Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 28-декабры ПЖ № 363
"Ислам академиясы" мекемесин түзүү жөнүндө
Теологиялык билим берүү системасын өркүндөтүү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 412 "2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Чүй облусунун Токмок шаарында "Ислам академиясы" (мындан ары - Ислам академиясы) мекемеси түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Ислам академиясы төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- жогорку кесиптик, орто кесиптик, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ишти;
- теологиялык билим берүү чөйрөсүндө илимий-изилдөө, илимий-методикалык, эксперттик, аналитикалык жана басма ишин;
- Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатына ылайык салттуу исламдын баалуулуктарын терең изилдөөнү жана жайылтууну;
2) Ислам академиясы түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине баш иет, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын сунуштарын эске алат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Ислам академиясын түзүү жана ишин уюштуруу боюнча чараларды, ошондой эле ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн;
- Ислам академиясына кабыл алууну жыл сайын республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алууга гранттардын чегинде жүзөгө ашырсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |