КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 28-февралы № 60
2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин официалдуу сайтында president/kg 2024-жылдын 29-февралында жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 17-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |