Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 7-февралы ПЖ № 24
Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүүгө жана региондорду өнүктүрүүгө багытталган пилоттук режимде шаарлардын жана айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүдө жергиликтүү кеңештердин ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1. Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте тиешелүү адистерди тартуу менен пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын жана ушул Жарлыктын максаттарын түшүндүрүү боюнча окутуу иш-чараларын жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жарлыкка ылайык тиешелүү аймактарда жергиликтүү кеңештердин ишин уюштурууну камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 87 “Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык кеңештердин ишин уюштуруу жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н.Жапаров |