БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2023-жылдын 16-февралы № 2
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктары жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык -аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын турмушка ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 6-пунктунун “б” пунктунун 2-абзацына ылайык, Бекмолдо айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Бекмолдо айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу иштелип чыккан Жобо бекитилсин. (тиркеме №1 тиркелет.)
2. Бекмолдо айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия курамы бекитилсин.(тиркеме №2 тиркелет).
3.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге жүктөлсүн.
Төрага | С.Осмонов |
| Тиркеме №2 |
| Бекмолдо айылдык кеңешинин 2023-жылдын 16-февралындагы №2 токтому менен бекитилди |
Бекмолдо айылдык аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
комиссиянын курамы
№ | Фамилиясы аты, атасынын аты | Ээлеген кызматы |
| комиссиянын төрагасы | |
1 | Кулубаева Эльвира Абдыжапаровна | Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы |
| төраганын орун басары | |
2 | Калилова Айнур Кудайбергеновна | Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучу |
| комиссиянын катчысы | |
3 | Нуралиева Тамара Дүйшеновна | Иш кагаздары боюнча жетектөөчү адис |
Мүчөлөрү
| ||
4 | Сыдыгалиев Мамбет | Аксакалдар кеңешинин төрагасы |
5 | Асыранов Жангазы Бакасович | Киреше боюнча башкы |
6 | Арыкбаева Кенжекан | “Бекмолдо а/кеңешинин “Этика жана маданият, социалдык , ден соолук маселелер боюнча” туруктуу комиссиянын төрайымы, депутат |
7 | Осмоналиев Искендер | Жайыт комитетинин төрагасы |
8 | Кулбачаева Анипакан | Аялдар кеңешинин төрайымы |
9 | Рахматов Данияр Жунушович | Кара-Ой айылынын айыл башчысы |
10 | Исагалиев Айтмат Усенбекович | Чоң-Токой айылынын айыл башчысы |
11 | Жумашов Эркинбек | Ветеринардык адис |