МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 28-февралындагы № 60 «2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция28.02.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2024-жылдын 28-февралы № 60

 

2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин официалдуу сайтында president/kg 2024-жылдын 29-февралында жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2024-жылдын 17-январында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган