КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-февралы № 89
"Кум-Шагыл" жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 266 , 2024-жылдын 27-августундагы № 514, 2024-жылдын 28-ноябрындагы № 715, 2025-жылдын 20-февралындагы № 83, 2025-жылдын 26-майындагы № 281, 2025-жылдын 22-августундагы № 520 , 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 725 , 2026-жылдын 4-февралындагы № 57, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 285 , 2026-жылдын 20-июлундагы № 499 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндө талаптарды адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаратуучу бузууларды четтетүүнү камсыз кылуу максатында, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-1-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кум-Шагыл" жабык акционердик коомунда 2026-жылдын 24-апрелинен тартып 24-октябырына чейинки чейинки мезгилге убактылуу сырткы башкаруу киргизилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 266 , 2024-жылдын 27-августундагы № 514 , 2024-жылдын 28-ноябрындагы № 715, 2025-жылдын 20-февралындагы № 83, 2025-жылдын 26-майындагы № 281, 2025-жылдын 22-августундагы № 520, 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 725 , 2026-жылдын 4-февралындагы № 57, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 285 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте убактылуу сырткы башкаруучуга талапкерди көрсөтсүн.
3. Бишкек шаарынын мэриясына "Кум-Шагыл" жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 29-февралынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 8-мартындагы № 19 (3572) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |