Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 7-февралы № 40
"Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 5, 311-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "өзалдынча" деген сөз "өз алдынча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-статьяда:
а) экинчи абзац "жашап жаткан" деген сөздөрдөн кийин "үй чарбаларынын таламдарын көздөгөн" деген сөздөр менен толукталсын;
б) бешинчи абзацында "жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген" деген сөздөр "жалпы чогулушу менен кабыл алынган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 4-статьянын 2-бөлүгүндө "мамлекеттик башкаруу органдарынын" деген сөздөр "мамлекеттик органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 5-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө:
- мамлекеттик тилдеги текстте "дагы" деген сөз алып салынсын;
- "уставдарынын" деген сөз "уставынын" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жамаат коммерциялык эмес уюм болуп саналат жана юридикалык жакты түзүү менен же түзбөстөн түзүлүшү мүмкүн.
Жамаат тиешелүү аймактын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын алмаштырууга укуксуз.
3. Жамаат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган учурдан тартып юридикалык жак статусун алат.
Юридикалык жакты түзбөстөн түзүлгөн жамаат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органында каттоодон өтөт.";
в) 4-бөлүк "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
5) 7-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Устав жамааттын негизги уюштуруучулук-укуктук документи болуп саналат.";
6) 8-статьянын 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
7) 9-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги 1-бөлүгүндө "жамааттын мүчөсү болушу мүмкүн" деген сөздөр "жамааттын мүчөсү боло алат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгүндө:
- мамлекеттик тилдеги биринчи абзацында "алдынала" деген сөз "алдын ала" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр "сот тартибинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 10-статьянын 3-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
9) 11-статьяда:
а) экинчи абзацында "мамлекеттик бийлик жана өзалдынча башкаруу органдарында" деген сөздөр "мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү абзацында "жергиликтүү кеңештердин" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төртүнчү абзацында "жергиликтүү кеңештердин, алардын аткаруучу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) бешинчи абзацында "айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештердин" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 12-статьяда:
а) 1-бөлүктүн үчүнчү абзацында "жергиликтүү кеңештер, алардын аткаруучу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Финансы каражаттарын тартуу жана пайдалануу жөнүндө маалыматтарды кошпогондо, жамаат жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ишмердиги жөнүндө жазуу жүзүндө маалымат берет.";
11) 15-статьянын 2-бөлүгүндө "жамааттын документтерин жолжоболоштурат, алар жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет" деген сөздөр "уюштуруу документтерин белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдарда каттатат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 18-статьянын 2-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацында "жергиликтүү кеңештерде" деген сөздөр "юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) мамлекеттик тилдеги экинчи абзацында "өзалдынчалуулугун" деген сөз "өз алдынчалуулугун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде аны ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 09-февралындагы № 11 (3564) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 27-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |