Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-февралы № 53
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
Жер кадастры, жер мамилелери, кадастрдык картография, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү каттоо, жер рыногун жана кыймылсыз мүлктү талдоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-декабрындагы № 354 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 1 жана 2-тиркемелерге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын уставы жана башкаруу схемасы 4 жана 5-тиркемелерге ылайык.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы "Айыл чарба" деген сөздөр "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-пункттун төртүнчү абзацы, 3-пункттун 2, 18, 20-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 3, 4, 33, 36, 37-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 6-пунктта:
"Айыл чарба" деген сөздөр "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"7198", "1228", "122", "6903", "1165" деген цифралар тиешелүү түрдө "6979", "1199", "119", "6684", "1136" деген цифраларга алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 19-4-пункт менен толукталсын:
194 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик | 222 | 29 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппарат | 3 |
|
| ведомстволук бөлүмдөр | 219 | 29 |
- эскертүүнүн 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 32-пунктча менен толукталсын:
"32) атайын эсептерде топтолгон каражаттардан каржылануучу жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик;";
2) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- 6-пункттагы "Айыл чарба" деген сөздөр "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-1-пункт менен толукталсын:
"
21-1 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик | 2 |
".
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 82 "Асыл тукум мал чарбасы жана ирригация жаатындагы агрардык илимди өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 1-3, 7-9-пунктчалары;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүмү жаатындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун 2, 3-пунктчалары;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 696 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу СХЕМАСЫ
|
| 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын башкаруу СХЕМАСЫ