Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 75 токтомуна) |
Кыргыз Республикасындагы ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү жөнүндө ЖОБО
1-глава. Негизги түшүнүктөр
1. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмү (мындан ары - түзүм) - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, жеке жана (же) юридикалык жактардын демилгеси боюнча өрттүн алдын алууга, эскертүүгө, өрт чыккан учурда имараттардан адамдарды эвакуациялоого жана өрттү баштапкы баскычында өчүрүүгө катышуу үчүн түзүлгөн, өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча социалдык багыттагы коомдук бирикме;
2) ыктыярдуу өрт өчүрүү кошууну (мындан ары - кошуун) - бул өрттүн алдын алууга, эскертүүгө, өрт чыккан учурда имараттардан адамдарды эвакуациялоого жана өрттү баштапкы баскычында өчүрүүгө катышуучу, алгачкы өрт өчүрүү каражаттары, өрт өчүрүүчү техника (өрт өчүрүүчү мотопомпалар же өзгөчө учурларда өрт өчүрүүчү автомобилдер, ошондой эле өрттү өчүрүү үчүн ылайыкташтырылган техникалык жана транспорттук каражаттар) менен жабдылган, белгилүү бир объектте (аймакта) түзүлгөн адамдардын тобу;
3) жаш өрттөн куткаруу кошуундары - кесиптик өрт-техникалык көндүмдөргө, эрдикке, асылдыкка жана дене боюн чыңдоого тарбиялоо максатында түзүлүүчү билим берүү уюмдарынын окуучуларынын ыктыярдуу өрткө каршы түзүмдөрү;
4) өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү - өрттүн андан ары жайылуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоо жана аны колдо болгон күчтөр жана каражаттар менен ийгиликтүү өчүрүү үчүн шарттарды түзүү, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү, өрттөн келтирилген зыянды азайтуу боюнча ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүнүн иши;
5) өрттүн алдын алуу - өрт чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн жоюуга жана алардын кесепеттерин азайтууга багытталган алдын алуучу чаралардын жыйындысы;
6) өрт өчүрүү жетекчиси - өрт чыккан жерге келген жана өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча иш-аракетти координациялоого ыйгарым укук берилген өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын улук кызмат адамы.
2-глава. Жалпы жоболор
2. Түзүм коомдук өз алдынча иштеген органдарга таандык жана Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу системасына кирет.
Түзүмдүн максаты - калкты, жумушчуларды жана кызматчыларды өрттүн алдын алуу жана аны баштапкы баскычында өчүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө катышууга, ошондой эле өрткө каршы алдын алуу иштерин аткарууга тартуу аркылуу уюмдардын, калктуу конуштардын өрт коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү.
3. Түзүм ведомстволук таандыгына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда ушул Жободо аныкталган тартипте, менчик ээсинин макулдугу менен, ошондой эле калктуу конуштарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБО) чечимдерине ылайык түзүлөт.
4. Түзүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин, аткаруу бийлик органдарынын чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Өрттүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча маселелерди чечүүдө ыктыярдуу өрт өчүрүү кошуундары Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын бөлүмдөрүнүн жетекчилиги астында өрт ишинин негизи боюнча тиешелүү окуудан өткөндөн кийин иштейт.
6. Түзүмдөргө төмөнкүлөр кирет:
1) ыктыярдуу өрт өчүрүү кошуундары;
2) жаш өрттөн куткаруу кошуундары.
3-глава. Ыктыярдуу өрт өчүрүү кошуундары
7. Уюмдардагы кошуундар бул объекттерде өрт коопсуздугу кызматтарынын бар экендигине карабастан жумушчулардын, инженердик-техникалык кызматкерлердин жана кызматчылардын ичинен өндүрүштүк принцип боюнча, ошондой эле калктуу конуштарда ошол аймактарда жашаган калктын ичинен аймактык принцип боюнча түзүлөт жана ыктыярдуу негизде өрттүн алдын алууга жана өчүрүүгө катышат.
8. Уюмдардагы кошуундар объекттин мүнөздөмөсүнө, анын түзүмүнө жана жергиликтүү өзгөчөлүктөрүнө жараша жалпы объекттик же объекттик (объектте бир нече) болушу мүмкүн.
9. Кошуундун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) алар түзүлгөн уюмдарда, калктуу конуштарда өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышын контролдоо;
2) жумушчулар, кызматчылар жана калк арасында өрткө каршы режимди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
3) колдо болгон өрт өчүрүү техникасын (уюмдарда, калктуу конуштарда), жабдууларды, алгачкы өрт өчүрүү каражаттарын, өрткө каршы суу менен камсыздоону (гидранттар, көлмөлөр) оң абалда кармоо;
4) колдо болгон өрт өчүрүү каражаттары менен өрттү баштапкы баскычында өчүрүү боюнча чараларды көрүү.
10. Уюмдардагы кошуундар жетекчинин, менчик ээсинин чечими менен кошуунга кирүүнү каалаган адамдардын уюштуруу чогулушунда түзүлөт, ал демилгечи топ жана/же уюмдун жетекчилери тарабынын чакырылат.
11. Калктуу конуштардагы кошуундар ЖӨБО чечими боюнча, кызыкдар жеке жана (же) юридикалык жактардын демилгеси боюнча белгилүү бир аймакта же коргоо объектинде өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында түзүлөт.
12. Кошуундар белгиленген тартипте уюмдардын жетекчилери тарабынан ЖӨБОнун тиешелүү чечимдерине ылайык ыктыярдуу негизде түзүлөт жана өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эсепке алынат.
13. ЖӨБО жетекчилеринин жана юридикалык жактардын кошуундун ишин уюштуруу боюнча чечимдери өзгөртүлгөн учурда маалымат тиешелүү эсепке алууну жүргүзүү үчүн өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеткирилет.
14. Кошуундар ден соолугунун абалы боюнча аларга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү 18 жаштан жаш эмес жарандардан түзүлөт.
15. Кошуундарга кирүүнү каалагандар уюмдун жана ЖӨБО жетекчисинин атына арыз берет.
Кошуундун мүчөлөрүнүн курамына киргизүү жана курамды андан кийинки өзгөртүүлөр уюмдун жана ЖӨБО жетекчисинин буйругу менен жарыяланат.
16. Кошуундарга кабыл алынган жарандар менен ушул Жобону, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча башка ченемдик укуктук актыларды жана документтерди үйрөтүү уюштурулат.
17. Кошуундун мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) тиешелүү объектте, аймакта өрт коопсуздугунун эрежелерин билүүгө, сактоого жана башкалар тарабынан сакталышын талап кылууга;
2) өрттүк эсептин табели боюнча өз милдеттерин билүүгө жана өрт чыккан учурда анын баштапкы жана андан кийинки баскычтарында аны өчүрүүгө активдүү катышууга;
3) колдо болгон өрт өчүрүүчү техниканын жана алгачкы өрт өчүрүү каражаттарынын, өрткө каршы коргоо системаларынын иш-аракетке даярдыгын көзөмөлдөөгө жана аныкталган бузулуулар жөнүндө жетекчиликке билдирүүгө;
4) жүктөлгөн милдеттерди, кошуундун жетекчисинин тапшырмаларын аткарууга жана өзүнүн өрт-техникалык билиминин деңгээлин жогорулатууга.
4-глава. Жаш өрттөн куткаруу кошуундары
18. Жаш өрттөн куткаруу кошуундары 12 жаштан 17 жашка чейинки курактагы окуучулардын ыктыярдуу бирикмелерин билдирет, алар эрдикке, кайраттуулукка, коллективизмге тарбиялоо, дене боюн чыңдоо, кесиптик багыт берүү жана аларды өрттүн алдын алуу ишинде жарандык парзын аткарууга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө тартуу, коопсуз эвакуациялоо, алгачкы жардам көрсөтүү көндүмдөрүн, ошондой эле өрт-куткаруу иштеринин негиздерин окутуу максатында түзүлөт.
19. Жаш өрттөн куткаруу кошуундары мектептерде, мектеп-интернаттарда, балдар үйлөрүндө, башка окуу-тарбиялоо мекемелеринде, ошондой эле уюмдардын, ыктыярдуу өрт-куткаруу коомдорунун алдында клубдар түрүндө түзүлөт (ар бир 100 окуучуга 7-10 баладан кем эмес өлчөмдө түзүү сунушталат).
20. Жаш өрттөн куткаруу кошуундарынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын органдарына жана бөлүмдөрүнө окуучулар арасында өрткө каршы үгүттөө иштерине практикалык жардам көрсөтүү;
2) өрттөн куткаруу ишинин негиздерин, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү (алардын баштапкы баскычында), балдарды жайдан уюшкандыкта эвакуациялоо боюнча жөндөмдөрдү жана көндүмдөрдү билүү;
3) балдар жана өспүрүмдөр менен балдардын отту этиятсыз колдонуусунан өрттүн алдын алууга багытталган тарбия иштерин жүргүзүү.
21. Жаш өрттөн куткаруу кошууну менен иштөө өзүнө төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:
1) өрт коопсуздугунун эрежелерин жана өрт чыккан учурдагы иш-аракеттерди окутуу, алгачкы өрт өчүрүү каражаттарын үйрөтүү жана өрт өчүрүүчү техника, жабдуулар, байланыш каражаттары, өрт сигнализациясынын системалары менен тааныштыруу;
2) жалпыга маалымдоо каражаттарын (социалдык тармактар), "балдардын от менен ойноосунан" өрттүн алдын алуу боюнча маалыматтык материалдарды пайдалануу менен билим берүү уюмдарында жана турак үйлөрдө жалпы түшүндүрүү иштерине жана өрттүн алдын алуу иштерине тартуу;
3) балдар арасында өрттөн куткаруу спорту боюнча сабактарды, мелдештерди (спартакиадаларды), өрткө каршы конкурстарды, олимпиадаларды жана викториналарды өткөрүү;
4) үгүттөөчү, өздүк көркөм чыгармачылык жамааттарын, балдар лекторийлерин, экскурсияларды, жүрүштөрдү ж.б. уюштуруу;
5) өрт-техникалык окуу бөлүмдөрүнө, көргөзмөлөргө, музейлерге жана өрттөн куткаруучулардын эрдиктерин жараткан эстеликтерге баруу, өрттөн коргоо тарыхы жана адамдары жөнүндө жаңы материалдарды чогултуу, мектеп музейлеринде күжүрмөн даңктын экспозицияларын түзүү, өрт кызматынын эмгек сиңирген кызматкерлери жана ардагерлери, өрттөн куткаруу спортунун чемпиондору жана чеберлери менен жолугушууларды уюштуруу;
6) балдардын техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү, өрт-техникалык моделдөө ийримдерин уюштуруу.
22. Ушул Жобонун 21-пунктуна көрсөтүлгөн жаш өрттөн куткаруу кошууну менен иштерди жүргүзүүгө кеткен чыгымдар бул бөлүмдөр (кошуундар, командалар) түзүлгөн уюмдардын каражаттарынын, жарандардын жана юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен, базасында жаш өрттөн куткаруу кошуундары түзүлгөн уюмдардын жана органдардын көмөгү менен жүзөгө ашырылат.
23. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана башка кызыкдар уюмдар жаш өрттөн куткаруу кошууну менен практикалык машыгууларды өткөрүү үчүн спорттук базаларды, инвентарларды берет, адистерди, ошондой эле өрт өчүрүүчү техниканы жана жабдууларды бөлүп берет.
5-глава. Түзүмдүн мүчөлөрүн социалдык коргоо
24. Түзүмдүн мүчөлөрүнө өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жумушка кабыл алууда артыкчылыктуу укук берилет.
25. Түзүмдү камсыздоо боюнча зарыл болгон чыгымдар кошуундар (командалар) түзүлгөн уюмдардын каражаттарынын, жарандардын жана юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
26. Бекитилген аймакта өрт коопсуздугун камсыз кылууга жана өрт өчүрүүгө активдүү катышкан түзүмдөрдүн мүчөлөрү мамлекеттик ведомстволук сыйлыктар, ошондой эле акчалай сый акылар жана баалуу белектер менен сыйланышы мүмкүн.
6-глава. Кошуунду жетектөө
27. Кошуунду төмөнкүдөй аныкталган адам жетектейт:
1) уюмда - уюмдун жетекчиси;
2) калктуу конушта - ЖӨБО жетекчиси.
28. Кошуундун жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кошуунду жетектөөгө;
2) кошуундун негизги милдеттерин аныктоого жана ишин контролдоого;
3) имараттардын жана курулмалардын, маанилүү объекттердин жайгашкан жерин, өрткө каршы абалын, өрт коркунучун жана конструкциялык өзгөчөлүктөрүн, өрткө каршы суу менен камсыздоонун абалын, тейлөө аймагында өтүүчү жолдорду жана байланыштарды, колдо болгон өрт өчүрүүчү техниканын тактикалык-техникалык маалыматтарын, өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана өрт өчүрүүнү уюштуруу маселелери боюнча ченемдердин талаптарын, эрежелерди, уставдарды, колдонмолорду жана башка жетектөөчү документтерди билүүгө;
4) калктуу конушта жана коргоо объекттеринде өрт коопсуздугунун чараларын күчөтүүгө багытталган, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган сунуштарды иштеп чыгууга жана ЖӨБО кароосуна киргизүүгө;
5) өрт өчүрүүчү техниканы, мүлктү, кызматтык жайларды жана башкаларды туура эксплуатациялоону камсыз кылууга;
6) кошуундун мүчөлөрүн өрт коопсуздугун камсыздоо чараларына, өрт өчүрүүчү техниканы пайдаланууга, өрт өчүрүүнүн ыкмаларына жана жөндөмдөрүнө, өрт учурунда авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүгө жана врачка чейинки жардам көрсөтүүнүн негиздерине окутууну уюштурууга;
7) кошуунду чогултуу жана өрткө чыгуу тартибин аныктоого;
8) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү келгенге чейин өрт өчүрүүгө жетекчиликти жүзөгө ашырууга;
9) квартал сайын ЖӨБОго жана өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аткарылган иштер жөнүндө отчет берүүгө.
29. Кошуундун жетекчиси коргоо объекттеринде аныкталган өрт коопсуздугунун стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин бузууларды өз убагында четтетүүнү сунуштоого, ал эми сунуштамалар мезгил-мезгили менен же одоно түрдө аткарылбаган учурларда - жетекчиликке, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чара көрүү үчүн кабарлоого укуктуу.
30. Кошуундун жетекчиси өрт өчүрүү шарттарында өрт өчүрүү жетекчисине баш иет.
7-глава. Кошуундун ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
31. Кошуундун ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу өздүк каражаттарынын, төгүмдөрдүн жана кайрымдуулук каражаттарынын, уюштуруучунун (уюштуруучулардын) каражаттарынын, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБОго көрсөтүлүүчү колдоо каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын (республикалык бюджеттен тышкары) эсебинен жүзөгө ашырылат.