Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-февралы № 75
Кыргыз Республикасындагы ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Коомчулукту турак-жай секторунда, уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда өрттүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча иштерге тартуу максатында, "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 26-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасындагы ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчылары, уюмдардын жетекчилери жогоруда аталган Жобого так ылайыкта ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүн бардык жерде түзүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдардын жетекчилерине ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүн түзүү жана алардын ишин уюштуруу боюнча зарыл болгон методикалык жардам көрсөтсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 19-декабрындагы № 858 "Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин ыктыярдуу өрткө каршы кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 219 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик өрткө каршы кызматына тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 16 (3569) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |