Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 22 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо МЕТОДИКАСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо (мындан ары - кадрдык ишти тейлеген ыйгарым укуктуу адамдар) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча тиешелүү жыл үчүн алардын ишинин натыйжаларын баалоо болуп саналат.
2. Ишти баалоо төмөнкү компоненттерди камтыйт:
1) кесиптик баалоо - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын баалоо;
2) жамааттык баалоо - мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларын (мындан ары - кызматчылар) сурамжылоонун натыйжалары боюнча, анын ичинде санариптик технологияларды колдонуу менен баалоо.
3. Кадр ишин тейлөөчү ыйгарым укуктуу адамдардын ишин баалоо ушул Методикага ылайык мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жыл сайын жүргүзүлөт.
Республикалык маанидеги мэриялардан тышкары жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, шаарлардын мэрияларында кадр иши тейлеген ыйгарым укуктуу адамдардын ишин баалоо Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жардамы менен ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү региондор аралык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.
2-глава. Баалоону уюштуруу
4. Кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдардын ишин баалоону жана баалоону эсептөөнү аныктоону уюштуруу ыйгарым укуктуу орган жана анын региондор аралык башкармалыктары тарабынан ишке ашырылат.
5. Кадр ишин тейлеген ар бир ыйгарым укуктуу адамдын ишин акыркы баалоону ыйгарым укуктуу орган карайт жана бекитет.
6. Кызмат ордунда 6 айдан ашык иштеген кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдардын ишине баалоо жүргүзүлүүгө тийиш.
3-глава. Аппарат жетекчилеринин ишин баалоону өлчөө системасы
7. Баалоо компоненттеринин жалпы түзүмүндө төмөнкүдөй пайыздык катыштар бар:
1) кесиптик баалоо - 80%;
2) жамааттык баалоо - 20%.
§ 1. Кесиптик баалоо
8. Кесиптик баалоо ыйгарым укуктуу органдын, ошондой эле анын региондор аралык башкармалыгынын буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ (комиссия) тарабынан кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдардын ишине мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларынын негизинде ишке ашырылат.
Аткаруу бийлигинин органдарынын системасына кирбеген кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдардын ишине мониторинг жүргүзүү тиешелүү түрдө жогору турган мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн же кызмат адамдарын анын курамына киргизүү менен комиссия тарабынан ишке ашырылат.
9. Кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдардын ишине мониторинг жүргүзүү төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча ишке ашырылат:
1) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин ишке ашыруу;
2) мамлекеттик органдын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызматчылардын ишин стратегиялык, учурдагы пландоо боюнча иштин абалы;
3) башкаруунун заманбап технологияларын киргизүү;
4) персоналды башкаруу кызматынын ишин уюштуруу;
5) кадрдык менеджмент, карьералык пландоо, мотивациялоо;
6) кызматчыларды окутуу;
7) аткаруу жана эмгек тартибин контролдоо;
8) ыйгарым укуктуу орган жана анын региондор аралык башкармалыгы менен өз ара аракеттенүү (анын ичинде суроо-талаптарга жооп берүү, кеңешмелерге катышуу, сунуштарды ишке ашыруу ж.б.);
9) коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
10) ыйгарым укуктуу органга отчетторду өз убагында берүү.
10. Ар бир көрсөткүч үчүн баа коюлат:
1) 5 балл: эң жакшы (эскертүү жок);
2) 4 балл: жакшы (маанилүү эмес эскертүүлөр бар);
3) 3 балл: канааттандырарлык (эскертүүлөр бар);
4) 2 балл: канааттандырарлык эмес (олуттуу эскертүүлөр бар).
Бардык коюлган баалар кошулат. Максималдуу баа - 50 балл.
Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча баллдын суммасы көрсөткүчтөрдүн санына бөлүнөт жана орточо баа чыгарылат.
Кесиптик баалоонун жыйынтыктары ушул Методиканын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
§ 2. Жамааттык баалоо
11. Баалоо мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (мындан ары - маморган жана ЖӨБО) кызматчыларын сурамжылоонун (анкета жүргүзүүнүн) негизинде жүргүзүлөт. Анкета персоналды башкаруу кызматынын жардамы менен ыйгарым укуктуу орган же маморган жана ЖӨБОнун персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан, анын ичинде жооптордун купуялуулугун сактоо менен санариптик технологияларды колдонуп жүргүзүлөт.
Маморган жана ЖӨБОнун персоналды башкаруу кызматтары же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлер ыйгарым укуктуу орган жана региондор аралык башкармалык тарабынан аныкталуучу белгиленген мөөнөттө тиешелүү маморган жана ЖӨБОдо анкета жүргүзүү жол-жобосун камсыз кылат.
12. Анкета 4 бөлүккө бириктирилген 20 суроодон турат жана төмөнкү суроолорду камтыйт:
1) чечимдерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү:
- кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кыла алат;
- ийкемдүүлүктү көрсөтөт жана зарыл болгон учурда артыкчылыктарды өзгөртө алат;
- тез чечим кабыл алууга жөндөмдүү;
- маанилүү чечимдерди кабыл алууга кызматкерлерди тартат;
- башкаруу ресурстарын (персоналды) сарамжалдуу пайдаланат;
2) өнүктүрүү жана инновациялар:
-жаңы идеяларга, инновациялык ой жүгүртүүгө ж.б. колдоо көрсөтүп турат;
- персоналдын сунуштарын, билимин жана тажрыйбасын пайдаланууга жөндөмдүү жана даяр;
- кызматкерлер менен бирдикте көйгөйлөрдү чечүүнүн салттуу эмес жолдорун табууга жөндөмдүү;
- маалыматтык технологияларды, анын ичинде өз ишинде колдонот;
- башкаруунун инновациялык ыкмаларын ишке киргизүүгө жөндөмдүү;
3) персоналды өнүктүрүү:
- персоналды кесиптик даярдоодо келечектеги керектөөлөрдү алдын ала көрүүгө жөндөмдүү жана кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат;
- кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууну колдойт;
- кызматкерлердин потенциалын сарамжалдуу пайдаланат;
- кызматкерлердин өз ишин мүмкүн болушунча мыкты аткаруусу үчүн потенциалын адилеттүү баалайт;
4) иштин этикалык аспекттери:
- жамааттагы жагымдуу чөйрөгө чоң маани берет жана аны түзүү боюнча практикалык аракеттерди көрөт;
- чыр-чатактарды чечүү үчүн жамааттык жоопкерчилик сезимин калыптандырат;
- өз ара аракеттенүүдө көйгөйлөрдү тез байкайт жана аларды конструктивдүү чече алат;
- кызматкерлерге жана алардын ишине сый мамиле кылат;
- маморгандын жана ЖӨБОнун жакшы имиджин түзүүгө жана колдоого көмөк көрсөтөт;
- этика кодексинин сакталышына жана этика боюнча комиссиянын ишине көмөк көрсөтөт.
13. Ар бир суроого балл берилет:
1) 5 балл: эң жакшы (сын пикирлерсиз);
2) 4 балл: жакшы (олуттуу эмес сын пикирлер);
3) 3 балл: канааттандырарлык (сын пикирлер бар);
4) 2 балл: канааттандырарлык эмес (олуттуу сын пикирлер бар).
Коюлган баллдар суммаланат жана бөлүмдүн баллынын жалпы суммасын анонимдүү анкета жүргүзүүгө катышкан кызматчылардын санына бөлүү жолу менен ар бир бөлүм боюнча орточо арифметикалык балл чыгарылат.
Андан соң бөлүмдөр үчүн орточо бааларды кошуу жана жалпы сумманы бөлүмдөрдүн санына бөлүү жолу менен анкета жүргүзүү үчүн жалпы орточо балл чыгарылат.
Жамааттык баалоонун натыйжалары ушул Методиканын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
14. Анкета ушул маморганда жана ЖӨБОдо 6 айдан ашык иштеген маморганда жана ЖӨБО кызматкерлеринин арасында бир убакта жүргүзүлөт. Персоналды башкаруу кызматы же маморгандын жана ЖӨБО персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери зарыл болгон анкеталардын санын (кызматкерлердин санына ылайык), анкета жүргүзүүгө катышып жаткан кызматчыларды каттоо баракчасын даярдайт, кызматкерлердин катышуусун камсыз кылат, каттоо жүргүзүүдө жардам көрсөтөт.
Анкета жүргүзүү датасы жана убактысы ыйгарым укуктуу орган бекиткен графикке ылайык аныкталат.
Ыйгарым укуктуу органдын жана региондор аралык башкармалыктардын кызматкерлери анкета жүргүзүүнүн жол-жобосун түшүндүрүшөт.
Анкета жүргүзүү процесстерин автоматташтырууга жол берилет.
Анкета жүргүзүү маалыматтык системасына кирүү мүмкүндүгү маморгандын жана ЖӨБО адам ресурстарын башкаруу кызматтары же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан анкета жүргүзүү мезгилине берилет.
Анкетаны толтурган кызматчы тууралуу маалымат анонимдүү болуп саналат.
15. Ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле анын региондор аралык башкармалыгы маморганда жана ЖӨБО өкүлүнүн (өкүлдөрүнүн) катышуусу менен анкета жүргүзүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Конверт ачылгандан кийин протокол түзүлөт, анда конверттин ачылган датасы, конверттеги (конверттердеги) анкеталардын саны жана анонимдүү сурамжылоо боюнча орточо баа көрсөтүлөт. Маморгандын жана ЖӨБО өкүлү ыйгарым укуктуу органдын, ошондой эле региондор аралык башкармалыктын кызматкерлеринин катышуусунда анкета жүргүзүүнүн натыйжаларын эсептейт, алар актыга киргизилет.
Тиешелүү органга анкета жүргүзүүнүн жалпы натыйжалары маалыматтык системага келип түшөт.
Анкета жүргүзүүнүн иштелип чыккан натыйжалары ыйгарым укуктуу органда сакталат.
4-глава. Комплекстүү баалоону эсептөө методикасы
16. Кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдын ишин баалоо төмөнкүдөй аныкталат:
Ар бир баалоо компоненти баллдын жалпы суммасындагы өзүнүн пайыздык үлүшүнө ээ:
- кесиптик баалоо - 80%;
- жамааттык - 20%;
100% = 80% + 20%
17. Баллды эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- кесиптик баалоо жалпы баалоо системасында 8/10 бөлүктү түзөт, тиешелүү түрдө мониторингдин жыйынтыгы боюнча баалоого 1:8 коэффициенти колдонулат;
- жамааттык баалоо жалпы баалоо системасында 2/10 бөлүктү түзөт, тиешелүү түрдө анонимдүү анкета жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча баалоого 1:2 коэффициенти колдонулат;
10 = (1 x 8) + (1 x 2)
18. Кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдын ишин максималдуу баалоонун өлчөмү 50 баллды түзөт:
1) кесиптик баалоо - 40 балл;
2) жамааттык баалоо - 10 балл.
19. Аппарат жетекчисинин ишин максималдуу баалоону эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
мында АOD - ишти баалоо;
А(prof) - кесиптик баалоо, Аcoll - жамааттык баалоо.
Эсептөө мисалы:
кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адам төмөнкүдөй бааларды алат:
1) кесиптик баалоо - 4,7 балл;
2) жамааттык баалоо - 4,3 балл.
Бул баалуулуктардын негизинде комплекстүү баа төмөнкүдөй маанини түзөт: АOD = (4,7 x 8) + (4,3 x 2) : 0,5 = (37,6 + 8,6) : 0,5 = 46,2 : 0,5 = 92,4%.
5-глава. Алынган баанын квалификациясы
20. Баалоонун максималдуу мааниси 100%ды түзөт, бул маморгандын жана ЖӨБО кадрдык ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдардын ишинин рейтингин салыштыруу жана түзүү үчүн мүмкүндүк берет.
Топтолгон пайыздарга ылайык баалардын төмөнкүдөй квалификациясы киргизилет:
Жалпы баанын пайыздык мааниси | Баанын квалификациясы |
91-100% | Эң жакшы |
76-90% | Жакшы |
61-75% | Канааттандырарлык |
60%дан аз | Канааттандырарлык эмес |
Аныкталган пайыздардын негизинде кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдардын ишин баалоонун натыйжаларын ажырымдоо жүргүзүлөт жана рейтингдеги орду аныкталат. Ошол эле учурда "Эң жакшы" деген баа алгандардын ичинен "Эң жогорку балл" деген баа белгиленет.
6-глава. Аппарат жетекчилеринин ишин баалоонун жыйынтыктары
21. Кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдардын ишин баалоонун натыйжалары ушул Методиканын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча номенклатурасына кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдар кирген органга (кызмат адамына) кароого берилет.
22. Номенклатурасына кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдар кирген орган (кызмат адамы) төмөнкүлөр тууралуу сунуштамаларды киргизет:
1) ээлеген кызмат ордуна ылайыктыгы же ылайык эместиги жөнүндө;
2) квалификацияны жогорулатуу боюнча;
3) кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамды ротациялоо жөнүндө.
23. "Канааттандырарлык" деген баа алган учурда номенклатурасына кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адам кирген орган окутууга жана/же ведомстволук окутууга мамлекеттик заказдын алкагында кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдын квалификациясын жогорулатуу боюнча сунуш киргизет.
24. "Канааттандырарлык эмес" деген баа алган учурда номенклатурасына кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адам кирген орган төмөнкүлөр тууралуу сунуштамаларды киргизет:
1) ээлеген кызмат ордуна ылайыктыгын же ылайык эместигин кароо жөнүндө;
2) ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө.
25. "Эң жакшы" деген баа алган адамдардын ичинен "Эң жогорку балл" деген баа алган учурда кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамга "Мыкты жетекчи" статусу ыйгарылат. Ыйгаруу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
26. Маморгандардын жана ЖӨБО кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдардын ишин баалоонун жана рейтингинин натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарында жана ыйгарым укуктуу органдын сайтында жарыяланат.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасына 1-тиркеме |
Форма
КЕСИПТИК БААЛОО
Кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү
______________________________________________________________________________
Маморгандын жана ЖӨБОнун аталышы

№ | Көрсөткүчтөр | Баа (2-5 балл) | Комментарийлер |
1 | Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин ишке ашыруу |
|
|
2 | Мамлекеттик органдын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызматчылардын ишин стратегиялык, учурдагы пландоо боюнча иштин абалы |
|
|
3 | Башкаруунун заманбап технологияларын киргизүү |
|
|
4 | Персоналды башкаруу кызматынын ишин уюштуруу |
|
|
5 | Кадрдык менеджмент, карьералык пландоо, мотивациялоо |
|
|
6 | Кызматчыларды окутуу |
|
|
7 | Аткаруу жана эмгек тартибин контролдоо |
|
|
8 | Ыйгарым укуктуу орган жана анын региондор аралык башкармалыгы менен өз ара аракеттенүү (анын ичинде суроо-талаптарга жооп берүү, кеңешмелерге катышуу, сунуштарды ишке ашыруу ж.б.) |
|
|
9 | Коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу |
|
|
10 | Ыйгарым укуктуу органга отчетторду өз убагында берүү |
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
_________________________________ кызмат орду | ___________________ колу | _________________________________ аты-жөнү |

Датасы __________________________
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасына 2-тиркеме |
Форма
ЖАМААТТЫК БААЛОО
Кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү ________________________________________
Маморгандын жана ЖӨБОнун аталышы __________________________________________________
1. Чечимдерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү
| Эң жакшы (5 балл) | Жакшы (4 балл) | Канааттандырарлык (3 балл) | Канааттандырарлык эмес (2 балл) | Эскертүү |
Кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылууга жөндөмдүү |
|
|
|
|
|
Ийкемдүүлүктү көрсөтөт жана зарыл болгон учурда артыкчылыктарды өзгөртө алат |
|
|
|
|
|
Тез чечим чыгарууга жөндөмдүү |
|
|
|
|
|
Маанилүү чечимдерди кабыл алууга кызматкерлерди тартат |
|
|
|
|
|
Башкаруу ресурстарын (персоналды) сарамжалдуу пайдаланат |
|
|
|
|
|
2. Өнүгүү жана инновациялар

Жаңы идеяларга, инновациялык ой жүгүртүү ж.б. шыктуу |
|
|
|
|
|
Персоналдын сунуштарын, билимин жана тажрыйбасын колдонууга жөндөмдүү жана даяр |
|
|
|
|
|
Кызматкерлер менен биргеликте милдеттерди чечгүүнүн адаттан тышкаркы жолдорун таба алат |
|
|
|
|
|
Маалыматтык технологияларды, анын ичинде өз ишинде колдонот |
|
|
|
|
|
Башкаруунун инновациялык методдорун ишке киргизүүгө жөндөмдүү |
|
|
|
|
|
3. Кадрларды өнүктүрүү

Персоналды кесиптик даярдоого келечектеги муктаждыктарды алдын ала көрө алат жана персоналды кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча жоопкерчиликти өзүнө алат |
|
|
|
|
|
Кызматкерлерди кесиптик деңгээлин жогорулатууга шыктандырат |
|
|
|
|
|
Кызматкерлердин потенциалын сарамжалдуу пайдаланат |
|
|
|
|
|
Кызматкерлердин өз ишин болушунча мыкты аткарышы үчүн потенциалды адилеттүү баалайт |
|
|
|
|
|
4. Иштин этикалык аспекттери

Жамааттагы жагымдуу чөйрөгө чоң маани берет жана аны түзүү боюнча практикалык аракеттерди көрөт |
|
|
|
|
|
Чыр-чатактарды чечүү үчүн жамааттык жоопкерчилик сезимин калыптандырат |
|
|
|
|
|
Өз ара аракеттенүүдө көйгөйлөрдү тез байкайт жана аларды конструктивдүү чече алат |
|
|
|
|
|
Кызматкерлерге жана алардын ишине сый мамиле кылат |
|
|
|
|
|
Мамлекеттик органдын жакшы имиджин түзүүгө жана колдоого көмөк көрсөтөт |
|
|
|
|
|
Этика кодексинин сакталышына жана этика боюнча комиссиянын ишине көмөк көрсөтөт |
|
|
|
|
|
Датасы ___________________________
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасына 3-тиркеме |
Форма
ИШТИ БААЛОО
Кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү
___________________________________________________________________________
Маморган жана ЖӨБОнун аталышы

Баалоо мезгили: ____________-жыл үчүн
Кесиптик баалоо (балл менен) | Жамааттык баалоо (балл менен) | Акыркы комплекстүү баалоо (пайыз менен) |
1 | 2 | 3 |
|
|
|
Жумушчу топтун төрагасы:
Кызмат орду _________________________________________ аты жөнү
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кызмат орду ________________________________________ аты жөнү
Кызмат орду ________________________________________ аты жөнү
Кызмат орду ________________________________________ аты жөнү
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 22 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо МЕТОДИКАСЫ
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо (мындан ары - аппарат жетекчилери) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча тиешелүү жыл үчүн алардын ишинин натыйжаларын баалоо болуп саналат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Ишти баалоо төмөнкү компоненттерди камтыйт:
1) кесиптик баалоо - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын баалоо;
2) жамааттык баалоо - мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларын (мындан ары - кызматчылар) сурамжылоонун натыйжалары боюнча, анын ичинде санариптик технологияларды колдонуу менен баалоо.
3. Аппарат жетекчилеринин ишин баалоо ушул Методикага ылайык мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жыл сайын жүргүзүлөт.
Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынан тышкары жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, шаарлардын мэрияларында аппарат жетекчилеринин ишин баалоо Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жардамы менен ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү региондор аралык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2-глава. Баалоону уюштуруу
4. Аппарат жетекчилеринин ишин баалоону жана баалоону эсептөөнү аныктоону уюштуруу ыйгарым укуктуу орган жана анын региондор аралык башкармалыктары тарабынан ишке ашырылат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Аппараттын ар бир жетекчисинин ишин акыркы баалоону ыйгарым укуктуу орган карайт жана бекитет.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Кызмат ордунда 6 айдан ашык иштеген аппарат жетекчилеринин ишине баалоо жүргүзүлүүгө тийиш.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3-глава. Аппарат жетекчилеринин ишин баалоону өлчөө системасы
7. Баалоо компоненттеринин жалпы түзүмүндө төмөнкүдөй пайыздык катыштар бар:
1) кесиптик баалоо - 80%;
2) жамааттык баалоо - 20%.
§ 1. Кесиптик баалоо
8. Кесиптик баалоо ыйгарым укуктуу органдын, ошондой эле анын региондор аралык башкармалыгынын буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ (комиссия) тарабынан аппарат жетекчилеринин ишине мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларынын негизинде ишке ашырылат.
Аткаруу бийлигинин органдарынын системасына кирбеген кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдардын ишине мониторинг жүргүзүү тиешелүү түрдө жогору турган мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн же кызмат адамдарын анын курамына киргизүү менен комиссия тарабынан ишке ашырылат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Аппарат жетекчилеринин ишине мониторинг жүргүзүү төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча ишке ашырылат:
1) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин ишке ашыруу;
2) мамлекеттик органдын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызматчылардын ишин стратегиялык, учурдагы пландоо боюнча иштин абалы;
3) башкаруунун заманбап технологияларын киргизүү;
4) персоналды башкаруу кызматынын ишин уюштуруу;
5) кадрдык менеджмент, карьералык пландоо, мотивациялоо;
6) кызматчыларды окутуу;
7) аткаруу жана эмгек тартибин контролдоо;
8) ыйгарым укуктуу орган жана анын региондор аралык башкармалыгы менен өз ара аракеттенүү (анын ичинде суроо-талаптарга жооп берүү, кеңешмелерге катышуу, сунуштарды ишке ашыруу ж.б.);
9) коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
10) ыйгарым укуктуу органга отчетторду өз убагында берүү.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Ар бир көрсөткүч үчүн баа коюлат:
1) 5 балл: эң жакшы (эскертүү жок);
2) 4 балл: жакшы (маанилүү эмес эскертүүлөр бар);
3) 3 балл: канааттандырарлык (эскертүүлөр бар);
4) 2 балл: канааттандырарлык эмес (олуттуу эскертүүлөр бар).
Бардык коюлган баалар кошулат. Максималдуу баа - 50 балл.
Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча баллдын суммасы көрсөткүчтөрдүн санына бөлүнөт жана орточо баа чыгарылат.
Кесиптик баалоонун жыйынтыктары ушул Методиканын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
§ 2. Жамааттык баалоо
11. Баалоо мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (мындан ары - маморган жана ЖӨБО) кызматчыларын сурамжылоонун (анкета жүргүзүүнүн) негизинде жүргүзүлөт. Анкета персоналды башкаруу кызматынын жардамы менен ыйгарым укуктуу орган же маморган жана ЖӨБОнун персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан, анын ичинде жооптордун купуялуулугун сактоо менен санариптик технологияларды колдонуп жүргүзүлөт.
Маморган жана ЖӨБОнун персоналды башкаруу кызматтары же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлер ыйгарым укуктуу орган жана региондор аралык башкармалык тарабынан аныкталуучу белгиленген мөөнөттө тиешелүү маморган жана ЖӨБОдо анкета жүргүзүү жол-жобосун камсыз кылат.
12. Анкета 4 бөлүккө бириктирилген 20 суроодон турат жана төмөнкү суроолорду камтыйт:
1) чечимдерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү:
- кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кыла алат;
- ийкемдүүлүктү көрсөтөт жана зарыл болгон учурда артыкчылыктарды өзгөртө алат;
- тез чечим кабыл алууга жөндөмдүү;
- маанилүү чечимдерди кабыл алууга кызматкерлерди тартат;
- башкаруу ресурстарын (персоналды) сарамжалдуу пайдаланат;
2) өнүктүрүү жана инновациялар:
-жаңы идеяларга, инновациялык ой жүгүртүүгө ж.б. колдоо көрсөтүп турат;
- персоналдын сунуштарын, билимин жана тажрыйбасын пайдаланууга жөндөмдүү жана даяр;
- кызматкерлер менен бирдикте көйгөйлөрдү чечүүнүн салттуу эмес жолдорун табууга жөндөмдүү;
- маалыматтык технологияларды, анын ичинде өз ишинде колдонот;
- башкаруунун инновациялык ыкмаларын ишке киргизүүгө жөндөмдүү;
3) персоналды өнүктүрүү:
- персоналды кесиптик даярдоодо келечектеги керектөөлөрдү алдын ала көрүүгө жөндөмдүү жана кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат;
- кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууну колдойт;
- кызматкерлердин потенциалын сарамжалдуу пайдаланат;
- кызматкерлердин өз ишин мүмкүн болушунча мыкты аткаруусу үчүн потенциалын адилеттүү баалайт;
4) иштин этикалык аспекттери:
- жамааттагы жагымдуу чөйрөгө чоң маани берет жана аны түзүү боюнча практикалык аракеттерди көрөт;
- чыр-чатактарды чечүү үчүн жамааттык жоопкерчилик сезимин калыптандырат;
- өз ара аракеттенүүдө көйгөйлөрдү тез байкайт жана аларды конструктивдүү чече алат;
- кызматкерлерге жана алардын ишине сый мамиле кылат;
- маморгандын жана ЖӨБОнун жакшы имиджин түзүүгө жана колдоого көмөк көрсөтөт;
- этика кодексинин сакталышына жана этика боюнча комиссиянын ишине көмөк көрсөтөт.
13. Ар бир суроого балл берилет:
1) 5 балл: эң жакшы (сын пикирлерсиз);
2) 4 балл: жакшы (олуттуу эмес сын пикирлер);
3) 3 балл: канааттандырарлык (сын пикирлер бар);
4) 2 балл: канааттандырарлык эмес (олуттуу сын пикирлер бар).
Коюлган баллдар суммаланат жана бөлүмдүн баллынын жалпы суммасын анонимдүү анкета жүргүзүүгө катышкан кызматчылардын санына бөлүү жолу менен ар бир бөлүм боюнча орточо арифметикалык балл чыгарылат.
Андан соң бөлүмдөр үчүн орточо бааларды кошуу жана жалпы сумманы бөлүмдөрдүн санына бөлүү жолу менен анкета жүргүзүү үчүн жалпы орточо балл чыгарылат.
Жамааттык баалоонун натыйжалары ушул Методиканын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
14. Анкета ушул маморганда жана ЖӨБОдо 6 айдан ашык иштеген маморганда жана ЖӨБО кызматкерлеринин арасында бир убакта жүргүзүлөт. Персоналды башкаруу кызматы же маморгандын жана ЖӨБО персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери зарыл болгон анкеталардын санын (кызматкерлердин санына ылайык), анкета жүргүзүүгө катышып жаткан кызматчыларды каттоо баракчасын даярдайт, кызматкерлердин катышуусун камсыз кылат, каттоо жүргүзүүдө жардам көрсөтөт.
Анкета жүргүзүү датасы жана убактысы ыйгарым укуктуу орган бекиткен графикке ылайык аныкталат.
Ыйгарым укуктуу органдын жана региондор аралык башкармалыктардын кызматкерлери анкета жүргүзүүнүн жол-жобосун түшүндүрүшөт.
Анкета жүргүзүү процесстерин автоматташтырууга жол берилет.
Анкета жүргүзүү маалыматтык системасына кирүү мүмкүндүгү маморгандын жана ЖӨБО адам ресурстарын башкаруу кызматтары же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан анкета жүргүзүү мезгилине берилет.
Анкетаны толтурган кызматчы тууралуу маалымат анонимдүү болуп саналат.
15. Ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле анын региондор аралык башкармалыгы маморганда жана ЖӨБО өкүлүнүн (өкүлдөрүнүн) катышуусу менен анкета жүргүзүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Конверт ачылгандан кийин протокол түзүлөт, анда конверттин ачылган датасы, конверттеги (конверттердеги) анкеталардын саны жана анонимдүү сурамжылоо боюнча орточо баа көрсөтүлөт. Маморгандын жана ЖӨБО өкүлү ыйгарым укуктуу органдын, ошондой эле региондор аралык башкармалыктын кызматкерлеринин катышуусунда анкета жүргүзүүнүн натыйжаларын эсептейт, алар актыга киргизилет.
Тиешелүү органга анкета жүргүзүүнүн жалпы натыйжалары маалыматтык системага келип түшөт.
Анкета жүргүзүүнүн иштелип чыккан натыйжалары ыйгарым укуктуу органда сакталат.
4-глава. Комплекстүү баалоону эсептөө методикасы
16. Аппарат жетекчисинин ишин баалоо төмөнкүдөй аныкталат:
Ар бир баалоо компоненти баллдын жалпы суммасындагы өзүнүн пайыздык үлүшүнө ээ:
- кесиптик баалоо - 80%;
- жамааттык - 20%;
100% = 80% + 20%
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
17. Баллды эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- кесиптик баалоо жалпы баалоо системасында 8/10 бөлүктү түзөт, тиешелүү түрдө мониторингдин жыйынтыгы боюнча баалоого 1:8 коэффициенти колдонулат;
- жамааттык баалоо жалпы баалоо системасында 2/10 бөлүктү түзөт, тиешелүү түрдө анонимдүү анкета жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча баалоого 1:2 коэффициенти колдонулат;
10 = (1 x 8) + (1 x 2)
18. Аппарат жетекчисинин ишин максималдуу баалоонун өлчөмү 50 баллды түзөт:
1) кесиптик баалоо - 40 балл;
2) жамааттык баалоо - 10 балл.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
19. Аппарат жетекчисинин ишин максималдуу баалоону эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
мында АOD - ишти баалоо;
А(prof) - кесиптик баалоо, Аcoll - жамааттык баалоо.
Эсептөө мисалы:
аппарат жетекчиси төмөнкүдөй бааларды алат:
1) кесиптик баалоо - 4,7 балл;
2) жамааттык баалоо - 4,3 балл.
Бул баалуулуктардын негизинде комплекстүү баа төмөнкүдөй маанини түзөт: АOD = (4,7 x 8) + (4,3 x 2) : 0,5 = (37,6 + 8,6) : 0,5 = 46,2 : 0,5 = 92,4%.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5-глава. Алынган баанын квалификациясы
20. .Баалоонун максималдуу мааниси 100 %ды түзөт, бул маморгандардын жана ЖӨБО аппарат жетекчилеринин ишинин рейтингин салыштыруу жана түзүү үчүн мүмкүндүк берет.
Топтолгон пайыздарга ылайык баалардын төмөнкүдөй квалификациясы киргизилет:
Жалпы баанын пайыздык мааниси | Баанын квалификациясы |
91–100 % | Эң жакшы |
76–90 % | Жакшы |
61–75 % | Канааттандырарлык |
0–60 % | Канааттандырарлык эмес |
Алынган пайыздардын негизинде аппарат жетекчилеринин ишин баалоонун натыйжаларын ранжирлөө жүргүзүлөт жана рейтингдеги орду аныкталат. Ошол эле учурда “Эң жакшы” деген баа алган адамдардын ичинен “Эң жогорку балл” деген баа белгиленет.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
21. Аппарат жетекчилеринин ишин баалоонун натыйжалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Методиканын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча номенклатурасына аппарат жетекчиси кирген органга (кызмат адамына) кароого киргизилет.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
22. Номенклатурасына аппарат жетекчиси кирген орган (кызмат адамы) баалоонун негизинде төмөнкүлөр жөнүндө сунуштамаларды киргизет:
1).ээлеген кызмат ордуна ылайыктыгы же ылайык эместиги;
2) квалификациясын жогорулатуу;
3) ротациялоо.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
23.“Канааттандырарлык” деген баа алган учурда номенклатурасына аппарат жетекчиси кирген орган окутууга жана/же ведомстволук окутууга мамлекеттик заказдын алкагында аппарат жетекчисинин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сунуш киргизет.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
24. "Канааттандырарлык эмес" деген баа алган учурда номенклатурасына аппарат жетекчиси кирген орган төмөнкүлөр тууралуу сунуштамаларды киргизет:
1) ээлеген кызмат ордуна ылайыктыгын же ылайык эместигин кароо жөнүндө;
2) ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
25. "Эң жакшы" деген баа алган адамдардын ичинен "Эң жогорку балл" деген баа алган учурда аппарат жетекчисине "Мыкты жетекчи" статусу ыйгарылат. Ыйгаруу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
26. Маморгандардын жана ЖӨБО аппарат жетекчилеринин ишин баалоонун жана рейтингинин натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарында жана ыйгарым укуктуу органдын сайтында жарыяланат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасына 1-тиркеме |
Форма
КЕСИПТИК БААЛОО
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Аппарат жетекчисинин аты-жөнү
______________________________________________________________________________
Маморгандын жана ЖӨБОнун аталышы
______________________________________________________________________________
№ | Көрсөткүчтөр | Баа (2-5 балл) | Комментарийлер |
1 | Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин ишке ашыруу |
|
|
2 | Мамлекеттик органдын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызматчылардын ишин стратегиялык, учурдагы пландоо боюнча иштин абалы |
|
|
3 | Башкаруунун заманбап технологияларын киргизүү |
|
|
4 | Персоналды башкаруу кызматынын ишин уюштуруу |
|
|
5 | Кадрдык менеджмент, карьералык пландоо, мотивациялоо |
|
|
6 | Кызматчыларды окутуу |
|
|
7 | Аткаруу жана эмгек тартибин контролдоо |
|
|
8 | Ыйгарым укуктуу орган жана анын региондор аралык башкармалыгы менен өз ара аракеттенүү (анын ичинде суроо-талаптарга жооп берүү, кеңешмелерге катышуу, сунуштарды ишке ашыруу ж.б.) |
|
|
9 | Коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу |
|
|
10 | Ыйгарым укуктуу органга отчетторду өз убагында берүү |
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
_________________________________ кызмат орду | ___________________ колу | _________________________________ аты-жөнү |
_________________________________ кызмат орду | ___________________ колу | _________________________________ аты-жөнү |
Датасы __________________________
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасына 2-тиркеме |
Форма
ЖАМААТТЫК БААЛОО
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Аппарат жетекчисинин аты-жөнү ________________________________________