Загрузка документа…
Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан
административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө
убактылуу жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын (жергиликтүү кеңеш) ишин регламенттейт.
2. Жергиликтүү кеңештердин ишин уюштуруу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка мыйзам актыларына жана ушул Убактылуу жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. Жергиликтүү кеңештердин жана депутаттардын статусу
3. Шаардын курамына айыл аймагын/айыл аймактарын жана/же айрым калктуу конуштарды кошууда айылдык кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат, шаардык кеңештин статусу өзгөрбөйт, шаардык кеңештин төрагасы кайра шайланбайт.
Шаардык кеңеш анын курамына кирген айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат.
Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде төмөнкү учурларды кошпогондо курамына айыл аймактары жана/же айрым калктуу конуштар кошулган шаардык кеңештин төрагасын кайра шайлоого тыюу салынат:
1) жеке арызы боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу, жарандыгын жоготуу, башка жарандыгы болгон фактыны аныктоо же болбосо башка жарандыкты алуу;
3) депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишке өткөндө;
4) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетүү;
5) депутатты сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же дайынсыз жоголду деп таануу, ошондой эле аны өлдү деп жарыялоо;
6) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кирүүсү;
7) депутаттын өлүмү.
4. Айыл аймактарын бириктирүүдө бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат. Жаңыдан түзүлгөн айыл аймагынын кеңеши бириккен айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат.
5. Айыл аймагына административдик-аймактык бирдик болуп саналбаган айрым калктуу конуштарды кошууда айылдык кеңештин статусу өзгөрбөйт, айылдык кеңештин төрагасы кайра шайланбайт.
6. Таш-Көмүр шаардык кеңешин Шамалды-Сай шайлоо округунан шайланган жана башка айыл аймактарына кошуу менен анын курамынан чыгарылган калктуу конуштардын депутаттарынан тышкары шаардык кеңештин депутаттары түзөт. Мында шаардык кеңештин статусу өзгөрбөйт, шаардык кеңештин төрагасы кайра шайланбайт.
7. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин Шамалды-Сай шайлоо округунан шайланган депутаттары Шамалды-Сай шаардык кеңешин түзөт.
8. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары мурда тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айылдык аймак, калктуу конуш бириккен же курамына кошулган айыл аймагынын же шаардын кеңешинин курамында өз ишин улантат. Мында алардын ыйгарым укуктары алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга же мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин сакталат.
9. Жергиликтүү кеңештер юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өтүүгө тийиш.
3-глава. Жергиликтүү кеңештин кошумча милдеттери
10. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинде жана башка мыйзам актыларында аныкталган маселелерден тышкары жергиликтүү кеңештин кошумча милдеттерине пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү менен байланышкан төмөнкү маселелер кирет:
1) жергиликтүү кеңештин регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү (өзгөртүүлөрдү киргизүү);
2) жергиликтүү кеңештердин туруктуу жана убактылуу комиссияларын түзүү/кайра уюштуруу жана алардын ишин уюштуруу;
3) жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруунун (үй, көчө, кварталдык комитеттер), коомдоштуктардын (жамааттардын) ишин уюштуруу;
4) жергиликтүү жамааттардын коомдук уюмдарын (аксакалдар кеңеши, аксакалдар соттору, аялдар кеңештери, жаштар уюмдары ж.б.) кайра уюштуруу боюнча ишти координациялоо.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгы менен шаарлардын мэрияларына пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде бюджетти бекитүү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди жана жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн төлөмдөрдү белгилөө боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген.
4-глава. Жергиликтүү кеңештин сессиясы
11. Жергиликтүү кеңештердин сессиялары алардын ишинин негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
Жергиликтүү кеңештердин сессиялары кварталына бир жолудан кем эмес ачык өткөрүлөт. Жаңы түзүлгөн айыл аймагынын жана Шамалды-Сай шаарынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоодон тышкары жыйналышты чакыруунун, өткөрүүнүн жана чечим кабыл алуунун, анын ичинде жыйналышты ачуу үчүн кворумдун жана пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде чечим кабыл алуунун тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
12. Айыл аймагы/айыл аймактары же айрым калктуу конуштар курамына кошулган шаарларда шаардык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча сессия өткөрүлбөйт, анткени шаардык кеңештин статусу өзгөрбөйт.
Административдик-аймактык бирдик болуп саналбаган калктуу конуштар курамына кошулган айыл аймагында айылдык кеңештин статусу өзгөрбөйт жана айылдык кеңештин төрагасын шайлоо өткөрүлбөйт.
13. Бириккен айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы бириккен айыл аймагынын курамына кирген айыл аймактарынын кеңештеринин төрагалары тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы (аким) менен макулдашуу боюнча же акимдин сунушунун негизинде чакырылат.
Шамалды-Сай шаардык кеңешинин уюштуруу сессиясы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан чакырылат жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33, 40-беренелерине ылайык өткөрүлөт.
14. Жергиликтүү кеңештин уюштуруу сессиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан көбү катышкан учурда укуктуу болот.
15. Жергиликтүү кеңештин сессиясын депутаттардын улуусу ачат жана жергиликтүү кеңештин төрагасы шайланганга чейин ага төрагалык кылат.
Жергиликтүү кеңештин сессиясынын күн тартибине жергиликтүү кеңештин төрагасын, жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо маселелери жана жергиликтүү кеңештин ишинин башка уюштуруу маселелери киргизилиши мүмкүн.
16. Бириккен айыл аймагынын кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгы күчүнө киргенге чейин шайланган, бириккен айыл аймагын түзгөн жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын арасынан ачык добуш берүү менен шайланат.
17. Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо бир тур менен өткөрүлөт.
Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна бир талапкер көрсөтүлсө, анда сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер айылдык кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна эки талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер айылдык кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эки талапкер тең бирдей сандагы добуштарды алса, айылдык кеңештин төрагасы чүчү кулак тартуу жолу менен аныкталат.
Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна экиден ашык талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер айылдык кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык талапкерлер бирдей сандагы добуштарды алса, айылдык кеңештин төрагасы чүчү кулак тартуу жолу менен аныкталат.
18. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин төрагасынын бир орун басары, ал эми калкынын саны 20 001 адамдан көп болсо – эки орун басары болот.
Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары сессияда жергиликтүү кеңештин төрагасынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ичинен шайланат.
19. Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна бир талапкер көрсөтүлсө, анда сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна эки талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эки талапкер тең бирдей сандагы добуштарды алса, айылдык кеңештин төрагасынын орун басары чүчү кулак тартуу жолу менен аныкталат.
Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна экиден ашык талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык талапкерлер бирдей сандагы добуштарды алса, айылдык кеңештин төрагасынын орун басары чүчү кулак тартуу жолу менен аныкталат.
5-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасы
20. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин 5, 6-бөлүктөрүнө ылайык калкынын саны 20 001 адамдан кем эмес жергиликтүү кеңештин төрагасы акы төлөө негизинде иштейт жана илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишти кошпогондо, акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.
Калкынын саны 20 001 адамдан аз жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат, бирок жергиликтүү кеңештин сессиясы иштеген мезгилде калкынын саны 20 001 адамдан ашык жергиликтүү кеңештин төрагасы үчүн белгиленген бир күндүк эмгек акынын өлчөмүндө бир жолку компенсация алат.
21. Жергиликтүү кеңештин төрагасы:
1) жергиликтүү кеңештин сессияларын чакырат;
2) сессияларда төрагалык кылат;
3) жергиликтүү кеңештин чечимдерине кол коёт;
4) депутаттардын шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
5) мыйзамдарда белгиленген тартипте калкынын саны 6001ден ашкан жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
6) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, уюмдар менен жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгында өз ара аракеттенет;
7) жергиликтүү кеңеш тарабынан ага жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
6-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары
22. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда анын милдетин аткарат.
Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин төрагасынын милдетин аткарууда калкынын саны 20 001 адамдан ашык жергиликтүү кеңештин төрагасы үчүн белгиленген бир күндүк эмгек акынын өлчөмүндө бир жолку компенсация алат.
23. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарын кошпогондо, жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
7-глава. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы
24. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык калкынын саны 6 000 адамга чейинки жергиликтүү кеңештин ишин айыл өкмөтүнүн, мэриянын аппараты, калкынын саны 6 001ден ашкан айыл аймагында – жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы камсыз кылат.
25. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы:
1) айылдык кеңештин жана жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын сессияларынын материалдарын жана чечимдеринин долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
2) жергиликтүү кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш планынын долбоорун иштеп чыгат, бекитилгенден кийин алардын аткарылышын контролдойт;
3) депутаттарга жергиликтүү кеңештин жыйналыштарын чакыруу жөнүндө кабарлайт;
4) жергиликтүү кеңештин сессияларынын, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт, кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча ишти камсыз кылат;
5) туруктуу жана убактылуу депутаттык комиссиялардын документтерин кошкондо, жергиликтүү кеңештин документтерин сактоону, системалаштырууну жана талаптагыдай абалын камсыз кылууну уюштурат;
6) убактылуу депутаттык комиссияларга уюштуруучулук жардам көрсөтөт;
7) жергиликтүү кеңештин иш кагаздарын жүргүзөт, жарандардан келип түшкөн даттануулар жана кайрылуулар менен ишти уюштурат;
8) жергиликтүү кеңештин кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо боюнча иш жүргүзөт;
9) жергиликтүү кеңештин регламентине жана жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
8-глава. Корутунду жобо
26. Шаардын, бириккен айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пилоттук режимде жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын алкагында шаардын курамына айыл аймагын/айыл аймактарын жана/же айрым калктуу конуштарды кошуунун жана айыл аймактарын бириктирүүнүн натыйжасында кыскартылган айылдык кеңештердин жооптуу катчыларын ишке орноштуруу боюнча толук чараларды көрөт.