МыйзамКүчүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2024-жылдын 12-январындагы № 8 «2023-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу отелди куруу үчүн инвестициялар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамы

Редакция12.01.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 12-январы № 8

2023-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу отелди куруу үчүн инвестициялар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2023-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу отелди куруу үчүн инвестициялар жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө азербайжан тарапка белгиленген тартипте кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2023-жылдын 21-декабрында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган