Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-февралы № 62
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы №99, 2026-жылдын 28-февралындагы № 141 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик (консулдук) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан Россия Федерациясында жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) 2024-жылдын 1-мартынан тартып 2027-жылдын 1-мартына чейин өткөрсүн;
- "ВиЭф Сервисес" ЖЧК менен сервистик борборлордо мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүүгө келишим/контракт түзсүн;
- пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- пилоттук долбоорду ишке ашырууга туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте пилоттук долбоорду өткөрүү менен байланышкан тиешелүү уюштуруу-техникалык чараларды көрсүн;
- пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда туруктуу негизде башка өлкөлөрдөгү сервистик борборлордун инфраструктурасынын базасында мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча маселелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга киришсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы №99 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен катар эле "ВиЭф Сервисес" ЖЧКнын сервистик борборлору аркылуу ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги сервистик борборлорду тиешелүү программалык камсыздоого кошуу менен пилоттук долбоорду уюштуруу-техникалык коштоону жүргүзсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |