Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-февралы № 66
Карантиндик фитосанитардык коопсуздукту
камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)
"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 13-15-беренелерин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 159 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында өсүмдүктөр карантинин камсыз кылуунун бирдиктүү эрежелерин жана ченемдерин бекитүү жөнүндө" чечиминин IV главасынын 42-пунктун жана Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобонун VI главасынын 6.5-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Фитосанитардык нотификация чараларын колдонуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Карантиндик объекттер жуккан карантинге алынуучу продукцияны алып коюу, жок кылуу жана кайтарып берүү боюнча фитосанитардык чараны колдонуу тартиби 2-тиркемеге ылайык;
3) Өсүмдүктөр карантини жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына карантинге алынуучу продукцияга, карантинге алынуучу объекттерге карантиндик объекттердин жугуп калуу жана (же) булгануу белгилери аныкталгандыгы жөнүндө кабарлоо тартиби 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын аймагынын карантиндик фитосанитардык абалына мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу тартиби 4-тиркемеге ылайык;
5) Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү тартиби 5-тиркемеге ылайык.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-февралындагы № 15 (3568) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |