Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 29 токтомуна) |
Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жана төлөө тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана төлөө тартибин жөнгө салат.
2. Казыналык милдеттенмелер энчилүү мамлекеттик баалуу кагаздар болуп саналат, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмитенти катары чыгат.
3. Казыналык милдеттенмелер күрөө катары чыга алат.
4. Казыналык милдеттенмелер казыналык милдеттенменин ээси эмитентке койгон акчалай талапты белгиленген мөөнөттө милдеттүү түрдө канааттандыруу укугун берген документ болуп саналат.
2-глава. Аныктамалар жана терминдер
5. Ушул Жободо төмөнкүдөй аныктамалар жана терминдер колдонулат:
1) баалуу кагаздын ээси - баалуу кагазга ээлик кылган жеке же юридикалык жак;
2) казыналык милдеттенме - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын улуттук валютада номинацияланган, мамлекеттик органдардын милдеттенмелерин жөнгө салуу үчүн чыгарылган узак мөөнөттүү баалуу кагазы;
3) эмитент - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан чыгуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
4) казыналык милдеттенмелерди төлөө - төлөнүүчү чыгарылыштагы казыналык милдеттенмелерди ээлеринин эсептерине казыналык милдеттенменин номиналдык наркын чегерүү.
3-глава. Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу шарттары
6. Казыналык милдеттенмелер мамлекеттик органдардын кредитордук карыздары боюнча милдеттенмелерди жөнгө салуу максатында чыгарылат.
7. Милдеттенмелерди жөнгө салуу үчүн казыналык милдеттенмелерди чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругунун негизинде гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
4-глава. Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу тартиби
8. Казыналык милдеттенмелер кагаз түрүндө чыгарылат.
9. Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктарына ылайык сериялар менен жүзөгө ашырылат, анда казыналык милдеттенмелердин ар бир сериясын чыгаруунун жана төлөөнүн датасы, шарттары көрсөтүлүүгө тийиш.
10. Казыналык милдеттенмелердин ар бир чыгарылышы өзүнүн уникалдуу серия номерине ээ.
11. Бир сериядагы ар бир казыналык милдеттенменин өзүнүн уникалдуу номери бар.
12. Казыналык милдеттенмелердин параметрлери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана ар бир казыналык милдеттенмеде белгиленет.
13. Мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын жөнгө салуу үчүн казыналык милдеттенмелер боюнча пайыздарды чегерүү каралбайт.
14. Казыналык милдеттенмелердин ар бир сериясын чыгаруу жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын казыналык милдеттенмелерин каттоо жана эсепке алуу мамлекеттик китебине (мындан ары - Мамлекеттик китеп) киргизилет.
15. Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жана үчүнчү жактарга казыналык милдеттенмелерди өткөрүп берүүдө талап кылуу укугун каттоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Казыналык милдеттенмелерди үчүнчү жактарга өткөрүп берүүдө ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды расмий түрдө маалымдайт.
16. Сатуу-сатып алуу операцияларын жана күрөө мамилелерин кошкондо, казыналык милдеттенмелерге ээлик кылуу укугун өткөрүп берүүгө алып келген башка операцияларды жасоодо казыналык милдеттенмелердин арткы бетине операция жасалгандыгы жөнүндө жазуу жүргүзүлөт. Бул жазуу Мамлекеттик китепте катталууга тийиш.
17. Казыналык милдеттенмелер боюнча кирешелерге салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Казыналык милдеттенмелерди төлөө
18. Казыналык милдеттенмелерди төлөө шарттарын эмитент казыналык милдеттенмелер чыгарылган учурда аныктайт.
Казыналык милдеттенмелерди төлөө Мамлекеттик китептеги жазууларга ылайык казыналык милдеттенмелерди төлөө күнү казыналык милдеттенмелерди чыгаруу шарттарына ылайык акыркы ээлердин эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
19. Казыналык милдеттенмелерди төлөө казыналык милдеттенмелерде жана Мамлекеттик китепке киргизилген ыйгарым укуктуу органдын буйругунда көрсөтүлгөн төлөө датасы келгенден кийин жүзөгө ашырылат.
20. Ээси төлөө үчүн казыналык милдеттенмелерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет, ал тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын тариздейт. Казыналык милдеттенмелерди төлөө жол-жобосу Мамлекеттик китеп жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
21. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган казыналык милдеттенмелердин аяктоо мөөнөтү келгенде ыйгарым укуктуу органдын бирдиктүү казыналык эсебинен казыналык милдеттенмелердин акыркы ээлеринин эсебине акча каражаттарын которууну жүзөгө ашырат.
22. Төлөө Мамлекеттик китептеги жазуулар казыналык милдеттенмелердин арткы бетиндеги жазууларга ылайык келген учурда гана жүзөгө ашырылат.
6-глава. Казыналык милдеттенмелерди чыгарууну, өткөрүп берүүнү жана төлөөнү контролдоо
23. Казыналык милдеттенмелерди чыгарууну, өткөрүп берүүнү жана төлөөнү контролдоо, ошондой эле купондук төлөмдөрдү эсепке алуу үчүн чыгаруу жөнүндө маалыматтар Мамлекеттик китепке киргизилет, ал казыналык милдеттенмелердин ар бир чыгарылган сериясы боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
24. Мамлекеттик китепте казыналык милдеттенменин ар бир уникалдуу номеринин кыймылы жазылат, ал мөөр менен бекитилет.
25. Казыналык милдеттенмелердин ар бир уникалдуу номеринде казыналык милдеттенмелердин ар бир сериясын чыгаруунун негизги шарттары, тактап айтканда көлөмү, чыгарылган датасы, төлөө датасы, номиналдык наркы жана аларды чыгарууда ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген башка шарттар көрсөтүлөт.
26. Казыналык милдеттенмелерди төлөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан казыналык милдеттенмелердин ээлеринин акчалай талаптарды коюусу боюнча жүзөгө ашырылат.
7-глава. Казыналык милдеттенмелерди чакыртып алуу (жокко чыгаруу)
27. Казыналык милдеттенмелерди чакыртып алуу (жокко чыгаруу) - бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган учурларда жана тартипте казыналык милдеттенмелер боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бир тараптуу баш тартуу.
28. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган казыналык милдеттенмелерди чыгарууда алардын ээсинин жоопкерчилигин көрсөтөт. Ал (казыналык милдеттенмелердин ээлери) казыналык милдеттенмелердин эмиссиясынын шарттарын сактабаганда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган казыналык милдеттенмелердин ээсине милдеттүү түрдө кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын финансы министри кол койгон буйрукту чыгаруу аркылуу казыналык милдеттенмелерди чакыртып алууга укуктуу.
29. Коммерциялык банктар казыналык милдеттенмелерди Мамлекеттик китепке ээсинин укугун өткөрүп берүү жөнүндө тиешелүү жазууларды жүзөгө ашыруу менен сатып алгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан казыналык милдеттенмелерди чакыртып алууга жол берилбейт.
8-глава. Тараптардын жоопкерчилиги
30. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана казыналык милдеттенмелердин ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казыналык милдеттенмелерди чыгаруу, өткөрүп берүү жана төлөө шарттарынын аткарылышы үчүн өз ара жоопкерчилик тартат.