Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык маалыматтар базасы аркылуу идентификациялоо жана аутентификациялоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) биометрикалык маалыматтар базасы менен өз ара аракеттенүү аркылуу сервис алуучулар тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын инсандыгын аныктоодо иш-аракеттердин ырааттуулугун, анын ичинде өзү жөнүндө берилген маалыматтардын аныктыгын, ошондой эле биометрикалык маалыматтар базасынан маалымат берүүгө тартылган адамдардын жоопкерчилигин аныктайт.
2. Бул Тартиптин максаты инсандыгын идентификациялоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү болуп саналат.
3. Жарандарды идентификациялоо - ыйгарым укуктуу органдын маалыматтар базасында аны аныктоочу берилүүчү биометрикалык маалыматтарга ылайык жарандын инсандыгын аныктоонун жол-жобосу.
Жарандарды аутентификациялоо - жаран тарабынан берилүүчү маалыматтардын аныктыгын ыйгарым укуктуу органдын маалыматтар базасындагы маалыматтар менен шайкештигин текшерүүнүн жол-жобосу.
Мында алдын ала идентификациялоосуз аутентификациялоо мүмкүн эмес.
4. Ушул Тартипте алуучулар деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
- өзүнүн компетенциясынын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары;
- менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, ошондой эле укуктук негиздери болгондо жеке жактар.
2-глава. Кыргыз Республикасынын жарандарын идентификациялоо жана аутентификациялоо жол-жобосу
5. Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтар базасынан маалыматтарды берүү боюнча сервис ыйгарым укуктуу органдын, техникалык оператордун жана алуучунун ортосунда түзүлгөн макулдашууда аныкталган шарттарга ылайык сервисти алуучуларга берилет.
Ушул Тартипте техникалык оператор деп ыйгарым укуктуу органдын карамагында турган мамлекеттик ишкана түшүнүлөт.
6. Биометрикалык маалыматтар базасы менен өз ара аракеттенүүдө колдонулуучу техникалык чечимдерди тандоо укугу техникалык оператордо калат.
7. Кыргыз Республикасынын жарандарын идентификациялоо жана аутентификациялоо веб-сервистер аркылуу, анын ичинде жандуу катышуусун текшерүү мүмкүнчүлүгү (Liveness) менен Face-Id идентификациялоо сервисин, ошондой эле алуучуда маалыматтык өз ара аракеттенүү үчүн зарыл болгон программалык-аппараттык каражаттар болгон учурда байланыш каналдары боюнча манжалардын папиллярдык оймолорунун графикалык түзүлүшү (манжаларынын издери) боюнча идентификациялоо сервисин колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
8. Ушул Тартиптин 5, 7-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда идентификациялоо жана аутентификациялоо "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу сервис менен "суроо-талап - жооп" режиминде жүзөгө ашырылат.
Алуучу субъекттин биометрикалык маалыматтарын камтыган суроо-талапты сервис аркылуу ыйгарым укуктуу органдын маалымат системасына жөнөтөт. Жооп катары алуучуга жогоруда аталган процесстердин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берилет.
9. Ыйгарым укуктуу орган же техникалык оператор тарабынан биометрикалык маалыматтар базасынан алуучунун маалыматты санкциясыз алуу фактылары аныкталган учурда кийин ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү макулдашууну бузуу менен ыйгарым укуктуу орган идентификациялоо жана аутентификациялоо сервистерин берүүнү толук токтотуу түрүндө чараларды көрөт жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга материалдарды жөнөтөт.
3-глава. Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтар базасынан маалыматтарды берүү жана пайдалануу үчүн жоопкерчилиги
10. Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтар базасын жүргүзүү үчүн жооптуу адамдар жеке маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
Кызматтык абалына байланыштуу биометрикалык маалыматтар белгилүү болгон адамдар бул биометрикалык маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу үчүн милдеттенмелерди өзүнө алат жана жоопкерчилик тартат. Мындай милдеттенмелер бул адамдардын биометрикалык маалыматтары менен иштөөсү аяктагандан кийин да купуялуулук режимин сактоо мөөнөтүнүн ичинде күчүндө калат.
11. Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтар базасында анык эмес жана актуалдуу эмес маалыматтар аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган жана техникалык оператор аларды актуалдаштыруу боюнча чараларды көрөт.
12. Биометрикалык маалыматтарды алуучу "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
- алынган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу;
- алуучунун кызматкерлери тарабынан жеке мүнөздөгү маалыматтарды жеке максаттарда ачыкка чыгаруу, жайылтуу, пайдалануу же болбосо жеке мүнөздөгү маалыматтарды үчүнчү жактарга санкциясыз берүү.