Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 22-февралы № 65-т
"2020-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган 2020-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашуунун "Айыл чарба өндүрүшүн жакшыртуу жана кошумча нарк чынжырчасы" "В компонентин" ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча "В компонентинин" аткаруучу агенттиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги - алынган кредиттер боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кепилдик келишимдерин берген фермерлердин/кооперативдердин кредитору - зайымчысы болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:
1) баштапкы иштетүү жана сактоо (сорттоо, жуу жана таңгактоо) үчүн сактоочу жайлардын функцияларын жана өлчөмдөрүн төмөнкү критерийлер боюнча аныктасын:
- картошканы, жашылчаларды, жемиштерди, дан өсүмдүктөрүн жана тоюттарды сактоочу жайлар;
- максаттуу фермерлер/кооперативдер үчүн 500 тоннадан 1500 тоннага чейин сактоо сыйымдуулугу менен сактоочу жайлардын өлчөмү;
2) түшүмдү ыңгайлуу ташууну камсыз кылуу үчүн оптималдуу жайгашкан жерди аныктасын;
3) зайымчыларды тандоону жүргүзсүн;
4) кредиттик келишим түзүлгөндөн кийин курулуш иштерин аткарууга тендер өткөрсүн;
5) төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана кредиттик келишимди түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго документтерди берүүнү камсыз кылсын;
6) долбоорду ишке ашыруу максатында курулуш иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын;
7) кредиттик келишимге кошумча макулдашуу түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго жүргүзүлгөн курулуш иштеринин акыркы наркын жана инвестицияларды көрсөтүү менен тиешелүү документтерди берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан берилген зайымчылардын төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктасын;
2) берилген документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана зайымчы менен биргеликте төмөнкүдөй шарттарда үч тараптуу кредиттик келишим түзсүн:
- ликвиддүү мүлк жана эксплуатацияга берилген сактоочу жай, жабдуулар түрүндөгү күрөөлүк камсыз кылуу;
- пайыздык ставка - жылдык 3 пайыз;
- финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн карыздын суммасына эсептелген жылдык 6 пайыз;
- кайтаруу мөөнөтү - объект эксплуатацияга берилген учурдан тартып 10 жыл;
- негизги сумманы жана пайыздарды төлөөгө жеңилдетилген мезгил - 1 жыл;
- негизги сумманы жана пайыздарды төлөөнүн мезгилдүүлүгү - алты айда 1 жолу;
3) берилген кредиттик каражаттардын кайтарымдуулугун камсыз кылсын.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- фермерлерде/кооперативдерде жер участогу болбогон учурда Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык айыл чарба продукциясын сактоочу жайлардын курулмаларын жана баштапкы иштетүү объекттерин куруу үчүн жер участокторун берүү;
- субъекттер кабыл алган милдеттенмелер боюнча кепил катары чыгуу (макулдашуу боюнча);
- зайым келишимдерине кол коюуга көмөк көрсөтүү.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |