Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 26-декабры № 670
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Ж.Сурабалдиева, В.К.Раимбачаева, А.Т.Эрбаев, Ш.К.Атазов, А.А.Козуев, Ы.Ы.Атажанов, К.Л.Ханджеза, Б.Э.Тентишев, К.К.Самаков, М.О.Темирбаева, Н.А.Нарматова, А.Ж.Боронбаев, Д.Д.Бекешев, Ж.С.Кыдыкбаев, Т.Т.Мамытов, С.А.Айжигитов, М.Самыйкожо, Н.А.Азыгалиев тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 26-декабрындагы № 670 тескемеси менен жактырылган |
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Ж.Сурабалдиева, В.К.Раимбачаева, А.Т.Эрбаев, Ш.К.Атазов, А.А.Козуев, Ы.Ы.Атажанов, К.Л.Ханджеза, Б.Э.Тентишев, К.К.Самаков, М.О.Темирбаева, Н.А.Нарматова, А.Ж.Боронбаев, Д.Д.Бекешев, Ж.С.Кыдыкбаев, Т.Т.Мамытов, С.А.Айжигитов, М.Самыйкожо, Н.А.Азыгалиев тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып (мындан ары - мыйзамдын долбоору) төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул мыйзамдын долбоору менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 28-беренесинин 6-бөлүгүн күчүн жоготту деп таануу сунушталат, ага ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен эмес, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каржылоо сунушталат.
Негиздеме-маалымкатта көрсөтүлгөндөй мыйзамдын долбоорунун максаты жарандардын мектепке чейинки билим алууга конституциялык укуктарын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу болуп саналат, анда ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, жалпы негизги, орто жалпы жана баштапкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу деп көрсөтүлгөн.
Ушуга байланыштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашына акы төлөө түйшүгү ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө гана которулган учурда, жарандардын мектепке чейинки акысыз билим алуу укугу бузулушу мүмкүн. Ошол эле учурда ата-энеси мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууга акы төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок калктын аялуу катмарынын балдары Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген акысыз мектепке чейинки билим ала албай калуу коркунучу бар, бул Мыйзамга ылайык келбейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 3-бөлүгүндө ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, жалпы негизги, орто жалпы жана баштапкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу деп көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда билим берүү - бул белгилүү бир көлөмдөгү жана сапаттагы билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү өздөштүрүү, белгилүү бир тартипте уюштурулган окутуу процесси жана инсандын калыптанышына, өнүгүшүнө, ошондой эле билимдерди алууга жана берүүгө багытталган адамдардын күч-аракеттеринин системасы. Ошондуктан билим берүү компонентине балдарды багуу жана тамактануу кирбейт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 12-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын балдардын мектепке чейинки мекемелеринде балдарды багуу жөнүндө" Жарлыгына ылайык баланын бала бакчага бир жолу баруусу үчүн акы ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө, ата-энесинин иштеген (окуган) жерине карабастан суткалык тамактануунун иш жүзүндөгү наркынын 50 пайызы өлчөмүндө белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна ылайык балдар яслилеринде жана бакчаларда үч жашка чейинки балдар үчүн 9-10 саат болууга - 13 сом, үч жаштан жети жашка чейин - 9-10,5 саат болууга - 18 сом каралган.
Бирок бул талап бардык бала бакчаларда сакталбайт. Учурдагы инфляцияга байланыштуу мамлекет тарабынан бөлүнгөн 18 сом өлчөмүндөгү акча каражаты бала бакчаларда рационалдуу жана балансталган тамактануунун талаптарына жооп бербейт.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча балдардын тамактануусу үчүн акы төмөнкүлөрдү түзөт:
- райондордогу/шаарлардагы республикалык бюджеттен каржылануучу мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (10 сааттык режимде иштеген) 13-18 сом өлчөмүндө, ал эми 43-75 сомго чейин ата-энелердин эсебинен каржыланат;
- райондордогу/шаарлардагы жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (10 сааттык режимде иштеген) 4,5-60 сом өлчөмүндө, ал эми 25-100 сомго чейин ата-энелердин эсебинен каржыланат;
- Кара-Кулжа, Ысык-Ата, Панфилов, Москва, Сокулук райондорунун жана Токмок шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 48-100 сом өлчөмүндө 100% ата-энелердин эсебинен каржыланат.
Эгерде Бишкек шаарын алсак, бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тамактануунун иш жүзүндөгү наркы бир күнгө 120 сомду түзөт, анын 60 сому ата-энелер, ал эми 60 сому мэрия тарабынан каржыланат. Башкача айтканда ата-энелер бала бакчага айына 1320 сом төлөйт. Эгерде толук көлөмдө каржылоо бир күнгө 120 сомду түзсө, анда 22 күн үчүн ал 2640 сомду түзөт.
Өлкөнүн айрым региондорунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тамак-аш менен камсыздоого чыгымдар суткасына 1 балага табигый тамактануунун ченемдерине ылайык ата-энелердин каражаттарынын эсебинен каржыланат. 3 жашка чейинки балдарга - бир күнгө 85 сом, 3 жаштан жогоркуларга - бир күнгө 95 сом, орто эсеп менен баланын мектепке чейинки билим берүү уюмуна барган күндөрүнө жараша айына 1600 сомдон 2000 сомго чейин.
Республика боюнча жергиликтүү бюджеттен 2022-жылга бала бакчаларында балдардын тамактануусуна 502,4 млн. сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө көптөгөн айыл өкмөттөрү дотацияда турганына байланыштуу жергиликтүү бюджеттен бала бакчаларда тамактанууга акча каражаттары бөлүнбөйт, буга байланыштуу 100% ата-энелер тарабынан каржыланат.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2023-жылы Кыргыз Республикасында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу болгону 26,4%ды түзгөн. Алсак калган 73,6% бала мектепке чейинки билим берүү менен камтылган эмес.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттин негизги багыты болуп балдардын мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана камтууну көбөйтүү саналат.
Ушуга байланыштуу азыркы учурда бүткүл республика боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүү үчүн шарттарды камсыз кылуу, вариативдүү түрлөрүн өнүктүрүү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарын курууга, реконструкциялоого жана оңдоого жеңилдетилген кредиттерди берүү, "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча мамлекеттик деңгээлде чаралар көрүлүүдө.
Мыйзамдын 64-беренесинде расмий жарыяланган күндөн тартып календардык жыл ичинде ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө көрсөтүлөт. Аталган берененин негизинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштурууда калктын социалдык аялуу катмары үчүн даректүү каражаттарды бөлүүнү караган мыйзам алдындагы акт иштелип чыгат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.