгын текшерүү боюнча рейддик контроль
| Белгилүү сый акы үчүн салык мыйзамдарын жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарды бузууларды жашыруу максатында ишкердик субъекти менен салык кызматынын органынын куратор-кызматкеринин ортосунда сүйлөшүп алуу коркунучу бар
| Кырдаалдык | Төмөн | КР ФМ караштуу МСКнын аймактык башкармалыктарынын бөлүмдөрү | Башкармалыктын начальниги; - Башкармалыктын начальнигинин орун басары; - бөлүмдүн башчысы; - башкы инспектор; - улук инспектор; - инспектор.
| Жок
| ||
7 | Бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча материалдарды даярдоо | Салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартпоо. Салык инспектору белгилүү бир сый акы үчүн аныкталган мыйзам бузууларды жашыра алат жана мыйзам бузуу үчүн айып пулду колдонбой кое алат | Кырдаалдык | Орто | МСКнын аймактык башкармалыктарынын карызды өндүрүү боюнча бөлүмдөрү, салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча бөлүмдөрү, атайын салык режимдери боюнча бөлүмдөрү, Салык төлөөчүлөрдү издөө боюнча бөлүмдөр жана секторлор, Текшерүү бөлүмдөрү жана секторлору | -бөлүмдүн башчысы; - башкы инспектор; - улук инспектор; - инспектор. | Жок
| ||
8 | Жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча кызматтык териштирүүлөрдү жана текшерүүлөрдү жүргүзүү. Эмгек тартибин, формалык кийим кийүү эрежелерин, мамлекеттик кызматчынын этикасынын ченемдерин сактоону текшерүү. | Кызматтык жүрүш-турушту, Кыргыз Республикасынын Салык жана башка мыйзамдарынын ченемдерин, ички буйруктарды, жоболорду, регламенттерди бузуу, кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу, мамлекеттик кызматчынын этикасын сактабоо фактыларын жашыруу. Текшерүү жүргүзүлүп жаткан кызматкер менен текшерүү же кызматтык териштирүү жүргүзүп жаткан кызматкердин сүйлөшүп алышы мүмкүн. | Кырдаалдык | Орто | МСКнын БАнын өздүк коопсуздук башкамалыгынын кызматтык териштирүү жана өздүк коопсуздук бөлүмү
| - Башкармалыктын начальниги; - Бөлүмдүн башчысы; - Башкы инспектор: - Улук инспектор; - Инспектор;
| Жок
| ||
КОЛДОО ФУНКЦИЯЛАРЫ | |||||||||
9 | Соттук отурумдарга катышуу
| Соттук ишти кароодо салык төлөөчүнүн кызыкчылыгын көздөө. Сот инстанциясынын жана салык кызматынын кызматкери менен салык төлөөчүнүн ортосунда белгилүү бир материалдык сый акы үчүн сүйлөшүп алуу ыктымалдуулугу бар.
| Кырдаалдык | Төмөн | МСКнын БАнын укуктук колдоо башкармалыгы,
МСКнын аймактык башкармалыктарынын укук суроолору боюнча башкы адистери. | - Башкармалыктын начальниги; - Бөлүмдүн начальниги; - Башкы инспектор: - Улук инспектор; - Инспектор; КР ФМ караштуу МСКнын БАнын укуктук колдоо башкармалыгы
МСКнын аймактык башкармалыгынын укуктук суроолор боюнча секторунун башчысы; Укуктук суроолор боюнча башкы адистер, жетектөөчү адистер жана адистер. | Жок
| ||
10
| Салыктарды чегерүүнүн жана кайра кайтаруунун жана/же КНСтин ордун толтуруунун тууралыгын контролдоо ;
1) КНС боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүү, салыктарды кайра кайтаруу жана / же КНСтин ордун толтуруу боюнча оң же терс чечимдерди кабыл алуу
2) Салыктардын башка түрлөрү боюнча
| Салык төлөөчүнүн кызыкчылыктарын көздөө, салыктарды эсепке алууда жана кайтарууда жана/же КНСти кайтарууда аймактык орган тарабынан кетирилген каталарга көз жумуп коюу мүмкүнчүлүгү
Салык төлөөчүнүн жана салык органынын кызмат адамынын ортосунда сүйлөшүп алуу болушу мүмкүн; 1) КНСтин ашып кеткен суммаларын кайтарып берүү / ордун толтуруу жөнүндө чечим чыгарууда КНС боюнча иликтөө жүргүзүүдө жана камералык текшерүүдө
2 Салык түзүүчү көрсөткүчтөрдү, же камсыздандыруу төгүмдөрү, финансылык санкциялар жана туумдар боюнча милдеттенмелерди төмөндөтүү максатында жакынкы байланышта сүйлөшүп алуу мүмкүндүгү. | Кырдаалдык
Кырдаалдык
Кырдаалдык | төмөн
Жогорку
Жогорку
| 1)МСКнын ЦАнын салыктарды эсепке алууну жана кайра кайтарууну контролдоо бөлүмү;
МСКнын аймактык башкармалыктарынын бөлүмдөрү; - текшерүү бөлүмү; - салыктык контроль жана карызды өндүрүү бөлүмү; - салыктарды чегерүү жана кайра кайтаруу бөлүмү.
МСКнын аймактык башкармалыктарынын бөлүмдөрү; - текшерүү бөлүмү; - салыктык контроль жана карызды өндүрүү бөлүмү; - салыктарды чегерүү жана кайтаруу бөлүмү | - бөлүм башчы; - башкы инспектор; - улук инспектор; - инспектор.
1)- бөлүмдүн башчысы; - башкы инспектор; - улук инспектор; - инспектор
2)- бөлүмдүн башчысы; - башкы инспектор; - улук инспектор; - инспектор | Жок
Жок
Жок
| ||
11 | Салык төлөөчүнүн даттануусун кароо жана чечим кабыл алуу (апелляция) | Салык төлөөчүнүн кызыкчылыктарын көздөө Салык төлөөчүнүн кызыкчылыгында маселени оң чечүү максатында түздөн-түз байланышта сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Орто | МСКнын БАнын төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароо бөлүмү | МСКнын БАнын төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароо бөлүмү - Бөлүмдүн начальниги; - Башкы инспектор: - Улук инспектор; - Инспектор; | Жок
| ||
12 | КР ФМ караштуу МСКнын муктаждыктары үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурстарды өткөрүү жана келишимдерди түзүү | Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн биринин кызыкчылыгын көздөө (мамлекеттик сатып алуулар боюнча). Конкурстун (тендердин) катышуучуларынын конкурстук комиссиянын (Мамлекеттик сатып алуулар боюнча) мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү бар. | Потенциалдуу | Орто | Финансылык-чарбалык башкармалыгы, сатып алуулар бөлүмү. | - Башкармалыктын начальниги; - Бөлүмдүн башчысы; - Башкы инспектор: - Улук инспектор; - Инспектор;
| Жок
| ||
13 | Мүлктүк жана социалдык чегерүүлөрдү берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу | Салык төлөөчүнүн мыйзамдарын билбегендигин манипуляциялоо мүмкүнчүлүгү, ошону менен мүлктүк жана социалдык чегерүүлөрдү берүүдө чечим кабыл алуу же баш тартуу процессин кечеңдетүү. | Кырдаалдык | Жогорку
| МСКнын аймактык башкармалыктарынын бөлүмдөрү; - текшерүү бөлүмү; - салыктык контроль жана карызды өндүрүү бөлүмү;
| Мүлктүк жана социалдык чегерүүлөрдү берүү функциясы жүктөлгөн аймактык МСКнын кызматкерлери | Жок
| ||
|
|
| |||||||
14 | "ИСНАК" программалык камсыздоонун программалык модулдары менен иштөө | Маалыматтар базасында Салык төлөөчүнүн маалыматтарын атайылап тууралоо. Салык төлөөчүнүн жеке эсеп карточкасына укук ченемсиз/негизсиз оңдоолорду киргизүү үчүн "ИСНАК" программалык камсыздоосуна кирүү мүмкүндүгү бар салык инспектору менен тил табышуусу мүмкүн.
"ИСНАК" программалык камсыздоосуна кирүү кодун үчүнчү жактарга берүү. | Кырдаалдык
Кырдаалдык | Орто
Жогорку
| МСКнын БАнын санариптик трансформациялоо башкармалыгы
МСКнын аймактык башкармалыгынын кирешелер боюнча бөлүмдөрү, Кирешелер боюнча секторлору, Салыктык контроль жана карызды өндүрүү бөлүмдөрү, текшерүү бөлүмдөрү, көчмө жана камералык текшерүү секторлору, салыктар боюнча ашыкча төлөөнү эсепке алуу жана кайтаруу бөлүмү
| - Башкармалыктын начальниги; - Бөлүмдүн башчысы; - Башкы адис; - Жетектөөчү адис; - Адис.
- Башкармалыктын начальниги; - Башкармалыктын начальнигинин орун басары; - Бөлүмдүн башчысы; -- Башкы инспектор: - Улук инспектор; - Инспектор;
| Жок
Жок
| ||
ТАРМАКТЫК САЯСАТТЫ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ФУНКЦИЯЛАР | |||||||||
15 | ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына ташып кирүүдө (импорттоодо) товарларды жана алып өтүлүүчү товарлардын (жүктөрдүн) көлөмүн эсепке алуу | Табылган мыйзам бузууларды жашыруу. Бузуулар аныкталганда белгилүү бир сый акы үчүн жашырып коюу максатында товарларды (жүктү) алып келген (импорттогон) адам менен салык инспекторунун ортосунда тил табышуу болушу мүмкүн: 1) ЕАЭБге катышкан өлкөлөрдүн аймагынан бюджетке салыктык төлөмдөрдү эсептөө менен байланышкан товарларды (жүктөрдү) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү (импорттоо) үчүн зарыл болгон тиешелүү документтерди бербөө: - эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (жумушка байланыштуу) же коштоочу коштомо кагаздын жоктугу; - Казакстан Республикасында алып коюуга алдында калган товарлар боюнча тиешелүү коштомо кагаз, эсеп-фактура таризделбесе; - «ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максатында» маалымкаттын жоктугу, ж. б.; 2) ташылып келинүүчү товарлардын (жүктүн) физикалык көрсөткүчтөрүнүн товарды коштоочу документтерде (коштоочу коштомо кагаздарда) көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр менен дал келбестиги. | Кырдаалдык | Жогорку
| МСКнын ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгы, МСКнын Бишкек шаары, түндүк жана түштүк региондору боюнча эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгы
| - Башкармалыктын начальниги; - Башкармалыктын начальнигинин орун басары; - бөлүмдүн башчысы; - башкы инспектор; - улук инспектор; - инспектор.
| Жок
| ||
16 | Мунайпродуктыларды эсепке алуу жана контролдоо жана КММ контролдук пломбаларын колдонуу | Мунайзаттарды алып келүүчү/алып чыгуучу чарбакер субъекттерди көзөмөлдөө үчүн бекитилген аймактык салык башкармалыгынын кызматкери жана МСКнын БАнын КММдын жүгүртүлүшүн контролдоо бөлүмүнүн кызматкеринин ортосунда сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Бекитилген салык кызматкери менен Мунайзаттарды алып келүүчү/алып чыгуучу чарбакер субъекттер ортосунда түздөн-түз байланыш жана макулдашуу болушу мүмкүн.
Түздөн-түз байланышта нефтепродуктуларды алып келүүчү/алып чыгуучу ишкердик субъектинин бекитилген салык инспектору менен келишүү коркунучу бар. Натыйжада, төмөнкү учурларда белгилүү бир сыйлык үчүн макулдашууга келип алуу коркунучу бар: 1) мунайзаттарды нефтебазалардан автоцистерналарда берүү жана Мунайзаттарга коштомо кагазы толтурулбастан жана контролдук пломбалар менен пломбаланбастан МКЖларга кабыл алуу-берүү жүргүзүлүшү мүмкүн; 2) жол берилген тартип бузуулар жашырылса: - контролдук пломбаларды үзүү; - КММды агызуу жана коштоочу документтери жок берүү;; 3) алынуучу жана берилүүчү мунайзаттардын көлөмү төмөндөтүлгөн, ж. б. | Кырдаалдык | Жогорку
| МСКнын БАнын кыйыр салыктарды башкаруу башкармалыгынын КММды жүгүртүүнү контролдоо бөлүмү. МСКнын аймактык салык башкармалыгынын атайын салык режимдери боюнча бөлүмдөрү, МСКнын аймактык салык башкармалыгынын карызды өндүрүү жана текшерүү боюнча бөлүмдөрү | Нефтепродуктуларды эсепке алуу жана контролдоо жана контролдук-кассалык пломбаларды колдонуу үчүн бекитилген кызматкер | Жок
| ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|