Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 2-февралы ПЖ № 23
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- I бөлүмдүн 1-главасында:
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:
"Министрликтин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси (Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)";
- II бөлүмдүн 4-главасында:
6-пункттун "Жогорку кызмат орду" тобунун "Ж-Б" категориясынын "Министрликтер, мамлекеттик комитеттер" бөлүмүндө "(*)" белгиси "(министр тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)(*)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |