Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 4-марты № 114

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434,  2023-жылдын 23-июнундагы № 320 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пунктунда:

- 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 3 жана 4-тиркемелерге ылайык;";

-17, 18-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

"18) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 33-тиркемеге ылайык;";

- 20-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын уставы жана башкаруу схемасы 36 жана 37-тиркемелерге ылайык.";

2) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

3) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

4) жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

5) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7) жогоруда аталган токтомдун 33-тиркемесинде:

- аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Мамкартография) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын (мындан ары - Кызмат) карамагында турат, мамлекеттик картографиялык, топографиялык-геодезиялык иштерди жана алардын өндүрүшүн жетектөөнү, ошондой эле Кыргыз Республикасында геодезиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырат.

2. Мамкартография Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.";

- 6-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси";

- расмий тилде: "Государственное учреждение по геодезии и картографии "Госкартография" при Службе земельных ресурсов при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики".";

- 12-пунктунун жетинчи жана сегизинчи абзацтарындагы, 14, 15, 17-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "Агенттик" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "Кызмат" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13. Мамкартографияны Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.

Мамкартографиянын директорунун Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директордун орун басары болот.";

8) жогоруда аталган токтомдун 36-тиркемесинде:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкананын УСТАВЫ";

- 1, 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкана (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын (мындан ары - Кызмат) карамагында турат, мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.

2 . Ишкана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.";

- 5-пунктундагы "Агенттик" деген сөз "Кызмат" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Ишкананын толук расмий аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкана";

- расмий тилде: "Государственное предприятие по землеустройству "Кыргызгипрозем" при Службе земельных ресурсов при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики".

Кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргызмамжердолбоорлоо" МИ";

- расмий тилде: "ГП "Кыргызгипрозем".";

- 15-пунктунун сегизинчи абзацындагы "болушун" деген сөз ", жерлердин категорияларын, түрлөрүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 17-пунктунда:

алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кызматка Ишкананын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;";

- жетинчи, он биринчи, он экинчи жана он үчүнчү абзацтарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "Агенттик" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "Кызмат" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 18-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Ишкананын директору тарабынан бекитилген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга.";

- 47-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"47. Ишкананын иш пландарынын негизин мамлекеттик заказдар боюнча иштер, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар менен келишимдер боюнча аткарылуучу иштер түзөт.

Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган тартипте Ишканага максаттуу бюджеттик ассигнованиелер жана республикалык бюджеттен субсидиялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берилиши мүмкүн.";

9) жогоруда аталган токтомдун 37-тиркемеси ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышындагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин" деген сөздөр "Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жободо:

- аталышындагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин" деген сөздөр "Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин" деген сөздөр "Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-8-пункттарындагы "Департаменттин", "Департамент" деген сөздөр алып салынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 139 "Турак жай-курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо" деген сөздөр "Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссия жөнүндө типтүү жободо:

- 2, 3 жана 5-пункттарындагы "аткаруу-тескөө" деген сөздөр "аткаруу" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 4-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке" деген сөздөр "Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 11-пунктунун үчүнчү абзацындагы "министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун (мындан ары - "Кыргызгипрозем")" деген сөздөр "министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкананын (мындан ары - "Кыргызмамжердолбоорлоо")" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- мамлекеттик тилдеги тексттин 15, 30-пункттарындагы жана 24-пунктунун төртүнчү абзацындагы "Кыргызгипрозем" деген сөз "Кыргызмамжердолбоорлоо" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 25-пунктундагы "Мамкаттоонун" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жайыттардын чек арапарын белгилөө боюнча облустук жумушчу топтор жана жергиликтүү (райондук) комиссиялар жөнүндө жободо:

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Облустук жумушчу топтун курамы 7 адамдан кем эмес болушу керек, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тиешелүү орун басары, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрү кирет.";

- 5-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй реакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын тиешелүү жергиликтүү каттоо органдарынын адистери.".

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 235 "Бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасын белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызмат" деген сөздөр "Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 9-июнундагы № 340 "Геодезия жана картография жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик картография-геодезиялык фонду жөнүндө жободо:

- 4-пунктунда:

биринчи абзацындагы "Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствосунун (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу)" деген сөздөр "Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын (мындан ары - Жер кызматы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу" деген сөздөр "Жер кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5, 6, 10, 11, 12, 15 жана 17-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Жер кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы корголуучу зоналар жана геодезиялык пункттарды коргоо жөнүндө жободо:

- 4-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствосунун (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу)" деген сөздөр "Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын (мындан ары - Жер кызматы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5 жана 7-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Жер кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында геодезиялык жана картографиялык иштерге мамлекеттик геодезиялык көзөмөл жөнүндө жободо:

- 2-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу)" деген сөздөр "Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы (мындан ары - Жер кызматы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3, 4, 6, 7, 8 жана 14-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Жер кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

8. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

9. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы ушул токтомдо көрсөтүлгөн мекемелерди жана Ишкананы мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) белгиленген тартипте жүргүзүүнү камсыз кылсын.

10. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине кайра түзүлгөн юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын бекитүү ыйгарым укугу берилсин.

11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме

 

 

 

"3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы жөнүндө ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы (мындан ары - Кызмат) жер ресурстары жана жер укук мамилелери жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография, анын ичинде жер мыйзамдарын колдонууда жана сактоодо бир түрдүүлүктү камсыздоо, жер ресурстары боюнча толук кандуу геомаалыматтык системаны түзүү, топографиялык-геодезиялык, картографиялык жана жерге жайгаштыруу жумуштарын аткаруу боюнча функцияларды камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.

2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин укук улантуучусу болуп эсептелет.

3. Кызмат өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

4. Кызматтын толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы";

- расмий тилде: "Служба земельных ресурсов при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики";

Кызматтын кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Жер кызматы";

- расмий тилде: "Земельная служба".

5. Кызмат мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлккө ээ, республикалык бюджеттин, атайын эсептерде топтолгон каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.

Кызматтын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, ошондой эле штамптары, мамлекеттик жана расмий тилдерде белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.

6. Кызматтын органдарынын бирдиктүү системасын борбордук аппараты, "Кадастр" мамлекеттик мекемеси филиалдары менен, "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси, "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкана филиалдары менен түзөт.

7. Кызматтын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44.

2-глава. Кызматтын максаты

8. Кызматтын ишинин максаты жер ресурстарын башкаруу жана жер укук мамилелери, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, жерге жайгаштыруу, жер кадастры, топография, геодезия, картография боюнча натыйжалуу кызмат көрсөтүү, ошондой эле жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

3-глава. Кызматтын милдеттери

9. Кызматтын милдеттери:

- жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер кадастры, топография, геодезия жана картография боюнча бирдиктүү мамлекеттик системанын иштешин камсыздоо;

- кыймылсыз мүлккө катталган укуктарды мамлекеттик коргоону камсыздоо;

- Кыргыз Республикасынын мейкиндиктик маалыматтарынын инфратүзүмүн түзүүгө жана өнүктүрүүгө катышуу;

- кыймылсыз мүлк жана ага болгон укуктар жөнүндө маалыматтар менен бардык кызыкдар жактарды белгиленген тартипте камсыздоо;

- ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан, уюмдар тарабынан топографиялык-геодезиялык жана картографиялык жумуштарды талаптагыдай аткарууга мамлекеттик геодезиялык көзөмөл жүргүзүү.

4-глава. Кызматтын функциялары

10. Кызмат төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

1) тармактык саясатты иштеп чыгуу боюнча функциялар:

- Министрликтин кароосуна жер ресурстарын башкаруу жана жер укук мамилелери, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча мамлекеттик саясат; жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер кадастры, топография, геодезия жана картография боюнча натыйжалуу кызмат көрсөтүү; жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү; жоготуулардын ордун толтуруунун ченемдерин, мамлекеттик жерлерди пайдалануунун жана жерлерди бир категориядан экинчисине которуунун (трансформациялоонун) тартибин өркүндөтүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн сунуштарды киргизүү;

- Министрликтин кароосуна жерге жайгаштыруу материалдары менен жер участокторун берүү, жерлерди бир категориядан экинчи категорияга же айыл чарба жерлерин бир түрдөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун киргизүү;

2) жөнгө салуу боюнча функциялар:

- топографиялык-геодезиялык, картографиялык, аэро жана космофототасма материалдарын борборлоштурулган эсепке алуу, сактоо жана берүү;

- республиканын, облустардын, шаарлардын жана райондордун, ошондой эле башка административдик-аймактык жана географиялык элементтердин мамлекеттик чек араларынын басып чыгарылган карталарындагы географиялык чиймелердин тууралыгын камсыздоо;

- республиканын аймагында геодезиялык пункттарды эсепке алуу жана аларды сактоону камсыздоо;

- географиялык аталыштардын каталогун жүргүзүү, аларды басып чыгарылган карталарга туура жазууну камсыз кылуу;

- жерге жайгаштыруу картографиялык материалдарды белгиленген эрежелерге ылайык системалаштыруу жана сактоо;

- административдик аймактардын же алардын бөлүктөрүнүн чегинде бардык категориядагы жерлерди инвентаризациялоо;

3) координациялоо боюнча функциялар:

- каттоочу органдар тарабынан тиешелүү чечимдерди жана билдирүүлөрдү алууда эсепке алууну, камактан чыгарууну жана тыюуларды жокко чыгарууну камсыздоо;

- кыймылсыз мүлк боюнча Бирдиктүү маалыматтык жана геомаалыматтык системаларды түзүүнү жана жүргүзүүнү камсыздоо;

- Кыргыз Республикасынын жер фондунун абалы жана аны пайдалануу жөнүндө жер отчетун түзүү менен жерди сандык жана сапаттык эсепке алуу боюнча жер кадастрын жүргүзүү;

- "Kyrg-06" Бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасын киргизүү жана өнүктүрүү;

- кадастрдык тасмага тартуунун жаңы технологияларын киргизүү жана өнүктүрүү;

- туруктуу жана убактылуу GPS/GNSS базалык станциялар тармагын өнүктүрүү;

- "KyrPos" туруктуу GPS/GNSS станцияларынын тармагын башкаруу борборунун ишин камсыздоо;

- Кыргыз Республикасынын мейкиндиктик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмүн түзүүгө жана өнүктүрүүгө катышуу, геопорталды жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн жерди бөлүүдө жана которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданы эсептөөнүн методикасын иштеп чыгуу;

- жерге жайгаштыруу боюнча долбоордук-изилдөө иштеринин комплексин камсыз кылуу;

- жер участокторун берүү, жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу материалдарын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте даярдоодо көмөк көрсөтүү;

- мейкиндиктик, каттоо жана кадастр маалыматтарынын базасын жүргүзүү;

- чектеш мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара линиясын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссиялардын ишине белгиленген тартипте катышуу;

- Кыргыз Республикасынын аймагында, фундаменталдык жана атайын геодезиялык тармактарда пайдалануу үчүн координаттардын жана бийиктиктердин илимий негизделген системаларын белгилөө, жер кыртышынын кыймылына байкоо жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында зарыл болгон масштабдардын координаттарынын жана топографиялык тартуулардын бирдиктүү системасында геодезиялык, астрономиялык жана гравиметриялык жумуштарды камсыздоо;

- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын метрология жана стандартташтыруу мыйзамдарына ылайык геодезиялык өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу, геодезиялык өлчөө каражаттарын сыноо жана текшерүү;

- ар түрдүү багыттагы карталарды түзүү жана чыгаруу;

- кыймылсыз мүлк объекттерине дарек ыйгаруу жана даректерди каттоого алуу;

- аймактын шаар куруу, экологиялык жана экономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жер ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун республикалык, региондук программаларын жана болжолдорун иштеп чыгууга катышуу;

4) кызмат көрсөтүү боюнча функциялар:

- кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо;

- кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүү;

- кадастрдык жана жерге жайгаштыруу жумуштарын жүргүзүү, кыймылсыз мүлк объекттерин түзүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону ишке ашыруу жана жүргүзүү;

- укук ырастоочу документтердин негизинде жер участогуна укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө, берүү;

- жер участокторун накталай (жеринде) бөлүү, юридикалык жана жеке жактардын пайдаланган жерлеринин чек араларын белгилөө жана бекитүү;

- укук ээлеринин арыздарынын негизинде кыймылсыз мүлк бирдиктерин түзүү, бөлүштүрүү жана бириктирүү;

- кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык текшерүү жана техникалык паспорт берүү;

- кыймылсыз мүлктүн катталган бирдиктери жөнүндө маалыматтарды берүү;

- мамлекеттик жана атайын багыттагы геодезиялык, топографиялык жана картографиялык иштерди аткаруу;

- кыртыштык, агрохимиялык, геоботаникалык жана башка текшерүү иштерин жүргүзүү, кыртышты жана өсүмдүк үлгүлөрүн талдоо;

- жер ресурстарын пайдалануунун абалына кадастрдык, тематикалык карталарды жана атластарды түзүү;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;

5) колдоо көрсөтүү функциялары:

- кыймылсыз мүлктүн рыноктук наркына таасирин тийгизүүчү факторлорду изилдөө жана талдоо;

- Министрлик менен макулдашуу боюнча Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык уюмдар жана институттар менен өз ара аракеттенүү жана тажрыйба алмашуу;

- адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн окутууну уюштуруу.

5-глава. Кызматтын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги

11. Кызмат өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

- башка юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;

- чарбалык келишимдерди жана бүтүмдөрдү түзүүгө, мүлктүк жана башка укуктарга ээ болууга, милдеттерди алууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чытууга;

- келишимдердин негизинде Кызматтын кызматкерлерин консультациялоо, окутуу үчүн жана башка максаттарда адистерди тартууга;

- Кызматтын кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинде чет өлкөлүк иш сапарларга, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга жана көргөзмөлөргө, квалификацияны жогорулатуу курстарына жана кайра даярдоого катышуу үчүн жиберүүгө;

- Кызматтын компетенциясынын алкагында тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;

- белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;

- жер ресурстарын башкаруу, жерге жайгаштыруу, жер кадастры, кадастрдык картографиялоо, жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жаатында Кызматтын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды Министрликке киргизүүгө;

- кыймылсыз мүлккө укуктардын пайда болушу/токтотулушу процессине катышуучу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүгө;

- министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, административдик ведомстволордон, жергиликтүү бийлик органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан кыймылсыз мүлк, жер ресурстары, инструменталдык жана аэрофототартуу жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды, пландоо-картографиялык материалдарды, метеорологиялык маалыматтарды, жер суу кадастрынын маалыматтарын жана башка документтерди каттоо жана кадастрдык иштерди жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте суроого жана алууга;

- мамлекеттик монополияга каршы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Кызматтын мекемелери аткарган жумуштардын бааларын аныктоого жана белгиленген тартипте Министрликтин бекитүүсүнө киргизүүгө.

12. Кызмат төмөнкүлөргө милдеттүү:

- өзүнүн милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;

- тиешелүү органдарга отчетторду өз убагында берүүгө, салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө;

- Кызматтын милдеттерин жана функцияларын натыйжалуу аткарууну камсыздоого;

- Кызматтын кызматкерлерине коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна, эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга.

Кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ.

13. Кызматтын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Кызматта иштебей калгандан кийин ал сырды сактоого, кызматтык милдеттерди аткарууда жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү болгон маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.

6-глава. Кызматтын ишин уюштуруу

14. Кызматты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор (мындан ары - Кызматтын директору) жетектейт.

15. Кызматтын директору Кызматка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

16. Кызматтын штатында директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган.

17. Кызматтын директорунун орун басарлары Кызматтын директорунун сунуштамасы боюнча министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

18. Кызматтын директору:

- Кызматтын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын ишканалары, мекемелери жана уюмдары, Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк уюмдар менен болгон мамилелерде Кызматтын атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана белгиленген тартипте Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго кол коёт;

- Кызматтын ишин уюштуруу боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;

- Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;

- Кызматтын борбордук аппаратынын, ишканасынын жана мекемелеринин кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сыйлоо түрлөрүн жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;

- Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын министрге бекитүүгө киргизет. Мында Кызматтын директорун дайындоо Кызматтын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;

- Кызматтын эмгек акы төлөө фондунун белгиленген ченемдеринин алкагында жана кызматкерлердин штаттык санынын чегинде Кызматтын мекемелеринин түзүмүн, штаттык ырааттамасын, чыгаша жана киреше сметасын бекитет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматтын мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын бекитет;

- Кызматтын атынан ишеним каттарды берет, Кызматтын мүлкүн жана каражаттарын тескейт, бүтүмдөрдү түзөт;

- Кызматтын ишканасына жана мекемелерине тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын контролдойт;

- эгерде чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби мыйзамдарда белгиленбесе, Кызматтын ишканасынын жана мекемелеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;

- Кызматтын директорунун орун басарынын сунуштамасы боюнча Кызматтын директору бекиткен кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык Кызматтын борбордук аппаратынын жана мекемелеринин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

- Кызматтын борбордук аппаратынын, ишканасынын жана мекемелеринин кызматкерлерин ротациялоо (жылдыруу) тартибин бекитет;

- кызматкерлерге ардактуу наамдарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизет;

- башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

19. Кызматтын директорунун орун басарлары өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алышат.

20. Кызматта илимий-техникалык кеңеш түзүлөт. Илимий-техникалык кеңештин жеке курамы жана ал жөнүндө жобо Кызматтын директору тарабынан бекитилет.

7-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук

21. Кызмат өзүнүн ишинин натыйжаларына белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.

8-глава. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу

22. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.

23. Кызматтын иши токтотулган учурда анын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.".

 

 

 

2-тиркеме

 

 

 

"4-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ

".

 

 

 

3-тиркеме

 

 

 

"11-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын башкаруу СХЕМАСЫ

".

 

 

 

4-тиркеме

 

 

 

"32-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин башкаруу СХЕМАСЫ

".

 

 

 

5-тиркеме

 

 

 

"37-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкананын башкаруу СХЕМАСЫ

".

 

 

 

6-тиркеме

 

 

 

"Тиркеме

Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкананын директору;

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаментинин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.".