Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 29 токтомуна) |
Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө тартибин жөнгө салат.
2. Мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө үчүн казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
3. Казыналык милдеттенмелер түрүндө төлөнүүгө тийиш болгон кредитордук карыздардын суммасынын минималдуу чеги 500000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө белгиленет.
4. Ушул Жобо атайын эсептердин каражаттары жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кошпогондо, бюджеттик каражаттар бөлүгүндө гана мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө маселелерин жөнгө салат жана республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик органдар жана мекемелер кредиторлору болгон мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарына карата колдонулбайт.
2-глава. Мамлекеттик органдардын кредитордук карыздары жөнүндө маалыматтарды чогултуу
5. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдында кредитордук карыздары бар мамлекеттик орган (мындан ары - мамлекеттик орган) ушул Жобонун 3-пунктунда белгиленген минималдуу чектин өлчөмүнөн ашкан кредитордук карыздар жөнүндө, анын ичинде бул мамлекеттик органдын карамагында турган ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр боюнча маалыматтарды чогултууну жана иштеп чыгууну жүзөгө ашырат.
6. Маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун натыйжалары боюнча кредиторлор боюнча кредитордук карыздын көлөмү, кредитордук карыздын суммасы жана негиздүүлүгү белгиленет.
7. Мамлекеттик орган кредиторлор менен карыздарды жөнгө салуу жөнүндө маселени казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен макулдашат жана макулдашууга жетишкенде казыналык милдеттенмелерди чыгаруу аркылуу карыздарды которуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - карыздарды которуу жөнүндө макулдашуу) түзүү тууралуу кредиторлорго жазуу жүзүндө билдирүү жиберет.
8. Карыздарды которуу жөнүндө макулдашууну түзүүгө кредитордун жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон учурда мамлекеттик орган ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча реестр (мындан ары - реестр) түзөт жана буйрук менен бекитет.
9. Мамлекеттик орган ырастоочу документтерди милдеттүү түрдө тиркөө менен реестрди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине (мындан ары - Финансы министрлиги) берет.
10. Кредитордук карыздардын келип чыгышы жөнүндө ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) товарларды берүүгө (жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө) түзүлгөн келишимдин жана/же милдеттенменин пайда болушуна негиз болгон башка документтин көчүрмөсү;
2) кредитор менен салыштыруу актыларынын көчүрмөлөрү;
3) талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзүүгө кредитордун жазуу жүзүндөгү макулдугунун көчүрмөсү.
11. Мамлекеттик органдын жетекчиси ушул Жобонун 9, 10-пункттарында көрсөтүлгөн кредитордук карыздын болушуна жана берилген маалыматтын тактыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
12. Финансы министрлиги ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн бардык ырастоочу документтер болгон учурда реестрди аткарууга кабыл алат жана буйрук менен бекитет.
13. Финансы министрлиги бекитилген реестрдин жана ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн ырастоочу документтердин негизинде белгиленген тартипте:
1) кредитор жана мамлекеттик орган менен карыздарды которуу жөнүндө макулдашууга кол коёт;
2) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча номиналдык наркы боюнча казыналык милдеттенмелерди милдеттүү түрдө сатып алуунун шарттарын көрсөтүү менен кредитор менен карыздык макулдашууга кол коёт;
3) казыналык милдеттенмелердин эмиссиясын жүргүзөт.
14. Мамлекеттик орган карыздарды которуу жөнүндө кол коюлган макулдашуунун негизинде кредитордук карыздарды төмөнкү бухгалтердик жазуу аркылуу макулдашууда көрсөтүлгөн суммага азайтат:
Дебет 33 000 000 "Милдеттенмелердин тиешелүү эсеби";
Кредит 41 111 100 "Финансылык натыйжа".
15. Мамлекеттик органдын бухгалтердик кызматы ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык реестрге киргизилген ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан 14-пункттун аткарылышын контролдоону жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат.
16. Финансы министрлиги ушул Жобонун 13-пунктунун негизинде казыналык милдеттенмелер боюнча карызды карыздык макулдашууда көрсөтүлгөн суммага көбөйтүүнү төмөнкү бухгалтердик жазуу аркылуу жүргүзөт:
Дебет 41 111 100 "Финансылык натыйжа";
Кредит 33 000 000 "Баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин тиешелүү эсеби".
3-глава. Казыналык милдеттенмелерди жайгаштыруу, конвертациялоо жана төлөө
17. Кредитор жана коммерциялык банктар баалуу кагаздар рыногу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алынуучу казыналык милдеттенмелерди экинчи рынокто жайгаштырууга укуктуу.
18. Жүз пайыздык мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык банктарга экинчи рынокто казыналык милдеттенмелерди сатып алуу учуруна карата белгиленген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу ставкасынын өлчөмүндө дисконту менен ээлери кредиторлор болуп саналган казыналык милдеттенмелерди сатып алуу сунушталат.
19. Жогоруда аталган шарттар коммерциялык банктарга да колдонулат.
20. Финансы министрлиги тарабынан жыл сайын республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда казыналык милдеттенмелер боюнча карыздарды төлөө үчүн каражаттар каралат.
21. Карыздык макулдашуулардын шарттарына ылайык Финансы министрлиги казыналык милдеттенмелер боюнча карыздарды төлөөнү жүргүзөт.
|
| Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма
|
| ______________________________________ (маморгандын аталышы) 20___-ж. "___" ______________ № _____ буйругу менен бекитилген |
Кредиторлордун реестри _________________________________________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы) ________________________________ карата (дата)
№ | Берүүчүнүн/ кредитордун аталышы | Берүүчүнүн ИСН | Келишимдин № жана датасы | Келишимдин суммасы | алардын: | Бардыгы болуп төлөнүүгө тийиш | анын ичинде: | Эскертүү | |
берилген товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) наркы | төлөндү | кредитордук карыз | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Карыздык макулдашуу № _______
Бишкек ш. |
| 202___-жылдын "___" ___________ |
Бул Карыздык макулдашуу мындан ары биргеликте "Тараптар" деп аталуучу, биринчи тарап Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан ___________________________ (мындан ары - Эмитент) жана экинчи тарап ___________________________ (мындан ары - Ээси) ортосунда түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 202___-ж. "___" ____________ № ______ тескемесине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Ээсинин ортосунда түзүлгөн Карыздык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен карызды которуу жөнүндө макулдашууга ылайык Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө ушул Карыздык макулдашууну түзүштү.
1. Предмети
1.1. Карыздык макулдашуунун предмети Эмитенттин Казыналык милдеттенмени чыгаруу жолу менен Ээсинин алдындагы _________________ өлчөмүндөгү карызды төлөөсү болуп саналат.
1.2. Эмитент Ээсине ушул Карыздык макулдашуунун 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн суммага казыналык милдеттенмени (реквизиттерди көрсөтүү) (мындан ары - казыналык милдеттенме) 2 жыл ичинде жыл сайын бирдей төлөмдөр менен милдеттүү сатып алуу шарты менен өткөрүп берет.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Ээси ушул Карыздык макулдашууда көрсөтүлгөн карызды төлөөнүн ыкмасына жана мөөнөтүнө макул болот.
2.2. Ээси сатып алынган казыналык милдеттенмени экинчи рынокто жайгаштырууга жана аны келишимдик нарк боюнча сатууга, аны күрөөгө берүүгө же башка ыкма менен тескөөгө укуктуу.
2.3. Ээси Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана төлөө тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте каттоону жүзөгө ашыруу үчүн казыналык милдеттенмени үчүнчү жактарга ээликтен ажыратуу жөнүндө Эмитентке кабарлоого милдеттүү.
2.4. Эмитент казыналык милдеттенмени номиналдык наркы боюнча 2 жылдын ичинде жыл сайын бирдей төлөмдөр менен төмөнкү даталарда сатып алууга милдеттүү:
биринчи төлөм - _____-ж. "___" _____________;
экинчи төлөм - _____-ж. "___" _____________.
2.5. Эмитент казыналык милдеттенменин Ээсине анын номиналдык наркын Ээсинин республикалык бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча болгон карыздары өз ара чегерилгенден кийин төлөп берет.
2.6. Тараптар ушул Карыздык макулдашуу боюнча өз милдеттенмелеринен бир тараптуу тартипте баш тартууга укуксуз.
3. Корутунду жоболор
3.1. Бул Карыздык макулдашуу Тараптар кол койгон датадан тартып күчүнө кирет.
3.2. Ушул Карыздык макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө Тараптардын ортосунда келип чыгуучу бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет, ал эми Тараптардын ортосунда макулдашууга жетишилбеген учурда талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
3.3. Ушул Карыздык макулдашууга бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө таризделген жана Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгон учурда гана күчкө ээ болот.
3.4. Ушул Карыздык макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада, бир нускасы - Ээси үчүн, эки нускасы - Эмитент үчүн түзүлдү.
4. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары
Эмитент: ______________________________________ (органдын аталышы/аты-жөнү) ______________________________________ Дареги: _______________________________ ______________________________________ (кызмат орду) ______________________________________ (аты-жөнү) |
| Ээси: ______________________________________ (аталышы/аты-жөнү) ______________________________________ Дареги: _______________________________ ______________________________________ ОКПО ______________________________________ ИСН ______________________________________ (паспорттук маалыматтар) ______________________________________ (аты-жөнү) ______________________________________ (кызмат орду) |
______________________________________ М.О. (колу) |
| ______________________________________ М.О. (колу) |