Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-январы № 36
Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жөнүндө жободо:
- 1-пунктта "жана онлайн-казино, электрондук (виртуалдык) казино бөлүгүндө Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин жөнгө салуу" деген сөздөр алып салынсын;
- 10-пунктта:
1-пунктчанын жыйырманчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пунктчанын алтынчы абзацында "жана онлайн-казино, электрондук (виртуалдык) казино бөлүгүндө Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин жөнгө салуу" деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пункттун 15-пунктчасында ", онлайн-казино, электрондук (виртуалдык) казино бөлүгүндө Кыргыз Республикасында оюн-зоок иши" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө жободо:
- 3-пункттун экинчи абзацында "оюн-зоок" деген сөздөр "оюн-зоок, анын ичинде онлайн-казино, электрондук (виртуалдык) казино" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-пункттун 2-пунктчасынын он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- оюн-зоок бизнесинин, анын ичинде онлайн-казинонун, электрондук (виртуалдык) казинонун бардык субъекттери үчүн оюндун эрежелерине карата минималдуу талаптарды белгилейт, ошондой эле кумар оюндарын жана онлайн кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин макулдашат;".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштери чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.";
2) 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жободо:
- 75-пунктта "Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 82-пункттун 8, 9-пунктчаларында түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Байланыш кызматы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Финкөзөмөл" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 87, 88-пункттарында "Байланыш кызматына" деген сөздөр "Финкөзөмөлгө" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары - Финкөзөмөл) иштин төмөнкүдөй түрлөрү үчүн лицензияларды берүүчү оюн-зоок иши жаатында лицензиар болуп саналат:
1) казино;
2) тотализатор;
3) букмекердик кеңсе;
4) оюн-зоок автоматтар залы;
5) онлайн-казино;
6) электрондук (виртуалдык) казино.";
- 7-пункттун 3-пунктчасында "лицензиарларга" деген сөз "лицензиарга" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 24-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Финкөзөмөл лицензиялоону кагаз жүзүндө жана электрондук форматта жүзөгө ашырган иштин түрлөрү боюнча реестрди жүргүзөт. Реестр лицензиардын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жетүү чектелген маалыматтарды кошпогондо, анда камтылган маалыматтар менен кызыкдар адамдарды тааныштыруу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат. Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:";
- 9-главанын аталышында "Лицензиарлардын" деген сөз "Лицензиардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 25-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Лицензиар төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:";
- 26-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Лицензиаттын лицензиялык талаптарды сактоосун контролдоо лицензиар тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылат. Лицензиар өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:";
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан отчет берүүнүн жана маалыматты ачыкка чыгаруунун тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктта "жана байланыш тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Байланыш кызматы), бирге айтылганда тиешелүү түрдө ыйгарым укуктуу органдарга" деген сөздөр алып салынсын;
- 4, 5-пункттарда "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пунктта "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга", "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр тиешелүү түрдө "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга", "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пунктта "жана Байланыш кызматына" деген сөздөр алып салынсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 2-февралындагы № 9 (3562) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-январы № 36
Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
Оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)