Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 501 токтомуна) |
Көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) абоненттерди жекелештирүүнүн (каттоонун) тартибин аныктайт жана көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүүдө байланыш оператору менен абоненттин ортосунда пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат.
2. Бул Эрежелер абоненттик жабдууларды сатып алуу менен байланышкан мамилелерге жайылтылбайт жана байланыш операторлору менен кызмат көрсөтүүчүлөрдүн же үчүнчү жактардын ортосунда сервистик кызмат көрсөтүүлөр, маалыматтык-сурап билүү, телематикалык кызмат көрсөтүүлөр, маалыматтарды берүү жана SMS-маалымдоо (SMS-жөнөтүү) кызматтарын көрсөтүү боюнча келишимдик укуктук мамилелерди жөнгө салбайт.
3. Бул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги терминдер жана алардын аныктамалары, анын ичинде "Электр байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген маанилерде колдонулат:
абонент - жекелештирүү (каттоо) жол-жобосун ийгиликтүү өткөн жана байланыш оператору менен көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүүгө келишим түзгөн жеке жак, бир же андан көп абоненттик номерлерди бөлүп берүү менен ушул Эрежелерде белгиленген тартипте байланыш оператору менен көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүүгө келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер;
абоненттик номер - көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүүгө келишим түзүүдө ал күчүндө болгон мезгилге абоненттин пайдалануусуна бөлүнгөн жана байланыш операторунун тармагына кошулган абоненттик терминалдарды аны менен башка абоненттик терминалдарды туташтырууда идентификациялоочу номер;
эсептешүүлөрдүн автоматташтырылган системасы (ЭАС) - абонент тарабынан алынган кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн жана алардын тарифтешүүсүн, ошондой эле байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнү эсепке алуу операцияларын автоматтык түрдө аткарууга арналган биллинг системасын камтыган программалык-аппараттык комплекс;
өз кол тамгасынын аналогу - кол тамганы факсимилдик кайра чыгаруу (факсимиле), электрондук кол тамга, кандай болбосун түзүлүштө өз колу менен кайра чыгарылуучу кол тамга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган өз кол тамгасынын аналогдорунун башка түрлөрү;
абонент/колдонуучу жөнүндө биллинг маалыматтары - кирүүчү, чыгуучу чалуулар (датасы, убактысы, туташуунун узактыгы), SMS-билдирүүлөр (жөнөтүү/алуу датасы, убактысы, билдирүүлөрдүн саны), байланыш кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөр жана маалыматтарды берүүнүн көлөмү жөнүндө маалымат;
инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ - инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерге Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), кайрылмандын күбөлүгү, чет өлкөлүк жарандын паспорту, жарандыгы жок адамдын күбөлүгү кирет;
туташтыруунун тарифтешүү бирдиги - абоненттен/колдонуучудан ушул түргө туташуу үчүн белгиленген тарифке барабар төлөм алынуучу маалыматтын убактысын, санын же көлөмүн өлчөө бирдиги;
бирдиктүү шыр байланыш линиясы - министрликтердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын шашылыш ыкчам кызматтарынын базасында чалуунун бирдиктүү номери менен жарандардын өзгөчө жана стандарттуу эмес кырдаалдарда кайрылууларына ыкчам чара көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында түзүлгөн туруктуу иштөөчү шашылыш ыкчам кызмат;
оператор тармагынын радиокамтуу зонасы - оператор тарабынан кызмат көрсөтүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгү анын чегинде бар экендиги ырасталган аймак;
байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө картасы - абоненттин/колдонуучунун өздүк эсебин толуктоого мүмкүндүк берген алдын ала төлөө каражаты;
жашыруун сөз - абонент тарабынан оператор белгилеген формада көрсөтүлүүчү символдордун (тамгалардын, цифралардын) ырааттуулугу, ал келишимди аткарууда абонентти идентификациялоо үчүн кызмат кылат;
кыска тексттик билдирүү (SMS-билдирүү) - байланыш операторунун тармагынын жана абоненттик терминалдын техникалык мүмкүнчүлүктөрү жол берген белгилүү ырааттуулукта жана көлөмдө терилген тамгалардан жана (же) цифралардан жана (же) символдордон турган маалыматтык билдирүү;
корпоративдик кардар - байланыш оператору менен көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүүгө келишим түзгөн жана корпоративдик топтун колдонуучуларын өз алдынча милдеттүү эсепке алууну жүргүзгөн, абонент болуп саналган юридикалык жак же жеке ишкер;
өздүк эсеп - абоненттин байланыш операторунун эсептешүүлөрүнүн автоматтык системасында катталган жеке номери, ал көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмүн, келишим боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн эсебине салынган акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу үчүн кызмат кылат;
туташтыруу учуру - байланыш операторунун тармагынын коммутаторунун авто-жооп бергичтерин кошпогондо, абоненттин/колдонуучунун же кандай болбосун адамдын же түпкү жабдуунун жообу;
түпкү жабдуу (абоненттик терминал) - байланыш тармагына кошулуучу техникалык каражат, ал абонентке/колдонуучуга жана көчмө радиотелефон байланыш системасынын бири-бири менен өз ара аракеттенүүсүнө мүмкүндүк берет;
байланыш оператору (мобилдүү уюлдук байланыш оператору/көчмө радиотелефон байланыш тармагынын оператору) - байланыш жаатында лицензия берген, өздүк көчмө радиотелефон байланыш тармагын эксплуатациялаган жана байланыш кызматтарын көрсөткөн орган тарабынан берилген лицензиясы бар юридикалык же жеке жак;
сатуу жана тейлөө кеңсеси - байланыш операторунун кардарлары менен иштөө системасына онлайн режиминде кошулган, жумуш орундары менен жабдылган, байланыш оператору тарабынан калкты тейлөөнү жүргүзүүчү расмий стационардык сатуу жана тейлөө жайы;
байланыш операторунун расмий сайты - байланыш операторунун иши жөнүндө маалыматты камтыган Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагынын сайты;
соода түйүнү - байланыш операторунун кызмат көрсөтүүлөрүнө кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүчү жер;
көчмө радиотелефон байланыш тармагы - түпкү терминалдары аймактык жактан белгиленген жайгашкан жери болбогон жана абоненттин/колдонуучунун конкреттүү дарегине байланбаган электр байланыш тармагы;
колдонуучу - жекелештирүү (каттоо) жол-жобосун ийгиликтүү өткөн, абонент болгонуна же болбогондугуна карабастан көчмө радиотелефон байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн иш жүзүндө пайдаланган жеке жак;
туташтыруу чеги - туташтыруу учурунан тартып эсептелген жана анын узактыгы 3 секунддан ашпаган же ага барабар болгон шартта тарифтелбеген убакыт аралыгы;
кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү - өзүнүн тармагы аркылуу же башка жакка таандык болгон электр байланыш тармагы аркылуу электр байланыш кызматтарын көрсөткөн жеке же юридикалык жак;
потенциалдуу абонент/колдонуучу - жекелештирүү (каттоо) жол-жобосунан өтүүгө ниетин билдирген жеке же юридикалык жак же жеке ишкер;
жөнөкөй электрондук кол тамга - кол тамгасынын ачкычы электрондук кол тамганын өзүнө дал келген электрондук кол тамга. Жөнөкөй кол тамга логин - абоненттик номер жана кеминде 4 цифрадан турган ондук цифраларды бир жолу терүү - пароль түрүндө берилет;
эсептешүү мезгили - абонент/колдонуучу тарабынан иш жүзүндө алынган жана төлөнүүгө тийиш болгон байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү аныкталган мезгил аралыгы;
роуминг - абонентке/колдонуучуга байланыш оператору тарабынан анын радиокамтуу зонасынан башка өлкөдөгү башка чет өлкөлүк байланыш операторунун радиокамтуу зонасына өтүүдө уюлдук байланыш операторлорунун ортосундагы роуминг келишиминин негизинде байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жана кошумча кызматтарды көрсөтүүсү. Роумингди ишке ашыруу үчүн абоненттик терминал менен башка өлкөдөгү байланыш операторунун тармагынын техникалык шайкештиги зарыл;
роуминг-өнөктөш - Кыргыз Республикасынын байланыш оператору менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары роуминг кызматтарын көрсөтүүчү чет өлкөлүк мобилдик уюлдук байланыш оператору;
абонент тууралуу маалымат - жеке жак, жеке ишкер үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин реквизиттери. Юридикалык жак үчүн -аталышы, электрондук же кагаз түрүндөгү мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк (маалымкат), жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), жайгашкан жери (юридикалык/иш жүзүндөгү дареги);
тарифтик план - байланыш оператору бир же бир нече байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө пайдаланууну сунуш кылган баа шарттарынын жыйындысы, аларды көрсөтүүнүн жана тарифтөөнүн өзгөчөлүктөрү;
көчмө (уюлдук) радиотелефон байланыш кызмат көрсөтүүлөрү (байланыш кызмат көрсөтүүлөрү) - көчмө радиотелефон байланыш аркылуу ишке ашырылуучу билдирүүлөрдү кабыл алуу жана берүү (үн кызмат көрсөтүүлөрү, SMS-билдирүүлөр);
көчмө радиотелефон байланыш кызматы менен коштолгон кызмат көрсөтүүлөр (коштолгон кызмат көрсөтүүлөр) - байланыш оператору тарабынан түздөн-түз жана/же үчүнчү жактарды тартуу менен көрсөтүлүүчү кызматтар (сервистик, маалыматтык-сурап билүү кызмат көрсөтүүлөрү, телематикалык кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрү, маалыматтарды берүү кызмат көрсөтүүлөрү);
"чалууларды кайра даректөө" кызмат көрсөтүүлөрү - кирген чалууларды бир абоненттик номерден башкасына (көчмө же белгиленген абоненттик терминалга), "Үн почтасы" системасына, чакырылган абоненттин катышуусуз үн маалыматын кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар башка техникалык каражатка кайра багыттоо мүмкүнчүлүгү;
ыйгарым укуктуу жак - байланыш операторунун атынан чыккан жана байланыш оператору ага ыйгарым укук берген аракеттерди жасаган адам;
фрод - абоненттин/колдонуучунун жана (же) кайсы болбосун үчүнчү жактын электр байланыш тармактарында уруксатсыз кирүү, чалууларды имитациялоо аркылуу байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн алуу, чакыруучу абоненттин номери/IР-дареги жөнүндө маалыматты берүүнү басуу (алмаштыруу, бербөө), чакыруучу абоненттин линиясын идентификациялоо жана чалуунун келип чыгышын идентификациялоо же башка санкцияланбаган ыкма менен байланышкан укукка каршы иш-аракеттери;
SIM-карта - абоненттин электрондук идентификациялык модулу, ал байланыш операторунун тармагына кирүүнү, ошондой эле берилген абоненттик номерди санкцияланбаган колдонуусунан коргоону камсыз кылат. SIM-карталардын түрү болуп: мини; микро; нано; eSim жана башка технологиялык модулдар эсептелет;
IVR (англ. Interactive Voice Response) - интерактивдүү үн менюсу - абонентти меню боюнча маршруттоо функциясын аткарган алдын ала жазылган үн билдирүүлөрүнүн системасы.
4. Байланыш оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- көчмө радиотелефон байланыш тармактары аркылуу берилүүчү кат алышуулардын, телефондук сүйлөшүүлөрдүн жана билдирүүлөрдүн купуялыгын сактоону камсыз кылууга.
Көчмө радиотелефон байланыш тармактары аркылуу берилүүчү кат алышуулардын, телефондук сүйлөшүүлөрдүн жана билдирүүлөрдүн купуялуулугуна болгон укукту чектөөгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана жол берилет;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, көчмө радиотелефон байланыш тармактары боюнча берилген кат алышуулар, телефондук сүйлөшүүлөр жана билдирүүлөр жөнүндө маалыматтарды абонентке же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө гана, ошондой эле үчүнчү жактарга сот актысынын негизинде берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, сурап-билүү жана башка маалыматтык кызматтарды көрсөтүү үчүн абонент жөнүндө маалыматтарды пайдаланууга же абоненттин макулдугу менен гана үчүнчү жактарга берүүгө. Байланыш операторунун маалымат базасында сакталган абонент/колдонуучу жөнүндө маалыматтар мамлекеттик органдардын, анын ичинде укук коргоо органдарынын суроо-талабы боюнча, эгерде абонент/колдонуучу жөнүндө маалыматтарды алууга тиешелүү ыйгарым укук мамлекеттик органдын ишин регламенттеген мыйзамда каралган учурда гана берилиши мүмкүн.
5. Корпоративдик кардар оператор менен түзүлгөн келишим боюнча көчмө радиотелефон байланышын колдонуучулардын фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), инсандыгын күбөлөндүрүүчү документин көрсөтүү менен эсепке алууну жүргүзүүгө милдеттүү. Корпоративдик кардардын колдонуучуларын жекелештирүү ушул Эрежелердин 2-главасында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. SIM-картаны бир колдонуучудан экинчисине өткөрүп берген учурда корпоративдик кардардын колдонуучуларын кайра тариздөө жоопкерчилиги корпоративдик кардарга жүктөлөт.
6. Оператор тарабынан байланыш кызматтарын көрсөтүү, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле арыздарды, даттанууларды же дооматтарды кароо максатында абоненттин жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу талап кылынбайт. Байланыш оператору абоненттин жеке маалыматтарын коргоо үчүн жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарга ылайык зарыл уюштуруу чараларын көрүүгө милдеттүү.
7. Абоненттин анын жеке маалыматтарын жыйноо, иштеп чыгуу, сактоо, пайдалануу жана берүү менен байланышкан жол-жоболорду жүргүзүү үчүн макулдугу төмөнкү ыкмалардын бири менен ырасталат:
- өзүн-өзү тейлөө системасындагы жөнөкөй электрондук кол тамга менен;
- сатуу кеңсесинде өз кол тамгасы менен;
- сатуу кеңсесинде өз кол тамгасынын аналогу менен.
8. Өзгөчө кырдаалда, согуш абалында, ошондой эле улуттук коопсуздук органынын тиешелүү кызмат адамынын жүйөлүү чечиминин негизинде (жазуу жүзүндө) байланыш оператору байланыш тармактарынын жана каражаттарынын ишин убактылуу токтотууга, абоненттерге байланыш кызматтарын көрсөтүүнү токтотууга же чектөөгө укуктуу.
9. Байланыш оператору тармактын же анын бир бөлүгүнүн ишин токтотуп турууга алып келген өзүнүн көчмө радиотелефон байланыш тармагындагы ири авариялар жөнүндө жана бузулууну четтетүүнүн болжолдуу мөөнөттөрү тууралуу абоненттерге жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымат берүүгө милдеттүү.
Байланыш оператору жабдууну жарым-жартылай же толук өчүрүү менен байланышкан профилактикалык тейлөө учурунда мүмкүн болгон байланыш үзгүлтүктөрү жана мындай иштерди жүргүзүү мөөнөттөрү жөнүндө мындай иш-аракеттер башталганга чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен абоненттерге маалымдайт.
10. Байланыш оператору көчмө радиотелефон байланыш тармагынын ишин алынган лицензияга жана Кыргыз Республикасынын байланыш тармагындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык камсыз кылууга милдеттүү.
11. Көчмө радиотелефон байланыш кызматынан пайдалануу үчүн көчмө радиотелефон байланыш тармагына Кыргыз Республикасынын байланыш тармагындагы мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берген абоненттик терминал гана туташтырылышы мүмкүн.
12. Байланыш оператору абонентке ушул Эрежелердин 8, 9-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, суткасына 24 саат бою байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу мүмкүндүгүн камсыз кылат.
13. Байланыш оператору абонентке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган шашылыш ыкчам кызматтарга күнү-түнү акысыз жетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
14. Байланыш оператору абоненттерге көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүгө байланышкан маалыматтарды берүү максатында маалыматтык-сурап билүү тейлөө системасын түзүүгө милдеттүү.
15. Маалыматтык-сурап билүү тейлөө системасында акы төлөнүүчү жана акысыз маалыматтык-сурап билүү кызматтары көрсөтүлөт.
16. Байланыш оператору төмөнкү маалыматтык-сурап билүү кызматтарын акысыз көрсөтөт, анын алкагында:
1) төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
- көчмө радиотелефон байланыш кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө;
- байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер, көчмө радиотелефон байланыш тармагынын тейлөө зонасы жөнүндө;
- телематикалык байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу үчүн абоненттик жабдууларды орнотуу жөнүндө;
- акы төлөнүүчү жана акысыз маалыматтык-сурап билүү кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө;
- байланыш операторунун реквизиттери, анын жайгашкан жери жана сатуу жана тейлөө кеңселеринин иштөө режими, байланыш кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөөнү кабыл алуу жерлери жөнүндө;
- көчмө радиотелефон байланыш тармактарында абоненттик терминалды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө;
2) көчмө радиотелефон байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга жолтоо болгон техникалык бузулуулар, SIM-карта (SIM-картаны колдонуу каралбаган) же абоненттик терминал жоголгондугу жөнүндө абоненттен күнү-түнү маалымат кабыл алат;
3) абоненттин жеке маалыматтары өзгөргөндүгү тууралуу маалыматтарды кабыл алат.
Байланыш оператору тарабынан көрсөтүлүүчү акысыз маалыматтык-сурап билүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси кыскартылышы мүмкүн эмес, бирок байланыш оператору тарабынан өз алдынча кеңейиши мүмкүн.
17. Маалыматтык-сурап билүү кызмат көрсөтүүлөрү мобилдик тиркемелер же башка ыкмалар аркылуу сатуу жана тейлөө кеңселеринде, байланышуу-борборлорунда, оператордун web-сайтында берилет.
18. Байланыш оператору акы төлөнүүчү маалыматтык-сурап билүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмесин өз алдынча аныктайт. Абонентке гана бериле турган купуя маалыматты түзгөн маалыматтардын мазмуну жана көлөмү байланыш оператору тарабынан аныкталат.
19. Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү үчүн абоненттен келип түшкөн төлөм операциялары жөнүндө, керектелүүчү байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү жана аларды тарифтештирүү жөнүндө эсепке алуу маалыматтары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнөн кем эмес байланыш операторунун АЭСинде сакталат.
20. Байланыш оператору абоненттерге көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүдөгү колдонулуп жаткан тарифтердеги өзгөртүүлөр ишке киргизилери, комплекстүү тарифтик пландар өзгөртүүлөрү, тарифтик пландын колдонулушу же айрым акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр токтотула тургандыгы жөнүндө SMS-билдирүүлөрдү жиберүү жолу менен байланыш операторунун веб-сайты аркылуу же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу он календардык күндөн кечиктирбей кабарлоого милдеттүү.
Эгер тарифтик пландын колдонулушун токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып 10 календардык күн өткөндөн кийин абонент башка жеткиликтүү тарифтик планга өтпөсө, байланыш оператору өз каалоосу боюнча өз алдынча аныктаган, параметрлери боюнча жакын тарифтик планга абонентти автоматтык түрдө которот.
Эгерде тарифтерди көбөйтүү байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркына кошулуучу салыктарды киргизүүнүн, көбөйтүүнүн же өзгөртүүнүн эсебинен жүргүзүлсө, абоненттерге билдирүү талап кылынбайт.
21. Кыргыз Республикасынын байланыш жаатындагы мыйзамдарына ылайык, анын ичинде байланыш оператору тарабынан байланыш тармактарынын нумерациясы өзгөргөн учурда, абоненттик номерлер абоненттердин макулдугусуз байланыш оператору тарабынан өзгөртүлөт, мындай алмаштыруунун мөөнөтү жана себеби жөнүндө SMS-билдирүүлөр аркылуу абоненттерге кабарланат. Жеке жактарга номерлер алмаштырылганга чейин 30 жумуш күндөн кем эмес күн мурда, юридикалык жактарга 6 айдан кем эмес убакыт мурда билдирилет.
Номерлерди алмаштыруу байланыш оператору тарабынан абоненттерден кошумча акы албастан өз алдынча жүргүзүлөт.
Жок болгон номерге чалган учурда калкка байланыш операторунун тармагында нумерация өзгөргөндүгү тууралуу билдирүү электр байланыш операторунун техникалык каражаттарын (автоинформаторду) пайдалануу менен номер өзгөргөн учурдан тартып 6 айдын ичинде жүргүзүлөт.
22. Абонент башка абоненттин өздүк эсебине касса аркылуу, алдын ала төлөм картасы, терминалдык түзүлүштөр аркылуу жана байланыш оператору берген башка ыкмалар менен төлөмдү жаңылыш киргизгендиги үчүн байланыш оператору жоопкерчилик тартпайт.
23. Абонентке/колдонуучуга экстремисттик аракеттерди ишке ашырууга, мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирүүгө, коомдук тартипти бузууга, жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына кол салууга багытталган аракеттерди, ошондой эле алдамчылык аракеттерди, байланыш операторуна жана/же үчүнчү жактарга зыян же залал келтирген же мындай зыян же залал келтирүү коркунучун түзгөн аракеттерди жана байланыш тармактарын пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган башка аракеттерди жасоого тыюу салынат.
24. Абонентке/колдонуучуга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- байланыш тармагына жана Интернет-телефонияга кирүү үчүн шлюздарды, программалык камсыздоону жана келишимде каралбаган, чалуулардын багытын же телефондук туташтырууларды орнотуу тартибин өзгөртүүгө багытталган же байланыш жабдууларынын жана түзүлүштөрүнүн иштөө жөндөмдүүлүгүн бузууга алып келген башка иш-чараларды оператордун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз орнотууга жана/же пайдаланууга;
- лотереяларды, добуш берүүлөрдү, конкурстарды, викториналарды өткөрүү, жарнактар, сурамжылоолор, үгүт мүнөзүндөгү билдирүүлөр үчүн байланыш кызматын пайдаланууга жана байланыш оператору менен макулдашылбаган башка аракеттерди жасоого;
- фроддук аракеттерди жана байланыш тармагына санкцияланбаган жетүүнү алууга, ошондой эле мындай жетүүнү байланыш операторунун тармагына пайдаланууга багытталган аракеттерди жүзөгө ашырууга.
25. Абонент байланыш тармагына туташуу үчүн сертификацияланган абоненттик терминалды пайдаланат.
26. SIM-картаны (анын ичинде eSIM) же SIM-картаны талап кылбаган абоненттик терминалды башка жакка берүүдө, мындай SIM-карта же SIM-картаны талап кылбаган абоненттик терминал 10 календардык күндүн ичинде мүмкүн болуучу абонентке/колдонуучуга кайра катталууга тийиш.
27. Байланыш операторунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу абоненттик номерди сактоо максатында абонент байланыш операторуна жазуу жүзүндө же USSD-cypoo-талабы түрүндө же байланыш операторунун мобилдик тиркемесин колдонуу менен номерди сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн кайрылат.
2-глава. Жекелештирүү (каттоо) тартиби жана келишим түзүүнүн шарттары
28. Жекелештирүү (каттоо) - байланыш операторлорунун маалыматтар базасына абонент/колдонуучу жөнүндө алар берген идентификациялык маалыматтарды киргизүүнүн жол-жоболору жана тартиби.
Жекелештирүү (каттоо) байланыш операторунун төмөнкү системалары аркылуу жүзөгө ашырылат:
- сатуулар жана тейлөө кеңсесиндеги байланыш операторунун кардарлар менен иштөө системасы;
- мобилдик тиркеме;
- веб-сайт;
- байланыш операторунун башка программалык каражаттары.
29. Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүгө келишим төмөнкүдөй формалардын биринде түзүлүшү мүмкүн:
- кагаз түрүндөгү келишим;
- электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндөгү келишим;
- ушул Эрежелерде каралган тартипте жарыя келишимге биригүү;
- өз кол тамгасынын аналогу коюлган (кайталап көрсөтүү) же документ келишим боюнча тараптан келип жаткандыгын ишенимдүү түрдө белгилөөгө мүмкүндүк берген башка ыкмалар менен кагаз түрүндөгү документтин электрондук образы (электрондук образы).
30. Жекелештирүү (каттоо) төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) өз алдынча катталуу жолу менен (аралыктан);
2) абонентти каттоо жолу менен:
- сатуу жана тейлөө кеңселеринде байланыш операторунун ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан;
- соода түйүндөрүндөгү ыйгарым укуктуу адам тарабынан.
Жекелештирүү (каттоо) жол-жобосун жүргүзүү үчүн потенциалдуу абонент/колдонуучу жеке маалыматтарын төмөнкү ыкмалардын бири аркылуу чогултууга, иштеп чыгууга, өткөрүп берүүгө, пайдаланууга жана сактоого макулдугун берет:
- жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө кагаз түрүндөгү макулдукка өз кол тамга менен;
- өз кол тамгасынын аналогу (кайталап көрсөтүү) менен;
- жөнөкөй электрондук кол тамга менен;
- күчөтүлгөн электрондук кол тамга менен (күчөтүлгөн квалификациялуу эмес же күчөтүлгөн квалификациялуу кол тамга менен).
31. SIM-картаны активациялоо жана жекелештирүү жол-жоболорун жүргүзүү үчүн байланыш оператору төмөнкүдөй байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө гана жетүүнү камсыз кылууга милдеттүү:
- байланыш операторунун маалымат-сурап билүү тейлөө номерине чыгыш чалуулар;
- байланыш оператору менен гана маалымат алмашуу үчүн USSD-командалар, чыгыш жана кириш SMS-билдирүүлөр;
- жекелештирүү жол-жобосун өз алдынча өтүү, анын ичинде байланыш операторунун мобилдик тиркемесин жүктөө үчүн Интернет тармагына жетүү.
32. Байланыш операторунун каттоо системасында мүмкүн болуучу абонентти/колдонуучуну жекелештирүү төмөнкүдөй милдеттүү шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат:
- инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасынын бет жагынын жана арткы жагынын сүрөтүн же видео көрүнүшүн берүү;
- өзүнүн сүрөтүн же видео көрүнүшүн беттин сүрөтү бар инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы менен бирге берүү;
- жеке маалыматтарды чогултууга, иштетүүгө, пайдаланууга, сактоого жана берүүгө макулдук берүү.
33. Потенциалдуу абонент/колдонуучу жөнүндө маалыматтарды белгилөө жана алардын аныктыгын ырастоо үчүн байланыш оператору ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен маалыматтарды суроого укуктуу, бирок милдеттүү эмес.
Ошондой эле байланыш операторунун техникалык мүмкүнчүлүгү жана түпкү жабдуулары болгон учурда байланыш операторун каттоо системасында персонификациялоо биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Байланыш оператору төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
- реалдуу убакыт режиминдеги фото же видео көрүнүштү аларды берүүчү түзүлүштө сактоо мүмкүнчүлүгү жок берүү;
- потенциалдуу абонентти/колдонуучуну жекелештирүү жол-жобосу менен байланышкан маалыматтарды берүүнү коргоо.
34. Потенциалдуу абонентти/колдонуучуну ыйгарым укуктуу адам тарабынан сатуу жана тейлөө кеңсесинде же соода түйүнүндө жекелештирилген (катталган) учурда аны идентификациялоо анын жеке катышуусунда ушул Эрежелердин 32-пунктунда белгиленген тартипте инсандыгын ырастоочу документти көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.
35. Сатуу жана тейлөө кеңсесинде же соода түйүнүндө жекелештирүү жол-жобосун өтүүдө байланыш оператору киргизилген маалыматтарды (ИЖН/СИН, аты-жөнү) текшерүү үчүн потенциалдуу абонентке/колдонуучуга SMS-билдирүү жөнөтөт.
Катталуучу SIM-картага SMS-билдирүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда потенциалдуу абонент/колдонуучу киргизилген маалыматтарды (ИЖН/СИН, аты-жөнү) текшерүү жана SMS-билдирүү аркылуу ырастоо санариптик кодду алуу үчүн каалаган байланыш операторунун иштеп жаткан абоненттик номерин көрсөтөт. Маалыматтар туура болгон учурда потенциалдуу абонент/колдонуучу ыйгарым укуктуу адамга байланыш операторунун каттоо системасына киргизүү үчүн санариптик кодду берүү менен макулдугун ырастайт.
36. Жекелештирүү жол-жобосун өткөндөн кийин байланыш оператору потенциалдуу абонентке тиешелүү кабарлоо жөнөтөт. Жекелештирүү жол-жобосу ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу кабарлоо байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча келишимдин түзүлгөндүгүн ырастоо болуп саналат. Ошол учурдан тартып потенциалдуу абонент байланыш операторунун тармагынын абоненти болуп эсептелет.
37. Берилген маалыматтардын ишенимдүүлүгү, толуктугу жана актуалдуулугу үчүн жоопкерчилик абонентке жүктөлөт. Жекелештирүү жол-жоболорун жүргүзүүдө жана аны аяктагандан кийинки абонент аткарган иш-аракеттердин бардыгы абоненттин өзү тарабынан жасалды деп эсептелет.
38. Байланыш оператору төмөнкүдөй учурларда абонентти жекелештирүүдөн баш тартат:
- 16 жашка жете элек адамды каттоо;
- жеке маалыматтарды чогултуу, иштетүү, өткөрүп берүү, пайдалануу жана сактоо үчүн жеке маалыматтарды берүүдөн баш тартуу;
- автоматташтырылган маалымат алмашууну уюштурууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн) маалыматтардын жоктугу;
- паспорттун жана анын мазмунунун Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун тиешелүү типтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору менен бекитилген улуттук паспорттун үлгүсүнө шайкеш келбеши;
- автоматташтырылган маалымат алмашууну уюштурууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестриндеги маалыматтарга инсандыгын ырастоочу документтин берилген түп нускасынын маалыматтарынын шайкеш келбеши;
- инсандыгын ырастоочу документтин ээсинин инсандыгын идентификациялоо мүмкүн болбогондо;
- инсандыгын ырастоочу документтин колдонуу мөөнөтүнүн бүтүшү;
- инсандыгын ырастоочу документте көрсөтүлгөн окулбаган же начар окулган маалыматтар, анын ичинде адамдын сүрөтү;
- инсандыгын ырастоочу документте абоненттин жүзү менен документтеги фото сүрөттүн дал келбеши;
- жүзүнүн жабык болушу;
- инсандыгын ырастоочу документти жараксыз деп таануунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурлары.
39. Жекелештирүүдө (каттоодо) алынган маалыматтар байланыш операторунун маалыматтар базасына киргизилет, алар түзүлгөн күнүн жана убактысын жана абонентти/колдонуучуну идентификациялоонун төмөнкүдөй маалыматтарын камтууга тийиш:
- жеке жак үчүн: фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), туулган күнү, ошондой эле инсандыгын ырастоочу документтин реквизиттери (аталышы, сериясы жана номери, берилген датасы, документти берген органдын аталышы), өчүрүүгө, оңдоого же ретуш кылууга болбогон абоненттин/колдонуучунун бетинин сүрөтү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде маалыматтары сакталбаган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар үчүн -инсандыгын ырастоочу документтин фотосүрөтү;
- жеке ишкерлер үчүн: фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), инсандыгын ырастоочу документтин реквизиттери (аталышы, сериясы жана номери, берилген күнү, документти берген органдын аталышы), ошондой эле алып салууга, редакциялоого же ретуш менен оңдоого мүмкүн болбогон бетинин сүрөтү;
- юридикалык жак үчүн: уюмдун аталышы (фирмалык аталышы), жайгашкан жери, негизги мамлекеттик каттоо номери, ошондой эле салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
40. Көчмө радиотелефон байланыш кызмат көрсөтүүсү келишимдин негизинде көрсөтүлөт. Келишимди түзүү үчүн акы алынбайт.
41. Келишим белгисиз мөөнөткө мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт.
Абоненттин каалоосу боюнча мөөнөттүү келишим түзүлүшү мүмкүн. Тараптар менен мөөнөттүү келишим түзүү учурунда аны колдонуу мөөнөтү келишимде аныкталат.
42. Абонентке байланыш кызматтарын көрсөтүүгө техникалык мүмкүнчүлүк болбогон жана ушул Эрежелердин 38-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, байланыш оператору абоненттин каалоосу боюнча аны менен келишим түзүүгө милдеттүү.
Байланыш оператору келишим түзүүдөн негизсиз баш тарткан же качкан учурда, потенциалдуу абонент байланыш операторун келишим түзүүгө мажбурлоо жана анын аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында келип чыккан зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуктуу.
Байланыш кызматтарын көрсөтүүгө техникалык мүмкүнчүлүк жоктугун далилдөө түйшүгү байланыш операторуна жүктөлөт.
43. Байланыш оператору ыйгарым укуктуу адамга байланыш операторунун атынан жана эсебинен келишим түзүүнү, ошондой эле байланыш операторунун атынан абонент менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырууга укуктуу.
Ыйгарым укуктуу адам тарабынан байланыш операторунун атынан жана эсебинен түзүлгөн келишим боюнча укуктар жана милдеттер түздөн-түз байланыш операторунда пайда болот.
44. Корпоративдик кардар келишим түзүү үчүн:
1) юридикалык жак байланыш операторуна төмөнкүлөрдү берет:
- электрондук формада же кагаз түрүндө юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) же кайра каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн (маалымкаттын) көчүрмөсүн;
- уюмдаштыруучу документтерди, анын ичинде аткаруучу органдын адамынын ыйгарым укуктарын ырастоочу документти;
- аткаруу органынын адамынын же ишеним кат боюнча өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
- келишимди түзүүдө юридикалык жактын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө болгон ишеним катты;
2) жеке ишкер төмөнкүлөрдү берет:
- жеке ишкер катарында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- жеке ишкердин же ишеним кат боюнча жеке ишкердин өкүлүнүн инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
- келишим түзүүдө жеке ишкердин кызыкчылыктарын көрсөтүү үчүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты.
45. Келишимде төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) келишим түзүлгөн күн;
2) тараптардын аталыштары;
3) байланыш операторунун алыш-бериш эсебинин реквизиттери;
4) абонент жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты, инсандыгын ырастоочу документинин реквизиттери - жеке адам үчүн, уюмдун аталышы, жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты, башкы кеңсеси жайгашкан жери, банктык реквизиттери - юридикалык жак үчүн);
5) абоненттик номер (номерлер);
6) тараптардын укугу, милдеттери жана жоопкерчилиги.
46. Келишимде төмөнкүдөй олуттуу шарттар көрсөтүлөт:
1) эсептөөлөрдүн тартиби, мөөнөтү жана формасы;
2) көчмө радиотелефон байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө системасы (аванстык/кредиттик);
3) тарифтик пландарды өзгөртүүнүн жана токтотуунун тартиби;
4) абоненттердин арыздарын, даттанууларын жана дооматтарын кароонун тартиби;
5) сурап билүү кызматынын жана техникалык колдоо кызматынын телефондорунун номерлери;
6) байланыш тармактары боюнча таркатылуучу акы төлөнүүчү жана/же акысыз жарнактарды алуу же албоо тартиби;
7) көчмө радиотелефон байланыш тармагынын абоненттик номерин алмаштыруучу учурлар жана тартиби;
8) көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүнү токтото туруучу учурлар жана тартиби;
9) келишимди бузуунун же токтотуунун учурлары жана тартиби.
47. Абонентти идентификациялоо үчүн оператор бир же бир нече төмөнкүдөй маалыматтарды сурайт:
- жашыруун сөз;
- абоненттин номерине жиберилген бир жолку пароль;
- инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары;
- тармактык окуялар боюнча маалымат;
- идентификациялык жеке номер.
48. Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүгө келишим түзүүдө абонент жашыруун сөз көрсөтөт, келишимди аткарууда бул сөз аны идентификациялоо үчүн керектелет.
SIM-карта же SIM-картаны талап кылбаган абоненттик терминал жоголгон учурда абонент операторго байланыштын жеткиликтүү каналдары боюнча тез арада билдирет. Байланыш операторунун техникалык кызматкери тарабынан SIM-карта же телефондун номери төмөнкүдөй учурларда оператор тарабынан блоктолот:
- оозеки кайрылган учурда, эгерде абонент жашыруун сөз айтса;
- оозеки кайрылган учурда, эгерде абонент ушул Эрежелердин 47-пунктунда белгиленген тартипте идентификацияланса;
- инсандыгын ырастоочу документ көрсөтүлгөн учурда абоненттин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча.
Келишимде SIM-карта же SIM-картаны талап кылбаган абоненттик терминал жоголгондугу тууралуу байланыш операторуна маалымдоонун башка ыкмалары кошумча көрсөтүлүшү мүмкүн.
SIM-картаны калыбына келтирүү абонентти идентификациялоо жол-жобосунан өткөндөн кийин аны тейлеген байланыш операторуна абоненттин кайрылуусунун негизинде жүзөгө ашырылат.
49. Абонент келишим түзүп жаткан байланыш операторунун документтери (лицензиясы, мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгү) менен таанышууга укуктуу.
50. Эгерде келишим корпоративдик кардар менен бир нече абоненттик номерлерге түзүлгөн болсо, байланыш оператору келишимди бузбастан, 180 календардык күндөн ашык пайдаланылбаган же 90 календардык күндөн ашык төлөнбөгөн карызы менен пайдаланган абоненттик номерди алып коюуга укуктуу.
51. Байланыш оператору байланыш кызматын көрсөтүүнү төмөнкүлөрдө токтотуп турат:
- абонент бардык жеткиликтүү формаларда (оозеки, жазуу жүзүндө, электрондук ж.б.) кайрылганда. Кайрылуунун келип түшүү ыкмаларына карабастан, байланыш оператору ушул Эрежелердин 47-пунктуна ылайык абонентти милдеттүү идентификациялоодон кийин мындай кайрылууну кароого алат;
- SIM-карталарды 16 жашка жете элек адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө каттоо учурларын кошпогондо, иш жүзүндөгү колдонуучу менен катталгандын ортосундагы дал келбестик аныкталганда;
- абонент келишимдин, ушул Эрежелердин шарттарын бузган учурда, анын ичинен абонентке көрсөтүлгөн байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө мөөнөттөрүн кечиктиргенде.
52. Байланыш оператору кызмат көрсөтүүнү кароого милдеттүү, ага ылайык абоненттин арызынын негизинде акыркыда SIM-картаны жана абоненттик номерди пайдалануу укугу сакталат.
53. Абоненттин макулдугусуз байланыш оператору абонентке өзүнчө акыга көрсөтүлүүчү кошумча кызматтарды (тандалган же колдонулган тарифтик планда каралбаган кызматтарды) көрсөтүүгө укугу жок.
Кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү активациялоо/деактивациялоо, пайдаланылган тарифтик планды өзгөртүү же алмаштыруу абоненттин демилгеси боюнча төмөнкүдөй каналдар аркылуу абоненттик терминалдан тиешелүү команданы терүү жолу менен мүмкүн болот: байланыш операторунун мобилдик тиркемесин колдонуу, байланыш операторунун расмий сайтындагы жеке кабинет, IVR-каналы, тиешелүү USSD-буйругун терүү, берилген буйрук жана башка каналдар менен SMS-билдирүү жөнөтүү абоненттик терминалдан, ошондой эле ушул Эрежелердин 47-пунктуна ылайык абонентти милдеттүү идентификациялоодон кийин маалыматтык-сурап билүү кызматы аркылуу, сатуу жана тейлөө кеңселерине же соода түйүнүнө кайрылуу.
54. Өзгөчө, шашылыш кырдаалдар жөнүндө жана өзгөчө кырдаалдарда адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, алардын мүлкүн жана адамдардын жашаган чөйрөсүн коркунучтардан коргоо менен байланышкан башка кырдаалдар жөнүндө билдирүүлөрдү кошпогондо, байланыш оператору абоненттерге мамлекеттик органдар жана башка уюмдар тарабынан жиберилген SMS-жөнөтүүлөрдү, билдирүүлөрдү саат 23:00дөн кийин 08:00ге чейин таратууга жол бербейт. Мындай билдирүүлөр артыкчылыктуу болуп саналат жана абонент аларды алуудан баш тартууга укугу жок.
55. Абоненттик номерди кайра тариздөө төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- абонент/колдонуучу алмашканда (катталган абоненттик номер башка жакка берилгенде);
- юридикалык жак жоюлганда же жеке ишкердин иши токтотулганда;
- SIM-карта каралбаган абоненттик түзүлүш берилгенде;
- абонент/колдонуучу каза болгондо;
- корпоративдик топтун курамына киргизүүдө же чыгарууда.
56. Кайра тариздөөнүн (кайра каттоонун) тартиби:
- абонент/колдонуучу белгиленген тартипте катталган абоненттик номерди (анын ичинде SIM-карта каралбаган абоненттик түзүлүшкө орнотулган) үчүнчү жакка өткөрүп берген учурда, өткөрүп берип жаткан абонент номерди ушул Эрежелердин 32-пунктунда белгиленген тартипти сактоо менен байланыш операторунун каттоо системасында үчүнчү жакка кайра каттайт же эки жак тең (өткөрүп берүүчү жана кабыл алуучу) сатуу жана тейлөө кеңселерине кайрылат, анда ыйгарым укуктуу адам абоненттик номерди кайра тариздөөнү жүзөгө ашырат.
- юридикалык жак жоюлган же жеке ишкер ишин токтоткон учурда юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлү же жеке ишкер номерлерди кайра тариздөө жөнүндө арыз менен байланыш операторуна кайрылат;
- абонент/колдонуучу каза болгон учурда номерди кайра тариздөө абоненттин/колдонуучунун каза болгондугун жана туугандыгын ырастоочу документтерди берген адамга сатуу жана тейлөө кеңселеринде жүргүзүлөт;
- корпоративдик топтун курамына киргизилген/чыгарылган учурда кайра тариздөө корпоративдик кардардын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жүргүзүлөт.
3-глава. Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү жана сапаты
57. Абонентке көрсөтүлүүчү байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмеги абонент тандап алган тарифтик план менен байланыш операторунун (үчүнчү жактын) колдонуудагы сунуштарына ылайык абонент кошумча заказ кылган кызмат көрсөтүүлөрдү эске алуу менен аныкталат.
Кызмат көрсөтүүлөрдөн тизмеги абоненттик жабдуунун мүмкүндүктөрү менен аныкталат. Роумингде көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеги абоненттик жабдуунун жана роуминг операторунун жана/же анын өнөктөшүнүн тармагынын мүмкүнчүлүгүнө жараша болот.
58. Байланыш кызматтары оператор тарабынан жекелештирүү жол-жоболорунан өткөн жана келишим түзүлгөн учурдан тартып жыйырма төрт сааттан кечиктирбестен көрсөтүлөт. Алдын ала төлөөнү караган тарифтик план боюнча байланыш кызматтары байланыш кызматтарын көрсөтүүгө келишимде белгиленген тартипте жана шарттарда төлөнгөндөн кийин гана көрсөтүлөт.
59. Абонентке байланыш оператору тарабынан көрсөтүлгөн байланыш кызматтарынын көлөмүн аныктоо байланыш операторунун автоматтык эсептешүү системасынын же болбосо чет өлкөлүк байланыш операторлорунун байланыш жабдууларынын көрсөткүчтөрүнүн негизинде, атап айтканда абонентке роумингде байланыш кызматын көрсөтүүдө жүзөгө ашырылат.
60. Мурда төлөнгөн төлөмдөрдүн суммасына жараша жана мурда оператор көрсөткөн байланыш кызматтарын эске алуу менен жеке эсебиндеги учурдагы калдык жөнүндө маалыматты абонент байланыш операторунан (оператордун үн, Интернет жана/же башка сервистеринин жардамы менен) алышы мүмкүн.
61. Абонент кошумча абоненттик номерлерди ал байланыш операторуна бардык карыздарын төлөгөндөн кийин ала алат.
62. Байланыш оператору абонент бузук, же белгиленген талаптарга жооп бербеген абоненттик терминалды же болбосо өндүрүүчү жана байланыш оператору менен макулдашпастан өзгөртүлгөн же модификацияланган абоненттик терминалды пайдалангандыгынын натыйжасында келип чыккан байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатынын начарлагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
63. Байланыш оператору форс-мажордук жагдайларда байланыш кызматтарын көрсөтүү убактылуу чектелген же токтотулган учурларды кошпогондо, ошондой эле байланыш оператору авариялык же пландуу оңдоо жумуштарын жүргүзгөн же болбосо байланыш операторунун тармагын өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча жумуштар жүргүзүлгөн учурларда, ошондой эле ушул Эрежелердин 8 жана 9-пункттарында каралган учурларда көчмө радиотелефондук байланыш тармагынын алынган лицензияга жана техникалык ченемдерге ылайык үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга милдеттүү.
4-глава. Эсептөөлөр
64. Белгилүү бир тарифтик план боюнча көрсөтүлүүчү байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер корпоративдик кардарларды кошпогондо, ушул тарифтик планды пайдаланган абоненттер үчүн бирдей колдонулат. Тарифтер жана байланыш оператору менен абоненттин ортосундагы эсептешүүлөр улуттук валютада белгиленет жана жүргүзүлөт.
65. Байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууда кошулуунун узактыгы байланыш оператору тарабынан байланыш операторунун тармагынын коммутаторунун авто-жооп бергичтеринен башка бардык жактар же абоненттик терминал жооп берген учурдан тартып аяктаган учурга чейин эсептелет. Эгерде абонент жооп бербесе кошулуу үчүн акы алынбайт.
Төмөнкүдөй техникалык түзүлүштөр тарабынан жөнөтүлгөн жооп абоненттин жооп бергендигине теңештирилет:
- номерди автоматтык түрдө аныктоочу абоненттик терминал (уюлдук операторлордун жана санариптик станциялардын номерди аныктагычтарынан тышкары);
- авто-жооп бергич менен жабдылган абоненттик терминал;
- факсимилдик аппарат;
- модем.
66. "Конференц-байланыш", "чакырыкты күтүү" кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууда чакырган абонент/колдонуучу байланыштын бардык катышуучулары менен кошулуулардын акысын төлөйт.
67. "Чакырыкты кайра даректөө" кызмат көрсөтүүсүн пайдаланууда чакырган абонент/колдонуучу байланыш операторунун чакырыкты кайра даректөө орнотулган абоненттик номерге чейинки кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланган тарифтик планга ылайык төлөйт.
"Чакырыкты кайра даректөө кызмат" көрсөтүүсүн пайдаланууда кызмат көрсөтүүнүн бул түрүн орнотуп алган абонент/колдонуучу байланыш операторунун чакырык кайра даректелген абоненттик номерге чейинки кызмат көрсөтүүлөрүн төлөйт.
68. Автоматтык роумингде роуминг кызмат көрсөтүүсүн орноткон абонент чыккан жана кирген чакырыктарды жеткирүү наркын келишимге ылайык төлөйт.
69. Абонентке көрсөтүлгөн байланыш кызмат көрсөтүүлөрү үчүн эсептерди коюу үчүн байланыш операторунун автоматташтырылган эсептешүү системасынын маалыматтары негиз болот.
70. Абоненттин/колдонуучунун АЭСтин маалыматтарынын негизинде түзүлгөн жеке эсебинин абалы жөнүндө маалымат байланыш оператору тарабынан абонентке/колдонуучуга акысыз негизде берилет.
71. Байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер, телефондук кошулуунун тарифтешүү бирдигинин өлчөмү жана төлөө тартиби байланыш оператору тарабынан тарифтик пландарда өз алдынча белгиленет. Тарифтик планда анын колдонуу мөөнөтү жана аймагы жөнүндө маалыматтар да камтылат.
Телефондук кошулуунун тарифтик бирдигинин өлчөмү 10 секунддан ашпайт, ошол эле учурда байланыш оператору өз тармагынын абоненттери үчүн эл аралык кошулуудан тышкары, телефондук кошулуунун секунд боюнча тарифтешүүсү менен бир нече (экиден кем эмес) тарифтик пландын болуусун камсыз кылууга милдеттүү.
Эл аралык кошулууларга телефондук кошулуунун тарифтешүүсүнүн бирдигинин өлчөмү байланыш операторлору тарабынан өз алдынча белгиленет. Ошол эле учурда телефондук кошулуунун тарифтешүүсүнүн бирдигинин өлчөмү бир минутадан ашпайт, ал эми кошулуу чеги эл аралык кошулууларга колдонулбайт.
72. Кошулуунун наркы байланыштыруу чегине жетпеген узактыктагы сүйлөшүүнү кошпогондо, кошулуу белгиленген учурдан тартып кошулуу токтотулганга чейинки сүйлөшүүнүн узактыгына жараша (телефондук кошулуунун тарифтешүү бирдигинин саны боюнча) аныкталат.
73. Абонент пайдаланган бардык байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркы эсептешүү мезгилинде кошулат. Эсептешүү мезгили байланыш оператору тарабынан өз алдынча аныкталат, бирок абонентке роумингде көрсөтүлгөн кызматтарды кошпогондо, бир айдан ашпоого тийиш.
74. Байланыш кызматтарын көрсөтүүдө колдонулуучу эсептешүү формасы байланыш оператору тарабынан аныкталат.
75. Эсептөөлөрдүн аванстык методу (препейд):
- байланыш кызматтарын көрсөтүү башталганга чейин абоненттин/колдонуучунун жеке эсебине аванс (төлөм) тандалып алынган тарифтик план менен аныкталган суммада төлөнөт, бул абоненттин/колдонуучунун жеке эсебинде жетиштүү калдыкты түзөт. Аванстын минималдуу өлчөмүн тарифтик планга жараша, анын ичинде роуминг кызмат көрсөтүүлөрү боюнча байланыш оператору аныктайт;
- байланыш операторунун абонентке көрсөткөн кызматтары үчүн абонент/колдонуучу менен эсептешүү жүргүзүлөт, анын ичинде эсептешүү мезгилинде пакет мүнөтү, SMS, интернет-трафик түрүндө, мурда төлөнгөн аванстын суммасын эске алуу менен жүргүзүлөт;
- абоненттин/колдонуучунун жеке эсебине төлөнгөн аванстык төлөмдөр абонент пайдаланган тарифтик пландын шарттарына ылайык байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө үчүн пайдаланылат.
76. Абоненттин келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруусун камсыздоо максатында байланыш оператору абоненттин/колдонуучунун жеке эсебинде кызмат көрсөтүүнүн тизмегине, көлөмүнө жана абонент/колдонуучу тандап алган тарифтик планга жараша төмөндөбөй турган жетиштүү калдыкты белгилөөгө укуктуу.
77. Эгерде жеке жак абонент болуп саналса, 180 календардык күндүн ичинде номерден чыгуучу акы төлөнүүчү тармактык активдүүлүк (чыгуучу кошулуулар жана/же чыгуучу SMS-билдирүүлөр жана/же интернет-сессиялар) жок болгон учурда же 90 календардык күндөн ашык мөөнөт төлөнбөгөн карыз болгон учурда келишим бузулушу мүмкүн.
Эгерде корпоративдик кардар абонент болуп саналса, 180 календардык күндүн ичинде номерден чыгуучу акы төлөнүүчү тармактык активдүүлүк (чыгуучу кошулуулар жана/же чыгуучу SMS-билдирүүлөр жана/же интернет-сессиялар) жок болгон учурда же 90 календардык күндөн ашык мөөнөт төлөнбөгөн карыз болгон учурда колдонуучунун номери алып салынат.
Абоненттин жеке эсебинде акча каражаттары болгон учурда абоненттин арызы боюнча ал акча каражаттары абонентке кайтарылып берилет.
78. Абонентке тиешелүү болгон акча каражаттары абоненттин акчаны кайтарып берүү жөнүндө арызы катталган күндөн тартып он беш календардык күндүн ичинде кайтарылып берилет.
Абонент роумингде болгон учурда абонентке тиешелүү болгон акча каражаттары келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө кайтарылып берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөт оператор абоненттен тиешелүү арызды алган учурдан тартып 90 календардык күндөн ашпайт.
Ушул Эрежелерде белгиленген тартипте талап кылынбаган, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө эсебине төлөнгөн акча каражаттары эскирүү мөөнөтү бүткөнгө чейин өзүнчө жыйынды эсепте эсепке алынат. Эскирүү мөөнөтү бүткөндөн кийин талап кылынбаган акча каражаттары байланыш оператору тарабынан башка кирешелер деп таанылат.
79. Эсептөөлөрдүн кредиттик методу (постпейд):
- эсептөөлөрдүн кредиттик методунда абонент эсептешүү мезгилинде иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызматтар үчүн ушул келишимдин шарттарына ылайык акы төлөйт. Акы абонент/колдонуучу пайдаланган байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмегине, көлөмүнө жана тандап алган тарифтик планга жараша төлөнөт;
- иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө милдеттенмелерди аткаруу тарифтик пландарда оператор тарабынан аныкталган өлчөмдө акчанын суммасын төлөө менен камсыз кылынат. Абонент көрсөтүлгөн байланыш кызматтарына акы төлөө милдеттенмесин аткарбаган учурда байланыш оператору абоненттин камсыздоо максатында төлөгөн акча каражаттарын пайда болгон карызды төлөөгө жумшоого укуктуу;
- байланыш оператору абоненттин жеке эсебине кредит берүүнүн лимитин (чек) белгилөөгө укуктуу, ага жеткенде байланыш оператору байланыш кызмат көрсөтүүсүн чектөөгө же токтотуп турууга жана/же иш жүзүндө көрсөтүлгөн байланыш кызматы үчүн кезексиз эсеп коюуга укуктуу, ал эсепте көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде төлөнүүгө тийиш;
- кезексиз эсеп эсептешүү мезгилинен узактыктагы убакыт мезгили үчүн коюлат;
- оператордун эсебине көрсөтүлгөн байланыш кызматтарын төлөө үчүн жетиштүү акча каражаты мөөнөтүндө түшпөсө, байланыш оператору анын эсебине тийиштүү акча каражаты түшкөнгө чейин көрсөтүлүүчү кызматтардын көлөмүн чектөөгө же байланыш кызматын көрсөтүүнү толугу менен токтотуп коюуга укуктуу;
- кредит берүүнүн лимитинин (чектөөнүн) өлчөмүн байланыш оператору өз алдынча аныктайт.
80. Эсептөөлөрдүн кредиттик методунда байланыш оператору ай сайын, эсептешүү мезгили бүткөн учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде эсептөөлөрдүн кредиттик методун колдонгон абонентке байланыш операторунун биллингдик системасынын көрсөткүчтөрүнүн негизинде тандап алган тарифтик планга, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмегине, көлөмүнө ылайык эсепти коёт.
81. Абоненттин күнөөсү боюнча эсепти албоо же кеч алуу абоненттин байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөдөн баш тартуусуна же төлөө мөөнөтүн узартуу, бөлүп төлөө үчүн негиз болуп саналбайт.
82. Байланыш операторунун эсебине берилген эсеп боюнча абонент төлөгөн ашыкча сумма түшкөн учурда, көрсөтүлгөн ашык сумма байланыш оператору тарабынан башка эсептешүү мезгилинде көрсөтүлгөн кызмат үчүн эсептөөлөр үчүн пайдаланылат.
Байланыш оператору тиешелүү сумма байланыш операторунун эсебине түшкөнгө чейин абонентке байланыш кызматын көрсөтпөй турууга укуктуу.
83. Абоненттин акча боюнча милдеттенмесин аткаруу деп акча каражаты байланыш операторунун алыш-бериш эсебине түшкөн учур эсептелет.
84. Абонент байланыш кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акыны абоненттин ишенимдүү жеке эсебин жана/же тиешелүү абоненттик номерлерди көрсөтүү менен төлөйт. Көрсөтүлгөн байланыш кызматтары үчүн эсептешүү максаттары үчүн тийиштүү кошулуу белгиленген учурда колдонулган тариф пайдаланылат.
85. Абонент төмөнкү учурларда кайра эсептөөнү талап кылууга укуктуу:
- байланыш оператору байланыш кызмат көрсөтүүлөрү үчүн берген эсеп боюнча каталар табылса;
- абоненттин макулдугусуз акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
- байланыш операторунун күнөөсү боюнча байланыш жок мезгилде.
Абоненттен кайрылуу түшкөндө ушул пунктта көрсөтүлгөн фактылар ырасталган учурда байланыш оператору кайра эсептөөнү жүргүзүүгө милдеттүү.
86. Роумингде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн эсептер роуминг-өнөктөштөрдөн көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалыматтар ЭАСка келип түшкөнүнө жараша, бирок байланыш кызматы көрсөтүлгөн учурдан тартып 90 календардык күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
87. Абоненттин жеке эсебиндеги калдык минималдуу чегине жеткен учурда байланыш оператору байланыш кызматын көрсөтүүнү толугу менен токтотууга милдеттүү. Кызмат көрсөтүү абоненттин жеке эсеби минималдуу чектин деңгээлинен жогору суммага чейин толукталгандан кийин кайра улантылат. Калдык жөнүндө маалыматты абонент байланыш операторунан ушул Эрежелердин 70-пунктуна ылайык акысыз ала алат.
88. Абонент жекелештирүүдө (каттоодо) өзү жөнүндө маалыматтар өзгөргөн учурда байланыш операторуна мындай өзгөрүүлөрдөн кийин 10 жумуш күндүн ичинде жаңы маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
5-глава. Башка шарттар
89. Абонент көрсөтүлгөн байланыш кызматтарынын, анын ичинде ага байланышкан кызматтардын сапатына, байланыш операторунун кызматтарынын жана кызматкерлеринин иштериндеги кемчиликтер, эсептөөлөрдөгү каталар же келишимдин шарттарынын аткарылбагандыгы боюнча дооматтар менен байланыш операторуна даттануулар менен кайрылууга укуктуу.
90. Абонент байланыш операторунун байланыш кызматтарын көрсөтүү менен байланышкан чечимдерин жана аракеттерин/аракетсиздигин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик органга же сотко даттанууга укуктуу.
91. Байланыш операторунда даттануулар жана сунуштар китебинин болушу жана аны абоненттин биринчи талабы боюнча берүүгө милдеттүү.
92. Абоненттин даттануусун кароо байланыш операторунун ички регламентинде белгиленген, ушул Эрежелерге каршы келбеген тартипте жүргүзүлөт.
93. Байланыш оператору байланыш кызматын көрсөтүү боюнча милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, абонент керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мамлекеттик органга же сотко кайрылганга чейин байланыш операторуна дооматын билдирет.
94. Доомат жазуу жүзүндө берилет жана байланыш оператору аны алган күнү катталууга тийиш.
Байланыш кызматын көрсөтүүдөн баш тартууга, келишимде каралган милдеттенмелерди өз убагында аткарбагандыгына же талаптагыдай аткарбагандыгына, байланыш кызмат көрсөтүүлөрү үчүн берилген эсепке макул болбогон учурларга байланышкан маселелер боюнча дооматтар байланыш кызматы көрсөтүлгөн, кызмат көрсөтүүдөн баш тарткан же эсеп коюлган күндөн тартып 3 айдын ичинде гана кабыл алынат.
95. Байланыш оператору абоненттин көрсөтүлгөн байланыш кызматтарына акы төлөөнүн өлчөмүн азайтуу, ошондой эле байланыш кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөнгөн сумманы кайтаруу же байланыш кызматтарын көрсөтүүдөн баш тартууга байланыштуу келтирилген реалдуу чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө талаптары негиздүү деп таанылган учурда алар доомат таанылган учурдан тартып 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө канааттандырылууга тийиш.
Доомат толугу менен же жарым-жартылай четке кагылган, же болбосо карап чыгуу үчүн келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жооп албаган учурда абонент керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу.
96. Тараптар келишим боюнча өздөрүнө алган милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Байланыш оператору төмөнкүдөй учурларда абоненттин алдында жоопкерчилик тартат:
- тарифтик планда белгиленген бардык байланыштын кызматтарын көрсөтпөгөндө;
- байланыш кызматтары сапатсыз көрсөтүлгөндө;
- байланыш кызматын көрсөтүүгө байланышкан маалыматтар берилбегенде, толук берилбегенде же өз убагында берилбегенде;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, келишимди аткаруудан улам байланыш операторуна белгилүү болгон абонент жөнүндө маалыматтарды таратууну чектөө жөнүндө талаптар бузулганда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, телефондук сүйлөшүүлөрдүн жана билдирүүлөрдүн сыры бузулганда.
Абонент төмөнкүдөй учурларда байланыш операторунун алдында жоопкерчилик тартат:
- байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөбөгөндө, толук төлөбөгөндө же өз убагында төлөбөгөндө;
- белгиленген талаптарга ылайык келбеген абоненттик терминалды көчмө байланыш тармагына туташтырууга тыюу салууну сактабаганда, ошондой эле түпкү жабдууну эксплуатациялоо эрежелерин сактабаганда;
- байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн ушул Эрежелерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган максаттарда пайдаланганда;
- байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн SMS-билдирүүлөрдү массалык түрдө жөнөтүү, лотереяларды өткөрүү, добуш берүү, конкурстар, викториналар, жарнамалар, сурамжылоолор, үгүттөөчү мүнөздөгү билдирүүлөр, фроддук иш-аракеттер жана байланыш оператору менен макулдашылбаган башка иш-аракеттер үчүн пайдаланганда;
- шлюздарды, программалык камсыздоону байланыш тармагына жана Интернет-телефонияга жетүү жана чакырыктардын багытын же телефондук, анын ичинде оператордун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз байланыш жабдууларынын жана түзүлүштөрүнүн иштөөгө жарактуулугунун бузулуусуна алып келүүчү кошулууларды белгилөө тартибин өзгөртүүгө багытталган келишимде каралбаган башка иш-чараларды жасоо үчүн орнотуу жана/же пайдалануу;
- байланыш тармагына мыйзамсыз жетүү мүмкүндүгүн алууга, ошондой эле мындай байланыш операторунун тармагына жетүү мүмкүндүгүн пайдаланууга багытталган иш-аракеттерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу.
97. Абонент байланыш оператору менен бардык эсептерди жүргүзүү менен тиешелүү арыз берүү аркылуу келишимди андан ары аткаруудан баш тартууга укуктуу.
Абоненттин келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартуусу болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- абоненттин жеке эсебине эсептешүүнүн шарттарына ылайык байланыш кызматтарын көрсөтүү убактылуу токтотулгандан кийин абоненттин тарифтик планында көрсөтүлгөн мөөнөттө анын жеке эсебинде зарыл болгон минималдуу чегине жетүү үчүн жетиштүү суммада акча түшпөгөндүгү;
- келишимде жана/же абоненттин тарифтик планында көрсөтүлгөн мезгил ичинде абонент акы төлөнүүчү байланыш кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланбаса.
98. Абонент келишимди аткаруудан баш тарткан же келишим башка негиздер боюнча бузулган учурдан тартып келишим бузулган учурда абонент пайдаланган, бирок төлөбөгөн кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерди кошпогондо, тараптардын милдеттенмелери токтотулду деп эсептелет. Абонент пайдаланган байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча милдеттенмелерин аткаргандан кийин келишим боюнча төлөнгөн сумма менен келишим бузулган учурда алынган нарктын айырмасын түзгөн абоненттин жеке эсебиндеги калган сумма абонентке ушул Эрежелердин 79-пунктунда белгиленген тартипте кайтарылып берилет.
99. Байланыш оператору төмөнкү учурларды кошпогондо, көчмө радиотелефондук байланыш кызматын көрсөтүү келишимин бир тараптуу буза албайт:
- эгерде эсептешүүнүн кредиттик методунда абонентке байланыш кызматын көрсөтүү токтотулса жана ал келишимде белгиленген мөөнөт ичинде ага көрсөтүлгөн байланыш кызматы үчүн акы төлөө милдеттенмесин аткарбаса;
- абонент - жеке жак каза болгондо;
- юридикалык жактын же жеке ишкердин ишин токтотуу (жоюу) катталган учурда;
- 180 календардык күндүн ичинде номерден чыгуучу акы төлөнүүчү тармактык активдүүлүк (чыгуучу кошулуулар жана/же чыгуучу SMS-билдирүүлөр жана/же интернет-сессиялар) жок болгон учурда же 90 календардык күндөн ашык мөөнөт төлөнбөгөн карыз болгон учурда;
- ушул Эрежелердин 26-пункту аткарылбаганда;
- келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.