Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 15-февралы ПТ № 21
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топ (мындан ары - эксперттик жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Эксперттик жумушчу топ 2024-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштер жөнүндө" чечими менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун кароосуна жиберсин.
3. Эксперттик жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укук берилсин:
- эксперттерди, консультанттарды, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын адистерин ишке тартууга;
- коюлган милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан материалдарды суроого жана жардам алууга.
4. Эксперттик жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан
административдик-аймактык реформанын алкагында
жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча
эксперттик жумушчу топтун
курамы
Укушов Мурат Каниметович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, эксперттик жумушчу топтун жетекчиси; |
Айылчиев Алмаз Асимович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары - укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы, эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Шайназаров Тынчтык Урайимович | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары; |
Джунушалиев Айбек Джанышбекович | - | Бишкек шаарынын мэри; |
Жетигенов Бакытбек Женишбекович | - | Ош шаарынын мэри; |
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Алимбаев Абдикарим Карбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сыргабаев Абсаттар Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Эргешов Алтынбек Калдарович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Дарданов Нурлан Камалбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джумагазиев Канат Сагынович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Далиев Уланбек Эшенович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Мамбеталиев Мирбек Кемелович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору; |
Естебесов Адыл Жеенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси; |
Орозалиев Акылбек Атабекович | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын кеңешчиси; |
Айтикеев Тологон Ороскулович | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Таалайбеков Мырзабек Таалайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Нурунбетов Сыймыкбек Балтахунович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын начальниги; |
Иманкулова Тинатин Джанузаковна | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги; |
Токтогулова Нурмира Сабыржановна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык маселелер, мамлекеттик башкаруу, укук коргоо жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар башкармалыгынын мамлекеттик башкаруу, укук коргоо жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы; |
Исаков Султан Талайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин укуктук колдоо жана экспертиза башкармалыгынын чечимдердин долбоорлорун даярдоо секторунун башчысы; |
Кожобекова Жылдыз Эмилбековна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы; |
Исмаилов Нурлан Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары; |
Эшимкан уулу Нурдин | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысынын орун басары; |
Бакасов Султан Бакасович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча укуктук колдоо секторунун башчысы; |
Сыдыков Нурбек Таштанбекович | - | Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерди даярдоо боюнча башкармалыгынын укуктук иштер бөлүмүнүн башчысы; |
Орозбаев Бектурган Ибраимович | - | "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин директору. |