Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 30-январы ПЖ № 11
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясын түзүү жөнүндө
Улуттук коопсуздук органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди, башкаруу жана илимий-педагогикалык кадрларды көп деңгээлдүү даярдоонун бирдиктүү системасын түзүү, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча илимий-изилдөө базасын кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясын юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясынын уставын бекитсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |