Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-февралы № 69
Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону онлайн режимде жүзөгө ашыруу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында пайдалануучуга багытталган санариптик платформаларды жана сервистерди киргизүү, санариптик кызматтарды көрсөтүүнүн инновациялык ыкмаларын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин координациясы алдында:
- 2024-жылдын 1-мартынан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону онлайн режимде жүзөгө ашыруу боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) жүргүзсүн;
- пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- пилоттук долбоорду ишке ашырууга туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзсүн;
- пилоттук долбоорду жүргүзүү менен байланышкан тиешелүү уюштуруу-техникалык чараларды көрсүн;
- зарыл болгон учурда пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте төлөм уюмдарын тартсын;
- пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону онлайн режимде туруктуу негизде жүргүзүүнү караган ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизсин.
2. Кыймылсыз мүлккө укуктарды онлайн режимде мамлекеттик каттоонун убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыймылсыз мүлккө укуктарды онлайн режимде мамлекеттик каттоонун убактылуу тартиби 2024-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-февралындагы № 15 (3568) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |