Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майы № 302 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры № 626
Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 233, 2023-жылдын 5-июлундагы № 335, 2024-жылдын 12-февралындагы № 54, 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 570, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 215, 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 19, 105 жана 112-беренелерине ылайык атайын жана депозиттик эсептерде топтолуучу мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнку тиркелгендер бекитилсин:
-Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
Казыналыктын бирдиктүүү эсеп системасындагы депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-октябрындагы № 643 "2000-жылга Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору жана башка бюджеттик мекемелеринде атайын каражаттарды кебейтүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 6-сентябрындагы № 539 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын майындагы № 337 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2000-жылдын августундагы № 531 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын июлундагы № 564 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-мартындагы № 147 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-ноябрындагы № 781 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-декабрындагы № 697 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 28-августундагы № 531 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизуу тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28-августундагы № 531 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизуу тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июлундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы УӨ № 96 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн августундагы № 531 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 434 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28-августундагы № 531 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-майындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мулк министрлигинин ишин женге салуучу Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна теменкудей езгертуу киргизилсин:
- 5-пункту кучун жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1 -январынан тартып күчүнө кирет.
Тиркеме 1
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 233, 2023-жылдын 5-июлундагы № 335, 2024-жылдын 12-февралындагы № 54, 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 570, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 215, 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы (мындан ары - атайын эсеп каражаттары) мамлекеттик бюджеттик мекемелердин атайын эсептериндеги каражаттарды түзүү, пайдалануу, контролдоо тартибин жана белгиленген ченемдерди бузгандык үчүн жоопкерчиликти аныктайт.
Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкаркы атайын эсептин каражаттарын түзүү, пайдалануу жана чыгымдалышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жөнгө салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Атайын эсептин каражаттары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине кирет жана өзүнчө тиркеме менен бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө бөлүнөт.
3. Атайын эсептин каражаттары булактарына карабастан максаттуу багытта колдонулууга жана так арналышына жараша гана пайдаланылууга тийиш.
4. Бюджеттик ассигнованиелерди бөлүштүрүү укугу берилген бюджеттик мекемелердин жетекчилери атайын эсептин каражаттарын бөлүштүрүүчүлөр болуп саналат.
2. Атайын эсептердин каражаттарын бекитүү жана оңдоп-түзөө
5. Атайын эсептин каражаттары атайын эсеп каражаттарынын кирешелеринин жана чыгашаларынын бекитилген сметаларына (мындан ары - сметалар) ылайык пайдаланылат.
Сметалар республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга же жергиликтүү кеңештин чечими менен учурдагы жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке ылайык бекитилет жана пайдаланылат.
Атайын эсептердин кирешелер жана чыгымдар сметасы бюджеттик жол-жоболорго ылайык бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдаштыкта бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Сметаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга ылайык же жергиликтүү кеңештин учурдагы жылга жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимине ылайык ишке ашырылат.
Тийиштүү оңдоолор кабыл алынганга чейин, республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарыл болгондо карамагына Жогорку Кеңештин бюджеттик мыйзамдар маселелери кирген профилдик комитети менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн. Жергиликтүү бюджеттер үчүн жергиликтүү кеңештин тиешелүү чечими кабыл алынат.
7. Сметаларды жана билдирүү маалымкаттарын бекитүү "IS казна" программасы аркылуу таризделет жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Атайын эсептеги каражаттардын мекемелер тарабынан учурдагы финансылык жылда пайдаланылбаган калдыктары кезектеги финансылык жылга кезектеги бюджеттик жылдын башталышындагы калдык катары өткөрүлөт.
Жылдын башына карата каражаттардын калдыктары республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга ылайык же жергиликтүү кеңештин тиешелүү жылга бекитилген чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен бекитилет.
Учурдагы жылдын башталышына карай атайын эсептердеги каражаттардын калдыгы учурдагы жылдын түшүүлөрүнө кошулбайт.
3. Киреше бөлүгү
9. Атайын эсептин киреше бөлүгү кирешелердин бюджеттик классификациясына ылайык булактар бөлүгүндө бекитилет.
Ченемдик укуктук актыларда каралбаган булактар боюнча каражаттарды атайын эсепке киргизүүгө жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Атайын эсептерде төмөнкү түрдөгү түшүүлөр эсепке алынат:
а) акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар;
б) демөөрчүлүк жардамдан жана ыктыярдуу төгүмдөрдөн түшкөн каражаттар;
в) камкорчулук төгүмдөр;
г) кайрымдуулук жана гранттык жардам каражаттары;
д) биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерилген суммалар;
е) өз өндүрүшүнөн чыгарылган товарларды сатуудан түшкөн каражаттар;
ж) бюджеттик кредиттерди жоюунун эсебине республикалык бюджетке кайтарылган каражаттардан чегерүүлөр;
ж1) билим берүү, илимий жапа окуу-өндүрүштүк иштен түшкөн кирешелер;
з) тиркелген Тизмекке ылайык башка каражаттар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 233, 2023-жылдын 5-июлундагы № 335, 2024-жылдын 12-февралындагы № 54 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык түзүлөт.
12. Демөөрчүлүк жардам, ыктыярдуу жана камкорчулук төгүмдөр, кайрымдуулук жана гранттык жардам жана биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр түзүлгөн келишимге/макулдашууга ылайык акы төлөөсүз жана кайтарымсыз негизде берилет.
13. Мекеменин иш-аракетин колдоого багытталган, ишкердикке кирбеген иштен бюджеттик мекемелер тарабынан алынган каражаттар өз өндүрүшүнөн чыгарылган товарларды сатуудан түшкөн каражаттар катары эсептелет.
13-1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Чыгаша бөлүгү
14. Атайын эсептин каражаттарынын чыгымдары бюджеттик классификациянын беренелери боюнча жүргүзүлөт жана бөлүштүрүлөт. Атайын эсептин каражаттары чыгымдарды жабууга, анын ичинде ишти камсыздоого жана жакшыртууга материалдык-техникалык базаны чыңдоого, кызматкерлердин социалдык-иш маселелерин жөнгө салууга, социалдык тиричиликтик маселелерди чечүүгө, кызматкерлердин ишине дем берүүгө жана сыйлоого жана башка иш-чараларга мыйзамдарга, ошондой эле ведомстволук актыларга жана жамааттык келишимге ылайык багытталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Атайын эсептин каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо штаттык санды күтүү боюнча чыгаша милдеттенмелерине жумшалбайт.
16. Атайын эсептердин каражаттары бекитилген сметанын чегинде чыгымдалат. Атайын эсептин сметасы бекитилгенге чейин каражаттарды сарптоого тыюу салынат.
5. Контролдоо жана жоопкерчилик
17. Мекемелердин ишин ревизиялоону жана текшерүүнү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар атайын эсептердин каражаттарынын түшүүлөрүнүн булактарынын мыйзамдуулугун, алардын максаттуу жана үнөмдүү чыгымдалышын, ошондой эле бул эсептер боюнча отчет түзүүнүн жана эсеп жүргүзүүнүн тууралыгын текшеришет.
18. Бюджеттик мекемелердин атайын эсебинде топтолуучу каражаттарды түзүүдө жана пайдаланууда укук бузуулар табылган учурда, финансылык иш үчүн жоопкерчиликтүү болгон бюджеттик мекеменин жетекчиси жана кызматкери жеке жоопкерчилик тартат.
Атайын эсептин каражаттарын мыйзамсыз же максаттуу эмес пайдаланган фактылар табылган учурда, ордун толтуруу бул бузууларга жол берген кызматтык адамдардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобого тиркеме |
Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде эсепке алынуучу башка каражаттардын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 335, 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 570, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 215, 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Булактын аталышы | Ведомствонун аталышы | Эскертүү |
|
1 | БИМдин ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | БИМ | БИМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
|
2 | ӨКМдин ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ӨКМ | ӨКМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
|
3 | ФМдин ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ФМ | ФМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
|
4 | КРПИБдин ведомстволук мекемелеринин чегерүүлөрү | КРПИБ | КРПИБдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
|
5 | Маданияттын ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ММСЖСМ | Маданияттын ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
|
6 | ЭМдин ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ЭМ | ЭМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
|
7 | ССМдин ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ССМ | ССМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
|
8 | Илимий-изилдөө мекемелеринин келишимдик иштеринен түшүүлөр | Илимий мекемелер |
|
|
9 | Окуу жайларына тапшыруудагы төлөм | Билим берүү мекемелери |
|
|
10 | Жатаканада жашоо жана коммуналдык тейлөө чыгымдарын жабуу үчүн төлөм | Билим берүү мекемелери, КМ, УКМК ЧК, ММСЖСМ, "Кабар" КУМА |
|
|
11 | Билим берүү мекемелеринде которулуудагы жана калыбына келтирүүдөгү төлөм | Билим берүү мекемелери |
|
|
12 | Билим берүү мекемелеринде тамактануу үчүн төлөм | Билим берүү мекемелери |
|
|
13 | Сабактарды жана өндүрүштүк практиканы себепсиз калтырууну иштеп берүүдөн түшүүлөр | Билим берүү мекемелери |
|
|
14 | Мамлекеттик ЖМКлардын ишинен түшүүлөр | ММСЖСМ, КТРК, ЭлТР, "Кабар" КУМА |
|
|
15 | Пансионаттардын, санаторийлердин, эс алуу үйлөрүнүн ишинен түшүүлөр | Мамлекеттик мекемелер |
|
|
16 | Пресс-конференцияларды өткөрүүдөн түшүүлөр | ММСЖСМ, "Кабар" КУМА |
|
|
17 | Театрдык оюн-зоок жана музей иш-чараларынан түшүүлөр | ММСЖСМ |
|
|
18 | Фильмдерди көрсөтүүдөн түшүүлөр | ММСЖСМ |
|
|
19 | Мейманканалык тейлөөдөн түшүүлөр | КМ, МБК |
|
|
20 | Башка түзүмдөрдүн аскер кызматчыларына медициналык жардам көрсөтүүдөн түшүүлөр | КМ |
|
|
21 | Бюджеттик бош каражаттарды жайгаштыруудан пайыздар | ФМ |
|
|
22 | Иттерди багуудан, үйрөтүүдөн жана кармоодон түшүүлөр | МБК |
|
|
23 | (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 570 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||
24 | Мамлекеттик материалдык резервдин баалуулуктарын сатуудан түшүүлөр | ММРФ |
|
|
25 | Кепилдик берүү үчүн комиссия | ФКФ |
|
|
26 | Жайгаштырылган депозиттерден пайыздык кирешелер жана эсептешүү эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыгына эсептелген пайыздык сый акы | ФКФ |
|
|
261 | Региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен берилген бюджеттик кредиттерди пайдалануу үчүн пайыздар | ФКФ |
| |
27 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүүнүн негизинде мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшүүлөр | Мамлекеттик мекемелер |
|
|
28 | Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдалануу үчүн жыйымдан түшүүлөр | ЖРЭТКМ, АЧМ караштуу Токой кызматы, ТК, БӨКД |
|
|
29 | Апостиль коюу үчүн жыйымдан түшүүлөр | ЮМ, ИИМ |
|
|
30 | Жөнгө салынуучу субъекттердин жылдык төлөмүнөн түшүүлөр | ЭМ караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент |
|
|
31 | Аткаруу жыйымынан түшүүлөр | СД |
|
|
32 | Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка тиричилик буюмдарын сыноодон жана эн салуудан түшүүлөр | ФМ караштуу Баалуу металлдар департаменти |
|
|
33 | Евразия патенттик конвенциясына ылайык евразия патентин күчүндө кармап туруу үчүн түшүүлөр жана Евразия патенттик конвенциясына карата Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколго ылайык өнөр жай үлгүсүнө евразия патентин каттоодон, жарыялоодон, берүүдөн жана колдонуу мөөнөтүн узартуудан түшүүлөр | ИМИМА |
|
|
34 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө жана тартипте соттолгондордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен кармап калуулардан түшүүлөр | ЮМ караштуу ЖАК, ЮМ алдындагы Пробация департаменти |
|
|
35 | Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин өндүрүштүк-чарбалык ишинен түшүүлөр | ЮМ караштуу ЖАК |
|
|
36 | КРПИБ системасындагы тейлөө чөйрөсүндөгү иштен түшүүлөр | КРПИБ |
|
|
37 | Фельдъегердик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөр | ИИМ ФК |
|
|
38 | Медициналык калдыктарды утилдештирүү, ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | ССМ |
|
|
39 | Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча кепилдик камсыздоо каражаттарын жайгаштыруудан пайыздар | ФМ |
|
|
40 | Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына, анын ичинде электрондук каталогго мезгилдүү жазылуудан каражаттардын түшүүсү | ФМ |
|
|
41 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондунун баалуулуктарын сатуудан алынган түшүүлөр | ФМ караштуу БМД |
|
|
42 | Атайын эсептердин каражаттарынан мурда берилген ссудалар боюнча кайтарылуучу каражаттардан түшүүлөр | Мамлекеттик мекемелер |
|
|
43 | Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча чыгымдарды каржылоого үлүштүк катышуудан түшүүлөр | СРК |
| |
44 | Курулуш министрлигинин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн борбордук аппаратка чегерүүлөрү | Курулуш министрлиги | Курулуш министрлигинин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кирешелер | |
45 | СМБнын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн чегерүүлөрү (СМБнын ведомстволук аймактык бөлүмдөрүнүн иши бирдиктүү казыналык системасына которулгандан кийин) | СМБ | СМБнын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кирешелери | |
46 | Жаныбарларды идентификациялоодон түшүүлөр (кулак биркаларын сатуу) | ВК |
| |
47 | Евразия экономикалык бирлигинин алкагында которуу кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөр | КБ |
| |
48 | Негизги капиталга инвестициялардын жана мамлекеттик казыналык милдеттенмелер тарабынан төлөнгөн капиталдык салымдарга сарптоолордун көлөмүнүн 2,9 пайызы өлчөмүндөгү түшүүлөр | СЧКД |
| |
49 | ТКнын ведомстволук бөлүмдөрүнүн чегерүүлөрү | ТК | ТКнын ведомстволук мекемелеринин кирешелери | |
50 | Автотранспорт каражаттарына цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө комбинациясы менен мамлекеттик каттоо номердик белгилерин ченемдик укуктук актыларда белгиленген өлчөмдө жана тартипте сатуудан түшкөн чегерүүлөр | ТКАКК МА |
| |
51 | Улуттук коопсуздук органынын мекемесинин келишимдик иштеринен түшүүлөр | УКМК |
| |
Ведомстволук мекемелерден борбордук аппаратка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн түшүүсүнөн чегерүүлөр бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча келишимдик негизде жүзөгө ашырылат жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына таасир этпөөгө тийиш.
Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат.
Мамлекеттик мекемелер тарабынан Башка каражаттардын тизмегине киргизүү боюнча сунуштар ченемдик укуктук актыларды көрсөтүү, негиздөө жана динамикадагы ар бир булак боюнча түшүүлөрдү эсептөө менен бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизилет.
Кыскартуулардын тизмеси:
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
|
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
|
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
|
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
|
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
|
СД | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти |
|
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
|
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
|
КРПИБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы |
|
ЖАК | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы |
|
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
|
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
|
УКМК ЧК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы |
|
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
|
ЭлТР | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы |
|
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
|
ММРФ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду |
|
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
|
ИИМ ФК | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматы |
|
"Кабар" КУМА | - | "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттиги |
|
ФМ караштуу БМД | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти |
|
ИМИМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги |
|
ФКФ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд". |
|
СРК | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы |
|
ВК | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат |
|
Курулуш министрлиги | - | Кыргыз Республикасынын Курулуш, министрлиги архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги; |
|
СМБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору |
|
ТК | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы |
|
БӨКД | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти |
|
КБ | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору |
|
СЧКД | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын Суу чарба курулуш дирекциясы |
|
ТКАКК МА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик |
|
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
Тиркеме 2
Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо бирдиктүү казыналык эсептин депозиттик эсептеринде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттарынын багытталышы боюнча сактоо, кайтарып берүү, же өткөрүп берүү тартибин аныктайт.
2. Казыналыктын депозиттик эсебин ачуу бюджеттик мыйзамдарга, ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт жана убактылуу тескөөгө (сактоого) түшкөн каражаттар боюнча операцияларда жана аларды чегерген жеке жана юридикалык жактарга кайтаруунун белгилүү бир шарттары келип чыкканда же багытталышы боюнча чегерүүдө ( мындан ары - депозиттик эсептин каражаттары) эске алынат.
2. Сактоо мөөнөтү
3. Депозиттик эсеп каражаттарын казыналык сактоо төмөнкү мөөнөттөр менен чектелет:
а) жарандарга өткөрүлүп берүүчү депозиттик суммалар, үч жыл бою сакталат;
б) ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге (бюджеттик мекемелерден тышкары) өткөрүлүп берүүчү депозиттик суммалар, үч жыл бою сакталат.
4. Ушул жобонун 3-пунктунда белгиленгендер аяктагандан кийин депозиттик эсептин талап кылынбаган каражаттары мамлекеттик/муниципалдык мекеменин буйругу боюнча бул суммалар сакталган депозиттик эсептеги тийиштүү бюджет кирешесине которулууга тийиш.
Ушул пункттун "а" жана "б" пунктчаларында көрсөтүлгөн мөөнөттөр тийиштүү сумманы депозитке киргизүү жөнүндө депозиттик сумма киргизилген мекеменин же адамдын атына билдирүү жөнөтүлгөн күндөн баштап эсептелет, ал эми чечилбеген соттук иштер боюнча депозитке киргизилген суммалар үчүн, соттун чечими чыккан күндөн баштап эсептелет.
Эгерде депозиттик сумма салынган мекеме же адам чет өлкөдө болсо жана бул сумманы тескөө үчүн уруксат алуу зарыл болсо, анда бул мөөнөттөр мындай уруксат алгандан баштап эсептелет;
в) бюджеттик мекемелерге өткөрүлүп берилүүчү депозиттик суммалар, бул суммалар депозитке салынган жылдын 31-декабрына чейин сакталат, ал эми чечилбеген соттук иштер боюнча депозитке салынган суммалар, сот тарабынан чечим чыгарылган жылдын 31-декабрына чейин сакталат;
г) Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чектеринен сырткары жумушка орноштурууга байланыштуу иштөө укугуна же иштөөгө уруксатты тариздеген жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө тийиштүү депозиттик суммалар, мындай уруксат берүү мөөнөтүндө сакталат.
3. Багыты боюнча кайтарып берүү же өткөрүп берүү
5. Депозиттик эсептеги каражаттарды кайтаруу депозит менен камсыздалган милдеттенмелерди аткаруу шартында же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган белгилүү бир шарттар келип чыкканда ишке ашырылат.
6. Депозиттик эсеп каражаттары бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан кол коюлган чектер боюнча берилет, накталай акча берилген учурда, же бул суммалар берилүүгө тийиштүү болгон уюмдарга же адамдардын атына төлөмдүк тапшырмалар аркылуу которулат.
4. Отчеттор
7. Депозиттик эсептердин каражаттарынын отчеттору бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча түзүлөт жана берилет.
5. Контролдоо
8. Депозиттик эсептердин каражаттары боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук үчүн жооптуу бюджеттик мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери, депозиттик суммалар менен байланыштуу милдеттенмелерди аткарбагандыгы жана финансылык тартипти бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жекече жоопкерчиликке тартылат.
9. Мекемелердин ишин текшерүү жана ревизия жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чегерүү тартибин, сактоо, кайтарып берүү, же болбосо депозиттик эсептеги каражаттарды чектөө боюнча өткөрүп берүү мөөнөтүн, ошондой эле бул эсептер боюнча отчетту түзүү жана эсеп жүргүзүүнүн тууралыгын текшерет.
10. Финансылык тартипти бузуу фактылары табылган учурда, ревизия жана текшерүү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымдайт жана бузууларга жол бергендерге карата тийиштүү чара көрүү боюнча сунуш киргизет.