Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

 

2023-жылдын 26-декабры № 811-т

 

Санариптик кызматтык күбөлүктөрдү берүү, колдонуу жана сыпаттоо жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Санариптик кызматтык күбөлүктөрдү берүүнүн жана колдонуунун типтүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул тескемени ишке ашыруу тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров