Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 24 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2023-жылдын 4-апрели ПЖ № 87

Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык кеңештердин ишин уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүүгө жана региондорду өнүктүрүүгө багытталган айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде жүргүзүлүүчү административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө бириктирилген айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык кеңештердин ишин уюштуруу жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен биргеликте тиешелүү адистерди тартуу менен пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн жана ушул Жарлыктын максаттарын түшүндүрүү боюнча окутуучу иш-чараларды өткөрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары ушул Жарлыкка ылайык тиешелүү аймактардагы айылдык кеңештердин ишин уюштурууну камсыз кылсын.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н.Жапаров