Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 8-сентябры № 455
Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808, 2025-жылдын 11-январындагы N 7, 2026-жылдын 25-майындагы № 369 , 2026-жылдын 7-июлундагы № 464 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Баа түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 9-беренелерин жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык маанилүү товарлардын тизмеги (мындан ары - Тизмек) 1-тиркемеге ылайык;
2) Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык маанилүү товарларга баалардын өсүү тенденциясы байкалган учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги туруктуу негизде:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү жана индикаторлору жөнүндө жобого ылайык республикада жана региондордо азык-түлүк коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзсүн;
2) азык-түлүк кризиси коркунучу болгон учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине 1-тиркемеге ылайык товарларга карата бааларды кармап туруу жөнүндө сунуш киргизсин;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр тарабынан негизги социалдык маанилүү товарларды сатуу боюнча жарманкелерди уюштурууга көмөк көрсөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
1) рыноктордогу негизги социалдык маанилүү товарлардын сатылышы боюнча кырдаалга, анын ичинде облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана айыл өкмөтүнүн маалыматтарынын негизинде байкоо жүргүзсүн;
2) социалдык маанилүү товарларга баалар жогорулаган учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине бул товарларга бааларды кармап туруу жөнүндө сунуштарды киргизсин;
3) бааларга мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүдө сатуучулардын арасында белгиленген бааларды жогорулатууга жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн, ошондой эле монополияга каршы органдын кызматкерлерине мониторинг жүргүзүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына сунушталсын:
1) өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр тарабынан негизги социалдык маанилүү товарларды сатуу боюнча аларды өткөрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу менен жарманкелерди уюштуруу;
2) негизги социалдык маанилүү товарларга бааны кармап туруу маселелери боюнча калктын жана ишкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомдун 3 жана 4-пункттарына ылайык киргизилген мониторингдин, сунуштарды талдоонун жыйынтыгы боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча:
1) "Баа түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Тизмекке киргизилген социалдык маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү же аны жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алсын;
2) товардык рыноктордогу кырдаалга жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Тизмекке киргизилген социалдык маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды кармап туруу боюнча чараларды Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй жөнгө салуу чараларынын бирин колдонуу менен көрүү жөнүндө сунуштарды киргизсин: салык-бюджеттик, акча-кредиттик, бажы-тарифтик жөнгө салуу, товардык же сатып алуу интервенциялары.
7. Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген учурдан тартып төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартиби колдонулат;
2) Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин сактоо үчүн контролду Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жүргүзөт.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 "Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жободо:
- 1, 16-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөтү" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Бул Жобо төмөнкү учурларда колдонулбайт:
- "Баа түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жөнгө салынган социалдык маанилүү товарлардын бааларын аныктоодо;
- мамлекеттик материалдык резервден чыгарылуучу материалдык баалуулуктарга бааларды белгилөөдө.";
- 14-пунктта:
6-пунктчадагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Саламаттык сактоо министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12-пунктчасынын он сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- амортизациялык чегерүүлөр түрүндө негизги каражаттарды сатып алуу үчүн алынган кредиттер үчүн чарбакер субъект тарабынан колдонулган эсепке алуунун методуна жараша мамлекеттик бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдигинде эсептелбеген же төлөнбөгөн пайыздардын суммасы;".
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жободо:
12-пункттун 1-пунктчасында:
кырк биринчи абзацта ", бааларды (тарифтерди) түзүү жана колдонуу тартибин өркүндөтүү" деген сөздөр "отун-энергетикалык комплексин кошпогондо, экономиканын бардык тармактарында баа түзүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
кырк үчүнчү абзацта "белгиленген тартипте бааларга мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жана алып салуу жөнүндө сунуштарды киргизет" деген сөздөр "Министрлер Кабинети бекиткен Тизмекке кирген социалдык маанилүү товарлардын бааларын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү же алып салуу жөнүндө чечим кабыл алат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна киргизүү жөнүндө толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 193 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык маанилүү товарлардын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808, 2025-жылдын 11-январындагы № 7, 2026-жылдын 25-майындагы № 369 , 2026-жылдын 7-июлундагы № 464 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Биринчи сорттогу буудай уну
2. Биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктары (тандыр нан)
3. 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт
4. Өсүмдүк майы
5. Каймак май (туздалбаган, 72,5%дан аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз)
6. Эт (уй эти жана кой эти, сулп этинен башкасы)
7. Кумшекер
8. Күрүч (тазаланган ак)
9. Макарон азыктары (вермишель, спагетти, рожки)
10. Тоок жумурткасы
11. Жашылчалар (картошка, сабиз, пияз)
12. Көмүр
13. Аи-92 маркасындагы бензин, дизель майы
14. Суюлтулган көмүр-суутек газы (СКГ)
15. Минералдык жер семирткичтер (аммиак селитрасы, карбамид, аммофос)
16. Айыл чарба жаныбарлары, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттар.