РаспоряжениеКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 767-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 699-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

 

2023-жылдын 12-декабры № 767-т

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ырааттуу иш-аракеттерин эске алуу менен 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын актуалдаштыруу максатында:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 699-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планында:

- 266-пункттун "Индикатор/күтүлүүчү натыйжа" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

IТ-аудит жүргүзүү, пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык системаны модернизациялоо боюнча чаралардын комплексин даярдоо

";

- 267-пункттун "Индикатор/күтүлүүчү натыйжа" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилди

".

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров