Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 31-январы ПЖ № 17
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин
бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 9-февралындагы ПЖ № 21 2018-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 145, 2018-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 218, 2019-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 168 , 2020-жылдын 12-февралындагы ПЖ №36, 2021-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 85, 2021-жылдын 7-майындагы ПЖ № 135, 2021-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 249, 2021-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 257, 18-октябрындагы ПЖ № 465, 2021-жылдын 22-октябрындагы ПЖ № 476, 2021-жылдын 22-октябрындагы ПЖ № 477, 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 588, 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64, 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ N 297, 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ N 366, 2022-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ N 378, 2023-жылдын 13-январындагы ПЖ № 4, 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34, 2023-жылдын 22-майындагы ПЖ № 130, 2023-жылдын 15-сентябрындагы ПЖ N 237, 2023-жылдын 29-ноябрындагы ПЖ № 325, 2023-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 333, 2023-жылдын 8-декабрындагы ПЖ № 336, 2024-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 23 , 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 37, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 50, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52, 2024-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 164, 2024-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 190, 2024-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 192 , 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 264, 2024-жылдын 4-октябрындагы ПЖ № 284 , 2024-жылдын 9-октябрындагы ПЖ № 289, 2024-жылдын 2-декабрындагы ПЖ № 336, 2024-жылдын 19-декабрындагы ПЖ N 379, 2025-жылдын 21-январындагы ПЖ № 10, 2025-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 50, 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93, 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 124, 2025-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 131, 2025-жылдын 22-майындагы ПЖ № 163 , 2025-жылдын 16-июлундагы ПЖ № 208, 2025-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 299, 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 304, 2025-жылдын 12-декабрындагы № 359, 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365, 2026-жылдын 26-январындагы № 12 , 2026-жылдын 31-январындагы №25, 2026-жылдын 5-февралындагы № 29, 2026-жылдын 4-мартындагы № 103 , 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 139 , 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 146, 2026-жылдын 28-майындагы № 186,
2026-жылдын 15-июнундагы № 210, 2026-жылдын 17-июнундагы № 220, 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун көтөрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- административдик мамлекеттик жана административдик муниципалдык кызмат орундарынын категориясы болуп мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар ээлеген, кызматтык ыйгарым укуктардын көлөмүн жана мүнөзүн чагылдырган административдик кызмат орундарынын жыйындысынын классификациялык мүнөздөмөсү саналат. Административдик кызмат орундарынын жогорку, башкы, улук, кенже топтору Ж-А, Ж-Б, Б-А, Б-Б, У-А, У-Б, К-А, К-Б категорияларына бөлүнөт;
- ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт;
- айрым административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындоо дайындалуучу адам мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга шайкеш келген шартта жүзөгө ашырылат;
- министрликтердин борбордук аппараттарындагы бош административдик мамлекеттик кызмат орундарын өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте министрликтин борбордук аппаратынын белгиленген штаттык санынын он пайызынан ашпаган өлчөмдө ээлөө министрликтин тиешелүү иш чөйрөсүндө реформаларды иштеп чыгууну жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.
(КР Президентинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кызмат орундарынын кош аталышына төмөнкү учурларда жол берилет:
- эгерде мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары ошол мамлекеттик органдын ведомстволук же түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси болуп эсептелсе;
- эгерде кызмат ордун ээлеген адамга контролдук функцияларды аткаруу жүктөлсө, кызмат ордунун аталышында иш чөйрөсү көрсөтүлөт.
- эгерде сот системасынын аппаратынын жетекчисинин орун басары сот системасынын аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси болуп эсептелсе.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн учурларда адамдын статусу жогору турган кызмат орду боюнча аныкталат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ N 297, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 50, 2024-жылдын 2-декабрындагы ПЖ № 336 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык, )
4. (КР Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ N 297 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ N 297 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн түзүмдөрүн жана штаттык расписаниелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 22-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 31-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 28-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 24-июнундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 24-июнундагы № 125 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 23-октябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 29-октябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 197 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы № 201 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" Жарлыгынын 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 17-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 25-февралындагы № 31 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 24-августундагы № 169 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 9-сентябрындагы № 180 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы № 220 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 24-ноябрындагы № 257 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ N 297 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 3-февралында № 14 жарыяланды
Президент | А. Атамбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын
РЕЕСТРИ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ N 297, 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ N 366, 2022-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ N 378, 2023-жылдын 13-январындагы ПЖ № 4, 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34, 2023-жылдын 22-майындагы ПЖ № 130, 2023-жылдын 15-сентябрындагы ПЖ N 237, 2023-жылдын 29-ноябрындагы ПЖ № 325, 2023-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 333, 2023-жылдын 8-декабрындагы ПЖ № 336, 2024-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 23 , 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 37, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 50, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52, 2024-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 164, 2024-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 190, 2024-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 192 , 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 264, 2024-жылдын 4-октябрындагы ПЖ № 284 , 2024-жылдын 9-октябрындагы ПЖ № 289, 2024-жылдын 2-декабрындагы ПЖ № 336, 2024-жылдын 19-декабрындагы ПЖ N 379, 2025-жылдын 21-январындагы ПЖ № 10 , 2025-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 50, 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93, 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 124, 2025-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 131, 2025-жылдын 22-майындагы ПЖ № 163, 2025-жылдын 16-июлундагы ПЖ № 208, 2025-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 299, 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 304, 2025-жылдын 12-декабрындагы № 359, 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365, 2026-жылдын 26-январындагы № 12 , 2026-жылдын 31-январындагы № 25, 2026-жылдын 5-февралындагы № 29, 2026-жылдын 4-мартындагы № 103, 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 139 , 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 146, 2026-жылдын 28-майындагы № 186 , 2026-жылдын 15-июнундагы № 210, 2026-жылдын 17-июнундагы № 220, 2026-жылдын 17-августундагы № 295
Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮМ.
1-глава. Саясий мамлекеттик кызмат орундары
Президент
Жогорку Кеңештин Төрагасы - Жогорку Кеңештин депутаты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси
Мамлекеттик катчы
Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары - Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин депутаты
Коопсуздук кеңешинин катчысы, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү, Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, Министрлер Кабинетинин мүчөсү (министр, мамлекеттик комитеттин төрагасы), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл
Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси, Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги
Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысы, Президенттин Администрациясынын канцеляриясынын начальниги, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчиси, Президенттин басма сөз-катчысы, Президенттин кеңешчиси, Президенттин жардамчысы, Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчисинин орун басары
Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары - бөлүмдүн башчысы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү, Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Президенттин Администрациясынын канцеляриясынын начальнигинин орун басары - сектордун башчысы, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, Министрлер Кабинетинин атайын өкүлү, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчисинин орун басары, Президенттин Администрациясынын борборунун директору (башкармалыктын курамында), Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысы (башкармалыктын курамында), Президенттин Администрациясынын борборунун директорунун орун басары - бөлүмдүн башчысы (башкармалыктын курамында), Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысы (башкармалыктагы борбордун курамында), Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмүнүн башчысы, Жогорку Кеңештин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү, Жогорку Кеңештин Төрагасынын басма сөз-катчысы
(Абзац Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары (башкармалыктын курамында, башкармалыктагы борбордун курамында), Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары - сектордун башчысы (башкармалыктын курамында), Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары, Президенттин Администрациясынын өз алдынча секторунун башчысы, Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары
Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы (башкармалыктын курамында), Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы – сектордун башчысы, Президенттин Администрациясынын секторунун башчысы (башкармалыктын, бөлүмдүн курамында), Президенттин Администрациясынын башкы эксперти, Президенттин Администрациясынын мамлекеттик инспектору, Жогорку Кеңештин Аппаратынын секторунун башчысы
Президенттин Администрациясынын инспектору, Президенттин Администрациясынын эксперти, Президенттин Администрациясынын спичрайтери, Жогорку Кеңештин Аппаратынын эксперти, Жогорку Кеңештин Аппаратынын улук консультанты, Жогорку Кеңештин Аппаратынын консультанты, Жогорку Кеңештин Төрагасынын спичрайтери
Президентке караштуу (Президенттин түздөн-түз карамагында) мамлекеттик органдын жетекчиси – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисин кошпогондо, Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчиси, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчиси
Министрдин орун басары, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, Президентке караштуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (Президенттин түздөн-түз карамагында), Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчисинин орун басары, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин орун басары
Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси (Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)
Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)
Министрликтин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси (Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)
Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары - акимдин орун басары
2-глава. Атайын мамлекеттик кызмат орундары
Конституциялык соттун төрагасы, Жогорку соттун төрагасы
Башкы прокурор
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы
Эсептөө палатасынын төрагасы
Акыйкатчы (Омбудсмен)
Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи
Президенттин иш башкаруучусу
Конституциялык соттун төрагасынын орун басары, Жогорку соттун төрагасынын орун басары
Башкы прокурордун орун басары
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары
Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары
Президенттин иш башкаруучусунун орун басары
Конституциялык соттун судьясы, Жогорку соттун судьясы
Жергиликтүү соттун төрагасы, жергиликтүү соттун төрагасынын орун басары
Жергиликтүү соттун судьясы
Эсептөө палатасынын аудитору
Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү
Башкы консул
Кыргыз Республикасынан Шанхай кызматташтык уюмунун улуттук координатору
3-глава. Саясий муниципалдык кызмат орундары
Жергиликтүү кеңештин төрагасы
Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары, жергиликтүү кеңештин депутаты
Шаардын мэри
Айыл өкмөтүнүн башчысы
II БӨЛҮМ.
4-глава. Административдик мамлекеттик кызмат орундары
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты
Категориялар | Жогорку Кеңештин Аппараты |
Башкы кызмат орду | |
Б-А | Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын башчысы(*) |
Б-Б | Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын эксперти(*) |
Улук кызмат орду | |
У-А | Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын улук консультанты(*) Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын консультанты(*) Башкы адис(*) |
2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби, жергиликтүү соттордун аппараттары
Категориялар | Конституциялык соттун аппараты | Жогорку соттун аппараты | Сот департаменти | Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби | Жергиликтүү соттордун аппараттары |
Жогорку кызмат орду | |||||
Ж-А | Аппараттын жетекчиси(*) | Аппараттын жетекчиси(*) | Департаменттин директору(*) | Директор(*) |
|
Ж-Б | Аппараттын жетекчисинин орун басары(*) | Аппараттын жетекчисинин орун басары(*) | Департаменттин директорунун орун басары(*) | Директордун орун басары(*) |
|
Башкы кызмат орду | |||||
Б-А | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы | Башкармалыктын начальниги(*) Бөлүмдүн башчысы(*) | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы | Бөлүмдүн башчысы | Бөлүмдүн башчысы |
Б-Б | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Басма сөз-катчысы(*) | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Басма сөз-катчысы(*) | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Облустун жана Бишкек шаарынын улук соттук приставы |
|
|
Улук кызмат орду | |||||
У-А | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Улук консультант | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Улук консультант Улук референт Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Улук сот аткаруучусу Улук сот приставы | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы Улук консультант Басма сөз-катчысы(*) |
У-Б | Консультант Башкы адис | Консультант Башкы адис Референт | Башкы адис Сот аткаруучусу Сот приставы | Башкы адис | Судьянын жардамчысы(*) Консультант |
Кенже кызмат орду | |||||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис Сот жыйынынын улук катчысы | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис | Сот коллегиясынын катчысы Соттун улук катчысы |
К-Б | Адис Сот жыйынынын катчысы | Адис Сот жыйынынын катчысы | Адис | Адис | Адис Сот жыйынынын катчысы |
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)
Категориялар | Президенттин Иш башкармасы | Президенттин Иш башкармасына караштуу ведомстволук бөлүмдөр (республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу) | Президенттин Архиви |
Жогорку кызмат орду | |||
Ж-Б | Борбордун жетекчиси Кызматтын жетекчиси |
|
|
Башкы кызмат орду | |||
Б-А | Бөлүмдүн башчысы | Жетекчи Жетекчинин орун басары | Архивдин башчысы |
Б-Б | Бөлүмдүн башчысынын орун басары Бөлүмдүн башчысынын орун басары – сектордун башчысы | Бөлүмдүн башчысы | Архивдин башчысынын орун басары Бөлүмдүн башчысы |
Улук кызмат орду | |||
У-А | Сектордун башчысы | Бөлүмдүн башчысынын орун басары Сектордун башчысы | Референт |
У-Б | Референт Башкы адис | Референт Башкы адис | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | |||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис |
|
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты
Категориялар | Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия | Эсептөө палатасы (борбордук аппарат) | Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдөрү | Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аппараты |
Жогорку кызмат орду | ||||
Ж-А | Аппараттын жетекчиси(*) | Аппараттын жетекчиси(*) |
| Аппараттын жетекчиси(*) |
Башкы кызмат орду | ||||
Б-А | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы | Башкармалыктын начальниги(*) Бөлүмдүн башчысы(*) Башкы мамлекеттик инспектор(*) | Аймактык бөлүмдүн жетекчиси(*) | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы |
Б-Б | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Атайын өкүл Басма сөз-катчысы(*) | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы(*) Аналитик(*) Мамлекеттик инспектор(*) Басма сөз-катчысы(*) | Бөлүмдүн башчысы(*) Мамлекеттик инспектор(*) | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Акыйкатчынын (Омбудсмендин) облустар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Басма сөз-катчысы(*) |
Улук кызмат орду | ||||
У-А | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Эксперт Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы(*) Эксперт(*) Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл(*) | Эксперт(*) | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Эксперт Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл |
У-Б | Башкы адис Системалык администратор | Инспектор(*) Башкы адис(*) | Инспектор(*) Башкы адис(*) | Инспектор Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис(*) | Жетектөөчү адис(*) | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис(*) | Адис(*) | Адис |
5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдар (Кыргыз Республикасынын Президентинин түздөн-түз карамагында)
Категориялар | Президентке караштуу (Президенттин түздөн-түз карамагында) мамлекеттик органдар | Президентке караштуу (Президенттин түздөн-түз карамагында) мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү | Президентке караштуу (Президенттин түздөн-түз карамагында) мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү |
Жогорку кызмат орду | |||
(КР Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ N 378 Жарлыгына ылайык алынып салынды) | |||
Ж-Б | Мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчиси(*) | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси(*) |
|
Башкы кызмат орду | |||
Б-А | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы Борбордун жетекчиси (Абзац КР Президентинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 29 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары(*) | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, өкүлчүлүктүн жетекчиси |
Б-Б | Жооптуу катчы Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Борбордун жетекчисинин орун басары Басма сөз-катчысы(*) | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары |
Улук кызмат орду | |||
У-А | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Эксперт | Бөлүмдүн, сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | Бөлүмдүн, сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы |
У-Б | Башкы адис | Башкы адис | Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү Башкы адис |
Кенже кызмат орду | |||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис | Адис |
6. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери
Категориялар | Министрликтер, мамлекеттик комитеттер | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин ведомстволук бөлүмдөрү | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин аймактык органдары | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин ведомстволук органдарынын аймактык түзүмдөрү |
Жогорку кызмат орду | ||||
(КР Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ N 378 Жарлыгына ылайык алынып салынды) | ||||
Ж-Б | Министрликтин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси(*) | (КР Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ N 378 Жарлыгына ылайык алынып салынды) |
|
|
Башкы кызмат орду | ||||
Б-А | Башкармалыктын начальниги Борбордук казыналыктын директорунун орун басары Бөлүмдүн башчысы Министрликтин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары | "Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары (мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)(*) Өзүнчө юридикалык жак статусуна ээ болгон жана мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн карамагында турган бөлүмдүн жетекчиси | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары - акимдин орун басары рангындагы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси |
|
Б-Б | Башкармалыктагы бөлүмдүн начальниги Борбордук казыналыктагы бөлүмдүн башчысы Басма сөз-катчысы(*) Өзгөчө тапшырмалар боюнча министрдин ыйгарым укуктуу өкүлү(****) | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы Башкы окумуштуу катчы Чет өлкөлөрдөгү салык кызматынын өкүлдөрү Өзүнчө юридикалык жак статусуна ээ болгон жана мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн карамагында турган бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары |
Улук кызмат орду | ||||
У-А | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Басма сөз-катчысы(*) (**) | Бөлүмдүн, сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы Улук мамлекеттик нотариус | Бөлүмдүн, сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы |
У-Б | Башкы инспектор Башкы адис | Башкы инспектор Башкы адис | Башкы инспектор Башкы адис Мамлекеттик нотариус | Башкы инспектор Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||||
К-А | Улук инспектор Жетектөөчү адис | Улук инспектор Жетектөөчү адис | Улук инспектор Жетектөөчү адис | Улук инспектор Жетектөөчү адис |
К-Б | Инспектор Адис | Инспектор Адис | Инспектор Адис | Инспектор Адис |
7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
Категориялар | Тышкы иштер министрлиги | Тышкы иштер министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү |
Жогорку кызмат орду | ||
(КР Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ N 378 Жарлыгына ылайык алынып салынды) | ||
Башкы кызмат орду | ||
Б-А | Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - министрдин кеңешчиси Департаменттин жетекчиси Ыйгарым укуктуу аймактык өкүлчүлүктүн жетекчиси Бөлүмдүн башчысы | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары |
Б-Б | Департаменттин жетекчисинин орун басары Департаменттеги бөлүмдүн башчысы Кеңешчи-Кичи Элчи Консул Басма сөз-катчысы(*) | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы |
Улук кызмат орду | ||
У-А | Ыйгарым укуктуу аймактык өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары Кеңешчи Виза пунктунун жетекчиси Сектордун, департаменттеги, бөлүмдөгү сектордун башчысы Биринчи катчы Экинчи катчы | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы |
У-Б | Вице-консул Үчүнчү катчы Башкы адис | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||
К-А | Консулдук агент Атташе Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис |
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволор
Категориялар | Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволор, Министрлер Кабинетинин карамагындагы башка органдар | Ведомстволук бөлүмдөр | Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволордун аймактык органдары | Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволордун ведомстволук органдарынын аймактык түзүмдөрү |
Жогорку кызмат орду | ||||
(КР Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ N 378 Жарлыгына ылайык алынып салынды) | ||||
Башкы кызмат орду | ||||
Б-А | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары (мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары) | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси |
Б-Б | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Басма сөз-катчысы(*) | Бөлүмдүн башчысы | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары |
Улук кызмат орду | ||||
У-А | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | Бөлүмдүн, сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | Бөлүмдүн, сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы |
У-Б | Башкы инспектор Башкы адис | Башкы инспектор Башкы адис | Башкы инспектор Башкы адис | Башкы инспектор Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||||
К-А | Улук инспектор Жетектөөчү адис | Улук инспектор Жетектөөчү адис | Улук инспектор Жетектөөчү адис | Улук инспектор Жетектөөчү адис |
К-Б | Инспектор Адис | Инспектор Адис | Инспектор Адис | Инспектор Адис |
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
Категориялар | Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
Жогорку кызмат орду | ||
Ж-Б | Аппараттын жетекчиси (*) |
|
Башкы кызмат орду | ||
Б-А | Башкармалыктын начальниги (***) | Аппараттын жетекчиси |
Б-Б | Бөлүмдүн башчы Басма сөз-катчысы(*) | Бөлүмдүн башчысы |
Улук кызмат орду | ||
У-А | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы (Абзац КР Президентинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту ) |
У-Б | Башкы адис | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис |
10. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, укук коргоо органдары (мамлекеттик жарандык кызматчылар)
Категориялар | Куралдуу күчтөр | Укук коргоо органдары |
Башкы кызмат орду | ||
Б-А | Башкармалыктын башчысы Бөлүмдүн башчысы | Башкармалыктын башчысы (КР Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ N 378 Жарлыгына ылайык абзац алынып салынды) Бөлүмдүн башчысы |
Б-Б | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Ведомстволук мекеменин/бөлүмдүн жетекчисинин орун басары |
Улук кызмат орду | ||
У-А | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Басма сөз-катчысы(*) | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Басма сөз-катчысы(*) Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл(*****) |
У-Б | Башкы адис | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис |
11. Патронаттык кызмат орундары (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)
Категориялар | Саясий мамлекеттик жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары |
Жогорку кызмат орду | |
Ж-А | Жогорку Кеңештин Төрагасынын кеңешчиси Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчиси Конституциялык соттун төрагасынын кеңешчиси Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси |
Башкы кызмат орду | |
Б-Б | Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси Мамлекеттик катчынын кеңешчиси Жогорку Кеңештин фракциясынын (депутаттык топтун) лидеринин кеңешчиси Мамлекеттик органдын жетекчисинин кеңешчиси |
Улук кызмат орду | |
У-А | Жогорку Кеңештин Төрагасынын жардамчысы Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин жардамчысы Конституциялык соттун төрагасынын жардамчысы Жогорку соттун төрагасынын жардамчысы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын жардамчысы Мамлекеттик катчынын жардамчысы Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын жардамчысы Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчисинин жардамчысы |
У-Б | Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы Мамлекеттик органдын жетекчисинин жардамчысы |
1-4-главаларга эскертүү:
"Жетекчи", "жетекчинин орун басары" деген аталыштар тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин кызмат ордунун унификацияланган аталыштары болуп саналат. Бул эреже мамлекеттик органдын өзүнүн тиешелүү бөлүмдөрүнө (түзүмдүк, аймактык ж.б.) да жайылтылат.
Мамлекеттик органдын/мамлекеттик органдын бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарынын кызмат орду мамлекеттик органдын/мамлекеттик органдын бөлүмүнүн жетекчисинин биринчи орун басарынын кызмат ордун камтыйт.
Башчынын кызмат орду ошондой эле начальниктин кызмат ордун, жетекчинин кызмат орду - директордун/башчынын/начальниктин кызмат ордун билдирет.
(*) - өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындалуучу административдик мамлекеттик кызмат орундары.
Ошол эле учурда:
- министрликтердин борбордук аппараттарында мамлекеттик жарандык кызматтын бош кызмат орундарын өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте министрликтин борбордук аппаратынын белгиленген штаттык санынын он пайызынан ашпаган өлчөмдө ээлөөгө жол берилет. Өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындалуучу административдик мамлекеттик кызмат орундарынын тизмеги тиешелүү министр тарабынан мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ушул Реестрдин II бөлүмүнүн 4-главасынын 6-пунктунда каралган өзгөчө "конкурстан тышкары" тартипте дайындалуучу кызмат орундарын эске алуу менен жылына бир жолудан көп эмес бекитилет;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде бардык бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындоо жүзөгө ашырылат;
– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттикте бардык бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындоо жүзөгө ашырылат;
(**) - административдик мамлекеттик кызмат орду Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүндө каралышы мүмкүн;
(***) - административдик мамлекеттик кызмат орун Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кароосу боюнча тиешелүү жылга штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде каралышы мүмкүн;
(****) - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин борбордук аппараттарындагы административдик мамлекеттик кызмат орду;
(*****) - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасындагы административдик мамлекеттик кызмат орду.
5-глава. Административдик муниципалдык кызмат орундары
1. Республикалык маанидеги шаардын мэриясы жана кеңеши
Категориялар | Республикалык маанидеги шаардын кеңешинин аппараты | Республикалык маанидеги шаардын мэриясы | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрү | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын аймактык бөлүмү | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн/аймактык бөлүмдөрүнүн аймактык түзүмдөрү |
Жогорку кызмат орду | |||||
Ж-А |
| Мэрдин орун басары Аппарат жетекчиси (*) (***) |
|
|
|
Ж-Б | Аппараттын жетекчиси(*) | Аппараттын жетекчиси(*) |
| Административдик райондун башчысы(*) |
|
Башкы кызмат орду | |||||
Б-А | Бөлүмдүн башчысы | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы Башкармалыктын начальниги (*)(***) Бөлүмдүн башчысы(*)(****) | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси(*)(***) | Административдик райондун башчысынын орун басары Муниципалдык аймактык башкармалыктын (мэриянын түзүмүндөгү) жетекчиси |
|
Б-Б |
| Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | Аппараттын жетекчиси Муниципалдык аймактык башкармалыктын (мэриянын түзүмүндөгү) жетекчисинин орун басары | Ведомстволук бөлүмдүн аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Муниципалдык аймактык башкармалыктын (мэриянын аймактык бөлүмүнүн түзүмүндөгү) жетекчиси |
Улук кызмат орду | |||||
У-А | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Басма сөз-катчы(*)(****) | Бөлүмдүн, сектордун башчысы | Бөлүмдүн, сектордун башчысы | Ведомстволук бөлүмдүн аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Муниципалдык аймактык башкармалыктын (мэриянын аймактык бөлүмүнүн түзүмүндөгү) жетекчисинин орун басары Бөлүмдүн, сектордун башчысы |
У-Б | Башкы адис | Башкы адис Башкы инспектор Башкы адис(*)(****) | Башкы адис Башкы инспектор | Башкы адис | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | |||||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис Улук инспектор Жетектөөчү адис(*)(****) | Жетектөөчү адис Улук инспектор | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис Инспектор Адис(*)(****) | Адис Инспектор | Адис | Адис |
2. Кеңеш жана шаардын мэриясы
Категориялар | Шаардык кеңештин аппараты | Шаардын мэриясы | Шаардын мэриясынын ведомстволук бөлүмү |
Башкы кызмат орду | |||
Б-А |
| Мэрдин орун басары |
|
Б-Б | Жооптуу катчы | Аппараттын жетекчиси | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси |
Улук кызмат орду | |||
У-А | Бөлүмдүн, сектордун башчысы | Бөлүмдүн, сектордун башчысы | Бөлүмдүн, сектордун башчысы |
У-Б | Башкы адис | Башкы адис | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | |||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис | Адис |
3. Айылдык кеңеш жана айыл өкмөтү
Категориялар | Айылдык кеңеш | Айыл өкмөтү |
Башкы кызмат орду | ||
Б-А |
| Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары |
Б-Б | Жооптуу катчы(*) (**) | Жооптуу катчы |
Улук кызмат орду | ||
У-А |
| Бөлүмдүн, сектордун башчысы |
У-Б |
| Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||
К-А |
| Жетектөөчү адис |
К-Б |
| Адис |
4. Патронаттык кызмат орду (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орду)
Категориялар | Саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын кеңешчилери, жардамчылары |
Башкы кызмат орду | |
Б-Б | Республикалык маанидеги шаардын мэринин кеңешчиси |
Улук кызмат орду | |
У-Б | Республикалык маанидеги шаардын мэринин жардамчысы |
5-главага эскертүү:
Мэрдин орун басарынын кызмат орду мэрдин биринчи орун басарынын кызмат ордун камтыйт.
"Жетекчи", "жетекчинин орун басары" деген аталыштар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү бөлүмүнүн жетекчи кызмат ордунун унификацияланган аталыштары болуп саналат.
Башчынын кызмат орду ошондой эле начальниктин кызмат ордун, жетекчинин кызмат орду - директордун/башчынын/начальниктин кызмат ордун билдирет.
Муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчисинин жана муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчисинин орун басарынын административдик муниципалдык кызмат орундарынын тобу жана категориясы муниципалдык аймактык башкармалыктын түздөн-түз ведомстволук караштуулугуна (республикалык маанидеги шаардын мэриясынын түзүмүндө же республикалык маанидеги шаардын административдик районунун түзүмүндө болуу) жараша белгиленет.
(*) - өзгөчө тартипте дайындалуучу административдик муниципалдык кызмат орундары.
(**) - административдик муниципалдык кызмат орду административдик-аймактык бирдиктин калкынын саны учурдагы жылдын 1-январына карата абал боюнча 6001 адамдан ашык болгон шартта каралат.
(***) - Бишкек шаарынын мэриясынын административдик муниципалдык кызмат орду.
(****) - Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратындагы административдик муниципалдык кызмат орду (басма сөз-катчы, ички аудит бөлүмү).
IV БӨЛҮМ.
(КР Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ N 297 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)