Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу отелди куруу үчүн инвестициялар жөнүндө МАКУЛДАШУУ
2023-жылдын 12-октябры
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтү,
эки мамлекеттин ортосундагы болгон мамилелерди чыңдоо жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү максатында,
экономикалык мамилелерди туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык ишти күчөтүүнү каалап,
эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө умтулуп,
1997-жылдын 23-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуунун жоболорун жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан Ысык-Көлдүн жээгинде курорттук-рекреациялык жана туристтик иш үчүн арналган беш жылдыздуу отелди, башка чектеш инфраструктураны жана курулуш объекттерин (мындан ары - Объекттер же Курулуш объекттери) куруу, жабдуу жана эксплуатациялоо боюнча биргелешкен инвестициялык долбоорду (мындан ары - Инвестициялык долбоор) ишке ашыруу максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Макулдашуунун предмети
1. Азербайжан Республикасынын Өкмөтү Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында ушул Инвестициялык долбоордун алкагында каралган Курулуш объекттерин аяктоо үчүн зарыл болгон өлчөмдөгү каражаттарды Кыргыз Республикасына инвестициялоого милдеттенет.
2. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылынын аймагында жалпы аянты 17,24 га, анын ичинде 12,32 га курулуш үчүн жана 4,92 га сейил бак зонасын (ушул Макулдашуунун № 1 тиркемесинде көрсөтүлгөн схемага ылайык) түзүү үчүн, ошондой эле пляждык зонаны (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү калктын пляждык зонага жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен) түзүү үчүн жанаша жээк участогунун 1 га жер участогун (мындан ары - Жер участогу) Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнө убактылуу пайдалануу укугунда Жер участогун пайдалануу жөнүндө жаңы келишим түзүүгө башка адамдардын алдында артыкчылык укугу менен 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө акысыз берүүгө милдеттенет.
3. Азербайжан тараптын Жер участогун пайдалануу укугуна Объекттерди куруу боюнча иштерди жүргүзүү, Курулуш объекттери курулуп бүткөндөн жана эксплуатацияга берилгенден кийин Азербайжан тараптын Курулуш объекттерине менчик укугун алуу, ошондой эле Жер участогунун жана Курулуш объекттеринин максаттуу багытына карама-каршы келбеген коммерциялык иштерди, анын ичинде мейманкана, туристтик, курорттук-рекреациялык, спорттук, оюн-зоок жана соода иш-аракеттерин жүргүзүү кирет.
2-берене. Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелери
1. Азербайжан Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуу боюнча төмөнкү милдеттенмелерди аткарууга милдеттенет:
1.1) ушул Макулдашуу колдонулган мөөнөттүн ичинде Жер участогун талаптагыдай абалда кармоо жана аны максаты боюнча пайдаланууну камсыз кылуу;
1.2) Жер участогун жана Курулуш объекттерин эксплуатациялоодо жана колдонууда, ошондой эле Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан тиешелүү коммерциялык ишти жүзөгө ашырууда ушул Макулдашуунун шарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу;
1.3) Кыргыз Республикасынын аймагында Объекттерди курууга бардык уруксат берүүчү документтер алынган учурдан тартып 3 жылдын ичинде Объекттерди курууну аяктоо (долбоорлоо, куруу жана курулуп бүткөн объекттин шайкештигин баалоо жөнүндө акт алууга документтерди берүү);
1.4) шаар куруу жана архитектура жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экологиялык, техникалык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы ченемдерди жана талаптарды сактоо менен курулуш иштерин долбоорлоону жана аткарууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле кыргыз тараптан курулуп бүткөн объекттин шайкештигин баалоо жөнүндө акт алынгандан жана Азербайжан Республикасынын Курулуш объекттерине менчик укугу катталгандан кийин коммерциялык ишти жүзөгө ашырууну баштоо, ошондой эле Объекттин иштешин камсыз кылуу;
1.5) коммерциялык, мейманкана, туристтик, курорттук-рекреациялык, спорттук, оюн-зоок жана соода ишин жүзөгө ашыруу үчүн Жер участогун жана Объекттерди максаттуу багытына ылайык пайдалануу;
1.6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сейил-пляж жана сууну коргоо зоналарында имараттарды жана курулмаларды (жеңилдетилген типтеги объекттерди кошпогондо) курууга жол бербөө;
1.7) Объектти куруу мезгилинде жана аларды эксплуатацияга бергенден кийин Кыргыз Республикасынын жарандарын адистердин жана жумушчулардын жалпы санынын 70 пайызынан кем эмес катышта жумуш орундары менен камсыз кылуу;
1.8) Жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун ээликтен ажыратууга, Жер участогун күрөөгө берүүгө, ошондой эле Жер участогун ээликтен ажыратууга же үчүнчү жактардын укуктары менен чектөөгө багытталган түз же кыйыр башка бүтүмдөрдү ишке ашырууга жол бербөө.
Азербайжан тарап 49 (кырк тогуз) жыл өткөнгө чейин кыргыз тараптын макулдугусуз Курулуш объекттерин үчүнчү жактардын пайдасына ээликтен ажыратууга жана Курулуш объекттерин үчүнчү жактардын укуктары менен келишимдик чектөөлөргө жол бербөөгө (Объекттерди ижарага берүүнү кошпогондо) укуксуз. 49 (кырк тогуз) жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасы Жер участогун өзүнө кайтарып алат (эгерде Азербайжан тарап адилеттүү рынок наркынын негизинде Жер участогун пайдалануу жөнүндө жаңы келишимди түзүүгө артыкчылыктуу укуктан пайдаланбаса) жана Курулуш объекттерин адилеттүү рынок наркы боюнча сатып алууга артыкчылыктуу укукка ээ болот.
Жер участогун жана Курулуш объекттерин ушул пунктчада каралган ээликтен ажыратууга жана укугун чектөөгө Кыргыз Республикасынын каттоо органдарында милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин милдеттенмелери
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Макулдашуу боюнча төмөнкү милдеттенмелерди аткарууга милдеттенет:
1.1) Жер участогун Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнө убактылуу пайдалануу укугунда акысыз (ушул Макулдашуунун 4-беренесинин шарттарын эске алуу менен) кандайдыр бир чектөөлөрдөн жана сервитуттардан эркин берүү;
1.2) Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланыштуу инвестиция катары Курулуш объекттерин куруунун жана эксплуатациялоонун талап кылынган шарттарын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын финансы каражаттарынын эсебинен электр, канализация жана байланыш линияларын, анын ичинде зарыл болгон учурда башка коммуникациялык линияларды салууну камсыз кылуу;
1.3) азербайжан тараптын Объекттерди куруусун баштаганга чейин инвестиция катары жакынкы автомагистралдардан Жер участогунун чектерине чейин салынышы керек болгон бир техникалык жолду жана эксплуатацияга берилгенге чейин асфальт-бетон төшөлгөн эки тилкелүү бир жолду курууну камсыз кылуу;
1.4) Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген Курулуш объекттеринин долбоорун адаптациялоодо азербайжан тарапка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көмөк көрсөтүү;
1.5) керектүү лицензияларды, макулдашууларды алууга, мамлекеттик экспертизадан өтүүгө, Курулуш объекттерин курууга уруксаттарды жана Курулуш объекттеринин курулушу аяктагандан кийин эксплуатацияга берүүгө уруксат берүүчү документтерди, ошондой эле Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ушул Макулдашууда каралган жана анын мазмунунан келип чыгуучу бардык укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка уруксат берүүчү документтерди, анын ичинде объекттерди курууга жана Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
1.6) азербайжан тараптын кайрылуусунун негизинде Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн Жер участогун убактылуу пайдалануу укугун жана Азербайжан Республикасынын Курулуш объекттерине менчик укугун Кыргыз Республикасынын расмий реестрлеринде мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте жүргүзүүнү камсыз кылуу, ошондой эле Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү ырастоочу документтерди берүү;
1.7) Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланыштуу Азербайжан Республикасынын Өкмөтү тарабынан Инвестициялык долбоорго тартылган эмгек мигранттарына визаларды, жашоого жана иштөөгө уруксаттарды алууда зарыл болгон колдоо көрсөтүү, ошондой эле эмгек мигранттары үчүн керектүү сандагы квоталарды бөлүүнү камсыз кылуу;
1.8) Жер участогун жана Курулуш объекттерин ээликтен ажыратуу жана чектөө укуктарынын чектелгендиги жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик каттоо органдарында каттоо.
2. Кыргыз тараптын ушул берененин 1-пунктунун 1.1-1.3 жана 1.6-пунктчаларында көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткарбоосу, анын ичинде кечиктирүүсү ушул Макулдашуунун 2-беренесинин 1-пунктунун 1.3-пунктчасында көрсөтүлгөн мөөнөттү эсептеп чыгууну азербайжан тараптын ушул Макулдашуунун 14-беренесинен келип чыгуучу башка укуктарына зыян келтирбестен токтотууга алып келет.
4-берене. Салыктардан, бажы алымдарынан жана башка милдеттүү төлөмдөрдөн бошотуу
1. Курулуш мезгилинде:
1.1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы жана анын өкүлдөрү тарабынан импорттолуучу технологиялык жабдуулар, алардын комплекттөөчү жана запастык бөлүктөрү, Объекттерди куруу жана жабдуу үчүн зарыл болгон чийки заттар жана материалдар ташып келүү бажы алымдарынан бошотулат;
1.2) Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы жана анын өкүлдөрү КНСтен, импортко КНСтен, мүлк салыгынан (айыл чарба багытындагы эмес жерлер) жана Жер участогун пайдалануу үчүн ижара акысынан бошотулат.
2. Объекттер эксплуатацияга берилгенден кийин Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы жана анын өкүлдөрү экономикалык иш башталган учурдан тартып 10 (он) жылга төмөнкүлөрдөн бошотулат:
2.1) киреше салыгынан;
2.2) Кыргыз Республикасынын резиденти эмес жактардын кирешелерине салыктан;
2.3) салык салынуучу жеткирүүлөргө карата КНСтен;
2.4) Жер участогун пайдалануу үчүн ижара акысынан.
3. Кыргыз Республикасы азербайжан тарапты токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу суммасын төлөөдөн бошотот.
4. Ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин Жер участогун пайдалануу үчүн ижара акысы, ошондой эле салыктар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык Азербайжан Республикасынын Өкмөтү тарабынан эсептелүүгө жана төлөнүүгө тийиш.
5-берене. Ыйгарым укуктуу органдар
1. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1.1. Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнөн - Азербайжан Республикасынын Президентинин Иш башкармасы;
1.2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы.
2. Ыйгарым укуктуу органдар ушул Макулдашууда каралган өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууну камсыз кылуу, ошондой эле Инвестициялык долбоорду талаптагыдай ишке ашыруу максатында өздөрүнүн өкүлдөрүн дайындай алат.
3. Тараптар жаңы ыйгарым укуктуу органдар дайындалган же иштеп жаткан органдардын аталыштары өзгөргөн учурда, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдар өкүлдөрдү дайындаган учурда бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарлоого тийиш.
6-берене. Инвесторлордун укуктарын коргоо
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана 1997-жылдын 23-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууга ылайык Инвестициялык долбоорго байланышкан инвестицияларды (капиталдык салымдарды) коргоо боюнча чараларды көрөт.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилүүчү жана Объекттерди куруу мезгилинде жана аларды эксплуатацияга бергенден кийин 10 (он) жыл аралыгында инвестициялык шарттарды начарлатуучу өзгөртүүлөр ушул Макулдашууга ылайык азербайжан тарап жүзөгө ашырган ишке жайылтылбайт жана бул учурда Макулдашуу түзүлгөн учурга карата колдонулган мыйзамдардын жоболору колдонулат.
7-берене. Экспроприация
1. Кыргыз Республикасынын аймагында Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланыштуу азербайжан тарабынын инвестициялары, анын ичинде Жер участогунда жайгашкан Азербайжан Республикасынын (анын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органынын) Курулуш объекттери жана башка мүлкү, ошондой эле алар менен байланышкан капитал жана активдер, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктар талап кылгандай басмырлоосуз, мыйзамдын талаптарына ылайык токтоосуз, адекваттуу жана натыйжалуу компенсацияны төлөө учурларын кошпогондо, экспроприациялоого, улутташтырууга же түз же кыйыр түрдө экспроприациялоого же улутташтырууга (мындан ары - "экспроприация") алып келүүчү башка чараларга жатпайт.
2. Мындай компенсация экспроприацияны жүзөгө ашыруунун алдында же коомчулукка бул жөнүндө белгилүү болгонго чейин, кайсынысы биринчи келерине жараша, экспроприацияланган инвестициялардын адилеттүү рынок наркына барабар болууга тийиш.
3. Мындай адилеттүү рынок наркы ушул берененин 2-пунктун эске алуу менен которуу күнүнө карата ошол валютага карата колдонулуучу рынок курсунун негизинде эркин конвертацияланган валютада чагылдырылат. Компенсация экспроприациялоо учурунан тартып иш жүзүндө төлөнгөн учурга чейин ошол валюта үчүн рыноктук негизде аныкталган коммерциялык ставка боюнча пайыздарды да камтыйт.
4. Ушул Макулдашуунун 13-беренесине зыян келтирбестен, Курулуш объекттери экспроприацияланган учурда азербайжан тарап Инвестициялык долбоордун алкагында аткарылган иштердин каралышына жана сот же Кыргыз Республикасынын башка ыйгарым укуктуу органы тарабынан өз инвестицияларынын өлчөмүн ушул беренеде баяндалган принциптерге ылайык бааланышына укуктуу.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында Объекттерди курууга байланыштуу азербайжан тарабынан салынган инвестициялар согуштан же кандайдыр бир аскердик кагылышуудан, жарандык баш аламандыктан же башка ушул сыяктуу окуялардан келип чыккан өзгөчө кырдаалдын натыйжасында зыянга учураса, мындай зыянга карата жагымдуулугу Кыргыз Республикасы тарабынан өзүнүн инвесторлоруна же ар кандай үчүнчү өлкөнүн инвесторлоруна карата колдонулган режимден кем болбогон реституциялоо же компенсациялоо режими колдонулат.
8-берене. Форс-мажор
1. Ушул Макулдашуунун 7-беренесинде көрсөтүлгөн акча суммаларын төлөө боюнча милдеттенмесин жана милдеттенмелерди кошпогондо, ушул Макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин (же анын кайсы бир бөлүгүн) аткарбагандыгы же өз убагында аткарбагандыгы үчүн жооптуу болгон Тараптардын ар бири мындай аткарбоо же өз убагында аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен ушул Макулдашууда анын аныктамасына ылайык форс-мажордун жагдайларынан улам мындай аткарбоо же өз убагында аткарбоо келип чыккан же келтирилген даражада бошотулат.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине карата форс-мажор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өзүнүн милдеттенмелерин же алардын кандайдыр бир бөлүгүн аткарууга мүмкүндүк бербеген, анын акылга сыярлык көзөмөлүнөн тышкары турган, кыргыз тараптын шалаакылыгынан же ушул Макулдашууну бузуудан улам келип чыкпаган жана шартталбаган жагдайлар менен чектелет. Ушул пунктка ылайык форс-мажор ушул берененин башка талаптарына ылайык келген шартта төмөнкүдөй жагдайларды жана себептерди өзүнө камтыйт:
2.1) табигый кырсыктар (жер титирөөлөр, селдер, жер көчкүлөр, циклондор, суу ташкындары, өрттөр, чагылгандар, толкун агымдары, жанар тоолордун атылышы жана башка ушул сыяктуу жаратылыш кубулуштары);
2.2) аскердик аракеттер, иш таштоолор жана башка эмгек талаш-тартыштары, көтөрүлүштөр жана козголоңдор, террордук акттар;
2.3) эл аралык эмбарголор;
2.4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин акылга сыярлык көзөмөлүнөн тышкаркы башка жагдайлар.
3. Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнө карата колдонулуучу форс-мажор Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн милдеттенмелерин же алардын кандайдыр бир бөлүгүн аткарууга мүмкүндүк бербеген, анын акылга сыярлык көзөмөлүнөн тышкары турган, азербайжан тараптын шалаакылыгынан же ушул Макулдашууну бузуудан улам келип чыкпаган жана шартталбаган жагдайлар менен чектелет. Ушул пунктка ылайык форс-мажор ушул берененин башка талаптарына ылайык келген шартта төмөнкүдөй жагдайларды жана себептерди өзүнө камтыйт:
3.1) табигый кырсыктар (жер титирөөлөр, селдер, жер көчкүлөр, циклондор, суу ташкындары, өрттөр, чагылгандар, толкун агымдары, жанар тоолордун атылышы жана башка ушул сыяктуу жаратылыш кубулуштары);
3.2) аскердик аракеттер, иш таштоолор жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан башка эмгек талаш-тартыштары, көтөрүлүштөр жана козголоңдор, террордук акттар;
3.3) эл аралык эмбарголор;
3.4) Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн акылга сыярлык көзөмөлүнөн тышкаркы башка жагдайлар.
4. Эгерде Тарап форс-мажордун натыйжасында ушул Макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин же алардын кандайдыр бир бөлүгүн аткаруу жөндөмдүүлүгүн жоготсо, анда ал экинчи Тарапка жазуу жүзүндө токтоосуз билдирет. Мындай билдирүүдө төмөнкүлөр камтылышы керек:
4.1) бул Тарап аткара албаган милдеттенмелерди же алардын бөлүгүн көрсөтүү;
4.2) форс-мажор жагдайын толук баяндоо;
4.3) форс-мажор сактала турган болжолдуу убакытты көрсөтүү;
4.4) форс-мажордун кесепеттерин жоюу же азайтуу үчүн ал сунуш кылган чараларды көрсөтүү.
5. Мындай кабарлама берилгенден кийин мындай форс-мажордун айынан аткарылышы мүмкүн болбогон бардык милдеттенмелерди же алардын кандайдыр бир бөлүгүн аткаруу форс-мажор сакталган мезгилдин ичинде токтотулат.
6. Форс-мажордун натыйжасында өз милдеттенмелерин же алардын кандайдыр бир бөлүгүн аткара албаган кандай болбосун Тарап Тараптар тарткан зыянды азайтуу жана форс-мажор жагдайларын жоюу же түзөтүү жана өз милдеттенмелерин же алардын кандайдыр бир бөлүгүн аткарууну мүмкүн болушунча тез арада кайра улантуу үчүн зарыл жана акылга сыярлык болгон каражаттарды жумшайт жана ал үчүн жеткиликтүү болгон чараларды көрөт.
7. Форс-мажордун натыйжасында өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган Тарап өзүнүн мамлекеттик органдары тарабынан форс-мажордун натыйжасында жана ал сакталган мезгилде башка Тарап тарткан кандайдыр бир жоготууларды азайтуу үчүн талап кылыныш мүмкүн болгон зарыл чаралардын көрүлүшүнө көмөк көрсөтөт.
9-берене. Эркин трансфер
1. Кыргыз Республикасы Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органына өзүнүн аймагынан Азербайжан Республикасынын аймагына Курулуш объекттерин пайдаланууга байланыштуу алынган бардык акча каражаттарын тоскоолдуксуз которууну камсыз кылат. Мындай төлөмдөр төмөнкүлөрдү камтыйт:
1.1) салымдарды (инвестицияларды) сактоо, өнүктүрүү же көбөйтүү үчүн негизги жана кошумча суммалар;
1.2) пайда, кирешелер жана дивиденддер;
1.3) инвестицияларды (салымдарды) толук же жарым-жартылай сатуудан же ээликтен ажыратуудан алынган каражаттар;
1.4) инвестициялар менен байланышкан иштен келип чыккан, лицензиялык жыйымдар же башка ушуга окшогон чыгымдар сыяктуу чыгымдарды жабуу үчүн зарыл болгон суммалар;
1.5) ушул Макулдашуунун 7-беренесине ылайык төлөнүүгө тийиш болгон компенсация;
1.6) башкаруу чыгымдарына байланыштуу төлөмдөр;
1.7) талаш-тартыштарды жөнгө салуунун натыйжасында келип чыгуучу төлөмдөр;
1.8) контракттар боюнча, анын ичинде карыздык милдеттенмелер боюнча төлөмдөр;
1.9) анын ичинде жумушу инвестициялар (салымдар) менен байланышкан, жумушка тартылган чет өлкөлүк персоналдын таза кирешеси жана башка сый акылары.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн которуулар кандайдыр бир чектөөлөрсүз же кечиктирилбестен эркин конвертациялануучу валютада жана которуу валютасынын которуу күнүндө колдонулган тиешелүү рынок курсу боюнча жүзөгө ашырылат.
10-берене. Эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу укуктарга жана милдеттерге таасири
Ушул Макулдашуу 1997-жылдын 23-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуудан жана 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимден тышкары тараптары болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
11-берене. Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат жана Тараптардын ортосунда макулдашылган тартипте күчүнө кирет.
12-берене. Консультациялар
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча же алардын биринин сунушу боюнча ушул Макулдашууну чечмелөө жана/же колдонуу/ишке ашыруу менен байланышкан ар кандай маселени кароо үчүн консультацияларды өткөрө алат. Мындай консультациялар Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда дипломатиялык каналдар боюнча макулдашылган жерде жана убакытта өткөрүлөт.
13-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
1. Ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана/же колдонууга карата Тараптардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилүүгө тийиш.
2. Эгерде талаш-тартыш Тараптардын биринин мындай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө суроо-талабы берилген күндөн тартып 6 (алты) айдын ичинде чечилиши мүмкүн болбосо, ал Тараптардын биринин суроо-талабы боюнча ушул беренеге ылайык түзүлгөн эл аралык арбитраждык соттун кароосуна берилет.
3. Мындай арбитраждык сот ар бир өзүнчө учур үчүн төмөнкүдөй түрдө ad hoc түзүлөт: арбитраж жөнүндө суроо-талап алынган датадан тартып 2 (эки) айдын ичинде Тараптардын ар бири арбитраждык соттун бирден мүчөсүн дайындайт. Андан кийин бул эки мүчө үчүнчү өлкөнүн жаранын тандайт, ал эки тараптын макулдашуусу боюнча арбитраждык соттун төрагасы болуп дайындалат. Төрага башка эки мүчө дайындалгандан кийин 4 (төрт) айдын ичинде дайындалат.
4. Эгерде зарыл болгон дайындоолор ушул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жүргүзүлбөсө, эгерде башкасы макулдашылбаса, Тараптардын ар бири Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотунун (мындан ары - "Эл аралык сот") Төрагасына ар кандай зарыл болгон дайындоолорду жүргүзүүнү сунуштай алат. Эгерде Төрага кандайдыр бир Тараптын мамлекетинин жараны болуп саналса же көрсөтүлгөн функцияларды кандайдыр бир себептер боюнча аткара албаса, кандайдыр бир Тараптын мамлекетинин жараны болуп саналбаган, бул функцияны аткарууга жөндөмдүү жана соттун кызмат орду боюнча кийинки мүчөсү болуп саналган Эл аралык соттун мүчөсү зарыл болгон дайындоолорду жүргүзүү үчүн чакырылат.
5. Арбитраждык сот Тараптардын ортосундагы талаш-тартышты ушул Макулдашуунун негизинде жана эл аралык укуктун колдонуудагы ченемдерине, ошондой эле ЮНСИТРАЛдын Арбитраждык эрежелерине ылайык, укуктук мамилелердин коммерциялык жана коомдук-укуктук мүнөзүн эске алуу менен карайт жана чечет.
6. Арбитраждык сот чечимди көпчүлүк добуш менен кабыл алат. Соттун чечими эки Тарап үчүн тең акыркы жана милдеттүү болуп саналат.
7. Ар бир Тарап өзүнүн дайындалган арбитраждык сотунун мүчөсүнүн чыгымдарын жана сот процесстеринде өзүнүн кызыкчылыктарын коргоону төлөйт. Эки Тарап тең Төраганын чыгымдарын жана башка жалпы чыгымдарды бирдей көтөрөт.
8. Ушул Макулдашууну бузуу менен байланышпаган, бирок ушул Макулдашууну ишке ашыруунун натыйжасында келип чыккан укуктук мамилелерден келип чыккан башка талаш-тартыштар, анын ичинде чарбакер субъекттер менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик сотторунда каралууга тийиш.
14-берене. Макулдашууну бузуунун жана аны токтотуунун кесепеттери
1. Тараптардын бири Макулдашууну бузган учурда, экинчи Тарап бузулган милдеттенменин талаптагыдай аткарылышын, мындай бузуунун кесепеттеринин жоюлушун, ошондой эле мындай бузуу менен келтирилген материалдык зыяндын компенсацияланышын талап кылууга укуктуу.
2. Тараптардын бири Макулдашууну олуттуу түрдө бузган учурда экинчи Тарап ушул Макулдашууну токтото алат.
3. Азербайжан Республикасынын Өкмөтү тарабынан олуттуу бузуу деп ушул Макулдашуунун 2-беренесинин 1-пунктунун 1.3 (тийиштүү 3 (үч) жылдык мөөнөт аяктагандан кийин азербайжан тарап Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган беш жылдыздуу отелдин курулушунун 70%ынан азын аткарган учурда) жана 1.8-пунктчаларында каралган милдеттенмелерди аткарбоо түшүнүлөт.
4. Макулдашуу азербайжан тарабынын олуттуу бузгандыгына байланыштуу токтотулган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
4.1) Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнө берилген Жер участогун пайдалануу укугун токтотот;
4.2) Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу процессинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарткан чыгымдардын орду көз карандысыз баалоочулар аныктаган баалоо наркы боюнча Азербайжан Республикасынын Өкмөтү тарабынан толтурулушун талап кылууга укуктуу;
4.3) бүтпөгөн Курулуш объекттерине менчик укугуна ээ болот.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан олуттуу бузуу деп ушул Макулдашуунун 3-беренесинин 1-пунктунун 1.1, 1.2 жана 1.6-пунктчаларында белгиленген милдеттерди аткарбоо түшүнүлөт.
6. Макулдашуу кыргыз тараптын аны олуттуу бузгандыгына байланыштуу токтотулган учурда Азербайжан Республикасынын Өкмөтү:
6.1) эгерде Тараптар башка жөнүндө макулдашпаса, өзү тургузган Курулуш объекттерине менчик укугун алат же болбосо сактайт;
6.2) Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу процессинде Азербайжан Республикасынын Өкмөтү тарткан чыгымдардын орду көз карандысыз баалоочулар аныктаган баалоо наркы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан толтурулушун талап кылууга укуктуу.
15-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө Тараптардын жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүсү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган датадан тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча узартуу укугу менен 49 (кырк тогуз) жылга түзүлдү. Макулдашуу Тараптардын биринин демилгеси боюнча токтотулган учурда демилгечи Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка өзүнүн мындай ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтөт. Эгерде Тараптар жазуу жүзүндө башкача макулдашпаса, мындай учурда анын күчү Тараптардын бири экинчи Тараптын аталган жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган датадан тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин токтотулат.
3. Ушул Макулдашууга Бишкек шаарында 2023-жылдын 12-октябрында 2 (эки) түп нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчү | Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн
|