Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 811-т тескемесине) |
Санариптик кызматтык күбөлүктөрдү берүүнүн жана колдонуунун ТИПТҮҮ ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 903-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Типтүү тартип санариптик кызматтык күбөлүктөрдү берүү, колдонуу жана сыпаттоо жол-жоболорун тартипке келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүү максатында иштелип чыккан жана мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга санариптик кызматтык күбөлүктөрдү берүүгө жана колдонууга бирдиктүү талаптарды белгилейт.
2. Ушул Типтүү тартипте төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
- санариптик кызматтык күбөлүк - мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчынын (мындан ары - кызматчы) инсандыгын күбөлөндүрүүнү камсыз кылуучу жана тиешелүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына (мындан ары - ЖӨБ органдары) таандыктыгын, анын кызмат өтөөсүн ырастоочу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалыматтар базаларында камтылган жана "Tunduk Gov" мобилдик тиркемесинде түзүлүүчү маалыматтардын жыйындысынан турган санариптик форматтагы документ;
- "Tunduk Gov" мобилдик тиркемеси (мындан ары - "Tunduk Gov") - бул санариптик форматта кызматтык күбөлүктөрдү түзүүнү камсыз кылуучу жана кызматчылар үчүн башка функциялары бар мобилдик түзүлүштөрдө жеткиликтүү программалык камсыздоо;
- "ККБС" бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык система (Кирүүнү контролдоо жана башкаруу системасы) (мындан ары - "ККБС") - коопсуздукту камсыз кылуу жана кызматчылардын кирүүсүн жөнгө салуу максатында мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына кирүүнү жана чыгууну контролдоого багытталган техникалык каражаттардын жыйындысы;
- мобилдик түзүлүш - чалууга, мобилдик тиркемелерди ишке киргизүүгө жана Интернет тармагына кирүү мүмкүнчүлүгү бар мультимедиа файлдарын иштетүүгө арналган портативдик түзүлүш.
3. Ушул Типтүү тартиптин колдонулушу аскердик, укук коргоо жана дипломатиялык кызматтарда административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларга жайылтылбайт.
4. Санариптик кызматтык күбөлүк (мындан ары - күбөлүк) кызматчынын Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун алмаштырбайт.
5. "Tunduk Gov" техникалык оператору болуп "Түндүк" ачык акционердик коому саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 903-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Санариптик кызматтык күбөлүктөрдү берүү тартиби
6. Кызматчыга күбөлүк берүү үчүн негиз болуп мамлекеттик органдын же ЖӨБ органынын кызмат орунга дайындоо, кызмат боюнча которуу жөнүндө буйругу (тескеме) саналат.
7. Кызматчы "e-Kyzmat" автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары - "e-Kyzmat" АМС) катталгандан кийин күбөлүк "Tunduk Gov" пайда болот.
"Tunduk Gov" кирүүгө уруксат алуу үчүн кызматчы Бирдиктүү идентификациялоо системасында (мындан ары - БИС) жана "e-Kyzmat" АМСте катталууга тийиш.
8. БИСте каттоонун тартиби "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 "Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
9. Күбөлүк юридикалык күчкө ээ жана кагаз форматындагы кызматтык күбөлүккө барабар.
10. Күбөлүк кызматчы дайындалган күндөн тартып кызматтык ыйгарым укуктары аяктаганга чейин колдонулат, алар "e-Kyzmat" АМСте белгиленет жана "Tunduk Gov" берилет.
11. "e-Kyzmat" АМСтин маалыматтары персоналды башкаруу боюнча кызматтардын кызматкерлери, же болбосо мамлекеттик органдын жана ЖӨБ органдарынын биринчи жетекчисинин чечими менен аныкталуучу персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан толтурулат жана кызматчынын учурдагы статусу жөнүндө маалымат "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары - "Түндүк" ЭВӨС) аркылуу "Tunduk Gov" берилет.
12. "e-Kyzmat" АМСтин маалыматтары өзгөртүлөт жапа "Түндүк" ЭВӨС аркылуу төмөнкүдөй учурларда берилет:
- кызматчынын фамилиясы, аты жана атасынын аты өзгөргөндө;
- кызматчынын кызмат орду өзгөргөндө;
- кызматчы бошотулганда;
- кызматчы болуп саналбаган башка адамдар тарабынан күбөлүктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен колдонуу факты аныкталганда.
13. Күбөлүктү талаптагыдай колдонуу боюнча жоопкерчилик кызматчыга жүктөлөт. Күбөлүктү алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жана күбөлүктөрдөгү маалыматтарды алмаштыруу аракеттери үчүн күнөөлүү кызматчылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик же башка жоопкерчиликке тартылат.
3. Санариптик кызматтык күбөлүктөрдү колдонуу тартиби
14. Күбөлүк өзүнүн гана милдеттеринин алкагында бекитилген ыйгарым укуктарынын чегинде кызматчынын кызматтык милдеттерин аткаруусунда анын инсандыгын ырастоо үчүн колдонулат. Аны башка мыйзамсыз максаттарда колдонууга жол берилбейт.
15. Кызматчы кызматтык милдеттерин аткарууда күбөлүккө жетүүнү камсыз кылууга милдеттүү, буга техникалык себептер боюнча кирүү "Tunduk Gov" оператору тарабынан чектелген учурлар кирбейт.
Мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына, башка уюмдарга кирүү үчүн кызматчы "Tunduk Gov" күбөлүктү колдонууга укуктуу.
Кызматчы мамлекеттик органга жана ЖӨБ органдары кирүү үчүн "Tunduk Gov" аркылуу QR-кодду кирүүнү башкарууну контролдоо системасына коёт, ал эми "ККБС" колдонбостон инсандыгын ырастоодо QR-код жеке мобилдик түзүлүштүн жардамы менен сканерленет.
16. Күбөлүк кызматкерди идентификациялоо үчүн, ошондой эле анын кызматынын алкагында белгилүү бир жерлерге же ресурстарга жетүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
17. Кирүүнү башкарууну контролдоо системасы "Tunduk Gov" күбөлүктүн QR-кодун окуйт жана күбөлүктө көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерет.
18. "Tunduk Gov" оператору тиркеменин үзгүлтүксүз иштешин жана "ККБС" колдонбостон күбөлүктүн аныктыгын валидациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
19. Кызматчы ээлеген кызмат ордунан бошотулган учурда күбөлүктү колдонууга бөгөт коюу "e-Kyzmat" АМСте автоматтык түрдө жүргүзүлөт.