Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майы № 302 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-февралы № 54
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 "Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 "Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "ж-1" пунктчасы менен толукталсын:
"ж-1) билим берүү, илимий жапа окуу-өндүрүштүк иштен түшкөн кирешелер;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 13 (3566) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |